Айгүл ШАРШЕН

Түштөгү аян

Түштөгү аян

<<2 of 20>>

— Жок, сиздин ооруңуз онкологический дартка окшош, аныкташып анан таза болсо бизге жөнөтүшөт.
— Макул, — Айкан ичинен санаага чөгө бөлмөдөн чыгып ойлуу парк жакты көздөй бара жатып киоскадан гезит алды, аркы-терки өтүп жаткан элдерге көңүл бурду, ар кимисин көрүп алардын көңүлдөрү куунактай сезилет: «Адамдарды сыртынан билип болбойт эмеспи, мен сыяктуу жүрөгүндө кыжаалат ою бары да, өмүргө тойбой баарына кайыл болуп турганы менен жашоодон тажап турганы да, бактысы жанып, ар бир мүнөтү бактылуу сезимдерге бай болуп дүйнөдө өзүн чексиз бактылуумун деп турганы дагы ушул адамдар го, чиркин десеңчи», — деп оор улутуна паркка барса орун жок, жаштар эки-экиден отургучтун карга толгон орундукту тебелеп кырына отуруп алышкан, кээси бош болгону менен кар үстүнө отуруу кыйын, ары жакта наристелер ойноп жүрүшөт, кандай гана бактылуулук, адамдын эң бактылуу кези ушул экен го, өмүр менен өлүмдөн эриш-аркак болоорун сезбеген, бул дүйнөдө бир күнү кубанычка бөлөнсөң бир күнү кайгы касиретке кабылаарын ойго албаган наристе кезден өткөн назик, таза дил болбосо керек. Көпкө басып жүрүп анан батирине баса берди Айкан, ал врачка бараарын балдарына айткан деле эмес.
— Апа, ооруп жатам дейсиз да суукта эмнеге сыртка чыгасыз? — деди кичүү кызы Жанат.
— Иштерим бар да кызым.
— Андан көрө врачка көрүнсөңүз боло.
— Эчтеке эмес, өзү эле жакшы болуп кетет, дары ичип жатам го, — Айкан өзү жатчу диванга отура кетти, батирдин иши батир эмеспи, бир бөлмөдө эптеп жашап келишет, кире бериштеги бөлмөдө күнүмдүк урунчу идиш аяктары турат.
— Кечээ этиң ысып жаман болдуңуз, эртең көрүнүңүз.
— Макул, бирок менин эч бир жерде каттоом жок да, көрөөр бекен?
— Көрөт эле.
— Барып көрөйүн, — деген Айкан: «Анкологический дартка окшоп турат, эгер таза болсо бизге жөнөтөт», — деген гинекологдун сөзүн жазып берген жолдомосун эстеп телевизорго тигиле жатып калды, бирок түбү жок санаа аны курчап алган эле: «Балким жеңил эле чыгаар, билинбей ооруганын артта калып ооруканага деле көрүнбөй коермун», — деп ойлонуп жатып денеси от менен жалын болуп чыкты, дары ичкенге болбой түнү бою калтырап кан кетип чыкты, эртең менен бир аз жакшы болуп калганга: «Кечээ суукта жүрүп калганга ооруп калдым окшойт, өтүп кетет», — деп балдарына билгизбей дагы дарыдан ичти, бирок кан кеткени токтободу.
Ошол түнү дагы калчылдап буту-колу таштай муздап чыдабай калганда кызын ойготту, эки кызы тең үрпөңдөп тура калып бири укол салдым, дары ичип коланын идишине ысык суу куюп бутума коюп ороп койду эле калчылдаганы басылып жарым сааттан кийин мемиреп уйкуга кирди. Эртең менен Жанат менен Санат аны врачка өздөрү алып бармак болуп кеңешишти да Жанат бирге бармай болду. Аларга сыр билгизбей узиге түшүп анан гинекологдун кабылдамасына кирди:

<<2 of 20>>

🔥5
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020

Өмүргө так калтырган күн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!