Айгүл ШАРШЕН

Табышмак жашоо сызыгы

Табышмак жашоо сызыгы

<<1 of 36>>

Өзү таштанды бала болуп туруп, шоруң каткыр Малика кайра эле ошол күкүк энесинин тагдырын кайталайт. Кызын дагы эрге чыкпай жатып төрөп алып, апасынан катып жүргөн жеринен өз кызыкчылыгын ойлогон арам ойлуу Зууракан уурдап кетет. Кийин көп жылдан кийин Малика бир кездеги сүйүүсүн да, жоготкон кызын да, атүгүл таштап кеткен энесин да таап, бактылуу жашап калат.

Малика мектепти бүтөөрү менен эле көптөн көксөгөн максатын ишке ашыруу үчүн шаарды көздөй жөнөдү. Апасы аны токтото алмак эмес, анткени төрөбөй калганда балдар үйүнөн багып алган, бакма кызга эненин тили өтпөдү. Күмүшай менен Табылды бири-бирин катуу сүйгөндүктөн отуз жыл чогуу жашап келишти. Туугандары ажыраш дегенге Табылды болбой койду, Күмүшайга алар ачык айта алышкан жок. Анткени ал абдан жакшы келин эле, тууган-уругун сыйлап, алдынан кыя өтпөй баарына жасаган мамилеси, адамгерчилиги жогору эле. Абысындары аны кээде сөз кылып калышчу.
— Капырай, Табылды өзү деле жалгыз бала болсо, баласыз өтүп кетеби? — деди атасы менен бир тууган Жетешиктин аялы Бурулсун.
— Эмне кылсын, Күмүшай жакшы аял да, Табылдыны да жакшы карайт.
— Төрөп түшпөсө кошомат кылат да, ботом, ушунча жыл жашап, жыты сиңишип калган неме андан кеткиси келмек беле?
— Ой анан убал-соопту ойлобойбу, күйөөсүн ошончолук аяп, сыйласа андан кетиши керек, эртедир-кечтир ал да үйлөнүп, балалуу болушу керек, — деп Бурулсундун үйүндө жай сүйлөшүп жатышканда Күмүшай кирип келатып токтоп калды. — Минтип жүрө берсе тукумсуз өтөт, силер бир туугансыңар, күйө турган силерсиңер, ачык айтып эле кетире тургансыңар, — деди коңшусу Гүлай. Күмүшай кирбей дароо артка бурулуп кетип калды. Табылды өзүнүн ишинде болчу, Күмүшай үйүнө келип, бугу чыкканча ыйлады. Ойлонуп отуруп бир кезде кетмек болду, күйөөсүнө айтпай кетип калайын деди, кийимин алып, үй ичин бир сыйра сыдыра тиктеп алды да, эшикке кадам таштады. Бул алтымыш жетинчи жыл эле. Ал дароо эле апасына барды, эки агасы өзүнчө, бир эжеси күйөөдө, апасы эки небереси менен жашачу. Кызын көрүп утурлай басты. Демейде ал колуна баштык көтөрүп келип, бир түнөп эле кетип калчу, бул жолу себинде алып барган чоң чемоданын көтөрүп суз келди.
— Сага эмне болгон, кызым? — деди эне кабатырлана.
— Мен биротоло келдим, апа…

<<1 of 36>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!