Айгүл ШАРШЕН

Орундалган тилек

Орундалган тилек

<<1 of 11>>

Түбү түшүп калгансып көз ачырбай жааган жамгырдан койчулардын көрбөгөнү көр болду, короонун ичи чылага айланып, узун шинелчен Карыбек коюн эрте жайытка айдамак болду. Өкмөттүн кыштан салынган эки бөлмө үйүндө, төрт баласы чөжүрөп, эрте туруп алган. Улуураагы ондо, ортончусу биринчи класс, эң кичүүсү алты жашар. Алардан улуусу Назира шаарда окуйт. Кызын төрөгөндөн кийин Жамалкан жети жыл токтолуп жүрдү, кызы аябай эрке. Сабакты жакшы окугандан улам медучилищага тапшырган, андан жогоркуга тапшырганга кудуреттери жок эле, парага тыюу салынган менен жең ичинен алып эле, колунда барлар чоң окуу жайларга тапшырып жатат. Карыбек колдоюп эчтемеге шыгы жок, башкарма мактап далыга таптап койсо, кудуңдап малды көзүнүн карегиндей сактап, жан үрөгөн карапайым киши. Жазгы төл, жүн, этти ашыгы менен алып совхоздон сыйлыктарды алып турат. Анан калса директор да ага жашыруун кой бактырат. Алар эсепке кирбейт, жем-чөп, тоютту өзүнчө түшүрүп берет, керек болгондо күнбү-түнбү баягы семиз койдон директордун шопуру келип алып кетет. Жамалкан какылдап-шакылдаган аял, ушундай көз ачырбаган жаанда жүдөп какаганда, ал күйөөсүнүн кулагын койбой какшанып кирет.
— Атаңдан калган малды баккансып ташта десе болбойсуң, ошо директоруң мактап койсо жаныңды бересиң го, өзүңдүн энчилүү чычкак улагың жок, эми балдар окуганда кантебиз?
— Эмне кыл дейсиң эми? — Карыбек долдурай үн катты.
— Ташта, тоо ташта жүрүп, жапайы болуп бүттүк.
— Койду таштап айылга барганда эмне кылам, же дипломум болбосо, башка иш колумдан келеби?
— Кыбыраган жансыңбы, элдей болуп кыш куй, бирөөнүн тамын сал, ошол колуңдан келбейби, болбосо кароолчу бол!
— Кой Жамыш, мен малды таштай албайм, боор этим менен тең болуп калгандай болуп таштай албайм, балдарды инимдин үйүнө коюп коебуз, окуй беришет, тамак аш, кийим-кечесин берип турабыз да, — деп Карыбек үңкүйө жооп берип туруп кетти.
— Иниңдин аялы менин балдарымды батыраарын кудай билет, тымтырабай окууга жакындаганда жакшылап сүйлөш, балдарды какпай-силкпей карап койсун, сабактарын да көрүп дегендей.
— Макул эми, ага чейин дагы көп бар го, эми жайлоого көчөбүз.
— Газды ушундайда толтуруп келиш керек эле, дегеле эчтеке менен ишиң жок, жайлоодон шыйрагымды жагып оокат кыламбы, минтип күн жаап турса отунду кайдан терем? — деп какшанып жатты. Карыбек койдун артынан үндөбөй кетип баратты: «Тобо-о, аялдардын баары эле ушундайбы же Жамалкан ушундайбы, үйгө келдим баш оорутат, жаагы тынбайт, бир жагы мунуку да туурадыр, жайы-кышы үй бетин көрбөй талаалап жүргөнүбүз жүргөн, балдар үчөө тең окуса кыйналып да калат, ырас эле койду таштап тынч өмүр сүрсөм бекен, жо-ок малсыз бир күн да чыдай албайм, чыдасак балдар чоңоюп калат, анан колубуз узарып жеңилдей түшөбүз», — деп ойлонуп, өзүн-өзү соорото кой артында. Беш жүздөй кой багат, анын ичинде директордун койлору бар. Текшерүү келээрде алдын ала киши жиберип, ал койду башка короолорго жашырып коюшат. Ойлоп көрсө, ырас эле өзүмдүк бир да малы жок экен. Башка койчулардын уй койлору, ал турсун өзүмдүк аты да бар. Өзү минген аты дагы совхоздуку, анан Жамалкан чырылдабаганда ким чырылдамак эле. Кызы дагы бой жетип калды, кокус күйөөгө тийип кетсе, куда тозгудай чамасы барбы, кептин бары мына ошондо. Жадагалса сое турган кой-козусу жок. Ушуларды ойлонуп баратып койдун чар тарапка жайылып, жаандан качып, таш коңулдарга кирип кеткенин да баамдабай калды. Үстүндөгү шинели сыгып алма суу болуп өтүгүнөн суу өтүп кетти. Атын кырга тушап коюп койлорун чогултмак болуп, коргологон койлорду түш оой чогултту да, кайра айдап короого жакындатып карап турду. Жаныбарлар жаанда алар деле оттогусу келбей бири-бирине ыктай корголошуп турганда чогултуп айдап короого киргизди. Өзү малма-чөлмө суу болуп кирип келген күйөөсүн мешке кой көңдөн жагып отурган Жамалкан олурая карап койду:
— Кийимиңди алмаштыр, сыгып алма болгуча жүрбөй баса бербейт белең, совхозго жалгыз эле сен киреше киргизип жатсаң да.
— Ачка болуп калбасын дебедимби, козуларга чөп салдыңбы?
— Ооба.
— Антпесең болбойт, козулар бу жаанда кайыгып өлчүдөй.
— Эми энесине салалыбы?
— Кое тур, бир аздан кийин, силкинип алсын, алар деле суу болду.
— Койдун баары тууп бүтө элек, дагы он кой бур ээ?
— Ооба, ондон ашык төлдөйт, буйруса көбү эгиз төлдөйт го?
— Карыбек, ушу быйыл беш козуну кем айткын уктуңбу?
— Эмнеге?
— Эмнеге деп коет, андан совхоз кемип кетпейт, же койдун ичиндегисин учетко алып койду беле? — Жамалкан аны акшыя карады, — Ак жүрөктүгүңдөн бирдеме таап жатасыңбы, ударник деп көтөрө мактап койсо ичкен ашыңды таштайсың, кана ударник кылып сага бергени тигил ударник болгон койчуга он-он беш койду сыйлыкка бериптир го, өз короосунан бөлдүрүп.
— Жамыш, шашылбасаң баары болот да, мага акчалай сыйлык берип жатпайбы?
— Элүү сом, жүз сом сыйлык аласың, ал кант-чайдан чыкпайт. Назираны кокус бирөө ала качып кетсе, директоруңдан карызга сурайсыңбы?
— Көрөбүз да, кудай жакшылыгынан берсе бүтүп кетет.
— Ушу сенин кайдыгерлигиң…
Жамалкан тултуңдай дасторкон жайып, мештин үстүндөгү кайнап жаткан тамагын алып келди. Балдары биринен сала, бири кужулдап түртүшүп, Карыбектин жанына талашып:
— Мен отурам, атамдын жанына.
— Ики мен отурам, нары отурчу.

<<1 of 11>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!