Чакан бизнес идеялар

Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес

Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес

Оригиналдуу курулуш материалдары. Курулуш дайыма болуп турчу нерсе – адамдар курушат, бузушат, кайра курушат. Кыймалар, архитектура стили жана курулуш материалдары гана өзгөрөт.
Курулуштагы өзгөрүлбөй турган нерсе – акча. Так ушуну дайыма курулушчу, жер тилкесинин ээси жана оңдоп-түзөөчү ойлойт – жасаган эмгегим канча акча болуп кайтаар экен деп тынчсызданышат. Бул макалада биз жеке бизнеске курулуштагы жаңычылыкты пайдалануудан коркпогон жана тобокелчиликке баруудан тайманбаган адамдарды кантип тартуу боюнча кеп кылабыз.
Бүгүнкү күндө курулуш материалдарынын базары ар түрдүү сунуштардан кайнап атат. Мындай кырдаалда ишкерге мыкты ыкма кардарларга бир аз оригиналдуу жана жаңычылдыкты сунуштоо болуп саналат.
Бул балким товар же кызмат көрсөтүүдүр, атаандаштыкты жаратпаган, же буга чейин колдонула элек сунуш болсо андан жакшы. Албетте, бир катар адамдар курулуш материалында жаңычылдыктын баары иш жүзүнө ашкан деп ойлошот, жаңы сунуштар болушу мүмкүн эмес дешет. Ишенип коюңуз, бул туура эмес.
Кичирээк мисалды карайлы, бир нече жыл мурун Сибирде бир тапкыч адам жакшы кирешени булуттан тапкан. Ооба, ооба, кадимки асмандагы булуттан. Ал булуттардын сүрөтүн аталыштарды жана сертификаттары менен саткан. Бул иш жөн жерден жаралган эмес- мындан ары оригиналдуу жана өзгөчөлөнгөн курулуш материалдары тууралуу кеп кылып, аларды кантип сатуу керектигине жана ишти кантип баштоонун сырларына токтолобуз.
Башталышында, стандартка жатпаган курулуш материалдарын сунуштоо менен алыска узай албайсың. Кайсы бир стандартка жатпаган курулуш материалдарын сата алган учурда да, андан кийинки кадамдарды да ишке ашыруу керек болот.

А кардарга дайыма кызыктыруучу сунуштар түшүп турушу керек. Мындай бизнести уюштуруу сизден бир нече сапаттарды талап кылат- чыдамкайлык, кардардын тилин таба билүү, ой жүгүртүү жана туруктуу кирешенин негизиндеги белгиленген суммадагы акча.
Ошондуктан, бизнестин кайсы түрү келечектеги өсүүнү камсыздап, алдыга оңой жылаарын билип алган дурус. Ушул көз караш менен алганда гипс тактайчаларын өндүрүү бизнесинин мүмкүнчүлүгү көп. Бул бизнестин дагы бир жакшы жагы- алгачкы капиталдын өтө көп болушу маанилүү эмес, гипс тактайчасын колдонуу тармактары арбын жана продукцияны көпкө сактоонун кажети жок.
Ал эми терс сапаты кардарларды өзүңүз издеп тапканга туура келет, анткени, гипс тактайчасына суроо-талап жогору эмес.

🔥0
Чакан бизнес идеялар

More in Чакан бизнес идеялар

Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү

201923.02.2020

Кум анимациясын үйрөтүү бизнеси

201923.02.2020

Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси

201923.02.2020

Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске
айландырса болот?

201923.02.2020

Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)

201923.02.2020

Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)

201918.02.2020

Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?

201918.02.2020

Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү

201918.02.2020

Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси

201918.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!