Жомоктор

Манора

Манора

(Тай жомогу)

Тээ байыркы заманда Гималайдын тоолоруна жакын жерде укмуштуудай өлкө болгон экен. Ал өлкөдөкейннар деп аталган жапайы жандыктар жашаптыр –алардын жарымы адам түспөлүндө, жарымы болсо чымчык кейпинде эле. Хан өлкөнү аябай кооз шаар – Суван-накондо башкарчу экен. Анын жети кызы-ханбийкеси болуптур, бири экинчисинен өтүп сулуу, бирок баарынын сулуулугун эң кичүү кызы – Маноранын сулуулугу басып кетчү экен. Ар айда жети эже-сиңди ай толгон маалда курбулары менен алыскы токой арасындагы көлгө учуп барышчу. Ал жакта канаттарын чечип ташташып, укмуштуудай сулуу кыздарга айланышчу. Түнү бою тунук сууга киринишип, жээкте оюн уюштурушуп, бий бийлешчү. Адамдардын бири да эзели сыйкырдуу кейннарларды көрүшкөн эмес.
А токойдогу көл кудуреттүх хан башкарган жана көзгө атаар мерген Бун жашаган Поикала өлкөсүнө таандык эле. Бун чымчыктар менен айбанаттардын тилин түшүнчү.
Ошол жылы, ошол айда жана ошол күнү Суваннакондогу кейннар хандын жетинчи кызы Манора төрөлгөндө, Понкалы өлкөсүнүн ханынын уулу да жарык дүйнөгө келген. Ханзаадага Сутон деген ысым ыйгарышкан. Сутон эрезеге жеткенде токойду аралап басканды жакшы көрчү, ал жактагы тунук суусу бар көлдүн жээгине тез-тезден келчү. Ал даанышман кары мергенчи Бун менен достошкон, ал болсо жигитти токойдогу жан-жаныбарлардын тилин түшүнүүгөүйрөттү.
Бир ирет Сутон токойдо адашты, чарчап, токой көлүнүн жээгинде уктап алууну чечти. Карт даракка чыгып, мемиреп уйкуга кетти. Канча убактаганы белгисиз, бир маалда кыздардын назик үнүнөн ойгонду. Сутон жалбырактарды ачып, суу жээгинен жалтыраган канаттарды, а ары жактан бийлеген сулуу кыздарды көрдү. Баары көздү уялтчудай сулуу эле, ар бирине тең келе турган сулуу чөлкөмдө болбосо керек. Ханзаада демин ичине катып карады. Бир аздан кийин таң агара баштады. Бийчилер ийиндерине ар түрдүү түстөгүканаттарын жамынышып, аларды каккылаган бойдон асманга учушту. Ханзаада көзүн ушалады – айланада эч ким калбады. Борбор калаага келээри менен Сутон досу – мергенчи Бунга барды.
– Мен ханбийкени кармап, ак сарайга алып келгим келет, — деп чечти Сутон.
Мергенчи жигитти оюнан кайтарууга аракеттенди: кейннарлар – адам эмес, алар өз өлкөсүндө жашаганга көнүшкөн, ханбийке Понкалыда адамдар менен жашаса өлүп калат. Бирок, ханзаада Сутон оюнун баары Манорада болуп аткандыктан, мергенчини укпады.
Кийинки түнү, ай толгон маалда мергенчиге бекем жип алышын айтып, ээрчитип токойдогу көлгө жөнөдү. Эк—жээктеги дарактын бутактарына жашынып, күтүп калышты. Түн жарымында канаттардын шуулдаганы угулуп, жапайы чымчыктардын тобу жээкке конушту. Тезден канаттарын чечип салышып, кумда бийлеп башташты.
Ай жарыгын чачып турган, Сутон көзүн чакчайтып Манораны карады. Ал бийлеп жакындаганда, Сутон кыздын ийинине аңчылыкка алып чыкчу бекем жипти ыргытты. Манора кыйкырды, жулкунду, бирок ханзаада жипти катуу кармап турду. Маноранын эжелери менен курбулары коркушуп, канаттарын кийишип, көлдүн үстүнө учушту.
– Эртерээк үйгө кеткиле! – деп гана кыйкырганга үлгүрдү Манора.
Сутон олжосун колунан кармады, Бунга ханбийкенин канатын алышын буйруп, баары Понкалы хандыгына жөнөштү.
Манора абдан кайгырды, эжелерин жана бир тууган шаары Суваннаконду ойлоп көз жашын тыйбады. Сутон аны назик сооротту жана сүйүүсүн билдирди. Тез эле кайгысы жоголду, ханбийке да ханзааданы жактырып калды. Хан-ата уулуна Манорага үйлөнүшүнө уруксат берди, анан борбордо чоң той өткөрүлдү.
Бирок, сүйүшкөндөрдүн бактысы узакка созулбады. Жакын жайгашкан өлкөнүн ханы Понкалыга согуш ачты. Ханзаада Сутон ири аскердин башында туруп, душманга каршы бет алды. Ошентип, Манора экөө айрылууга туура келди. Коштошуу оор болду. Манора ханзааданы согушка жибергиси келбеди, жүрөгү кайгыны туйгандай ооруду. Чындап эле кайгы көпкө күттүрбөдү.
Покалы ханынын ак сарайында белгилүү астролог жашачу: ал жылдыз төлгөлөрдү түзчү, тагдырды алдын ала айтып, ханга кеңеш берчү. Ал абдан айлакер жана залим адам эле. Биринчи күндөн тартып Манораны жактырган эмес. Анын себеби мындай эле: астролог Сутонго өзүнүн бүкүр кызын турмушка берүүгө аракеттенген. Ооба, ханзаада ал кызга көңүл да бурбады. А качан Манорага үйлөнгөндө такыр эле астрологдун кызы бардыгын да унутту. Ошентип, хан менен кудалашуу шыбагасы астрологго буйрубады. Ичинен кекенип, өч алууну каалаган эле. Эми минтип убагы келди.
Сутондун аскери шаардан чыгып кетери менен ханга жаман түш кирди: шаарга жырткыч чымчыктар учуп келишиптир, кампадагы бардык эгиндерди чокушуптур. Хан астрологду чакырып, түшүн жооруп берүүсүн суранды. Астролог көпкө ойлонгондой түр көрсөтүп, анан:
– Биздин аскерлер жеңилишет, а өлкөнү бактысыздык каптайт!
– Эмне кылуу керек? Кантип өлкөнү кайгыдан арачыласа болот? – деп сурады хан.
– Бардык бактысыздыктын себепкери ханбийке Манора, — деди астролог. Ал өч алуунун убагы жеткенин билди, — Ал адам эмес, токойдун коркунучтуу жандыгы. Ал баарыбызга өлүм алып келет. Асмандан кечирим суроо керек. Биздин ханыбыз отту алоолонтуп жагып, ага Манораны ыргытууну буйрушу керек. Түтүн жердин баарына жетет, аны менен бизди курчаган кайгы да жоголот.
Астрологдун айтканын угуп, хандын үрөйү учту. А каныша астрологдон алдын ала айтымын өзгөртүүнү суранды. Бирок, астролог артка кайтпады: Маноранын өлүмү гана өлкөнү кайгыдан сактайт.
Хан кайгырса да, астрологдун айтканын укпай коюудан коркту. Аябай чоң кайгы шаарды каптады. Бир гана Манора өзүн токтоо кармады. Ал кандай кылаарын чечип койгон.
Эртең менен отундарды үйүп, алоолонтуп от жагышты. Айланасына желдеттерди тизишти. Хан менен каныша сарайдын бийик дубалынан карап турушту. Манора аларга таазим кылып, коштошуу үчүн бий бийлегенге канаттарын кадап алышына уруксат берүүнүөтүндү. Канатын тагып, отту айланта каалгыды. Анан барып бийи ылдамдай баштады, канаттарын каккылап Манора абага көтөрүлдү, шаарды айланта бир учуп, анан көздөй кайым болду. Мергенчи Бун ханбийке өзүнүн кейннарлар өлкөсүнө сапар алганын түшүндү.
Кечке жуук шаарга ханзаада Сутон жеңиш менен кайтты. Болгон окуяны угуп, абдан ачууланды, астрологду алып келүүнү буйруду. Ал көпкө актанды, бирок, акырында хандын түшүн туура эмес жооруганын моюнуна алды. Ханзаада атасынан ниети бузукту татыктуу жазалоону суранды. Ошентип, арамза астролог Понкалы өлкөсүнөн кубаланды. Ал эми кайгылуу Сутон качкан аялын издеп табууга сөз берди.
– Ханзаадам, — деди ага мергенчи Бун, — Ал сизге алтын шакегин калтырды. Бирок, издөөгө болбойт. Буга чейин бир да адам кейннарлардын өлкөсүнө жеткен эмес.
– Баары бир Манорамды издеп табам! – деп кыйкырды Сутон, — Асманга барыш керек болсо да, барам!
– Сапарга чыгыңыз, ханзаадам! Жол көрсөткүч маймылды ээрчитиңиз. Ал бардык жолду билет. Жолдо ал эмнени жесе, ошондон гана сиз да жеңиз!, — деп даанышман мергенчи Сутонду жолго узатты.
Маймыл менен чогуу ханзаада жолго чыкты. Жети жыл, жети ай, жети күн жол жүрдү. Андан кийин убакытты эсептей албай калды. Бундун кеңешин эсинен чыгарбады. Маймыл таап келген азыктарды: жаңгак, жемиш, тамыр, жалбырактарды жеди. Жаалдуу адамдарга, жапайы жырткычтарга кез келгенде маймылды туурап элпек таазим кылды. Жолдун азабынан шайманы кетип, шалдырады.
Бир жолу күүгүмдө, чарчаган ханзаада эс алууга суусу тунук, тоо көлүнүн боюна отурду. Капысынан кулагына чымчыктардын ызы-чуусу угулду. Караса, жээкке чымчык – кыздар суу алууга кумура көтөрүп келишиптир. Сутон бадалга жашынып, алардын сүйлөшүүсүн укту.
– Бүгүн биздин хан Манораны кабыл алат. Тазалануу ырымы жети жыл, жети ай, жети күнгө созулду, — деди кыздардын бири.
– Жакында акыркы жолу ырымдап жуунат, — деп коштоду экинчи кыз, — Ал ханбийкени жердеги адамдардын арасында өткөргөн күндөрүн таптакыр унуттурат.
Чымчык-кыздар кумураларын тоо көлүнүн тунук жана муздак суусуна толтурушту. Сутон акырын бадалды ачып, Маноранын шакегин кумуралардын бирине ыргытты.
Малайлар айчырай Манораны акыркы ирет сууга чайкантып атканда, акыркы кумурадагы сууну колдонушту, андан капысынан шакек ыргыды, ханбийке шакекти колуна бекем мыкчыды: сүйүктүү күйөөсү жакын жерде экенин билди.
Ага жаңы кийимдерди кийгизишти, кымбат баалу таштар чегерилген тагынчактарды тагышты, андан кийин кейннарлардын хан сарайына алып барышты. Бул жерде Манора эжелери менен бирге атасы жана энесинин алдында турду.
– Кызым, бизге айтып бер, кантип сени кармашты жана адамдардын өлкөсүндө кантип жашадың? – деди хан.

Манора Понкалыдагы болгон окуялардын баарын төкпөй-чачпай айтты. Акырында мындай деди:
– Ханзаада Сутон, менин күйөөм, абдан кең пейил жана сылык. Ал мени сүйөт жана дайыма гана туруктуу болот.
– Эгер туруктуу жана жакшы күйөө болсо, эмнеге сени издеп биздин өлкөгө келбеди? – деди кейннар ханы.
Сарайдагылардын баары ханды коштоп, баштарын ийкеңдетишти.
– А сиз, ата, аны менен кайра жашашыма уруксат бересизби?
– Албетте, бири бириңерди аябай сүйсөңөр…
– Ханзаада Сутон жакын эле жерде, — деп кыйкырды Манора, — Ал азыр тоо көлүндө. Аны алып келишсин.
Малай кейннарлар көлдүн жээгине барышып, Сутонду табышты. Хан сарайга кирип, ал ханга салам берип, тизеледи.
– Мен сени кең пейил жана жакшы адам деп уктум, — деди хан, — Сен кызым Манораны сүйөт экенсиң. Эгер азыр эжелеринин арасында турган аялыңды таанысаң, мен сени уулумдай кабыл алам.
Ханзаада башын көтөрүп, оозунан сөзү түштү: жети сулуу бийлеп тегереништи, жети ханбийке чымчыктын канатын кадашкан, баш кийимдеринде кымбат баалуу таштар жылтырайт, көйнөктөрү ар түрдүү гүлдөрдөн тигилип, асан-үсөндөй болуп кубулуп турат. Анан жетөөсү тең кейннар ханынын таажысындагы берметтердей окшош көрүндү. Эже-сиңдилер тез ыргакта бийлешти, канаттары бирде ылдыйласа, кайра тез эле жүздөрүн калкалады. Ханзаада Сутон кыздардын жүзүн даана көрө албагандыктан, аялын тааныбады.
Бир заматта шаабайы сууду. Анан капысынан караңгылыкты жылт-жулт экен жарык жандантты. Бул Маноранын манжасындагы шакек болчу. Ханзаада шакектен улам аялын таанып, колун сунду. Хан белги берди – бий токтоду. Баары кубанычтуу жылмайышты.
Кейннарлардын тоодогу ак сарайында жети күн, жети түн той болду. Андан соң Сутон менен Манора Покалыга карай жолго чыгышты. Көп өтпөй ханзаада хандын тактысына отурду. Ал өлкөнү узак жана калыс башкарды. А жарымы чымчык, жарымы адам кейннарлар анын башкаруусунун алдында тынчтыкта жана бактылуу жашашты.

🔥0
Жомоктор

More in Жомоктор

Ачкөз

201928.04.2020

Жаныбарлар кантип жыл сүрүштүрүүгө кезекке тизилишкен?

201928.04.2020

Цикадо кичинекей мүйүзүн кантип жоготту?

201928.04.2020

Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу?

201928.04.2020

Таранчы

201928.04.2020

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020

Карга ийнеликти чокуй албады

201903.02.2020
















error: Content is protected !!