Айгүл ШАРШЕН

Өлүмгө түрткөн ач көздүк

Өлүмгө түрткөн ач көздүк

<<1 of 14>>

Бир кылмыштын арты менен бардык иштин бети ачылаары бышык эмеспи, мен Жаузелканга үч жылдан кийин кайра жолугуп калдым. Ал мурункусунан толуп, ого бетер ажарына чыга түшкөн экен. Мени байкабай өтүп кетмек болгондо, артынан келип кармап калдым, бурула берип, бажырая күлүп ийди.
— Оой, эже, кандайсыз, денсоолуктарыңыз жакшыбы?
— Баары жайында, өзүң кандай, көрүнүшүң абдан жакшы, бактылуусуң го?.
Экөөбүз ээрчише кыжы-кыйма өтүп жаткан элдин ичинен суурулуп, четке чыктык.
— Эже, мен биякта болуп жатам, бүгүн бир жакшы эс алалы, сизге жолугуп калганым жакшы болбодубу? — деп кубанычтуу кабар күтүп жатканын жетине албай айтып кирди. — Жүрүңүз, тынчыраак бир жерге барып отуралы, — деп менин жообумду күтпөй эле, Кыялдын алдындагы кенен кафеге кирип, четтеги кабинадан орун алдык. Тамак-ашка буйрутма берди да, күлмүңдөй мага көпкө тигилип калды. — Мен азыр башка адам менен жашап жатам, — деди анан.
— Деги бактылуусуңбу?
— Абдан бактылуумун, эже, бирок мен жолуккан жигитти да жакында өлтүрүп кетишти. Уулум чоңоюп калды, улуу баламды да колума алгам, кыскасы жакшы эле… Тунукту төрөгөндөн кийин Сейитке такыр көңүлүм келбей калды. Анткени жүрөгүм башканы эңсеп, күтүп туруп алды. Уулум жетиге чыкканча бирге жашадык, биздин түнкүсүн эрди-катын болуп жүргөнүбүздү эч ким билбейт. Сейит деле ачылып сүйлөбөйт, аялындай мамиле кыла албайт. Кыштын күнү иним Бекболот иштемек болуп, Бишкектен барган экен, эки күн туруп эле иш таап кетип калды. Ошондой тажатма күндөрдүн биринде, маңдайымда жакшынакай жигит пайда болду. Ал күндө бир маал келчү болду, эгер келбей калса, мен кадимкидей жалгызсырап калам, эч нерсеге көңүлүм келбейт. Ошол күнү аны ойлонуп отурган элем, — деп сөзүн баштады.

<<1 of 14>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!