Айгүл ШАРШЕН

Кызганыч

Кызганыч

<<2 of 7>>

Арзуу бир үй-бүлөөнүн эң улуусу, Өмүркул менен Саадат өмүрлүккө баш кошуп жашап төрт баланын ата-энеси болгонуна карабай күндө уруш-талаш менен жашап келе жатышат. Өмүркул ичип алганда абдан чатак, жумурткадан кыр чыгарып жаңжал чыгарып ызы-чуу кыла берчү адаты бар. Саадат он беш жылдан бери төрт баласы үчүн жашап келе жатат, кийинки кездери анын дагы чыдамы түгөнүп ачуусу чукул болуп, балдарын болоор-болбостон уруп-согуп ийчү болгон. Арзуу көздөрү бакырайган ак жуумал татынакай кыз, андан кийинки иниси Эмилбек, Сайра жана эң кичүүсү Эдилбек. Арзуу уруш чатактын айынан мектепке да кээде барса, кээде барбай жүрүп акыры эптеп окусун бүткөнү калган.

Өмүркул аябай мас болуп келип апасын уруп киргенде бири дагы арасына түшө алчу эмес, кокус бири жанына келсе колуна тийгенин тулуптай эле алып ыргытып ийе турган. Коркконунан бөжүрөп бир бөлмөдө үрпөйүп отурушкан балдардын улуурагы Арзуу ушул кезде ой-кыялы чабыттап эсейе түшкөнгө келечегин элестетип отурду: «Менин күйөөм абдан жакшы адам болот, биз бактылуу болобуз, балдарыбызды эч качан ыйлатпайбыз, алар бактылуу анан акылдуу болушат, кудайым ай эмнеге атам ушунчалык ичет болду экен, эмнеге апамды ура берет, Сауленин атасы үйүндө эч урушпайт, ичип келбейт», — деп ойлонуп отурганда:

– Аа-ай! — деген ачуу чаңырыктан жүрөгү солк эте ата-энеси урушуп жаткан бөлмөгө жүгүрүп кирсе апасынын башынан кан жайылып жерде сулап жатыптыр:

– Апа-а, апа эмне болду? — деп Арзуу жетип Саадаттын башын жөлөй коюп ыйлап жатканда:

– Тур, доктур чакырып кел! — деп үтүрөңдөдү Өмүркул.

– Ата, апамды эмне кылдың, ал өлүп калсачы? — деп Арзуу атасын жаштуу көздөрү менен жалдырай карады.

– Башты оорутпай тур дейм! — дегенде гана Арзуу тызылдап медпунктка жетип врач ээрчитип келди, Саадат өзүн алда качан эле жоготуп койгон, кан көп кетип өлүк сымал боппоз болуп жаткан аялын ооруканага алып кетишкенде балдарын маңдайына алып келип, — Апаң жыгылып кетти, аны эч ким урган жок уктуңарбы, бирөө жарым келип сураса мен урган жокмун, өзү эле жыгылып кетти дейсиңер, — деди да жерге уюп калган канды Сайрага тазалатып өзү ооруканага жөнөдү. Арзуу үйүн тазалап, Сайра экөө ыйлап отурушканда таенеси келип калды, ал болгон окуядан кабарсыз эле.

– Силерге эмне болду, Саадат кайда? — деди Суусар бирдемени сезгендей.

– Апамды доктурга алып кетишти…

– Эмнеге, оорудубу? — деп Суусар чочулай карады.

– Жок… — Арзуу ини-сиңдилерин карады.

– Карангүн ай, жанагы жинди атаңар бирдеме кылган го? — деди да шашыла кайра артына жөнөдү.

– Таене, мен дагы барайынчы, — деди Арзуу ыйламсырай.

– Сен балдарга кара, мен барып кайра келем, — Суусар жөнөй берди, ал келгенде Саадат али эсин жыя элек болчу, врачтар аны жаңы гана районго жөнөткөнү жаткан, Өмүркулду көрүп эле Суусар ажылдар кирди, — Сенин азабың өттү, өлтүрүп тынат экенсиң го деги жогол биерден, өзүм бирге барам!

– Апа, мен эмес…

– Билем сени, кызымдын шоруна бүткөн неме болдуң го?

– Жыгылып кетти өзү.

– Калп! — Суусар акырая карап догдурдун унаасына отуруп жөнөп кетти, Өмүркул шылкыя үйүн көздөй жөнөдү, Суусар кызынын абалын көрүп врачка күйөө баласынын күндө уруш жаңжал чыгарганын айтып милицияга арызданып турду, ал тургай арыз да жазып таштады, ачуу келгенде адам ар нерсеге барат эмеспи, анан эмесечи Саадат көзүн ачпай сулк жатса кантмек эле, врачтар кечке чейин аракет кылып жатып түн бир оокумда гана өзүнө келди Саадат.

– Апа, мен кайдамын? — деди алсыз.

– Каралдым ай, ушу Өмүркул сенин түбүңө жетпесе болду, — Суусар эмшиңдеп ыйлап аны өпкүлөп ийди, — Өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы?

– Жакшы эле апа.

– Өмүркулду каматамын, арыз жазып койдум, — деди эле Саадат башын өйдө көтөрмөк болуп онтоп ийди:

– Апа, анткениң болбойт…

– Дагы эле ошонуңду коргогуң келип жатабы ыя, эми сени аны менен жашатпаймын, ажырашып тынбаса- бир күнү өлтүрүп тынат.

– Апа, балдарым турбайбы, — Саадат башынын ооруп турганынан акырын сүйлөдү, — Антпе апа, мен Өмүркулдан ажырабайм, — Улутунуп оор үшкүрүнө дубалды карап кетти, — Ал мени өлтүрбөйт апа.

– Ийи, дагы эмне дегиң келет? — Суусар кызына нааразы болгондой карады, ошол учурда медсестра кирди:

– Эже, оорулууну көп сүйлөтпөңүз, оорулуунун абалы оор, мээге дагы доо кеткен, тынчтанып жатуусу керек.

– Мейли айланайын, ушуга дагы шүгүр, — Суусар шыпшына отуруп калды, ал ошентип отурганда Өмүркулга күүгүмдө милиция келип алып кетти, ал дароо эле билди, кайненесинин кылганын. Аны кайра-кайра сураса дагы бир сөзүнөн танбады, мойнуна албады, үч-төрт күнгө чейин камалып жатып калды, Саадат өзүнө бир аз келгенде ага милиция көрсөтмө берүүсүн өтүнүп келгенде:

– Менин бул абалыма күйөөмдүн күнөөсү жок, кээде уруш-талаш ар бир үй-бүлөөдө эле болот эмеспи, апам жаңылып калыптыр, — деди.

– Абалыңыз кооптуу дешти врачтар, оор жаракат алыпсыз, жакында сизди борборго жөнөтөбүз дейт, жакшылар ойлонуңуз.

– Менин эч кандай доом жок, башка келбегиле, күйөөмдү бошоткула.

– Болуптур анда, сиз анын күнөөсү жок экенин тактаган далил керек.

– Жазып берем, — деди эле милиция жигит ага кагаз калем берди, Саадат: «Мен Курманова Саадат, Сейталиев Өмүркул менин күйөөм, менин ооруканага жаракат алып жатып калышыма күйөөмдүн күнөөсү жок», — деп кол коюп берди. Өмүркул төртүнчү күнү жүдөгөн түрдө үйүнө келди, балдары аны тегеректеп калышты.

– Ата, апам кана?

– Апам келген жокпу?

– Ата, апам качан келет? — деп чурулдашып турганын бир эсе ачуусу келгени менен ушул жолу балдары үчүн эненин орду башка экенин түшүндү, бирок моюнуна алгысы келбей бурк этти:

– Мен апаңа барган жокмун, — дегенде бөжүрөгөн үчөө Арзууну карап томсоро туруп калды, чоңоюп калганга Арзуу атасынын кайдан келгенин билип турган, бирок үн дебей ини-сиңдисин ары карай жетелеп кетти, Өмүркул дал ушул кезде Алима деген келин менен жүрүп алган, ал өзүнүн каталыгын сезип уялгандын ордуна кайра Саадатты уруп-сабап же ажырашам деп айта албай эле жаңжал чыгара берчү. Ал ушул кезде сезди өз аялын сүйөөрүн, аны таштай албасын сезип турду. Ал ар кайсыны ойлонуп жатканда Арзуу тамак жасап атасын чакырды, үн катпай отуруп кардын тойгузду дагы кайра барып жатып алды, ал ушул жолу Саадатсыз бул үйдө чоочундай өзүн ыңгайсыз да жаман да сезип балдарынын алдында өзүн күнөөлүү деп эсептеп өйдө карай албады. Саадат бир жумада бир аз дурус болуп калганы менен башынын маалы менен ооруганы басылбады, врачтар ага борборго жолдомо беришти, алардын өп-чап жетишпеген жашоосу анын тең арада эле шаарга баруусуна тоскоолдук жаратып үйүнө чыгып келгени төшөктө жатып калды. Бир аз күн Өмүркул кирип чыгып үйүндө болуп жатты, Арзуу апасына жардамдашып үй тиричилигине көнүп калганга кадимкидей эле аларды бага баштаган. Сайра төрөлгөндөн эле жүрөк оорулуу, кез-кез ооруканага жатып турат, операцияга кудуреттери жетмек эмес, эптеп дары-дармегин алып берип карап келишет. Өмүркул бир күнү сыртта жүрүп эле дайны билинбей калды, ал Алимага кеткен, көптөн бери көрүнбөй калган «сүйгөнүн» көргөндө ал тултуңдап таарынып калды.

– Эмнеге мынча жоголдуң?

– Иш чатак, сени менен ачык сүйлөшүүм керек.

– Эмнени сүйлөшөсүң?

– Мындан ары жолукпашыбыз керек, балдар чоңоюп калыптыр, — Өмүркул күнөөлүүдөй жер карап ичкери кирмек болгондо аны Алима жиндене төшкө түрттү:

– Сүйлөшпөй эле кой, бар жолуңа түш!

– Алима, жай сүйлөшөлү.

– Кереги жок, сен аялыңды кыя албай турганыңды мага айтпагын, жетишет шөмтүрөп турган кебетең эле айтып турганы, — деп эшикти жаап алмак болгондо Өмүркул жиндене эшикти катуу булкуп ийди.

– Болду, мени сен түшүнбөсөң ким түшүнөт, сенин ушунчалык аял экениңди билбей жүрүптүрмүн да! — деп үнүн көтөрө бакырганда Алима боюн тартып алды:

– Эмнени түшүндүрмөксүң, айт ушул жерден.

– Аялымдын ал-абалы өтө эле оор, сенин айыңдан ушул болду, күндө качан ажырашасың деп кулагымды жеп жатып, — деп ачууланганда Алима айкырып кирди:

– Өзүң айтчу эмес белең, сени сүйөм деп, аялымды көрөйүн деген көзүм калбады, сенсиз жашай албайм дегениң жалганбы?

– Сенин азгырыгыңа киргенимде жаңылган экенмин, мындан ары менин атымды атаба, мен сени, сен мени тааныбайсың уктуңбу? — деп шарт бурулганда:

– Эмне, ме ичимдеги баланы кайда алып барам, же желден, абадан болду дейминби, же атасыз төрөп өз атыма кара так жармаштырып эл алдында жүзүмдү карайтып кала беремби?

– Эмне дедиң, ичимдеги бала дейсиңби? — Өмүркул артына кылчайып аны таңгала карады.

– Ооба, ушул келгениңде айтканы турган элем…

– Тамашаңды кой, боюңдагы баланын менден экенине күмөнмүн, — деди да чыгып кетти. Алима ыйлап өлөрмандана бакырып долуланган бойдон кала берди, Өмүркул кайын журтунун топтоп берген акчасы менен Фрунзеге Саадатты алып жөнөдү, Суусар дагы бирге келди, Арзуу чоңоюп калгандыктан ини-сиңдилерин өзү карап калды, бир ай дегенде Саадат сакайып ооруканадан келди, Өмүркул ичкенин токтотуп бир аз үйгө байырлап калган. Ошол күнү аны Алима өзү чакыртып ийиптир, өздөрү менен чогуу турган эле классташы келип айтканда акырын анын үйүн көздөй жөнөгөндө алдынан досу Алыбек жолугуп калды:

– Кандай Өмүке, Саадат жакшы болуп калдыбы?

– Дурус, өзүң кайдан?

– Бир иштер менен кетип жаткам, сен кайда?

– Ээ дос, — Өмүркул башын кашылай жылмайды, — Алима чакырыптыр…

– Өмүке, сен туура эмес кылып жатасың, Саадаттын баркына жетсеңчи, анын үстүнө Алима сени эле карап турбагандыр.

– Алыке, сен экөөбүз ушунчадан бери дос болуп жүрөбүз, бири-бирибизге жаман айтышпадык, ушу аялдар үчүн дагы айтышып калбайлы, — деп Өмүркул түнөрө карады, — Алима жөнүндө терс пикириң болсо мындан ары мага айтпа, — деп басып кетти.

– Кийин өкүнүп калбасаң болду, — деген Алыбек башын чайкай өз жолуна түштү: «Кызык, өзү аябай кызганчаак, Саадатты кызганып турат, анан башка аялга барганын кара, неге мындай болду, ооруп жаткан аялына карабай «ойношуна» кетип бара жатканын кара», — деп ойлонуп кетип бара жатты. Өмүркул Алиманын босогосуна келип:

– Эмнеге чакырттың? — деди үңкүйө карап.

– Кир, эмнеге туруп калдың? — Алима жасакерлене күлүп колдон алды, — Кирсеңчи эми Өмүш.

– Айта турганыңды айтпайсыңбы, менин убактым жок.

– Койчу жаным, мен сени аябай сагындым, — Алима Өмүркулду кучактап өөп жасакерлене болбой ичкери алып кирди, — Коркпо, боюмда жок экен, эки айдан бери токтоп калганынан эле күмөн болуп жүргөнмүн, — дегенде Өмүркул эс ала түштү.

– Ырас эле жок бекен?

– Ооба, андан көрө отур, мен сага тамак даярдап койгонмун.

– Алып кел анда, болбогонду айтпай жүр да, — деди Өмүркул күңкүлдөй, Алима дасторконун жая семиз эттин сорпосун көтөрүп келди, экөө бирге тамактанып аны менен бирге бир бөтөлкөнү бөлө тартышты да дароо төшөккө киришти, күүгүм киргенде Өмүркул үйүнө келди.

– Кайда кетип калдың? — деди Саадат, ал үйгө кирип чыгып калган.

– Иштер бар эле, — Өмүркулдун кызуулугу билинип турду.

– Ичип алгансың го?

– Бир аз ичип койдум, Алыке жолугуп калып…

– Алыбек менен Сонун келип кетпедиби.

– Качан?

– Жана, менин акыбалымды көргөнү келишиптир.

– Айткан жокпу анан?

– Эмнени?

– Мага жолукканын.

– Унчуккан деле жок.

– Аа-а байкуш десе, менин балдар менен калганымды айтпаган экен да, — деп Өмүркул унчукпай калпы чыгып кала жаздаганга ичинен шүгүр кыла ички бөлмөгө кирип кетти.

– Атам сени бир козу алып кетсин дептир, — деди Саадат артынан.

– Качан, эмнеге?

– Эт аштан кыйналсаңар союп алгыла дейт.

– Макул эртең алып келем.

– Ошент, мени дагы күчтүүрөөк тамактан деген врач.

– Ооба деп жатпайынбы!

– Эмнеге бакырасың? — Саадат күйөөсүнө ызалуу карады, — Сен эмнеге эсиңе келбейсиң, сенин кызыл камчылыгыңдын айынан минтип оорукчан болуп калдым, ошондо дагы балдарымдын атасы деп аяп өз жанымды ойлободум, бир кездеги таза сүйүүбүз үчүн сыйладым…

– Болдучу эми, — Өмүркул боору ооруй аялынын жанына келди, — Кейий бербе, жакшы болуп кетесиң, — Саадатты бооруна кыса кучактады, — Мен сени дагы эле сүйөм Саадат, капаланбачы эми.

– Жо-ок Өмүш, сен менден алда качан эле алыстап калгансың, сенин сүйүүң эбак өчкөн, — Саадат күйөөсүн көкүрөккө түртө бошонуп отуруп алып көз жашын аарчыды, — Менин жарааттан пайда болгон оорумдан да жан жарамдын оозу ачылып жүрөгүмдү сыздатып жатканын сен кайдан билесиң, ошол кезе мага кандай сонун сөздөрдү айтып, сезимимди козгоп өмүрүмдү бакытка бөлөөчүсүң, ал сөз бойдон калды Өмүш…

– Жо-ок Сакиш, жоктун жону катуу эмеспи, ошону ойлонуп, балдарды кантип багам деп ичип алам да сары убайымдан арыла түшөм, анан эле сени баягыдай эркелете албай, сүйгөнүмдү айтууга жарабай күн өткөрүп жатпайынбы, — Өмүркул күнөөлүүдөй жанына отурду.

– Өмүш, калп айтпа антип, мен баарын билем.

– Эмнени билесиң?

– Алима менен болгон мамилеңди…

– Койчу? — Өмүркул аялын чоочуй карады.

– Балдарыбыз бой жетип бара жатат, сенин ошол кылыктарыңды Арзуу классташтарынан угуптур, сени балдарга жаман көрүнүп калбасын деген эле оюм, эгерде агам Туку угуп калса сени соо койбойт, — деп үшкүрө туруп сырткы бөлмөгө чыгып кетти, Өмүркул унчукпай калды, чынында Туку ачуусу чукул неме, өзүнүн бей бурт жүргөнүн угуп-билсе эки чайнап бир жутаарын билет, ошентип ал ошол бойдон бөлмөдөн чыкпай жатып калды. Саадаттын жүрөгү күйөөсүнүн кылыктарын ойлогон сайын тыз-тыз этип сайгылашып: «Сүйүшүп баш кошкондор деле бара-бара сууп калат экен да, анда неге сүйүүнү ыйык дешет, андай ыйык таза болсо бири-бирин сүйгөндөр эмнеге бат эле сууп башканы сүйүп кетишет, бир бири-бирибизди ажал бөлмөйүнчө бөлүнбөйбүз, сыйлашып өтөбүз дечү эмес белек, ата-энемдин томоякка тийбейсиң деген каршылыгына карабай тагдырымды Өмүркулга байлабадым беле», деп телмире түн өткөрдү. Эртеси таң атпай Өмүркул дагы кетип калган, Суусар келип калды:

– Өмүркул кайда? — деди ал келип эле.

– Эрте туруп силер жакка кеткен… — Саадат ишенээр ишенбестей айтты.

– Барган жок.

– Эми барат да, сиз эрте чыккансыз го?

– Ооба, сенден кабатыр болуп эрте чыкканмын, — Суусар жай ала отуруп калды, — Деги түзүк болуп калдыңбы?

– Жакшы элемин, башым бир аз эле ооруп турат.

– Акырындап жакшы болуп кетесиң?

– Арзуунун окуусу кандай

– Эптеп окуп жатат да апа.

– Ушу укум-тукумунан бери жарыбаган неменин баласына тийбе-тийбе деп канча какшадым, сүйөм-күйөм деп эле туруп алдың, эми ошол сүйүүң эмне берди сага ыя?

– Апа, өткөндү козгобой эле койчу деги, мына балдарым турбайбы? — Саадат апасынын сөзүн жактыра бербей кабак чытыды.

– Баланы дагы баладай багып, кийинтип ичиртүү керек, ач жылаңач өскөн балдар кийин эс тартканда силерге эмне дешет, же сүйүшүп үйлөнүп силерди сүйүүнүн күчү менен эле бактык деп жооп бересиңерби?

– Ой апа-а…

– Мейли эми, өзүң эле сакайып кетсең болду.

– Эми жакшы элемин.

– Кандайсыз таене? — деп жаңы турган арзуу Суусарга учурашты.

– Садагаң болоюн десе, чоңоюп жатасыңарбы?

– Ооба таене.

– Ини-сиңдилериңе жакшылап карап, апаңа жардам бер кызым.

– Ооба, ансыз деле апамды кыймылдатпайм.

– Кызым, чай-пайыңды алып кел, — деди Саадат, ошол учурда Өмүркул кирди, — Алып келдиңби? — Саадат күйөөсүнө карады.

– Ооба алып келдим, келиңиз апа.

– Келдим айланайын, — Суусар күйөө баласын сүйүңкүрөбөй жооп кылды. — Эми союп ысык шорпо бер балдарыңа.

– Азыр, — деп Өмүркул дасторкон четине отурду, — Чай куйчу.

– Чай ичип ал дагы сое сал, — Саадат чай сунду, үндөбөй отуруп анан Өмүркул туруп кетти, ал козуну чоюп жиликтеп казанга ченеп салып калганын туздап илип койду, басса-турса оюнан кыл этме кетпей туруп алды: «Эмнеге такыр оюмдан чыкпай туруп алат, биротоло берилип кеткен жокмунбу, ичким келип эле туруп алат да, кудай сактай көр, бу каран калган ачуунун азгырыгынан чыгаар күнүм болоор бекен», — деп ойлонот. Ары-бери басып жүрүп кайненесинен тартынып короонун оозунда турса кээ-кээде иче койчу Садырбек өзүн көздөй келе жаткан экен, көрүп эле сүйүнүп кетти.

– Ой ырас болбодубу, үйүңдөн кантип чакырам деп жаттым эле.

– Эмне Саке, жайчылыкпы деги?

– Жайчылык эле, жүрү досум кеттик, — Садырбек элтеңдей карады.

– Эмнеге?

– Тиги Бообектин туулган күнү экен.

– Бүгүнбү?

– Ооба, болбойсуңбу эрте.

– Саке, менин кетип калганым болбойт го?

– Ийи, аялың урушабы?

– Жо-ок, кайненем үйдө, — деди Өмүркул эшик жагын уурдана карап акырын.

– Эмне экен, бат эле келип каласың.

– Ошондой деле болбой калат го…

– Бол, кайра эле келесиң, Боке менен Таке күтүп калды.

– Эк барса барайын дагы бат келейин, — деп Өмүркул Садырбекти ээрчий басып кетти, Саадат ошол убакта тамак бышып калып аны таппай калды:

– Бу кайда кетип калды? — деп үйүнө кирип бара жатканда эшиктен коңшусу аны көрүп:

– Өмүркулду издеп жатасыңбы? — деди.

– Ооба, эми эле биерде турду эле…

– Өмүркул тиги Садырбек менен кетип жатканын көрүп калдым.

– Аа-а мейли, — деген Саадат үйүнө кирип бара жатып, сары санаа болду: «Дагы ичип келет тура, деги качан тынч жашаар экенбиз, бир топтон бери ичпей оңуп калдык эле, апамдын көзүнчө чыр чыгарбаса экен», — деп үйгө кирди, кызынын салыңкы кабагын көргөн Суусар:

– Өмүркулду чакырдыңбы? — деди.

– Бир жакка басып кетсе керек…

– Келип калат, балдарыңа бере бер, — деп койду Суусар, козунун этин алып келип балдары менен ичип жеп анан жатып алышты, түн бир оокумда абдан мас болуп келди, босогодон эле адатынча:

– Саадат! — деп кыйкырды, ошол убакта Саадат, Суусар менен Арзуу дагы ойгонуп кетти, — Саадат дейм!

– Эмне болуп кетти, акырын эми, — деп Саадат чыга калып аны колтугунан алып ичкери киргизмек болду эле аны түртүп ийди:

– Тамак барбы?

– Кирбейсиңби, азыр берем да.

– Белендеп турбайт белең.

– Эми келдиң го, — Саадат андан коруна чаап ийбесин дегендей боюн тарта сүйлөдү, — Кир эми, колу бетиңди жууп тамак ич.

– Эмне менден жийиркенесиңби? — Кежирлене кыйкырды, ошондо босогодо Суусар көзүн акырайта карап турганын көрүп саал соолуга түшкөндөй болду, — аа-а, апа сиз бар белеңиз? — деди да ыргала боюн түздөп бутун чечти да үйгө кирди.

– Мен болбосом эмне кылат элең ыя, ит адатың кармап калдыбы, муну өлтүрүп тирилттиң эле эми эмнең калды сенин ыя? — деп бакырганда тамак ичем деп жулунуп жаткан Өмүркул ички бөлмөгө кирип кулады, ошол бойдон таң атканда башы ооруп ойгонду, тура албай жатып:

– Арзуу, кызым суу берчи! — деди дабыштарынан улам алардын ойгонгонун билип.

– Туруп тамак ичсең боло? — деп аңгыча Саадат кирди.

– Жок, башымды көтөрө албайм.

– Уялсаң боло, эшиктин алдындагы сойгон малдын этинен ооз тийбей басып кетесиң, ошону үчүн корообузда чычкак улак кирбей жатат да, — Саадат наалып чыгып кетти, Арзуу чыныга суу алып кирип берди. Өмүркул кайненесинен коркуп түшкө чейин жата берди.

– Шоруң каткан кызым ай, мунуң ичкенин койбосо сенин түбүңө жетет го бир күнү, — деп наалыды.

– Койчу апа, Өмүркул мени өлтүрбөйт, эми кызуу болсо сүйлөй берет да.

– Ошо сүйлөп-сүйлөп анан баары башталат да, аның ичпей тура албай калган го кыязы?

– Эми аны азгыргандар бар да.

– Ой башы өзүндөбү аныңдын, азгырыгыдай эмне…

– Болду эми апа, укса капа болот.

– Ошонуң капа болгонду билеби, уялабы деги, эки-үч жылда мына бу кызыңар чоңоюп калды, бирөө жарым ала качып кетсе эмне кыласыңар ыя, мен берген жууркан төшөктөр болсо көөнөрүп бүтүптүр, жатаарыңарды жаңыртканга кудуретиңер жок, эшигиңерде чычкак улагыңар жок, элдей болуп совхозго деле иштесе кур калбайт эле го, өзү теңдүүлөрдү көрүп арданса болот го? — деп кейип-кепчип жатты. Түш оой сыртка чыкты Өмүркул, башын жерге салып кайненеси тарапты карагысы да жок, көргүсү дагы жок эле: «деги бул биерде эмне кылып жүрөт, үйүнө кетпейби», — деп ичинен кыжынып алганы менен сыртына кайдан чыгаргысы келмек беле. Арзуу болсо көптөн бери ата-энеси урушпаганга көңүлү жайында, өзүнчө ойго батып өзүнө кат жазып жүргөн Мелисти көз алдына элестетип кетти: «Мелиске мен убада бербегеним менен менин аны кандай сүйөөрүмдү билет болду бекен, ал же таарынып калдыбы, эгерде сүйсө таарынбайт, ал абдан акылдуу жигит, биз бактылуу болот чыгаарбыз ээ, дүйнөдө биздин үй-бүлөөдөн башкалар бакыт деген эмне экенин билмек турсун өздөрү ошол аралда гана жашап жатышса керек ээ? Баса мен бакыт деген эмне экенин билемби же…», ушул жерге келгенде анын оюн Өмүркулдун үнү бузуп жиберди. Жакшы түш көрүп жатып чоочуп ойгондой:

– Эмне болду ата? — деди чыга калып.

– Суу берчи балам, жүзүмдү жууп алайын.

– Ии-ий азыр ата, — Эпилдеп чөөгүнгө чуу куюп алып барды, анан атасына тамак ысытып атайын коюп койгон этти алып келип алдына койду.

– Өмүркул, — деди жаңы эле отурганда Суусар, өзү дагы заарканып кандай сөз башталып кетээр экен, баш ооруп турганда көп сүйлөп жанды кашайтпаса болду деп ойлонуп турган, — Эми жаш эмессиңер балам, мына балдарыңар чоңойду, кызың бойго жетип келе жатат, үйүңөрдүн үстү башы тозуп бара жатат, үрүп чыгаар итиңер жок ботом, кыз ыргыткан таш деп эртеңки күнү Арзууну бирөө жарым ала качып кетсе кантесиңер, кыз күйөөгө тийгенде, анан капысынан өлгөн өлүк абийир ачат, дегеним жоктун жону катуу дегендей кыздын жүзүн жер каратасыңар, берээрге эчтекеңер жок кандай абалда калаар экенсиңер кокуй?!

– Апа, — деди Саадат, — Эми жакшылык эптеп бүтөөр…

– Ошондо деле эл катары жашаганга аракет кылбайсыңарбы, заман башкача болуп бара жатат, Брежнев байкуш кой үстүндө торгой жумурткалаган жашоону берди эле ошондо дагы эчтеке кыла алган жоксуңар, — деди наалып, Өмүркулдан үн чыкпады.

– Силер барсыңар го, бир жагын эптеп турсаңар анан куда болчулар дагы берсе өзүнүкүн өзүнө беребиз да, — деп күлдү Саадат апасын тынчтандырмак болуп.

– Ооба, бекер оокаттын баркы жок, ичсең тойбойсуң, кармасаң жукпайт, мээнет кылып тапкан болсоңор аяп урунуп, аяп кармайсыңар кызым.

– Ошентсе дагы иштеп эмгек кылсаңар болбойбу, бу Горьбачев деген неме өзгөртүп, колхоз-совхозду таратат имиш деп жатат, кандай заман болуп кетет ким билет, жашооңорду ойлогула, — деп Суусар терең үшкүрүп алды, — Эрте күндү кеч кылбай мен кетейин, — деп ордунан турду.

– Эртең эле кетпейсизби апа? — деди Саадат.

– Кой кызым, сенин сакайганыңды көрдүм. Жашооңорду оңдогула деп айтканым да эсиңерге туткула, — деп чапанын үстүнө жаба салып сыртты көздөй жөнөдү, Саадат узатып кайра кирди:

– Кеттиби? — деди Өмүркул жер караган бойдон.

– Кетти.

– Жакшы болду, — деп Өмүркул күңк этти.

– Өмүш, сен апамдын айтканын жаман көрбө да.

– Жаман көргөнүм жок, эми эмне кыл дейсиң?

– Аракет кыл, ичкиликтен эмне пайда, балдардын келечеги экөөбүздүн колубузда, Арзуу чоңойду, тогузга окуп калды, Эмил жетиде окуп калды, Сайранын дагы дарыларын ала албай калдык, Эдил го эчтеке эмес, эскисин кийип жүрө бере экен, — деп Саадат катуулап келип сөзүнүн артын жумшак бүтүрдү. Бирок Өмүркул өзүнүн жалкоолугу менен коштошо албады, мындай эле чыкса ичип алат, Саадат жакшы болуп калгандан кийин кайра баштады. Бир күнү мас болуп келип адатынча:

– Саада-ат! — деп кыйкырды.

– Өмүш, кыйкырбай эле кирчи үйгө.

– Эмне, кыйкырса жүрөгүң түшөбү? — деди теңселе, колун шилтеп тап бергенде Саадат ары боло берди:

– Кантет, кир үйгө.

– Кирбейм, тамак барбы?

– Ооба, кирип ич.

– Эй, кир-кир эле дейсиң да, кана тамагың?

– Босогодон ичесиңби?

– Эн-неңди! — деди да бутун чечпей эле төргө отуруп алды, ага Саадат тамак куюп келип алдына койду, Өмүркул тамакты кашык менен аралаштырды да, — Кана, эчтекеси жок го? — деди.

– Эчтеке жок болсо эмне кылабыз? — деп Саадат коркконунан кетенчиктей сыртка чыгып кетмек болгондо алдындагы кесени алып аны урганда жаагына тийип канжалап эле чаңырган бойдон сыртка атып чыкты. Балдары кошо ызылдап апасын тегеректеп жүрөт, Өмүркул чыгып келе жатып Саадаттын жаагынан кан агып жатканын көрүп чоочуп кетти. Ал ар кайсы менен басса болбой агып жатканда өзү үйгө кайра кирип ала кийизден калдастап кесип чыкты да күйгүзүп келип басмак болгондо ал бакырып качты:

– Сакин, канды токтотуу керек, качпачы эми, кел эми…

– Сен мени өлтүрөсүң Өмүркул, апам туура айткан экен.

– Койчу эми Сакин, экинчи ичпейм, — деп Өмүркул башын жерге салып өз күнөөсүн моюнга алып калганына Саадат ичинен ыраазы болуп калды, өзү көп сүйлөп какшана бербеген аял, ошондуктан андан ары сөздү узарткан жок, болгону жашоонун көйгөйү болгон тиричиликтеги жетишпеген жактарын оңдоого кеңешип ага минтти:

– Өмүш, бир иш издеп көрсөң боло.

– Издеп жатам, дегеле иш жок…

– Башкалар иштеп эле жатышат го?

– Же там салган колумдан келбесе, анан эмне кылам? — Ачуусу келип кетти.

– Жер казганга дагы жарабайсыңбы?

– Кимдин жерин казам? — Аялына жини келе карады.

– Кызык экенсиң, айылда иш толуп жатпайбы, сага иштегенге эмес арак ичкенге эле киши табылабы, эркектер чогулуп алып бир иш иштесеңер болот го?

– Дагы ичкенимди айтып калдыңбы, колумдан келбесе бул үйгө кире албайм го, анда биротоло кетейин мен, — деди да ордунан атырыла туруп сыртка чыгып кетип калды.

– Өмүш, сен кайда?

– Кеттим, биротоло кеттим, — деп артынан чыккан Саадатка оңчулуктуу жооп бере албай кете берди, Саадат ийин куушура туруп калды, ал Өмүркулду дагы ичип келет деп сары санаа боло түштү, бирок ал келбеди, жүрөгү ооруп анын биротоло кеткенине ичи ачышып түнү бою ыйлап чыгып жүрдү. Арзуу аны сезип калып:

– Апа, ыйлабаңызчы, атамдын келбегени эле жакшы эмеспи, анын барынан сиз эмне таптыңыз, уруш жаңжалдан башка жакшылыгы жок, андан көрө ажырашып эле алыңызчы, — деди эле Саадат кызын жаман көзү менен карады:

– Кызым, жаманбы жакшыбы атаң, антип айтпай жүр.

– Анан ошонуку жакшыбы, кимибизге ата сыяктуу мээрим төктү?

– Колунда жок болуп жатса, иштегенге иш жок силерди бага албай жатканга өзүнчө капа да кызым, — Саадат үшкүрүп ийди.

– Мурда деле иштечү эмес беле апа?

– Эмнеге минтип сурадың?

– Бекерчи болсо тийбей эле койбойт белеңиз?

– Уяты жок десе, ушинтип айткандан уялбайсыңбы, — Саадаттын ачуусу келип кызын акшыя карады, — Атаңды антип айтпа да…

– Апа, — деди Арзуу апасынын ачуусу келгенине карабай эркелеп кучактап калды, — Апа, сиз атамды сүйөсүзбү?

– Жинди кыз десе, бар ишиңди кылчы, — Саадат бул ирээт кызын мээримдүү карап жылмайып алды, ушу кез анын көз алдына Өмүркул экөөнүн таанышкан кези тартыла ойго чөмүлүп кетти, анда Саадат жаңы эле мектепти бүтүп окууга барып өтпөй кайра келген, көпчүлүк кыздардай болуп шаарда калгысы келбей баса берген. Ал оюнда даярданып келээрки жылы тапшырмак, ата-энеси койчу болгондуктан шаардан келип эле бир күн туруп жайлоодогу ата-энесин көздөй жөнөдү, кетип жатса алдынан үч-төрт жигит чыкты, аларды алыстан көргөн кыз коркуп кетип жол боюндагы арыктын жээгиндеги топ талдын түбүнө жашынып калды. Аны Өмүркул байкап калды, анын тушуна келгенде токтоп жанындагы балдарды карады:

– Балдар, ушул тушта коендун ийини бар окшойт.

– Эмнеге? — Улан аны таңгала карады, — Көрдүңбү?

– Койчу, бул арада коен жок, — дешти беркилер.

– Мен азыр таап чыгам, — деп балдарга карап жылмая көзүн кысты да калп эле арыктын ары жагына өттү, Саадат жүрөгү болк-болк этип ого бетер коркуп бүрүшүп отурган. Өмүркул аны артынан көрүп турса да коркуп жатканына күлкүсү келип, — Балда-ар, ийинин таптым, кармоо гана керек, келгиле бери! — дегенде Саадат бакырып тура калды:

– Байкелер, мага тийбегилечи, айланайындар тийбегилечи! — деп көзүнүн жашын төгүп жибергенде Өмүркул шашкалактап кетти, балдар жанында жарданып карап турган эле, булар аскерден жаңы келип жайлоодогу туугандарыныкына барып келе жатышкан.

– Чоң кыз, тамашалап эле жатам, эмнеге сизге тиймек элек коркпо, — деди Өмүркул ишенимдүү, — Ыйлабачы чоң кыз.

– Коркпо чоң кыз, биз деле ушул айылдын кулунубуз, — деди бири.

– Кечириңиздер, — деп Саадат туруп кетмек болду.

– Жайлоого бара жаттың беле? — деди Өмүркул.

– Ооба, атамдар жайлоодо.

– Курман байкенин кызы эмессиңби? — деди бири.

– Ооба, курмандын кызымын.

– Ой кокуй десе, жүрү дагы коркуп жүрбө, биз жеткирип коелу, — деди Назар күлүп, — Өзүбүздүн эле кыз турбайсыңбы? — Алар кызды жандай жолго түшүштү, Саадат жол ээн болгондуктан дагы эле ичинен коркуп жатты, качан гана мал сарай көрүнгөндө кубанып кетти:

– Эми келип калдым, сиздерге рахмат.

– Атың ким? — деди Өмүркул аны көз кыйыгы менен карап.

– Саадат.

– Менин атым Өмүркул.

– Назар.

– Сейит, — деп кол алыша таанышышты, айрыкча Саадат менен Өмүркулдун көздөрү тиктешкенде чагылыша түшүп, бири-бирине тартылыша жүрөктөр дүкүлдөп кетип жатты.

– Мейли анда, мен келип калдым, сиздерге рахмат, — деп жылмайды Саадат.

– Жакшы кал чоң кыз, — Өмүркул кайра колун сунуп кыздын жумшак, назик колун бекем кысып анан узай берди, ошондон тартып Өмүркул Саадатты ойдо болсо ойго, тоодо болсо тоого барып жүрүп экөө бири-бирисиз жашай албай турган болуп калышты, ата-энесинин каршылыгына карабай кыш жаңы гана түшкөндө үйүнө ала качып кетти, Өмүркулдун ата-энесинин колунда жок эле, тууган уругу, тага-тайы келип эптеп куда тозушуп экөө үйлөнүп калышкан… Саадат ушуларды ойлонуп кетип өзүнчө жүзүндө жылмаюу пайда болду, таттуу күндөр, эзилишкен түндөр, бири-биринен бөлүнгүсү келбей, ысыктыгы тарабай биринчи кыздуу болгондогу кубанычтуу мезгилдер…

– Апа, сизге эмне болду? — деген Арзуунун үнүнөн селт этип алды, көрсө ыйлап отурганын сезбептир, — Апа, мени кечирип коюңузчу, — деп Арзуу апасын кучактап кошо ыйлап жатты, — Экинчи атамды жаман деп айтпайм апа.

– Болду кызым, мен жөн эле…

– Мага капа болдуңузбу?

– Жок кызым, эне дагы баласына капа болчу беле?

– Анда ыйлабачы апаке.

– Макул садага, экинчи ыйлабайм, — Саадат көз кычыктарын сүртө үндөбөй отуруп калды, Өмүркулду эстеди, анын үйдөн кетип калганына ичи ачыша ызасы күчтүү…

Өмүркул Алиманын үйүнө барганда ал жаркылдап тозуп алды. Кабагы бүркөө экенин көрүп дасторконун жайып, бир бөтөлкөнү алып келип шыпылдап жатты. Бирок Өмүркулдун түнөргөн кабагы ачылбай астына куюп койгон аракты жутуп жиберип «Московский», бөтөлкөнү колуна алып өзү куюп дагы ичип жиберди:

– Өмүш, анчалык күйүтүң күчтүү болсо дагы абайласаң, — деди Алима.

– Ичим өрттөнүп жатат.

– Анчалык эмне болду? — Алима кызыга карады.

– Үйдөн биротоло кеттим.

– Ошого күйүп жатасыңбы? — Алима каткырып кое берди.

– Эмне күлөсүң? — Өмүркул аны ормое карады.

– Сүйүнүчтөн күлөм да.

– Ага эмнеге кубандың?

– Сенин меники болгонуңа, жанымда биротоло болооруңа, — Алима жылмая наздуу карап чыныны сунду.

– Сен эмне мени биротоло калат деп ойлойсуңбу?

– Анан эмне, кайра кетишиң мүмкүнбү? — Нааразы болгондой үн чыгарып кабак чытый туруп калды, — Демек ачууң тараганча алаксыгың келет го?

– Ооба, балдарымды ойлонуп жаман болуп турам, келе тигиниңден куйчу.

– Макул эми, бирөөнүн эри бирөөгө аманат деген туура экен да.

– Эмне кылышым керек, үй-бүлөөнү таштоо кыйын экен, — Өмүркул стаканды көңтөрө кайра койду, — Сен капа болбо, андан көрө күйөөгө тийип кетпейсиңби ыя? — Суроолуу карады, азыр анын оюнда эмне турганын билип болбойт эле.

– Эмнеге? — Алима түшүнбөгөндөй карап калды.

– Сен күйөөгө тийип кетсең мен тынч жашап калат элем да.

– Кызык, мени ким эле ала коймок эле? — Алима таарынгандай ызалуу карады, — Менден тажаган болсоң келбей кой да.

– Андай эмес, сен күйөөгө тийип кетсең үмүт үзүлүп калат эле да, сен биерде турганда башым сени көздөй шылк дей түшүп эле сага жөнөчү болдум.

– Мен сага көз каранды болгум келбейт Өмүркул, каалабасаң кете бер, мен сени жалдырап токтотпойм дагы, — деген Алима туруп кетти, ага дагы чынында кыйын эле, тийген күйөөсү жетим бала болчу. Баласы үйлөнгөндөн үч жылдан кийин өлүп калып Алима күйөөсү менен беш жылдай жашап балалуу болбоду, анан өзү дагы укум-тукумдан өткөн оорунун азабынан эрте кетип үй-жай Алимада калган, төркүнү коңшу айылда турат, алар алып кетели десе болбой коюп жалгыз жашап жүрөт.

– Алима, мен чынында сени жакшы көрөм, бир гана балдарды кыя албай жатпайынбы, — Өмүркул оор күрсүнүп алды да ага жакын келип өзүнө тартып кучактады,- Капаланба, жашоонун ушунусу эле кызык тура, өзүң башкага тиешелүү болуп туруп башка бирөөнү ойлоп, эстеп түнү бою эки оттун ортосунда жаткандай чабалактайсың адам, канткенде бир ойго токтолуп, өзүңдүн жолуңду табаарыңды билбей каласың, — Оор дем ала үшкүрүп алды.

– Мен сени кыйнабайм Өмүркул, ата-энем жалгыз жашабай кел дешкенинен дагы болбой койдум, алар ансыз деле мени күйөөгө бергени турат, өзүм көңүлдөнбөйм, Сагын экөөбүз сүйлөшүп баш кошконбуз, андан кийин сени менен болдум, башкага баргым келбейт, — деди ойлуу Алима.

– Өмүр бою жалгыз жашай бересиңби?

– Маңдайга жазганды көрөм да… — Экөө тең үн катпай калышты, өз-өз ойлору менен алек болуп жаткан эле, Өмүркул ага боору ооруду: «Буга дагы кыйын, жападан жалгыз калган кандай жаман, Саадаттын жанында балдар бар, жалгыз эмес», — деп ойлонуп отуруп тамак ичишип анан төшөккө киришти, ошол бойдон ортолорунда ашыкча сөз болбойт, Өмүркулдун кечке үйдө жатып ичип-жегени Алимага жага бербесе дагы аны караан болсун дегендей үн дебеди, эки-үч маал тамак жасап берет, арадан бир жума өткөндө Алима төркүнүнө барып жетишпегендерин алып келгенге бара турганын айтты эле Өмүркул:

– Барсаң качан келесиң?

– Эки-үй күн турам го.

– Барып эле баса бербейсиңби.

– Жок болбойт, — Алима аны: «Же биротоло калгысы келбесе, же иштеп жок дегенде ичкенин таппаса кеткени жакшы, эгерде биротоло калса анда баарына кайыл элем», — деп ойлоп калган.

– Анда мени кет дегениңби? — деди Өмүркул бир нерсени сезгендей.

– Эмне кыласың анан, үйдө тура бересиңби?

– Жо-ок, кереги жок, сен кетсең мен дагы кетем.

– Үйүңөбү? — Алима аны мыскылдуу да ызалуу да жылмая карады,

– Ооба, — деди Өмүркул орой, — Анан кайда бармак элем?

– Аялың боктуу таяк менен кубаласачы?

– Ал андай аял эмес.

– Жакшы аялдан дагы эркек качабы?

– Алима, муну менен эмне дегиң келип турат?

– Балким жакшы аялдын баркына жете албаган өзүңдө мандем бар го анда? — деп кер какшык менен айтты да эшикке чыкты, анын бул сөзү Өмүркулдун жинин келтирди.

– Алима, — Өмүркул ага катуу сөз сүйлөмөк болду, бирок өзүн кармап жумшак гана, — Анда сен барып кел. Мен кеттим, — деп босогону карай басканда:

– Бирде анын койнунда, бирде менин койнумда болуп кудайдын эрке баласындай тайтаңдабай өз үй-бүлөөң менен боло бер, бул кылыгыңа аялың чыдаса да мен чыдабайм, — деди Алима.

– Эмне-е? — Өмүркул аны эми гана көргөндөй карап туруп калды.

– Чындыгы ушул Өмүркул, мындан ары өз-өз жолдорубузду табалы.

– Жарайт, — деди Өмүркул камырабай.

– Анда чыктык, кош бол эми, жакшы жүр.

– Жакшы жүр, — Өмүркул кайрылбастан басып кетти, Алима үйүн кулпулап аны артынан ызалуу карап туруп кадимкидей жини келип буулуга ыйлап жатты: «анын Өмүркулду өзүнө жалдырап кетпей үйдө болуп турайын, сен тез кел», — деп айтат деген ою ордунан чыкпады, антмек тургай басып кеткени анын күйбөгөн жерин күл кылып отурат, кайрылбай кетип калганы кантип болсун, баш аягы беш-алты жылдан бери эрди-аялдай каалаганда келип, каалаганда кетип жүрүп эми кылчайбаганы: «Акмак, эркектердин баары ушундай болот тура, ойнош оттон ысык, кала берсе боктон сасык деген ырас экен да, мен ал үчүн сасыган этче бүксүп калган экенмин да, кете албай араң турган экен, эми келгениңди көрөмүн, келсең дагы үйгө киргизбеймин», — деп кайра үйүнө кирди. Ал Өмүркулду эмне дээр экен деген ойдо калп айткан болчу, эми ал анын үй-бүлөөсүн бузуу үчүн бир нерсени ойлоп тапмак болду…

Өмүркул үйүнө кирип келгенде Саадат төшөктө жаткан болчу, ыйлап-сыктап күйөөсүнүн башка аялга кетип калганына ызаланып жатып башы ооруп калган, төрт баласынын келечегин ойлоп гана жаткан болбосо намыс үчүн өзүн өлтүрүп да алгысы келип кеткен күндөрү болбодубу.

– Сага эмне болду? — деди Өмүркул кирип келип эле.

– Эчтеке, — Саадат жүзүн терс буруп кетти.

– Башың кайра ооруп жатабы?

– Эчтеке, мени менен сенин ишиң канча?

– Ачууланбачы Сакин, мен эмне кылдым?

– Эчтеке кылган жоксуң, сүттөй аксың, бирок менин сени көрөйүн деген көзүм жок Өмүркул, бекер келипсиң, жылуу ордуңду суутуп келбей эле койсоң болмок, — дегенде Саадаттын көз кычыктарынан сызылып аккан жаш жаздыкка сиңип жатты.

– Сакин, — Өмүркул анын жанына отурду, балдары сыртта, Арзуу түшкүгө тамак жасап жаткан, — Өткөн кеткенди кечир, ортобузда балдар турат…

– Ошол элеби, балдар гана кармап турса анда жолуң ачык, балдардан кам санабай эле кой, биз эми жашай албайбыз, жүрөк муздап калгандан кийин кайдагы жашоо…

– Сакин андай дебе, мен сенден айрылбайм, сени жакшы көрөөрүмдү кеч түшүндүм.

– Кереги жок, сый гана ажырашып алганыбыз оң, сен өз ордуңду таптың, балдарга жолугуп турганыңа каршы эмесмин, менин жүрөгүмдө сен үчүн орун жок!

– Кантип, мен сага биротоло келбедимби?

– Жанымды оорутуп жаракат келтирдиң, этиме так салдың, анын баарын кечирдим, эми жүрөгүмө салган кара тагың мени жибите албайт, — деп Саадат ары карап кетти, муңкана ыйлап жатты, ашканада жүргөн Арзуу баарын угуп турду: «Кеткени жакшы, бизди качан ойлоочу эле, атадай жакшы караган деле жок, апам эле кейибесе болду», — деп ойлонуп жатты. Өмүркул башын жерге салып чыгып кетти, ал өмүрү жан кыйнап иштеген эмес, Саадат балдарынын пособиясы менен кээде иштей коюп өзү багып келе жатат.

– Апа, атам эми мас болуп келбейби? — деп Арзуу атасы чыгаары менен кирди.

– Келбейт кызым.

– Корком апа, андан көрө таятамдарга айтып арыз жазып ажырашпайсызбы?

– Кетсе болду кызым, — Саадат улутунуп алды, — Кагылайыным десе, сен бойго жеттиң, сенин тагдырың меникине окшобосо экен, — Арзуу апасынын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап жатты:

– Сиз кейибей, оорубай жүрүңүзчү апа.

– Оорубайм кызым, жан кейиткен оор дарттан дагы жан жарасы күчтүүлүк кылат экен кызым, асты сен бактылуу болсоң болду, — Эне бала көпкө өз ойлору менен алышып отурушту, анан түшкү тамагын ичишкен соң гана Саадат ордунан туруп бир аз жасамыш этти, алаксып кеч киргенин дагы байкабай калышкан экен, ойноп жүргөн Эмилбек жүгүрүп келди:

– Апа, атам мас болуп келе жатат!

– Апа, жашынып калыңыз, — деди алаңдаган Арзуу, аңгыча эле Өмүркулдун сөгүнүп бакылдаган үнү угулду.

– Кана, энеңер кайда кетти?

– Апам таятамдыкына кеткен, — деди Арзуу чыга калып.

– Атасынын башына кетеби, эмне жумушу бар экен?

– Билбейм…

– Бар чакырып кел!

– Кеч кирип калбадыбы ата, жол ээн корком.

– Жөнө! — деп бакырганда Арзуу көзүн жумуп жиберди, Эдилбек менен Эмилбектер Сайра болуп бүрүшүп отуруп калышкан, Өмүркул мас болгондо алар ушинтип чымын үнү угулчудай тымтырс болуп калышат.

– Ата, — Арзуу ыйлап жиберди.

– Сөз кайрый турган болуп калгансыңбы? — деп жиндене Арзууну колунан алып үйдү көздөй сүйрөп кирип төргө түртүп ийгенде анын кандай ою бар экенин эч ким билип болбос эле, — Кана барбайсыңбы, апаңды жашырып жатасыңбы ыя? — деп маңдайына тизээлей отуруп калганда Саадат чыдабай чыга калды, анын оюна жаман нерселер келип кеткен эле.

– Мына мен бул үйдөмүн, кое бер кызды! — дегенде бурула калып өңү бузула ордунан жай турду да анын теке маңдайына келди:

– Сен менден жашырынып жаттыңбы?

– Ооба, сенде адамдык сапаттын жок экенин билем, — Саадат ушу кезде тилин тартпады, — Кана, өлтүргүң келсе өлтүр мени, балдарга тийбе!

– Баатыр болуп калгансың го? — деди да Өмүркул аны жаактан ары чаап чачтан алды, — Сен мени менен эрез талашкың келеби ыя, аял экениңди унутуп калдыңбы, эркектердин этегине намаз окушуң керек! — деп чачынан алып тепкилеп жатты, Арзуу чырылдап ортого түшсө аны түртүп ийет, — Сен менден ажырашкың келеби ыя, же башка бирөөнү таап алдыңбы, сени мен эч кимге жок кыламын, мага дагы башкага дагы жок болосуң! — Ошол убакта үч-төрт коңшусу кирип Саадатты ажыратып калышты, Саадаттын бети башында тамтык жок, көк тулуп болуп калган, ичке тепкени башка, баса албай өзүн жоготуп койду, ошол кезде коңшулары милиция чакырып Өмүркулду алып кетти, Саадатты түндөп райондук ооруканага жеткиришти. Суусар таң атпай жетип келип абалды угуп эле районго кетти.

– Кызым, — Суусар көзүн ачып көгала болуп жаткан Саадатты баса калып ыйлап жиберди, — Ушул шүмшүктөн эбак ажыраш дегенимди укпадың, ал сенин түбүңө гана жетет кокуй.

– Апа, дагы баштадыңбы, мен эчтекени сүйбөй турам. — Саадат онтоп алды, — Андан көрө үйгө бар апа, — Саал башын көтөрүп акырын шыбырады, — Өмүркул үйгө барып калбасын апа, Арзууну сакта, анын жаман ою бар окшойт…

– Эмне дейт ботом, өзүнүн кара чечекей кызы…

– Жо-ок апа, мас немеге арга жок, мен болбосом кечээ ким билет эле, — Саадат болгонун айтып берди, — Кызымды кара апа, ансыз деле жокчулуктун айынан өз теңтуштарынан кем болуп жүргөн неменин жүрөгүнө кеткис жара калбасын.

– Капырай ниетиң куурагыр, мынчалык жырткыч болбосо эмне… — деп Суусар алып келгендерин тумбочкага коюп кызы менен коштошуп кайра айылга кетти, Өмүркулду суракка алып, анан Саадатка милиция келди, ал аны каматкысы келбей:

– Мен ага арыз жазбаймын, болгону ажырашканга макул болуп мени тынч койсун, — деди да ажырашканга арыз жазды, ошентип ал аны көргүсү келбей калды, милиция Өмүркулга коркутуп кол койдурду, эгерде ажырашканга макул болбосо үч жылдан беш жылга чейин кесилээрин айтканда кол койду да өзүнүн кылган ишине өкүнүп кетмек болгондо:

– Эми ал үйгө барбайсың, эгерде балдарыңа, же аялыңа бирдеме болсо сен күнөөлүү болосуң, — деди участковый, аргасыз Алиманын үйүнө барды Өмүркул, ал болгон окуяны угуп билип эле турган, кабак бүркөй сүйүңкүрөбөй каршы алды:

– Ийи, келген экенсиң?

– Келдим Алима.

– Ызаң, ачууң тараганчабы? — Сынай карады, анткени анын эми бараар жери жок экенин биле турган.

– Койчу Алима, сенин көздөгөнүң ушул эмес беле, мына эми баары бүттү, ажырашып тындык, — Күңкүлдөй жер карап отура кетти.

– Мен үчүн дегени турасыңбы?

– Жо-ок, андай эмес, болоор иш болду, мен эми сеникимин.

– Болгону ошолбу?

– Андан башка дагы не керек сага?

– Мен сени аялыңды саба, анан ажыраш дедим беле?

– Саба дебедиң, ажыраш дегенсиң?

– Анда мындай, мени менен кала турган болсоң ата-энеме, элдин алдына менин жүзүмдү ачасың, — деди Алима сынай.

– Ал болот, азыр эмес?

<<2 of 7>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!