Чакан бизнес идеялар

Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?

Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?

Заманбап базардын өнүгүү тенденциясын эске алганда курал-жарак сатуучу жеке дүкөндү ачуу барган сайын көптөгөн ишкерлерди кызыктырып баштады. Жакныкы кездеги эсептөөлөргө караганда, мындай бизнестин кирешелүүлүгү 49 пайыздан ашат, бирок, жыл өткөн сайын бул көрсөткүч болжол менен 5 пайызга өсөт.
Көптөгөн ири шаарлардагы курал-жарак базарынын түзүмү көрсөткөндөй, ал мыкты репутациясы бар компанияларга ылайыктуу, ошондуктан бул базарга аралашып кетүү татаал.
Адатта курал-жарак бизнесине мурда ушундай дүкөндө иштеген, бул жааттагы көптөгөн тааныштары бар жана потенциалдуу жеткирүүчүлөрдү тааныгандар, ошондой эле бизнестин бул түрүн абдан терең түшүнгөндөр гана келет.
Андан тышкары курал-жарактар дүкөнүнүн ээлери көбүнчө укук коргоо кызматтарынын кызматкерлери болушат, аларга мындай ишмердүүлүктү жүргүзүүгө лицензия алуу жеңилирээк.
Негизи эле курал-жарак дүкөнүн ачуу үчүн жергиликтүү Ички Иштер Башкармалыгынан жана шаардык бийликтен уруксат алуу жетиштүү.
Курал-жарак дүкөнүн ачууга даярданып атып, эксперттердин бул 100 миң долларга чейинки каражатты талап кылат деген пикирин да эске алыңыз. Анткени, дүкөнгө көптөгөн ар түрдөгү курал-жарактарды сатып гана албай, имаратты да лицензия берүүчү кызматтардын техникалык талаптарын эске алып жасаш керек. Андан кийин ички жасалгалоо деген да бар. Сатыкка сапаты мыкты куралдар гана алынып келинет.
Курал-жарак дүкөнүн ачуу үчүн аянты орточо эсеп менен 150-170 чарчы метрди түзгөн атайын имарат керек. Кээде 120 чарчы метр да жетиштүү болот. Бардык товарлар сатып алуучулар жана дүкөндүн сатууучу үчүн ыңгайлуу болгудай тизилиши шарт.
Ишкер 200 чарчы метрлик чоң аянттуу имараттын ээси деп коелу, анда дароо бир нече соода залын даярдоо керек. Биринчи аңчылыкка керектелүүчү куралдар сатылса, экинчисинде согуш куралынын макети, үчүнчүсүндө пневматикалык курал, куралдардын акссесуарлары ж.б. багытта улана берет. Бир катар курал-жарак дүкөндөрү куралдарды үй шартында сактоого темир сейфтерди да сунушташат.
Учурда курал-жарак дүкөнүн иштеткен ишкерлер куралдарды тизүүдө эки популярдуу вариантты колдонушат. Биринчисинде, алар куралды дубалдын ачык бооруна илишет. Ошол эле маалда товарды сатып алуучуга көрсөтүүчү сатуучу болушу шарт. Экинчи вариантында курал айнек текчелерге тизилет.
Бүгүнкү күндө пирамида түспөлүндөгү текчелер көп колдонулат, анда куралдар ар башкача болуп илинет. Сатып алуучуга бул куралдарды абдан кылдаттык менен карап, майда – чүйдөсүнөн бери таанышып чыгууга шарт түзөт.
Курал-жарактарды айнек текчелерге тизүү боюнча экинчи вариантты тандап алсаңыз, анда сиз текчелерди сатып алууга кошумча чыгашага туш келесиз, андан соң аларды талкалануудан сактоо, коопсуздугун кароо сыяктуу маселе башталат. Айнек текчелер ок өтпөгөн калыңдыкта болушу шарт жана аларга сигнализация да орнотуу керек.
Көңүлдү өзүнө буруп тургандай бай интерьерлүү дүкөндөр популярдуулукка тез жетишишет. Сатып алуучунун ишенимине кирген дүкөн табигый дарактарды, терилерди жана металлдарды пайдалануу менен ички жасалганы ишке ашырат. Соода залы жарык болушу шарт.
Курал-жарак дүкөнүнүн популярдуулугун арттырып, кирешени көбөйтүү үчүн көптөгөн ишкерлер өзгөчөлүү маркетингдин кадамга барышат – дүкөндөн анча алыс эмес жерге тир орнотушат. Ал жерден сатып алуучулар куралдын жарактуулугун текшере алышат. Кээде тирге мурда ок атуу менен алектенип жүргөн адамдар келишет, кызыгуусун туудурса дүкөнгө да баш багышат, балким курал сатып алышып, сиздин кардарыңыга айланышат. Курал-жарак дүкөнүнүн кардарлары мына ушундай жол менен да көбөйөт.
Курал-жарак дүкөнүнүн кардарларын арттыруунун дагы бир жолу бар – ал дүкөндүн алдында аңчылыкты сүйүүчүлөр клубун ачуу. Бул клубдун мүчөлөрү өздөрүнүн арсеналын тез-тезден толуктап турушат, анын баары сиздин чөнтөгүңүзгө акча болуп түшөт.
Биздин өлкөдө курал-жарак дүкөнүнө бир катар катаал талаптар бар. Биринчи кезекте соода имаратын сөзсүз түрдө өрт өчүргүч жабдыктар менен камсыздоо керек. Дүкөндө өрт сигнализациясы үзгүлтүккө учурабай дайым иштеп тургандай болсун.
Дүкөндүн стабилдүү иштеши үчүн электр кубаттуулугунун кошумча булагын пайдалануу зарыл, ал авариялык учурларда жана башкы тармак өчкөндө ишке кирет. Бардык терезелер, мейли ал кадимки терезе болобу, же вентиляциялыкпы, сөзсүз түрдө сыртынан темир тор кадалсын.
Башкы маселе курал-жарак дүкөнүнүн ассортиментинде турат. Кирешенин көп бөлүгү өзүн өзү коргоо жана согуш куралдары сатуудан түшөт. Ошондой эле кымбат баалуу аңчылык мылтыктарына да суроо-талап күчтүү.
Курал-жарак дүкөнүнүн ээлери негизинен атамекендик өндүрүштүн аңчылыкка пайдаланчу «дробовик» деп аталган мылтык менен дүрбүсүн сатып алышат. Импорттук куралдар кымбат турат, а сапаты жагынан экөөнүн айырмасы деле жок.
Албетте, сатыктагы куралдардын айрымдары элита классына таандык болушу мүмкүн, бирок бардык текчелерди мындай кымбат куралдар менен толтуруу болбойт.
Бул биринчи инвестициянын көлөмүн бир топ чоңойтот жана дүкөндүн соодасынын жакшы жүрүүсүнө терс таасирин берет. Өзүн коргоо багытындагы куралдардын түрлөрү канчалык көп болсо, дүкөндүн кирешеси да ошончолук өйдөнү карай өсөт деп ишене бериңиз. Адата кирешенин басымдуу бөлүгү электрошокерлерден, газ баллондордон, куралдын макеттеринен жана башка өзүн коргоо жаатындагы куралдардан түшөт.
Курал-жарак дүкөнүнүн өзүн актоосуна орточо эсеп менен бир – бир жарым жыл кетет. Бизнести сапаттуу уюштуруу менен аз убакытта кирешелүү тармакка айлантып алса болот.

🔥2
Чакан бизнес идеялар

More in Чакан бизнес идеялар

Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү

201923.02.2020

Кум анимациясын үйрөтүү бизнеси

201923.02.2020

Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси

201923.02.2020

Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес

201923.02.2020

Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске
айландырса болот?

201923.02.2020

Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)

201923.02.2020

Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)

201918.02.2020

Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?

201918.02.2020

Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү

201918.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!