Нүргүл БЕЙШЕН

Кумардан тапкан ажал

Кумардан тапкан ажал

<<1 of 11>>

***
Нурдин телевидениеде иштегенине бир топ жыл болуп калса да берүүдөн түшпөй келатат. Үйбүлөсү менен ынтымактуу эле жашагандай көрүнгөнү менен ич ара аялы экөөнүн ортосун кара мышык аралап кеткендей салкын болуп баратканын өздөрү гана сезет. Ага тележылдыз аталган сулуу кыздардын катышы бар эле. Жумуштан кеч келип, кээде келбей ар кандай шылтоолорду айтканы да себеп болчу. Айганыш дагы бир кезде Ысык-Көлдүн аккуусундай койкойгон сулуу кыз болгондуктан, анын артынан чуркап жүрүп үйлөнүп алган. Маянасы деле жакшы, айтканындай эле эч нерседен кемитпей келет, үч баланын ата-энеси болушту. Кээде чыр-чатак болуп, кер-мур айтышып калганы болбосо Нурдин Айганышка кол көтөрчү эмес. Бир күнү Айганыш күйөөсү менен ачык сүйлөшмөкчү болуп Нурдин жумуштан келгиче чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ал жумуштан абдан кеч келип, Айганыштын жасаган тамагын ичпей жатып алмак болуп бөлмөсүнө киргенде эле:
— Нурдин, кардың токпу? — деди Айганыш саал ызырынгандай.
— Ооба, абдан чарчадым, эс алып албасам болбойт, эртең кайрадан эрте чыгам.
— Эмне, сүйлөшкөнгө да болбойбу?
— Сөзүң болсо айта бер, угуп жатам, — деп күңк этти Нурдин.
— Ачык сүйлөшөлү, мен минтип жашоодон тажадым.
— Эмнеге, үйдө баары бар, эчтекеден кем эмессиң, иштеп кыйналган жоксуң, даяр оокаттан тажадыңбы? — деп өйдө болду Нурдин. — Аялдарга деги андан башка эмне керек?
— Эмне керек экенин билбейсиңби? Көрүнгөн менен жүрүп келип, мени менен ишиң жок жатып аласың. Аялга эмне керек…, эринин көңүл буруусу, сүйүп жакшы мамиле жасап турушу керек! — Айганыш ызалуу буулуга сүйлөдү. — Мага бул өлүү дүйнөңдүн эмне кереги бар, мен дагы күйөөмө эркелеп койнунда жаткым келет, өзүмдүн күйөөмдүн сүйүктүү аялы болгум келет!!!
— Да-а, — Нурдин башын мыкчый бир аз отурду да: — Мен сени таштап кеткен жерим жок го, күндө үйдөмүн, кайда барып жатам? — деп аялын ачуулана карады.
— Ооба, жанымдасың, үйдөсүң, бирок сенин оюңдун баары суйкайып көрүнгөн тележылдыздарда жүрөт. Жаныңда жаткан менин тирүү жан, болгондо да арзып алган өмүрлүк жарың экенимди ойлогуң да келбейт! — Айганыш бултуңдай ары бурулду. — Ушул жетет мага, таштандыдай гана сүрүлүп баратам.
— Койсоңчу, Айганыш, сен менин балдарымдын энеси, үйүмдүн кутусуң, жакшы аял жаманды оюна албаш керек. Баары бир сен ойлогондой эмес, иш чачтан көп, өзүң билесиң, жаңы дикторлорго конкурс жарыялап жатабыз. Жаштарды үйрөтүүнүн өзү да оңой эмес, — деп шылтоонун ар түрүн айтып кутулмак болуп жатты. — Кой эми, жумушуң болбосо жат жаныма, бир жакшылап эркелетип коеюн, — Нурдин эки колун ага карай сунду. — Кел эми, таарынбай жүрчү.
— Жата бер! — Айганыш бөлмөдөн чыгып кетти. Нурдин чалкасынан түшүп ойлуу жатып калды. «Туура айтат, мен буга карабай баратат окшойм, түбүң түшкөн кер маралдай керилген кыздар арбап турса тушалып калып жатпаймынбы. Кой, балдардын энесин капа кылганым болбойт» деп ойлонуп жатты. Ал түнү Айганыш анын жанына келип жаткан жок. Эртеси Нурдин эрте туруп кетти. Айганыш базарга барып өзүнө кымбат баалуу кийимдерди алды да, салонго кирип чачын жасатты, бетине массаж алды. Андан кийин үйүнө келип, жасанып күзгүнүн алдына келди. Узун бойлуу, супсулуу, арыкчырай келин турду маңдайында. «Эмнеге мен жылдыз боло албайм, шашпа мен сага көрсөтпөсөм элеби» деп бир топко күзгү алдында туруп, анан үйдөн чыкты. Ал туура эле телевидениеге келди, дал ушул учурда конкурс жүрүп жаткан. Бир топ кыз-жигиттер кезек менен кирип жатышты, кезеги келгенде Айганыш кирип, суроолорго жооп берип, көркөм окууну жатка айтып бергенде отургандар кол чаап жиберишти. Айганыш сыртка чыгып кетти, калыстардын арасында Нурдин дагы бар эле, Айганышты көргөндө сөз сүйлөөгө кудурети жетпей көп элдин көзүнчө унчукпай кала берди. Нурдин аялынын өзүнө өчөшкөнүн билип эле турду. «Ырас эле менин аялым дале сулуу тура, ооба, жүгүрүп жүрүп алган аялымды карабай койгонум туура болбой калган экен» деп ойго батып үйгө келди. Ал келгенде Айганыш балдарына тамак берип жаткан. Аларды сиңдиси Шоола багат.

<<1 of 11>>

🔥0
Click to add a comment
Нүргүл БЕЙШЕН

More in Нүргүл БЕЙШЕН

Президенттин ойношу 1-бөлүм

201903.07.2020

Президенттин ойношу

201905.02.2020

Айгыр бийкеч

201904.04.2019

Тынымсыз кумар

201902.04.2019

Ажайып түндөр

201901.04.2019

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!