Чакан бизнес идеялар

Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү

Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү

Ар кандай компанияларда кызыкчылыктын ылдыйлашын жана кызыкчылыктын жогорулашын коштогон маал болот. Көпчүлүк компаниялардын кызыкчылыктарынын мындай өзгөрүүсү мезгилге жараша байкалат.
Учурда суу аттракциондорун ижарага берүү базары бутуна турду. Кл жээгинде жайгашкан дээрлик бардык эс алуу үйлөрүндө ижарага аттракциондорду берүүчү жеке станциясы болот, андан эс алуучулар пайдаланышат.
Сууда сүзүүгө арналган буюмдар жыл сайын популярдуу болууда. Суу станциясын же керектүү каражатты ижарага берүү пунктарын ачууга акча керек, мындай чыгашага бардык эле эс алуу үйлөрүнүн ээлери даяр эмес.
Суу үстүндөгү көңүл ачууларга багытталган ар бир бизнес чоң тобокелчиликти алып жүрөт. Мындай каражаттарды ижарага берүү аба ырайына жараша аткарылат. Буюм же жыртылып, же кайтарылбай жоголуп кетиши да ыктымал. Анын үстүнө мындай бизнестин өзүн актоосу кечеңдейт, а кирешеси анчалык көп эмес.
Анткен менен бул ишти жайкы мезгилде ийгиликке жеткирүү мүмкүн. Башталышында ишке он миң долларга жакын акча саласыз. Базардын катышуучулары өзүнүн мезгилдик станцияларын ачышат, андан соң пляж жээктерине таратышат.
Андан тышкары толук кандуу жабдылган станционардык клубду ачса да болот. Анда спорттук көңүл ачуулар үчүн кеңири ассортименттеги буюмдарды сатып, атайын сатуучу жалдайсыз.
Ижарага берүүнү эки банан, эки гидроцикл жана эки инструктор- кызматкерди алуу менен эле ишке киргизе аласыз. Олуттуу клубда албетте, ижарага жер да берилип, тажрыйбалуу адис коштоп, инфраструктара өнүккөн абалда болсо – бул чоң жетишкендик. Анда сизге жарнама абдан зарылдык жаратат.
Мезгилдик ижарага берүүдөгү негизги чыгымдар каражаттарды сатып алуу, кызматкерлердин айлык маянасы жана жерди ижарага алууга коротулат. Бирок, бир тобокелчилиги – бийлик бутактары каалаган убагында мындай бизнести жаап кое алат. Ошондуктан, ишти баштоодон мурун өзөн жана көл коопсуздугунун нормалары жана талаптары менен жакшылап таанышыңыз.
Анан албетте, ижарага берүүнүн акысы, мисалы, гидроцикл олуттуу клубдун башкы орунунда турат. Ижарага берүү станциясын ачууда жок дегенде эки гидроцикл болушу маанилүү. Аларды он төрт миң доллардын тегерегиндеги акчага сатып аласыз. Отура турган орундугу бар, үч орундуу жана аз кубаттуу гидроциклге басым жасаңыз. Ижарага саатына, же мүнөтүнө канча сомго баалайсыз, аны өзүңүз чечиңиз.
Ар бир аквабайктын жанында айдоочулук укугу бар инструктор болууга тийиш. Аквабайкта айдоону үйрөтүүчү окуу эки миң сомдой болот. Инструктордун негизги тапшырмасы коопсуздук техникасын камсыздоо жана суу коридорунда айдоонун сырларын билүү болуп саналат.
Ал эми эң башкы милдети – аквабайкта сүзүүгө уруксат берилген жерлерди билүү. Ижарага берүү базарынын катышуучулары бир жайкы мезгилде сегиз миңден он миң долларга чейин киреше таба алышат. Бирок, интенсивдүү колдонуудагы аквабайктарга бир мезгилде бир жолу оңдоо иштери талап кылынат.
Эгер сиз олуттуу көңүл ачуудагы бизнести уюштурам десеңиз, анда сизге катер-буксир керек. Адатта жакшы катер – бул ижарага берүүдөгү ийгиликтин кепилдиги, аны менен катар каржылык чыгашанын чоң бөлүгүн талап кылат.
Жаңы катер-буксир отуз миң доллардай баада сатылат, бирок, мурда колдонулган, жакшы акыбалдагы катерди да табу мүмкүн, аны жыйырма миң долларга аласыз. Катерди пайдаланууга алуунун дагы бир ыкмасы – ижара. Аны балыкчылардан табууга болот. Мисалы, Азов деңизиндеги. Ижаранын айлык акысы эки жүз-эки жүз элүү долларга бааланат.

Моторлуу кайыкты сатып алуу бир топ жеңил, ал он миң доллардын тегерегиндеги баада табылат. Бир катар ишкерлер эбактан бери эс алуучуларды моторлуу кайыктарда термелтишет.
Катердин кубаттуулугу канчалык көп болсо, ошончолук көңүл ачуу максатына жетет деген эреже да бар. Катерге «банан», «пельменди» байлап, эс алуучулардын кызыгуусун жаратууга болот.
Суу аттракциондору бири биринен эмне менен айырмаланат? «Банан» — бул кармоочу бар чоюлган резина колбасасы. Аны катер-буксирге кошушат. Эс алуучулардын кеңири аудиториясына абдан бап келет.
Көп орундуу «банандар» да кездешет. Анын баасы үч жүз доллар. Ачык аба ырайында суу үстүндөгү көңүл ачууга жарайт. «Банандагы» он мүнөттүк көңүл ачуу жүз сомдон ашык баага бааланат. А эгер «банандын» отургучу бар болсо, баа кымбаттайт.
«Ватрушка» же «бублик» — бул кармоочу бар үйлөмө тоголок нерсе. Эс алуу ортосундагы оюкка отурат. Анда сүзүү «банандагыдай» эле жүргүзүлөт. «Банандан» айырмасы – бир гана адам батат. Ал толкундарда секирип, термелет.
Парасейлинг – бул парашюта учуруп көңүл ачуучу каражат. Активдүү суу эс алуусунун бул түрү пляждарда жана курорттордо абдан популярдуу. Аны да катер-буксирдин жардамы менен падаланышат. Парашют алты жүз элүү – сегиз жүз кырк еврого сатылат. Ага жараша аны ижарага берүү акысы да кымбат тураарын унутпаңыз.
Сүзүүдөгү эң бир популярдуу каражат катары катамаран эсептелинет. Желимден жасалган эки орундуу шайтан араба миң доллардай турат, ал эми төрт орундуктуусу эки миң долларга барабар.
Кадимки парктарда беш-он катараман эс алуучуларга кызмат кылышат. Андан тышкары калактуу кайыкты да ижарага берүү менен жакшы каражат табууга болот. Калактуу кайыкты сүйүүчүлөр көп, бирок, ага кеткен чыгым үч, же төрт мезгилде гана кайтарылат.

🔥3
Чакан бизнес идеялар

More in Чакан бизнес идеялар

Кум анимациясын үйрөтүү бизнеси

201923.02.2020

Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси

201923.02.2020

Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес

201923.02.2020

Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске
айландырса болот?

201923.02.2020

Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)

201923.02.2020

Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)

201918.02.2020

Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?

201918.02.2020

Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү

201918.02.2020

Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси

201918.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!