Жомоктор

Карыган сыйкырчы

Карыган сыйкырчы

(Монгол жомогу)

Байыркы заманда карыган сыйкырчы жашаптыр. Бир күнү аны хан чакыртат. Айтып коюу керек, бул хан өмүрүндө кайгыга дуушар болгон эмес, ошондуктан абдан залим эле.
Сыйкырчы ханга келди, ал болсо мындай дейт:
– Сени улуу сыйкырчы деп угуп атам. өнөрүңдө көргөзчү мага!
– Менин ханым эмнени көргүсү келет?
– Эмнени болсо да! – чыдамсыздана жооп берди хан.
– Жарайт. Ысык чайды идишке куюп, бул жерге кой дагы, өзүң сыртка чыгып тур.
Хан сыйкырчынын айтканындай жасады, сыртка чыкканда келишкен тулпарды көрдү. Тулпар ага абдан жакты. Ээрге секирип минип, чаптырды. Кете берди, кете берди, бир убакта сырдуу жерге туш болду. Капысынан эле тулпар ээрде коңторуп таштап, качып кетти. Хан ээн талаада жалгыз калды. Көлчүктөн суу ичип, чегиртке, ийнеликтерди кармап, жеп өзөк жалгоого аргасыз болду. Ачкалыктан жана чарчоодон араң баскан хан талааны кыдырып, жегенге боло турган азык издеди.
Бир жолу алдынан карыган аял эки кичинекей арык баланы жетелеп алып чыкты.
Аял ханга хандын салыкчылары болгон байлыгын тартып алышканын, эми балдарына берээрге азыгы жок калганын айтып берди. Хан алар менен чогуу жашап калды. Жаз келгенде балдардын бири ооруп, каза тапты. Хан абдан кайгырды. Ташка отуруп, буркурап ыйлады.
Хан мындай абалда канча отурду ким билсин, тынчтанып, эки жагын караса эле өзүнүн үстү кымбат баалуу чатыр менен жабылган тактысында отуруптур. Ал турмак алдындагы идиштеги чай да муздаганга үлгүрбөптүр.

– Хан, элдин кайгысына ортоктош болдуңбу? – деп сурады карыган сыйкырчы, — Көрдүңбү, эл кандай кыйынчылыкта күн кечирет. Ошондуктан, сага таарынышат!
Ушул сөздү айтып карыган сыйкырчы кетти.

🔥0
Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Ачкөз

201928.04.2020

Жаныбарлар кантип жыл сүрүштүрүүгө кезекке тизилишкен?

201928.04.2020

Цикадо кичинекей мүйүзүн кантип жоготту?

201928.04.2020

Манора

201928.04.2020

Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу?

201928.04.2020

Таранчы

201928.04.2020

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!