Жомоктор

Каркыранын канаты

Каркыранын канаты

(Япон жомогу)

Илгери-илгери тоолуу айылда кемпир-чал жашаптыр. Алар баласы жоктугуна абдан кейип кайгырышчу экен.
Бир жолу кыштын аппак кардуу күнүдө абышка токойго барат. Ал чоң таңгак чырпык жыйнайт, жонуна артып, тоодон ылдый түшө баштайт. Капысынан кулагына жакын жерден чыгып аткан аянычтуу кыйкырык угулат. Караса, каркыра тузакка түшүп калыптыр, бошонуп чыкканга аракеттенип канаттарын каккылап, онтоп атыптыр, жардамга чакыргандай түрү бар.
– Ай, байкушум ай! Бир аз чыдап тур… Азыр сага жардам берем.
Абышка каркыраны тузактан бошотту. Ал канаттарын күүлөп учуп кетти. Учуп баратып кубанычтуу сайрады.
Кеч кирди. Кемпир менен абышка кечки тамакка отурушту. Кимдир – бирөө терезени акырын каккылады.
– Мындай кеч убакта бизге ким келиши мүмкүн?
Абышка каалганы ачты. Босогодо каш-кирпигинен бери кар болгон кыз туруптур.
– Тоодо адашып кеттим, — деди кыз, -Багыма бороон да катуулады, жол көрүнбөй калды.
– Үйгө кир, — деп чакырды кемпир, — Биз келген конокту кубанып тосуп алабыз.
Абышка кызды колунан жетелеп, мештин жанына алып барды:
– Отур, жылын дагы биз менен бирге тамактан.
Үчөө чогуу тамактанышты. Абышка – кемпир кыз абдан сулуу жана мээримдүү экенин байкашты. Тамактангандан кийин кемпирге идиш-аяк жуушуп, жардамдашты. Анан:
– Чоң эне, келиңиз, далыңызды укалап берем, — деди.
– Рахмат, кызым, далым чын эле ооруп аткан болчу. А сенин атың ким?
– О-Цуру.
– О-Цуру, Журушка, уккулуктуу ысым, — деп мактады кемпир.
Кичи пейил кыз кемпир-чалга абдан жакты. Эртең кетип калаарын ойлошуп санааркап алышты.
Эртеси эрте менен о-Цуру кетүүгө камданды. Кемпир-чал:
– Журушка, биздин балабыз жок. Биз менен чогуу жаша, — деп суранышты.
– Чын ниетим менен чогуу жашаганга макулмун, менин бул жарык дүйнөдө эч кимим жок… Жакшылыгыңыздар үчүн килем токуп берем. Бирок, бир нерсени өтүнөм, мен килем токуп аткан бөлмөгө эч убакта кирбеңиздер, кантип иштеп атканымды ким – бирөө көрүшүн каалабайм, — деди кыз.
Ошентип, кыз кемпир-чал менен чогуу жашап, килем токуй баштады. Аркы бөлмөдөн бир гана тык-тык эткен добуш гана угулуп турду.
Үчүнчү күн дегенде кыз кемпир-чалга килемди алып чыкты. Анын ортосуна алтын түстөгү каркыралардын учуп бараткан сүрөтү түшүрүлгөн экен.
– Кандай кооз! – деп карылар таң калышты, — Көздү айыруу мүмкүн эмес!
Колдору менен кармап көрүштү: килем жүндөн да жумшак, канаттан да жеңил.
Абышка кызга карап, кабатырлануусун жашыра албады:
– Журушка, менимче сен арыктап кеттиң. Жаагың ичине кирип кетиптир. Кийинки жолу сенин мынча көп иштөөңө жол бербейм.
Капысынан киркиреген үн чыкты:
– Эй, үй ээлери?!
Бул соодагер Гонта эле. Ал айылды аралап, дыйкандардан килем сатып алчу. Гонта мындай деди:
– Чоң эне, сата турган килемиң барбы? Кышында отуруп алып токугандырсың?
– Бул жолу бизде укмуштуудай килем бар, Гонта, — деди кемпир, — Мына, карачы. Муну кызыбыз Журушка токуду.
Анан соодагердин алдына агыш кездемени жая салды эле, анда алтын түстүү каркыралардын учуп баратканы тирүүдөй көрүндү.
– Мындай кереметтүү сайманы борбордо да эч ким көргөн эмес. Кызыңыздар чебер тура! – Гонта дароо капчыгын алып чыгып, алтын тыйындарды чыгарды. Ал төрөнүн сарайында бул килемди жүз эсе кымбат сатып алышаарын жакшы билди.
– Алтын тыйындар! Карагылачы, алтын тыйындар! – Карылар көргөн көздөрүнө ишенишпеди.
Алар өмүрүндө биринчи жолу алтын тыйынды көрүштү.
– Рахмат сага, Журушка, рахмат! – деп чын дилинен кызды алкашты, — Эми бакыбат жашайбыз. Сага майрамга карата жаңы кийим тигебиз. Биздин кызыбыздын сулуулугун көрүп баары кызыгышсын.
Жаз келди. Күн жылыды. Айылдагы жаш балдар карылардын үйүнө чуркап келип:
– Журушка эже, биз менен ойночу, — деп суранбаган күн дээрлик болбойт.
Андайда Журушка жылмайып:
– Макул, келгиле ойнойлу. Айдагы периге конокко сүзүп барабыз, — дейт.
Балдар колдорун көтөрүшөт – бул перилердин өлкөсүндөгү дарбаза. Булуттар – кайык, күмүш калак.
Балдар дарбазага кубанычтуу чубап киришет, карыларды да чакырышат:
– Чоң ата, жүрүңүз, биз менен ойноңуз! Чоң эне, сиз дагы келиңиз.
– Силерге кантип кошулбай коелу, бирок колубуздан анчалык катуу тартпагыла, — деп карылар күлүшөт.
Тилекке каршы, дайым эле күн чыга бербейт. Кээде жамгыр жаайт. Журушка асманды булуттар каптай баштаганын көрсө эле ырдайт:
Жамгыр, жамгыр, дагы төк,
Жамгыр, төккүн талаага.
Андан ары дагы бар,
Алма өскөн калаага.
Жаш балдардын баары Журушканын жанына келишет. Ал балдарга ар кайсы жапайы чымчыктар тууралуу айтып берет.
Балдар Журушканын жанынан айланчыктап такыр кеткилери келчү эмес. Бирок, бир жолу Гонта кайрадан келди.
– Саламатсызбы, чоң ата! өткөндө килем сатып албадым беле, дагы ошондой килем барбы? Жакшы баага сатып алат элем, — деди соодагер.
– Жок, экинчи сураба. Кызым О-Цуру килем токуганда абдан чарчайт, ооруп калабы деп корком.
Бирок, Гонта алтын тыйындар толгон капчыкты аз жерден күчкө салып абышканын колуна карматып кое жаздады.
– Мен сага өткөн жолкудан да көп төлөйм. Эгер макул болбосоңөзүңдүн шоруң. Мени сага төрө жиберди, — деп коркутту соодагер, — Үч күндүн ичинде килем даяр болбосо, башың менен жооп бересиң!
Гонта кетти, кемпир-чал кайгырышты:
– Кайгы, кайгы! Эми эмне болобуз! Башыбызды жоготот окшойбуз.
О-Цуру башка бөлмөдө отурса да, мунун баарын уккан. Кемпир-чалды соорото баштады:
– Коркпоңуздар, ыйлабаңыздар! Үч күндөн кийин мурдагыдан да кооз килем даяр болот.
Кыз бөлмөсүнө кирип, каалганы жылчык калбагандай кылып бекем жапты.
Көп өтпөй бөлмөдөн тез-тез тыкылдаган дабыш чыга баштады: кирикара тон-тон-тон, кирикара тон-тон-тон.
Биринчи күнү, экинчи, үчүнчү күнү да дабыш чыгып атты.
– Журушка, эртерээк токтот, жетиштүү болду! – деп кемпир-чал кабатырланышты, — Чарчадыңбы, кызым?
Капысынан орой үн чыкты:
– Даяр болдубу? Көрсөткүлөчү.
Бул Гонта болчу.
– Жок, көрсөткөнгө болбойт. Журушка ал иштеп атканда бөлмөсүнө кирүүгө катуу тыюу салган.
– Оо! Дагы бир нерсени ойлоп таптыңарбы! Кызыңар чалпоо окшойт. Мен андан сурап отурбайм!
Ушинткен Гонта жабылып турган каалганы шарт ачты.
– Ой, бул жакта каркыра, кар-кар-кыра! –коркконунан мукактанды.
Артынан кемпир-чал киришти, чын эле килем токуган станоктун үстүндө каркыра отуруптур.
Ал канатын кенен жайып, тумшугу менен өзүнүн жүнүнөн жулуп алып, аны кездемеге кошуп атат: кирикара тон-тон-тон, кирикара тон-тон-тон.
Карылар каалганы жапканча шашышты, а Гонта безген бойдон кетти – ал абдан коркуп калган эле.
Кийинки күнү жаш балдар кемпир-чалдын үйүнө чуркап келишип, Журушканы чакырышты.
– Журушка, бизге кошул, биз менен ойно, же жомок айтып берчи.
Бирок, килем токула турчу бөлмөдөн дабыш чыккан жок.
Карылар чочулап, каалганы ачышты, ал жакта эч ким жок экен. Жерде кооз килем жатат, а айланасында каркыранын жумшак жүндөрү чачылган… Кемпир-чал кызын издеп-издеп суй жыгылышты, ошол бойдон табышпады.
Кечке жуук короого жаш балдар топурап келишти:
– Чоң ата, чоң эне, бул жакка тезирээк келсеңиздер!
Карылар чуркап чыгышса эле… О, ооба, бул каркыра. Бул баягы каркыра! Үйдү айлана учуп, куркулдап атат. Минтип учуу оор…
– Журушка, биздин Журушкабыз! – карылап ыйлашты. Абышка куткарып калган каркыра кызга айланганын түшүнүштү. Бирок, аягына чейин сактай алышпады.
– Журушка, кайт бизге, кайт!
Анткен менен мунун баары куру бекер убаракерчилик болчу. Абдан кайгылуу, коштошуп аткандай каркыра акыркы жолу куркулдады да, асмандын күн батып бараткан тарабына канаттарын жайган бойдон учуп кетти.
Абышка кемпири менен кызды көпкө күтүштү. Бирок, Журушка кайрылып келген жок.
Кайсы бир алыскы аралчада чоң көл бар деп айтышат. Балыкчылар ал жактан жүндөрү жулунган каркыраны көргөнүн айтышат. Каркыра жээкти бойлоп, кемпир-чал жашаган тарапты кылчактап карай берет.

🔥0
Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Ачкөз

201928.04.2020

Жаныбарлар кантип жыл сүрүштүрүүгө кезекке тизилишкен?

201928.04.2020

Цикадо кичинекей мүйүзүн кантип жоготту?

201928.04.2020

Манора

201928.04.2020

Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу?

201928.04.2020

Таранчы

201928.04.2020

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!