Жомоктор

Ит менен мышык кантип душмандарга айланышкан?

Ит менен мышык кантип душмандарга айланышкан?

(Кытай жомогу)

Илгерки заманда кембагал абышка сокур кемпири менен күн өткөрчү экен. Алар балалуу болушпаптыр, кармангандары ит менен мышык эле. Айбанаттар ынтымакты жашашты, адамдын көлөкөсүндөй болуп кайда барса биринен экинчиси калбай ээрчишип жүрүшчү экен. Кожоюндарына чын ниеттери менен кызмат кылышчу. Абышка үйдө жок кезде, сокур кемпир менен бирге үйдү кайтарышып, бейтааныштарды жакын жолотушчу эмес. Карылар да аларды алтындан кымбат ардакташып, эч убакта уруп, же урушпаган. Ит менен мышыкка алаксып, карылардын жашоосу да анчалык зеригичтүү болбой турган.
Бир жолу абышка тоого чөп оргону барды. Кайтып келатып, караса жолдо кара жылан жатыптыр, ачкалыктанбы, ордунан жыла албайт. Абышканын боору ооруп, жыланды коюнуна салып, жолун улады. Үйүнө келип, жыланды чыгарып, тамактандырды. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин абышка жыланга кайрылды:
– Жылан, биздин үйдөн кет. Күрүч түгөндү, чөп калбады – эми сени тойгуза албайбыз!
Жылан башын ийкеди:
– Боорукер чоң ата, сен болбогондо мен эчак ачкадан өлмөкмүн. Сени кантип ыраазы кылаарымды билбей турам. Менде бир гана куйругум бар. Аны ал да, жыгач кутучага салып, алыска көмүп сал, бөлөктөрдүн көзү урунбасын. Акча керек маалда силксең, куйруктан тыйындар түшөт.
Абышка макул болду. Жылан куйругу кесилээри менен көздөн кайым болду. Жыландын куйругун жыгач кутучага салды да, ашкананын артындагы эч ким басып барбаган жерге көмүп таштады.
Карылардын акчасы түгөнөөрү менен сыйкырдуу кутучаны казып алышат да, жыландын куйругун ары-бери силкишет, жерге шыңгырап жез тыйындар толот. Абышка аларды жыйнап, базарга жөнөйт, ал жактан май, туз, күрүч, чырпык сатып алат. Үйүнө келип, тамак жасайт. Бышкан тамакты төрткө тең бөлөт: бири – кемпирине, экинчиси – итке, үчүнчүсү – мышыкка, а төртүнчүсү — өзүнө. Ошентип, бардар турмушта бактылуу жашап атышты.
Бирок, бир жолу карылардын каалгасын жолоочу соодагер каккылады. Караңгы түндө жалгыз жол жүрүүдөн коркуп, кемпир-чалдын үйүнө түнөп кетүүгө кайрылыптыр. Абышка аны үйүнө киргизди.
Кийинки күнү таң ата элек маалда, абышка бутунун учу менен ашкананын артына өтүп, кутучадан жыландын куйругун алып чыгып, силке баштады. Жерге шыңгырап жез тыйындап түштү. Зың-зың-зың деген гана добуш угулат. Соодагер мунун баарын терезеден көрдү. Абышка үйүнө кирээри менен чуркап келип, сыйкырдуу кутучаны сууруп чыгып, себетине салды да жолуна түштү.
Абышка үйүнө кирсе кемпири шолоктоп ыйлап атыптыр.
– Эмне болду? – деп сурады.
– Биздин сыйкырдуу кутучабызды жолоочу соодагер уурдап кетти!
Чал ага ишенбеди.
– Эмнени оюңдан чыгарып айтып атасың? Кутучаны алыска жана тереңге бекиткем. Ким тапмак эле? Сыягы сен башка жерден издедиң окшойт.
Абышка көөнү түтпөй, ашкананын артына өттү. Ары жактан, бери жактан издеди – бирок, кутуча абага сиңип кеткендей дайынын таптырбады.
Кемпир менен чал абдан кайгырышты. Абышка шуу үшкүрүнөт, а кемпир ыйдан күчүн чыгарат. Бул учурда ит менен мышык кожоюндары менен чогуу тамактанууга короодон келишти. А кожоюндардын жүзү кайгылуу, кабактары түйүлгөн, мышык менен ит кандайдыр бир жаман окуя болгонун сезишти, бирок, кандай окуя экенин биле алышпады. Абышка аларды карап, улутунду:
– Арамза соодагер биздин кутучаны уурдап кетти. Тезирээк чуркагыла! Аны кубалап жетиш керек!
Мышык менен ит үйдөн чуркап чыгышты. Жол бою жыттагылап, кутучанын кайда экенин билгенге аракет кылышты. Табышпады. Анан соодагердин өзөндүн аркы бетиндеги үйүнө барууну чечишти.
өзөнгө барышса, суу толкуп, толкундар жыбырап эки жакка чуркап атыптыр. Мышык коркконунан бүрүшө түштү.
– Коркпо! – ит ага дем берди, — Эптеп аркы жээкке жетебиз, мен сүзгөндү билем. Кутучаны тапмайынча үйгө кайтып барбаганыбыз оң.
Мышык иттин күчтүүлүгүн көрүп, өзү да күчтөнө түштү да, жонуна секирип минди. Алар өзөндү сүзүп өтүп, кичинекей айылга туш болушту. Айыл аралап баратышты, бирин дагы калтырбай, бардык үйлөрдүн короосуна баш багышты. Капысынан эле, бир короодо чоңүй турганын көрүштү, андагы адамдар бири көрүнүп, бири көрүнбөй, бири кызыл, бири жашыл кийим кийинип, үйлө-нүүүлпөтүнө камылга көрүп атышыптыр. Үйлөнүп аткан жигит абышканын үйүнө барган соодагер экенин да таанышты.
– Үйдүн ичине кир, — деп ит мышыктын кулагына шыбырады, — Соодагер сыйкырдуу кутучаны кайсы жерге бекиткенин байка. Мен барат элем, бирок байкап коюшабы деп корком. Билээриң менен дароо айылга жөнө, мен сени мажүрүм талдын түбүндө күтүп турам.
Мышык башын ийкеп, мыелоду да, чатырга чыгып, андан ары акырындык менен короонун ичине секирди. Короодон кичинекей жылчык аркылуу үйдөгү уктоочу бөлмөгө кирди. Мышык сыйкырдуу кутучаны издеп, бардык жакты жыттагылады, эч жерде жок. Керебетке отуруп алып, кандай кылуу керектигин ойлонуп аткан. Анан эле бөлмөдө турган сандыктын алдынан чычкан чыгып келатканын көрө калды. Бир заматта чуркап барып, чычканды кармады, байкуш кичинекей чычкан мышыктын колунда титиреп турат.
– Мага жардам берсең, сени бошотом, — деди анда мышык.
– Падыша мышык, буйрук бер, айтканыңдын баарын аткарам, -деп безилдеди чычкан.
– Сандыкка кир дагы, жыгач кутуча барбы, кара. Бар болсо, тезирээк мында алып чык.
Чычкан сандыктын ичине кирип, бир заматта жыгач кутучаны сүйрөп чыкты да, таазим кыла ийилипр мышыкка сунду. Мышык кутучаны ала салып, чуркады.
Соодагер мышыкты көрүп, ушундай кыйкырды дейсиң:
– Мышыкты кармагыла! Казынаны уурдап баратат! Кармагыла аны!
Адамдардын баары кубалашты, а мышык дубалдан секирип кетти. Айылды аралай жүгүрүп, мажүрүм талдын жанына барды. Ал жерде ит күтүп аткан. Экөө кудуңдаган бойдон өзөнгө жөнөштү. Ага жакындаганда ит мышыкка:
– Балыкты, же суу чаянды көрсөң оозуңду ачпа. Болбосо кутуча сууга түшүп, түбүнө чөгүп кетет.
Мышык эми өзөндөн сүзүп өткөндөн мурдагыдай коркпой калган эле. Иттин жонуна абдан салабаттуу чыгып отурду, кожоюндар аларды алкап атканын элестетип рахаттанып алды. өзөндүн ортосуна сүзүп барышканда ойноп аткан балыктарга туш болушту. Мышыктын шилекейи агып кетти, иттин эскерткенин унутуп, кыйкырды:
– Ой, балыктардын көптүгүн карачы!
Оп-па, жыгач кутуча сууга кулап, көз ирмемде түбүнө чөгүп кетти.
– Мен сага оозуңду ачпай, унчукпай жүр деп айтпадым беле?! Эми кандай кылабыз?! – деп ачууланды ит.
өзөндүн аркы бетине сүзүп чыгып, мышыкты жээкке калтырды да, өзү кайра өзөндүн ортосуна келди. Эптеп күчкө салып атып кутучаны суудан алып чыкты.
Ит абдан чарчады, эс алууга отурду, көзүн жумуп өзү да байкабаган тейде уктап калды. Мышык болсо убакытты текке кетирбей кутучаны тиштеген бойдон үйдү көздөй чуркады.
Абышка мышыктын кутучаны алып келгенин көрүп, кубанып кемпирине сүйүнчү айтмакка чуркады. Алар мышыкты тынымсыз мактап атышты: кандай гана айлакер, шамдагай мышык! Абышка кутучаны ачып, жыландын куйругун алды, силкти эле жерге жайнап жез тыйындар түштү. Шыңгырап кулакка абдан жагымдуу угулганын айт. Абышка түрдүү таттуу даамдарды сатып алды, түрдүү тамактарды жасады, баарын мышыктын алдына коюп, ыраазычылыгын билдирди. Мышык ыңгайлуу отуруп алып, эми гана даамдарга кол сунаарда иттин чуркап келатканын көрдү.
– Ой, сен жатып ичер! Тамак даяр болгонун гана билесиң э?! – деп кожоюн итке тап берди.
А мышык жыргап тамактанып атат. Жок дегенде бир ооз сөз айтып койсо эмне. Ит аябай ачка болгон, суу ичип, тамак жегенди каалап турду, бирок таттуулардын бири да оозуна тийбеди, шорпо менен күрүчтүн калдыктары менен өзөк жалгады.
Ошондон бери ит мышыкты жек көрүп калды. Көрөөрү менен дароо алкымынан аткыйт.
Ушинтип, алардын ортосунда душмандашуу башталган.

🔥0
Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Ачкөз

201928.04.2020

Жаныбарлар кантип жыл сүрүштүрүүгө кезекке тизилишкен?

201928.04.2020

Цикадо кичинекей мүйүзүн кантип жоготту?

201928.04.2020

Манора

201928.04.2020

Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу?

201928.04.2020

Таранчы

201928.04.2020

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!