Чакан бизнес идеялар

Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси

Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси

Кулпунай өстүрүү бизнесинин кирешелүүлүгү 100ды түзөт. Баары кулпунайды сүйүп жешет, бул кооз жана даамдуу жер жемиши дүйнөнүн дээрлик бардык аймагынан кездешет. Аны ашыкча түйшүгү жоктугу жана түшүмдү мол бергендиги үчүн жактырышат. Көбүнөчө аны короодо жана дача аймагында өстүрүшөт.
Украинада кулпунайга болгон суроо-талап жыл сайын 30-50%га өсүүдө, ага жараша албетте, баасы да жогорулайт. Бул көптөгөн жер чарбасына жакындарга сүйүктүү ишинен бир гана ырахат албай, акча да табуунун жолун көрсөтүп, жаңы бизнестин башаты болуп берди. Кыш – күздө супермаркеттерден башка жактан алынып келинген кулпунайларды жолуктурууга болот, бирок, баасынан башың айланат. Өзүбүздүн атамекендик теплица кармоочулардын колунан чыккан кулпунайлардын деле баасы импорттукунан кем калышпайт.
Мындай бизнестин пайдасы белгилүү: теплицада өстүрүлгөн кулпунайлар суук мезгилдерде кымбатка сатылат. Демек, бул кирешелүү бизнес болуп эсептелинет жана теплицада керектүү өлчөмдө гана өсүрүлгөндүктөн, мөөнөтү өтүп кетет, же сатылбай калат деген коркуу да болбойт.
Кулпунайды өстүрүүнүн технологиясы


Эгүү аянтынан тышкары көбөйтүүгө да кенен орун керек. Биздин өлкөдө мыкты түшүм деп бир гектар жерге 50 тонна алынган түшүмдү айтабыз. Ачык асман алдындагы мындай аянттан 35-40 тонна түшүм алынат. Ачык асман алдындагыга караганда теплицада өстүрүү пайдалуу, анткени аба ырайынын түшүмгө таасири тийбейт, теплицада жасалма жылуулук жана күн тийип турат.
Аны менен катар талап кылынган жер аянты кичирейет. Мындай бизнестин кирешелүүлүгү 100%дан ашат, чыгашаларды кайтарып алуу мөөнөтү бир сезондон ашпайт. Бирок, теплицаны курууга кеткен баштапкы чыгашалар ачык асман алдында кулпунай өстүрүүгө караганда 30-50%ка көп. Бир гектар жерге теплица куруу орточо эсеп менен 650-750 миң сомго чейин жетет.
Бак кулпунайларын ачык асман алдында өстүрүүгө анчалык чыгым коротулбайт. Бирок, тобокелчилик өсөт. Башкы коркунуч аба ырайы, анын өзгөрүүсүнөн түшүмдүн 30 пайызын жоготуу мүмкүн. Андан тышкары жемиштин тез бузулуп кеткендигинен эгер ал бачым сатылбаса акчалай чыгым болушу ыктымал.

Кулпунайды сатуу бул
да бир топ олуттуу иш

Ишкерлерде эки вариант бар: жер жемишти жаңы үзүлгөн абалында сатуу же аны кайра иштетүүгө төкөрүү.
Кышкы убакта кулпунай көбүнчө супермаркеттер аркылуу 80%га чейин сатылат. А жайкы убакта көп бөлүгү базардан өтөт. Супермаркетке бир топ сапатуу товар керек болоорун унутпаш керек, таза, бир размердеги, туура формада жана туура түстөгү жер жемиштер талап кылынат.
Кулпунайды сатуунун экинчи варианты – кайра иштетүүгө өткөрүү – бул сатыктын болжол менен 30%ын камсыздайт. Кулпунайдын бул бөлүгү жем, шире жана йогурттарды өндүрүүгө пайдаланылат. Азыктын товардын жүзүн камсыздоо ишкердин алдындагы баалуу маселе. Аны чечүү бир нече пунктан турат. Биринчиден, муздаткыч камералар болушу шарт, чогултулган жер жемишти муздатуу үчүн, сактоо мөөнөтүн бул 14 күнгө чейин узартат. Экинчиден, түшүмдү жыйноо жараянын көзөмөлгө алуу керек.
Кулпунай өтө назик жемиш, андыктан жыйнап алгандан кийин кол менен армап, же бир идиштен экинчи идишке которо берүү болбойт. Аны дароо эле сатыкка чыгарчу идишке терген оң. Бул үчүн 1-2 килограммдык анча чоң эмес себеттер жана желим, же кагаз баштыктар жарайт.
Кулпунайды тердирүүгө жалданма жумушчуларды жалдаңыз. Биринчи, аларга жемишти кантип туура чогултуу керектигин түшүндүрүңүз. Кичинекей ката дагы түшүмдүн бир партиясын жок кылып жиберет. Чогултуучу жумушчулардын акысын күнүнө төлөмөй болуп, кайсы бир чекте сүйлңшүп алыңыз. Кээде адистердин, мисалы, агрономдордун эмгеги да керектелет. Аны негизинен аутсорсинг үчүн жалдайбыз.
Кулпунай бизнесиндеги жеке ишиңизди баштооңузга кулпунай аз аянтта гана өстүрүлүп, үй-бөлөнүн гана муктаждыгына жумшалчу жемиш деген сыяктуу сөздөр жолтоолук кылышы мүмкүн. Өзүнүн чакан короосундагы беш-алты жөөктөгү кулпунайдын муруттарын кыркып, отоо чөптөрдөн арылта албай аткан адамга гектарлаган жерге мындай жемишти өстүрүү акылга сыйбаган чечимдей көрүнңт да. Бирок, кандай бизнес болбосун чыгаша сөзсүз кетерин эске алыңыз.
Бир катар жер чарбачылыгынын сүйүүчүлөрү чет өлкөлөрдө кулпунай өстүрүүгө кандай мамиле жасалаарын билишери менен бул тармакка болгон көз караштарын өзгөртүшкөн. Мисалы, Калифорнияла ондогон гектар жерлерге фермалар кулпунай өстүрүшөт. Мындай аянттан жыйналган түшүм үй-бүлөнүн муктаждыгына гана эмес, сатыкка да жетээри белгилүү да. Бирок, бул үчүн аны өстүрүүгө абдан кылдат мамиле жасоо керек.

Океандын ары жагындагы фермалардан көргөн нерселерди биздин жерде да пайдаланса болот. Түшүмдүн башкы сатып алуучулары ден соолукту калыбына келтирүү лагерлери жана санаториялар болот, ошондуктан башкы маселе экологиялык жактан таза азыкты өстүрүүдө турат. Биринчи кезекте, ар кандай химикаттарды, химикаттар курамында бар жер семирткичтерди колдонбоо керек.
Өстүрүүнүн технологиясы бардык жакта окшош, бирок, короо-жайга ар түркүн жер жемиштерди үстүрүүнүн күйөрмандары менен кулпунай бизнесин жолго койчулардын жасаган ишинде чоң айырмачылык бар.
Биринчиден, кулпунай плантациясын көп жыл колдонууну эстен чыгарыш керек. Биринчи товардын түшүмү жыйналаары менен плантацияны аеосуз чаап салыш керек. Болбосо, кийинки жолу жогорку сапаттагы түшүмдү таппай калаыз. Плантацияларды канчалык көп колдонгон сайын ошончолук кулпунайларды отоо чөптөр көп басып, муруттары тез-тез өсүп, кыскасы убаракерчилиги да арбын болот. Ал кулпунайдын сапатына жана даамына да терс таасирин тийгизет. Эгер жыл сайын улам жаңы плантацияларды пайдаланса, ага жараша түшүм бир топ көп, жана чоң дагы, даамдуу дагы кулпунайлар өсүп чыгат. Буга албетте, көп каражат кетиши мүмкүн, бирок, сапаттуу товардын алуучулары да көп болгондуктан, ыгашаңыз тез эле киреше болуп кайтып келет.
Экинчиден, өстрүлгөн кулпунайлардын санына эмес, алардын сапатына жараша соода жүрөөрүн көңүлгө түйүңүз. Эч убакта кулпунай назик жана тез бузулчу азык экенин унутпай, түшүм жыйноодо кылдат болуңуз.
Үчүнчүдөн, жок дегенде кулпунайдын үч– эрте бышуучу, орто бышуучу жана кеч бышуучу түрлөрүнө басым жасаңыз. Бул түшүмдү аз сандагы жыйноочулар менен жыйнап алууга өбөлгө болот жана базар баасы улам өсүп отурат.

🔥7
Чакан бизнес идеялар

More in Чакан бизнес идеялар

Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү

201923.02.2020

Кум анимациясын үйрөтүү бизнеси

201923.02.2020

Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси

201923.02.2020

Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес

201923.02.2020

Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске
айландырса болот?

201923.02.2020

Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)

201923.02.2020

Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)

201918.02.2020

Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?

201918.02.2020

Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү

201918.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!