Айгүл ШАРШЕН

Жаза

Жаза

<<6 of 7>>

– Апа, мен баарын ойлонуп чечип койгонмун, азыр болбойт, туугандары катташса каршы эмесмин, болгону ымандуу болсо мени таштабайт!
– Көрөм, бармагыңды кырча тиштеп өкүнүп калбасаң эле болду, — Зыйнат ага нааразы боло ары карап капаланып жатты, — ой тообо, өз балаң тил албай өз билгенин койо бербегенин кантесиң, жалгыз кыз болсоң.. . Сени ойлоп биз эмне болуп атканыбыз менен ишиң жок.
– Апа, шүгүр деп жүрчү, балдарың турбайбы. Кызың жалгыз болсо небере кыздарың турат, акемдер тайраңдатып ар ай сайын экөөңдү шаарга алып келип карап турат. Мени өз жайыма койуп, батаңарды бергиле андан көрө!
– Кантейин балам, тагдырыңдын жазганын көрөөрсүң, арга канча. Ылайым ушулар сага ыймандуу болсо болду, — Зыйнат аргасы кетип үшкүрүнүп алды, — өз билгениңди бербеген көктүгүң калбады.
Зыйнат ордунан туруп кетмек болгондо Жүрсүн аны узата карап туруп калды: «Мен туура кылдымбы? Ата-энем мени ойлоп кабатыр болуп жатат, айлам канча» деп улутунуп алды, короого кирип келаткан Баяманды көрүп:
– Алиманды тараганда ала келсең болбойбу? — деди.
– Биз эрте тарадык да, алар эки сааттан кийин тарашат. Жөн эле жүрө бермек белем апа, анан барып ээрчитип келем.
– Мейли, үйгө кирип чечинип бирдеке ичип ал, анан барсаң.
– Ооба.
– Садага болойун десе, — ойлуу аны артынан карап өзүнчө жалынып алды, — эстүү болот. Асти кайнагамдарды тартпаса экен..
Нариман эшиктин алдында ойноп жаткан, ал жүгүрүп келип:
– Апа, Баяман акем келдиби? — деди этегине жармаша.
– Ооба уулум, Баяман келди.
– Анда мен акемин калеми менен сүрөт тартам!
– Макул, — тойпоңдоп жүгүрүп кетти, — байкуш Жеңиш тирүү болуп балдарынын чоңойгонун көрсө жакшы болбойт беле? — деп күбүрөнүп өзүнчө сүйлөп алганын сезе эки жакты элеңдей карады: «Өзүнчө сүйлөнүп жинди болойун деп калган го деп айтат го байкаган киши» деп үйгө кирсе Баяман чай ичип отуруптур:
– Апа, мен эсептен беш алдым, — эдиреңдей сумкасынан дептерин алып көрсөттү, — көрдүңүзбү?
– Көрдүм балам, ушинтип жакшы окугун, ээ? Алиманды да текшерип турбаса болбойт.
– Ага өзүм үйрөтөм, мен ударник болдум ушул чейректе, — дептерин кайра салып, дасторконго чоң кишидей бата кылып ордунан турду, — Алиманга кеттим!
– Бара гой.
Жүрсүн ал чыккандан кийин өзү дасторконун жыйып, үйүн шыпырып, идиш-аягын жууп, анан төргө жата кетти: «Ар кимиси келип сүйлөй берип чарчатып жиберди, бир аз эс алайынчы, ооругансып турам да» деп көзүн жумуп алып ойгоо көпкө жатты. Аңгыча Баяман менен Алиман келип калды, Баяман анын сумкасын көтөрүп алган:
– Байкуш, мен баратсам чыгып калыптыр, сумкасын көтөрө албай зорго келатат, — Баяман күлүп кирди, — апа, кызыңдын эптеп эле жаны бар экен да?
– Кичинекей да уулум, бир эки жылда киши болуп калат, — Жүрсүн Алиманга карады, — кел бери, бантигиңди чечип койойун, — ал жанына келип тизелей отуруп калды, — жакшы окуп атасыңбы?
– Ооба.. .
– Шар окуганга жарадыңбы деги?
– Ооба, окуй алам.
– Ананайын десе, кызым акылдуу, эстүү кыз болот да-а, — Жүрсүн анын бантигин чечип Баяманга сунду, — илип койчу балам, тырышып калбасын. — Ал алып мыкка илип отуруп калды. Нариман кагазга бирдемелерди чийип отурган, — сен эмнеле кылып атасың? — Жүрсүн андан сурап койду, салмактанып ооруп турганга алаксыгысы келди.
– Менби? — Нариман култуңдай карады.
– Ооба.
– Үй тартып атам, — ал ордунан туруп келип, — көрдүңүзбү там тарттым, мен чоңойгондо ушундай үй салып сизди алпарып алам.
– Тилегиңден сенин, аман-эсен жүрүп эр жетсеңер ал дагы болоор, кайрымдуу болсоңор эле болду.
Жүрсүн телмире ойлуу үчөөнү карап отура берди.

***
Оморбай Эмилди барып ооруканадан жаткан жеринен көрүп келди. Келип жумушуна барып баарын бир сыйра тескеп койуп үйүнө келди. Ася эшикте кир жууп отурган, аны ал кир жуугучка жууп жүргөн экен деп ойлогон эле, көрүп эле:
– Кирди ушинтип жууп жүрөсүңбү? — деди.
– Ооба, анан кантип жуумак элем? — Ал кайра өзүнө суроо берди.
– Машинага эле жуубайт белең?
– Мен ага жууганды билбейм агай, бузуп албайын деп эле.. .
– Бузулса темир бузулат да, ушунча кирди колуң жооруп бүтөт го, келгенден бери ушинтип жууп жүрөсүңбү?
– Ооба.
– Ой кокуй десе, — Оморбай үйгө кирип машинаны алып чыгып көрсөтүп берди. Анан ага көрсөтүп жатып эңкейип турган кыздын көкүрөгүнүн көрүнүп турганын көрүп ары бурулуп кетти, — мындан ары машинага жуу макулбу?
– Мейли, — Ася унчукпай ага сууну куйуп анан кирин салып кнопкасын басып иштетти.
– Ася, бүгүн экөөбүз кеңешели, ээ?
– Эмнени?.
Кыз ага таңгала карады, келгенден бери ал баягыдай сүйүүсүн айтып тынчын албай үй иши менен алек болуп калган: «Бул кыз мени өлтүрбөсө болду, эмнени дегени эмнеси? Иштеп кыйналбай, жаткан жери даяр, тамагы даяр болуп калганга мени сүйбөй калган го, «жаңылдым-жаздым» деп басып кетеби?»
Оморбай аны карап көпкө ойлуу туруп калганда кыз күлүмсүрөй:
– Сиз менен сүйлөшүүгө дайым даярмын, бирок мени жашсың дебесеңиз эле болду, — деди жайдары.
Оморбай ичинен «ох» деп алды, анткени ал Эмилге жана өзүнө жакын дос-туугандарына да айтып, «бир жумадан кийин үйлөнөм» деп койгон эле.
– Кирди бүгүн койо турсаң болмок экен.
– Эмнеге, эртең базар, мектепке кийиле турган кийимдери кургап калбаса болбойт.
– Өзүң бил! — Оморбай кирип эле кайра чыкты, жүрөгү элеп-желеп, маңдайындагы татынакай кыз өзүнүн колуктусу болоруна бир ишенсе бир ишенбей аны көзү тойбой карап тура берди, — Ася, үйлөнүүгө даярсыңбы? — деди анан.
– Качан? — Ася кайдыгер сурап койду.
– Ушул жумада, эртеңден баштап экөөбүз эки жакка басышыбыз керек, чакыруу билетин даярдап таратып койсок, калганы бат эле.. — Асяны тигиле карап калды.
– Мен сизден күткөнүм сүйүү, бир ооз жакшы сөз арнабадыңыз. Менин сизди сүйүп калганым күнөө катары сезилди окшойт сизге?
– Ася, сен чынында мага жашсың. «Сүйөм» деп айтып жүрүп таштап кеткендер канча! Сени мен ички дүйнөм, жүрөгүм менен сүйсөм жетеби? — Оморбай аны көздөрүн күлүңдөтө карап калды, — унчукпай сүйүү арнаган, табышмактуу сүйүү тартуулаган жакшы го дейм?
– Туура айттыңыз, дилиңиз менен сүйсөңүз, сүйбөй койсоңуз да жаныңызда жүрүп эртели-кеч көрүп турганым канчалык бакыт.
Ася муңая жер карап кирди сыгып атканда Оморбай анын колунан кармап кошо сыгышып кирди.
– Колдоруңдун назиктиги, актыгы тим эле үрдүн кызындай сүр берип, жашым ортолой чапканда «сүйөм» деп өлгөн сезимди ойготуп, жандүйнөмө бүлүк салдың го Ася?! Сенин түйшүк тартканыңа мен күнөөлүүмүн, сен үлпүлдөп кана маңдайымда турсаң жетет эле, бирок көрүп турасың, кызматчы жалдаганга кудурет жете албай.. . — Оморбай денеси титирей кыздын кулагына шыбырап жатты.
Анын үнү дирилдеп, денеси калтырап турганын көргөн Ася каткырып ийди. Оморбай өзүн андан оолактата чочуп кетти.
– Агай, сизге эмне болду? — эркектин мындай абалын көрбөгөн кызга күлкүлүү окуядай күлүп атты.
Оморбай шалдая түштү:
– «Сүйүү, сүйүү» дейсиң да, сүйүүнү билбей туруп.. . Эркектер ушинтип жандүйнөсү эрип сүйөт! — деп кызды сынай карап койду, — мурда мындай сүйүүнү көргөн жок белең?
– Жо-ок! А эмнеге мен андай болбой эле сүйүп жүрөм? — Ася аны таңгала байоо көз карашы менен суроолуу карады.
– Сен да ошентесиң эгер чындап сүйсөң, сен мени чын сүйбөсөң керек?
– Андай дебеңиз, мен сизди жүрөгүм менен сүйөм!
– Макул, эртең жумуштарды бүтүрөлү, ээ?
– Жаным менен макулмун!
– Алтын кыз десе, ишиңди тез бүтүрүп, чай берчи мага.
– Азыр, балдар ойноп кетти эле, али келише элек.
– Алар адашпайт, келип калышат, кабатыр боло бербе, — деп Оморбай кирип кетти.
Бир топтон кийин Ася кирип чай койуп дасторкон жайып атканда балдары кирип келди. Чогуу отуруп чай ичишти. Ася кечкиге тамагын даярдаганга киришти. Түгөнбөгөн түйшүк аны курчап алса да, ал баарына даяр, болгону Оморбай жанында болсо болду. Күндө окшош жумушту кайталагандан тажаган да жок. Чынында ал аны дили менен сүйгөн, айтканынын баары чындык болчу. Баккан апасы чындыкты жашырып айтпай кеткенине өкүнүп жүрдү: «Неге мага ачыгын айтпайт, балким апамдын ким экенин билгендир, кызгангандыр, ошондо да менин жалгыз калаарымды неге ойлободу, жанындай жакшы көргөн кызы эч кимиси жок дүйнөдө жападан жалгыз калганына кайыл болдубу?» деп ойлоп жини келип, кээде ыйлап алчу. Бирок Оморбайга жолуккандан бери ойлогону ал, саргайып анын өзүнө сүйүүсүн арнашын күтүп жүргөн, бүгүн капысынан «үйлөнөбүз» дегенин угуп жүрөгү кубанычтан жарылып кетпей аз жерден калды: «Мен ага татыктуу аял болом, балдарын жакшы карайм» деп ойлоп атты..
Эртеси Оморбай Асяны машинасына салып алып бир сыйра кийим алып берди, үйлөнүү тойдо кийчү көйнөккө келгенде Оморбай өзү тандады, өзүнө да жакты, андан кийин кырктай адамга чакыруу билет даярдатып заказы бат эле бүтмөк болуп экөө кафеге кирип тамактанып отурушту.
– Ася, бактылуусуңбу, жаным? — деп Оморбай анын колунан кармап өөп койгондо:
– Ай-йябай бактылуумун, мага чүпүрөк эмес сиздин сүйүүңүз гана керек!
– Алтыным десе, сүйүүм, жандүйнөм бүт сеники!
– Ыраазымын сизге, — экөө бири бирине таттуу сөздөрдү арнап көпкө отурушту, аз аздап шампандан ууртап аткан Асянын эки бети албырып чыкты, — сиз мени таштап кетпейсизби?
– Сени таштабай калайын жаркыным, өлүп эле таштабасам, тирүүмдө ажыратпасын кудай.
– Мен дагы, сизден өлүп ажырабасам карыш бөлүнбөйм!
– Бактым, ырысым менин, менин баткан күнүм кайра чыкты, үзүлгөн үмүтүм уланды, ураган тоом кайрадан бийик мунарага айланды!
Оморбай бет маңдайында отурган кызды көзү тойбой карай берди, жалынып-жалбарып атты. Чиркин десең, өмүр ортолоп чак түшкө жетип калганда чыккан айдай иймейген ичке белдүү, кара көз сулуу жашоосун шаңга бөлөп, сүйүүсүн арнап отурганы түшкө кирбеген окуя болбодубу. Кафеден чыгып паркка кетишти, отургучка жанаша отуруп алып нени гана сүйлөшпөдү. Бакыт деген эмне дешип суроо салып так жооп алалбай жүргөндөр Оморбайга кайрылса азыр ал: «Менин азыркы бир үзүм бакытым — бир мүнөтүм» деп жооп берет беле? Бирок ал өзүнө өзү: «Бакыт деген ушул да, менин ар бир мүнөтүм бакытка айланып отурат, мен эми бактылуумун!» деп жар салып кыйкыргысы келип турду. Жанында ууртунан күлкүсү жайнаган, мөлтүрөп жаңы бышкан алчадай жаш кыз көкүрөгүнө башын жөлөп өз бактысына магдырап ушул мүнөттөрдүн узакка созулаарын тилеп көздөрүн жумуп алган. Өмүр бойу ушинтип тура бергиси келгендей мемиреп көзүн чылк жумуп алган. Көзүн ачып козголсо эле, арамдыгы менен адалдыгы бирдей адам баласын жандап жүргөн тирүүчүлүктө бактысын бирөө жулуп кетчүдөй, ушул бүгүнкү жарыкчылыкты өзүнө ыроологон бир үзүм бактысын колунан чыгарбай өмүр бойу ушинтип коңур жыттуу эркектин колтугунда жан берсе да кайыл, көзүн ачып булганыч жашоону көрбөй магдырап өтүп кеткиси келип магдыроодо..
Оморбай козголду, акырын колтугунан сүйөп өйдө болду, ошол бойдон машинага келип бетинен өөп отургузду да, машинасын ордунан жылдырды. Алар машинадан түшөөрү менен Ася Оморбайды колтуктап алды. Үйдөн чуркап балдары чыга калды, артында келаткан Эрнис чоңойуп калганга бир нерсени сезгендей, андан атасын кызганып алды: «Эмнеге атамды кучактап алды, экөө кайда барышты?» деп ойлонуп туруп калганда жадырап бактылуу күлүмсүрөгөн Ася экөөнү өөп, анан ага жете берип токтой калды. Эрнис мостойуп көзүнө жаш кылгыра өзүнө карап турганын көрүп селдейе түштү, негедир бүткөн бойу дүр эте:
– Эрнис, сага эмне болду? — деп отура калып ийнинен тартып өзүнө каратты, — бирдеме болдубу?
– Эчтеке, эмнеге атамды кучактап алдың?
– Эрнис! — Оморбай чочуп кетти.
– Аа-а, ошого капа болдуңбу? — Ася жылмая тактап сурады.
– Ооба, эмнеге анан атамды кучактап аласың, каякка бардың атам менен?! — башын жерге салып дулдуя айтты эле, экөө бирин бири карап туруп, анан Оморбай ага басып келип:
– Уулум, чоңдорго антип катуу айткан болбойт да, эми мындан ары Ася силердин апаңар болот! — деди башын сылай.
– Кереги жок! — Эрнис ыйлаган бойдон жүгүрүп кирип кеткенде Асянын буттары тушалгандай баса албай, Оморбайды карап калды.
– Капа болбо жаным, бала эмеспи, көнүп кетет да, — Асяны колтуктап алып басып баратканда эки кичине баласы:
– Ата, Ася эжем бизге апа болобу?
– Эми апа дейбизби? — деп жарыша сурап экөө эки жагынан бучкактай жөнөдү.
– Ооба балдарым, мындан ары «апа» дегиле, макулбу? — Оморбай балдарына эңкейе түшүндүрө сүйлөп атты, — силер Асяны жакшы көрөсүңөрбү?
– Ооба, жакшы көрөбүз.
– Мен дагы ата, Ася эжем жакшы, — деп экөө алар менен кошо кирип келишсе, Эрнис көмкөрөсүнөн жатып алып ыйлап атыптыр, Оморбай анын жанына отуруп алып ага сүйлөй баштады:
– Уулум, сен чоңойуп калбадыңбы. Апаң өлбөгөндө го мен башка аял албайт элем, бирок биз абдан кыйналдык, үйдө аял болбосо болбойт экен.. .
– Ася эже үйдү карап атпайбы, сөзсүз ага үйлөнүш керек беле? — Эрнис атасына карап тике сүйлөдү, — мен аны эжем деп жакшы көрчүмүн да?
– Оо-оой уулум, андан да жакын болуп калат да, апа деген балага өтө жакын болот, — өзүнө тартып өөп койду, — Ася эми апаңар болот, аны капа кылбай жүр, ээ?
– Макул, — Эрнис муйугансып калды, — эми биз аны апа дейбизби?
– Ананчы, бүгүндөн баштап апа дей бергиле, үч күндөн кийин үйгө коноктор келет.
Оморбай уулунун макул болгонуна ичинен кубанып: «Бала да, өөн учурады окшойт, башка бирөөнү эле апа деш кыйын да» деп ойлоду. Ася өз ишине киришкен, ал кечкиге тамак жасап, үйдөгүлөрдүн курсактарын тойгузуп, балдардын камын көрүү керек эле: «Эмнеге Эрнис мени жаман көрүп атат, балким мен алар менен ойноп жүргөнүм себеп болгондур, мени жаш кыз катары кабыл алып аткандыр, ал менден алты гана жаш кичүү да, ошон үчүн мени жек көрүп калабы эми?» деп сарсанаа болуп жатты. Бирок анын жүрөгү элеп-желеп, өзү каалап бүт дүйнөсү менен сүйгөн адамына баш кошкону турганы ал үчүн чоң бакыт эле.. .
– Ася! — Оморбай артынан үн салды.
– Азыр.. — Ася жүгүрүп жетип келди, — эмне болду, агай?
– Тамагың даярбы?
– Аз калды, кайнай турсун.
– Мейли, Нурис уйкусу келип атканынан эле, ачка жатпасын дегем.. .
– Бир аз кайнаса эле алып келем, — Ася чыгып кетти.
Ася шаша тамагын алып келип уктагысы келип жатып алган балдарды тургузуп, кытыгылап ойготуп, тамагын муздатып анан берди. Эрнис өзү ичип анан жатып алды, анда азыр кызганыч жок, баарына макул болгондой момурайт. Антсе да Ася менен Оморбай андан саксынып сүйлөп калышкан.
Оморбай чакыруу билеттерин таратып Эмилдин үйүнө келсе, аерде баары бар экен, ооруканадан чыгып келген Эмилдин аман калганына кудайы кылып жатышкан. Достору, тааныштары бүт жүрөт, башын куттуктап келгендер дагы бар. Оморбай Эмилге жолугуп, Сейде менен учурашып койуп эле кетмек болду эле, Эмил аны токтотту:
– Отура тур бир азга, тамак бышып калды, эл кеткенден кийин кеңешели, — Эмил колундагы билетти окуп көрүп жылмайып койду, — колукту кандай анан?
– Жакшы, баары жакшы. Буйруса балдардын да көңүлү ойдогудай, жакты көрүнөт, мурунтан алып келип койгонум жакшы болгон экен, тез эле көнүп кетишти.
– Омке, кечээ мени сабап кеткендер кечирим сурап келишиптир.
– Анан?
– Ыраазычылыктарын билдирип кетишти.
– Адамдын жакшылыгын билбеген адам болбойт, жакшылыкка жакшылыкча жооп берген чанда, Эмке. Алар анда адамгерчиликтүү немелер экен.
– Ошондой, мен аларды каматканда эмне? Апам дайым: «Балам, кечиримдүү бол, өчөшкөндүк душмандашуу, душман жаныңда жүргөн ишенимдүү кишиңден чыгат» дечү. Жалгыз жаныма душман арттырып эмне кылам?
Эмил ойлуу Оморбайды карады.
– Туура Эмке, адамга деги эле душмандын эмне кереги бар? Бул жалган жашоодо тынч гана жатып өтүүдөн өткөн жакшы нерсе жок, жамандык кылганга да жакшылык кыла бериш керек. Эми мен барайын, тойго камынышым керек, азыраак конокту үйгө эле батырам го?
– Омке, кантип болсун? Кафеге жүз киши жөн эле батат, бир күнгө сага кызмат кылат. Эч тартынба Омке, сенин да эмгегиң бар. Шакы экөөбүз кантип сени сыйлабай сыртта калалы, эртең кафени үйлөнүү той өтө тургандай жасайбыз.
– Рахмат Эмке, силерге абдан ыраазымын, кишинин жакшылыгын кантип билбейин. Мына, койну-колтугуңарга тартып жакшы жумуш таап бердиңер, кудайга шүгүр кадыр-барктуу жумуштун үзүрүн көрүп жатам.
Оморбай ордунан турду. Экөө коштошуп, Оморбай сыртка чыкты. Ал келсе Ася чыдамсыздык менен күтүп аткан экен, босогодон кирип келээри менен эле ага асыла мойнунан кучактап калды:
– Эмне мынчалык кеч калдыңыз? Күтө берип тажап кеттим, — өпкүлөп жиберди.
– Жумуштар чачтан көп. Тойго чакырылгандарды кафеден тосмок болдук, Эмил баарын өзү даярдамак болду.
– Ой иий, чын элеби? — Ася көздөрүн жайната кубанычтуу жадырай карады.
– Ооба, демек тойубуз чо-оң кафеден өтөт, — Оморбай аны кучактап эки бетинен өөп койду, — балдар уктадыбы?
– Жо-ок, телевизор көрүп отурушат.
– Аа-а.
Оморбай үйгө карай кирип баратканда Ася аны бекем колтуктап алды. Булар мындан үч күн мурун биригип алышкан, кыздын акактай таза сүйүүсүн өзүнө арнап турганы Оморбай үчүн ойго келгис чоң бакыт эле. Жаш кыздын апаппак сулуу денесине жарашкан оң эмчегинин үстүндө бармак басымдан чоңураак капкара калы аны ого бетер сулуу кылып көрсөтүп, ушул бактысына көзү тумандаган Оморбай кара көз сулуусунун кареги менен тең айланып жүрөгү алып учуп турду. Бул бир адам баласынын чандасына келчү бакыт экенин жүрөгү менен сезди, туйду: «Гүлсара деле сулуу болчу, ошол сулуулугуна чиренип өтө кесирлүү эле. Өз кесири, текеберчилиги, ичи тардыгы башына жетти, ушул балдардын урмат сыйын көрбөй кеткен өз шору» деп Асяны кучактап алып ойго батып жатты.
Ал бир туугандарын да тойго чакырган. Эки карындашы, агасы менен иниси болуп эртеси таң атпай келип калышты, алар Гүлсара өлгөндө дагы келген эмес. Улуу агасы Темирбай, карындаштары Санамгүл менен Амангүл, иниси Ашырбай колдорунан келгенин ала келишкен экен, бир жылкынын акчасы менен келинине көйнөк-жоолуктарын салып бапырап атты.
– Иним, жакшы кылыпсың, балдар менен бой жүргөн болбойт. Эми бактылуу болгула, балдарды жакшы карагыла, — Темирбай Айшаканды карады.
– Ооба, балдардын милдети оңой эмес. Жаш экенсиң, күйөөңдү сыйласаң балдарды жакшы карап ынтымактуу жашагыла.
Айшакан аларга чын пейилинен каалоосун билдирди. Улуу агасы сүйлөп атканда башынан эле эч кимиси сүйлөчү эмес, калгандары жөн гана отурушту. Ася аларга жакты, ал болсо келген конокторду жаны калбай тамагын, чайын даярдап сыйлап жатты. Бул тойго Кемелбай дагы чакырылган болчу. Тойго үч күн калган, Оморбай өзү күткөн абройлуу досторун да чакырды. Белгиленген күндү күтүп, туугандары келип жатышты. Ошол кезде бир башкача окуя болуп кетээрин эч кимиси ойлогон да жок.. .

Сүйлөшүп жүргөн жигити албай таштап кеткен Азема Асяны төрөп, бир айлыгында күйөөдөн төрөбөгөнүнөн жалгыз күн өткөрүп калган Танзилянын дарегин билип алып, ымыркайды анын эшигине атайын таштап кеткен. Бирок ал кызына сыртынан көз салып, бирок бир дагы жолу «энеңмин» деп айткан эмес. Кийин күйөөгө тийип кетип, ал айылга көп каттабай калган. Азема жакында Танзилянын өлгөнүн угуп, кызы Асяны издей баштаган. Аземанын күйөөсү өлүп, ал үч баласы менен калган эле. Ал Асянын мейманканада иштеп жүргөнүн угуп аерге издеп барса, аны «жумуштан чыгып кетти» дешип, кызын ошол бойдон таппай калган. Акыры издеп жүрүп анын мейманкананын директоруна күйөөгө тийгени жатканын билип, үйүнүн телефонун сурап алды…

Тойго келгендер өздөрүнчө бажактап отурушканда телефон чырылдап калды, Ася ала койуп:
– Ало, бул ким экен? — деди, «тойго келгендерден го» деген ойдо.
– Кызым, бул Оморбайдын үйүбү?
– Ооба.
– Мен үйүңөрдү таппай жатам, сөзсүз жолугушум керек эле, дарегиңерди айтып койчу?
– Аа-а, азыр, — Ася китепчени карап көрүп дарегин толук айтып берди, — келе бериңиздер, тойго келгендердин баары үйгө чогулушуп жатышат, — деди Ася ойунда эч нерсе жок эле.
– Барып калам кызым, рахмат сага, ал жерде Ася деген кыз барбы?
– Бар, келе бериңиз.
– Макул анда.
Азема трубканы койуп койду, анын жанында уулу бар болчу. Экөө жарым сааттан кийин келип калды. Ася сыртка чыгып аларды дарбазадан тосуп алды, «Оморбайдын туугандарынан го» деп ойлоду, анткени өзү тараптан келчү эч ким жок эле.
– Келиңиздер!
– Келдик садага, сен Асясың го?.
Азема ага карай эки колун созо берди, жанында он, он бештердеги боз улан аларды карап турду.
– Үйгө кириңиз, — Ася аларды үйгө киргизүүгө аракеттенди.
– Жок кызым. Келчи, кагылайын, ушул күндү кандай гана күтпөдүм! — анын көздөрүнөн мончоктогон жаш куйулуп колун созо кучактоого умтулду, — Келчи кучагыма, каралдым, мен сени төрөгөн апаң болом!
– Эмне дейсиз?! — Ася таңгала бойун ала качты.
– Ооба кызым, мен сени төрөгөн энеңмин!
– Жалган!.
Ася үйгө карай жүгүрдү, ал мындайды күткөн эмес, босогого жеткенде алдынан Оморбай чыга калды.
– Эмне болду, кимдер экен? — дегенде Ася анын көкүрөгүнө бойун таштап сүйлөй албай ыйлай берди, — Ася эмне болду, айтчы?.
Оморбай анын ээгинен өйдө кыла көздөрүнө тигилди, ошол кезде Азема уулу экөө жетип келишти.
– Тигилерди кетирип жиберчи, көргүм келбейт! — Ася өзүн токтото тигилерге колун жаңсаганда:
– Ася, каралдым менин, сени канчадан бери издеп жүргөнүмдү түшүнчү садага?! Ооба таарына турган акың бар, — деп Азема жалдырай туруп калды, — Мына бул сенин бир тууганың!
– Мен сизди билбейм, барыңыз дейм!.
Ася үйгө кирип кетти. Оморбай алардын жанына келип жай сураштырып кирди. Азема болгонун айтып берди, эмне дээрин билбеген ал көпкө ойлуу туруп калды да:
– Үйгө кириңиз, мен ага түшүндүрөйүн, — деди эле:
– Ботом, анын күйөөгө тийээрин уктум эле, мен анын кандай адамга чыгаарын билишим керек эле, — деди Азема.
– Үйгө кирип даам ооз тийиңиз, анан көрө бересиз, — Оморбай ага жылмая карап үйгө колун жаңсады, — сиз Асянын өз апасы экениңизди кантип далилдей аласыз?
– Опей ботом, мен өз төрөгөн баламды неге билбейм? Аны баккан аялды да билчүмүн, анын өлгөнүнө аз эле болду, ошодон бери «кызым жалгыз калды» деп издеп жүрүп, эми зорго таптым.
– Жакшы-жакшы, жай сүйлөшөлү, ушуга чейин «апаңмын» деп бир ооз айтып жолукпасаңыз, же «сени багып алгамын» деп апасы айтпаса кантип ишенет?
– Ботом, эмне анчалык тактап калдың? Ушу сен болсоң керек анын жаштыгынан пайдаланып ага үйлөнгөн аткан? — Азема аны бүшүркөй караганча алар төркү бөлмөгө кирип келишти.
– Отуруңуз, — Оморбай аларга орун көрсөттү. Үйдө көп адам болгондуктан Азема үндөбөй отуруп калды, — Ася, кел конокторго чай алып кел! — деп Оморбай үн салды эле, ал акырын келип стол үстүнө чай койуп анан чыныга куйуп сунуп ары кетти.
– Ася отурчу, кагылайын. Сен жалгыз эмессиң, бир туугандарың бар, мен турам, «эч кимим жок» деп өзүңдү кор кылып, картаң күйөөгө тийип жатканың эмне, садага? — Азема ушинткенде тык токтой калган Ася:
– Эмне деп атасыз, сиз кимсиз деги? Мен тааныбайм сизди, азыр өз жолуңуз менен кетиңиз! — деди эле, Азема туруп барып эле болбой кучактап өпкүлөй баштады:
– Каралдым менин, сени көргөнүмө ыраазымын! Жүрү кеттик үйгө, сени томсортуп таштабай калайын.
– Койо бериңиз мени, менин эч кимим жок!
Ася бошонуп алып аны түртүп ийгенде Азема жыгылып кете жаздады эле, баласы кармап калды:
– Жүрчү кеттик, башка күнү келебиз, — дегенде Азема:
– Чыңгыз, биз азыр кетип калсак кызыма кеч болуп калат. Көрдүңбү, ал аргасыз эле буга тийип аткан турбайбы! — деп кыйкырганда Темирбай туруп келип:
– Мындай жаңжалдын бизге кереги жок, сыйыңыз менен кете бериңиз, башка сөздү кийин сүйлөшөсүз, — деп аста гана колтуктан алып сыртка жөнөгөндө Азема аргасыз кошо басты.
Ася ыйлап көпкө отурду: «Ырас эле апам болсо неге мурун издебейт, мен жападан жалгыз калганда? Мен жылуу сөзгө муктаж эмес белем, анда кайда элең, баса жөн эле айтып жаткандыр, андан көрө бир белгиси бар беле кызыңдын деп сурабай, эгер менин калымды билбесе ал мага эне эмес» деп ойлоп жүгүрүп чыкты. Отургандар менен Оморбай анын артынан дүргүп тура калышты, алар «чын эле аргасыз жүрүп, эч кимиси жок Оморбайга тийгени жаткан го, эми аны ээрчип кетип калабы?» дегендей ойдо болушту.
Ася дарбазадан узап бара жаткан аялдын артынан:
– Токтоңуз! — деп кыйкырганда экөө тең токтоп калды, жете келген Ася, — Эгер сиз мени төрөгөнүңүз чын болсо өз балаңыздын белгисин билет чыгаарсыз, менин каеримде белгимди билесиз? — деди.
– Эмне дейсиң кызым? Сенин ымыркай кезиң али да эсимде, сенин оң жак эмчегиңдин үстүндө чо-оң калың бар, ал аябай капкара, анан чоң болчу.. . — Азема ыйлап турду, — кагылайыным менин, сени ойлонуп жүрүп азап тарттым го ансыз дагы, келчи каралды-ым! — деп колун созо солкулдап аны көздөй басты.
Ася эми ишенди, токтоно албады, энесине бойун таштады. Көпкө чейин эне-бала кучакташып ыйлап тура берди. Оморбайлар жабыла чыгып карап турду, көптөн кийин Ася:
– Эгер сиз менин энем экениңиз чын болсо, менин тийе турган күйөөмө сөз тийгизбей тойдо болуңуз, — деди.
– Кызым, сен мейманканада иштеп жүргөндө эле азгырып башыңы айлантып, анан иштен чыгарып, «үйүнө кетип калган» дешпедиби?
– Жо-ок, андай эмес. Мен өзүмдүн каалоом менен тийип жатам. Мен десеңиз тынч болуңуз, үйгө кириңиз, — деп аны Ася колтуктап алганда, Азема аргасыз жөнөдү.
Ася инисин кучактап өөп, экөөнүн ортосунда келатты. Оморбай анын азыркы бактылуу жүзүн көрүп өзүнчө кубанып турду: «Эчтекеси жоктой болбой өз энеси табылып калганы жакшы болду, анын да көңүлү көтөрүлүп калат, байкушум көпөлөгүм десе» деп ойлоп турду.

***
Жүрсүн балдары менен бактылуу жашап өз түйшүгү менен. Ата-энеси ары айтса да, бери айтса да болбогондон кийин алар аны үч баласы менен конокко чакырышты. Жүрсүн ал жерде эки күн болуп, кайра эле үйүнө кетип калды. Баяман бешинчи класска окуп калган, Нурис биринчиге барганда Жүрсүн кубанып аны кийинтип алып жетелеп барды. Ал жерден мугалимдер аны карап койуп шыбырашып калып атты. Бекмырза биринчи классты кабыл алып, Нурис анын классына кирди. Бекмырза ал айылга сырттан келип иштеп жаткан, үйбүлөсү жок эле, бир баласы менен аялы кетип калып, өзү жалгыз жашачу. Жүрсүндү көргөндөн бери ага кантип жолугаарын билбей башы катты. Арадан бир ай өткөндө Жүрсүнгө жолугуу үчүн анын үйүнө келди.
– Саламатсызбы? — деди аны көрүп эле.
– Саламат, келиңиз, — Жүрсүн утурлай басты, — келген экенсиз?
– Келип калдык…
– Деги тынччылыкпы, балдарым бейбаштык кылбадыбы?
– Жок-жок, кам санабаңыз, баары жайында, — Бекмырза кайсалактай сөздү эмнеден баштаарын билбей калды, — Үйгө кириңиз дебей эле суракка алганыңызга жол болсун?
– Кечириңиз, даам ооз тийгиле! — Жүрсүн уяла үйгө жол баштады, — үйдө эркегиң болбосо кыйын тура?
– Эчтеке эмес, биз балдардын келечеги, окуусу үчүн сүйлөшөбүз, балдардын…
– Ооба-ооба, туура айтасыз, мен да ошондой деп ойлойм, — Жүрсүн аны сүйлөтпөй ага карады, — чай ичиңиз, — дароо эле чай куйуп суна жылмайып койду, — Ушул балдардын келечеги үчүн күнү-түнү ойлонуп келем, «сабакты жакшы окуп, тарбиялуу өссө экен» деп бир өмүрүмдү ушуларга арнап олтурам.
– Түшүнөм. Чынында балдар абдан тарбиялуу, тентек эмес, өтө кичи пейил, эмгегиңиз текке кетпейт болуш керек.
– Рахмат сизге. Балдарымды адам кылып өстүрсөм өз милдетимди аткарган болоор элем…
Ойлуу жер карап отуруп калган Жүрсүндүн колун Бекмырза кармай калды:
– Көп ойлоно бербеңиз, балдар деп жүрүп өзүңүздү таптакыр унутуп койсоңуз керек?
– Келген жумушуңуз жөнүндө унутуп калдыңыз го?.
Ал жылмая Бекмырзаны карады да колун акырын тартты, ал койо бербеди.
– Жүрсүн, чынын айтсам мен деле бойдокмун, экөөбүз баш кошуп алсак эмне болот? — деп айтканда Жүрсүн ага таңдана көпкө карап калды.
Экөө бири-бирин үнсүз карап отуруп калганда Баямандар жүгүрүп кирип келишип агайын көрүп селдейе туруп калды, Бекмырза Жүрсүндүн колун койо берип чыныны алып ууртап койду.
– Үйгө кирип сабагыңарды окугула балам, Алиман окуудан келе элекпи?
– Жок.
Баяман жооп берип, Нурис экөө төркү бөлмөгө кирип кетишти.
– Кой барыңыз эми, балдар эмне деп ойлойт? — Жүрсүн ордунан турду.
– Мен сизден бир жооп укмайын кетпейм, эгер макул десеңиз үстүңүзгө кирип келем, — Бекмырза аны үмүттүү карады, — мен сизсиз жашай албайм!
– Мындай сөздү көп эркек айтат болуш керек, бирок көңүлдү табыш кыйын. Мен бул балдарды бутуна тургузмайын эч кимге сөз бербейм да, күйөөгө тийбейм.
– Андай дебечи Жүрсүн, балдарды тарбиялаганга экөөбүз бирге болобуз. Сен өмүрүңдү өткөрүп жибербе, мен сенсиз жашай албайм, кетпейм дагы!
– Кызык, менден кайсы жакшы нерсени күтүп жатасыз? Мен жалгыз тарбиялаганга ант бергенмин, өлүм алдында жаткан адамга сөз бергенмин. Элге журтка сөз кылбай, барыңыз!
– Мен азыр кетем Жүрсүн, бирок эртең келем. Баары бир сага үйлөнөм, болбосо алакачып кетип калам.
– Ошол кантип болсун, ойлонгонго убакыт бериңизчи, бай болгур?!.
Жүрсүн ыйлап ийди.
– Кечирип койчу, Жүрсүн. Жашоо оңой эмес экенин жакшы билем, балдарга тарбия бере турган мугалиммин, бирок жүрөктү башкарууга болбойт экен. Ойлон, жаштыгыңды бекерге өткөрүп жибербе.
– Макул ойлонойун, бирок кайра-кайра келе берип тынчымды албаңыз, терең ойлонуп чечишибиз керек.
Бекмырза ордунан туруп үйдөн чыгып кетти. Жүрсүн отурган жеринде ыйлаган бойдон бүк түшүп калды. Алиман сабактан келип апасынын ыйлап жатканын көрүп:
– Апа, эмне болду, неге ыйлап жатасыз? — деп үйрүлүп түшө калды.
– Эчтеке, кызым. Эчтеке болгон жок. Кардың ач го, тамакты ысытып ичкиле, — деп Жүрсүн өйдө болуп кыздын чачынан сылай жыттап койду, — тура гой.
– Ыйлабачы апаке, ыйлаба, ээ? — Алиман апасын чопулдата эки бетинен алмак-салмак өөп чечингени кирип кетти.
Сырттан ошол кезде Тахмина кирди, ал дагы келининин көз жашы кургай элек нымдуу жүзүн көрүп:
– Эмне болду Жүрсүн, эмнеге ыйладың? — жанына олтура калды, — кыйналдыңбы, айтчы?
– Жоок, эжекебай, кыйналган деле жокмун, жөн эле…
– Сага бир нерсе болгон, айтчы сырыңды, садагам?.
Ошондо Жүрсүн Тахминаны кучактап алып буркурап ийди. Тахмина унчуга албай аны кучактаган бойдон тура берди. «Эгер чындыгын айтсам туура түшүнөбү же түшүнбөйбү, балким мен күйөөгө тием десем үч баланы интернатка жеткирип койсо канттим? Мен аларсыз жашай албайм го. Ай кудай ай, эми эмне кылам?» — деп Жүрсүн ойлоно берди.
Көптөн кийин Жүрсүн ордунан туруп дасторкон жайды. Үнсүз олтуруп тамак ичишти, балдар ичип туруп кетишти. Экөө унчукпай олтуруп, анан Жүрсүн:
– Эже, мени туура түшүнүңүз, мага бир жигит келип өзүнө турмушка чыгышымды суранып жатат. Мен ага макул эмесмин эже, балдарды өз колум менен чоңойтом деп убада бергем, убадама турам, балдарсыз жашай албайм… — деди жер карай.
– Ал ким экен, сенин кадырыңа жете турган адамбы?
– Билбейм эже, «сенсиз жашай албайм» дейт.
– Кайда иштейт, деги жумушу барбы иштеген?
– Нурисламдын класс жетекчиси.
– Мугалим тура, ойлонуп көр, өз жашооңду да ойло, — деди Тахмина.
– Менин эч нерсеге деле көңүлүм жок, кайдан да чыга калды ал, билбейм. «Эгер жооп бербесең алакачып кетип калам» дейт.
– Эгер сени чындап сүйсө, кадырыңа жетсе, сен аны түшүнүшүң керек, эркектер катуу сүйсө баарына барат, — Тахмина күйөөсү Ильяз жөнүндө айтып берди, — Билсең мен аны абдан жек көрүп да жүрдүм, бирок ал чыдады, максатына жетти. Ошентип мен күйөөмө уу берип өлтүргөн адамдын кылмышын өмүр бойу жашырып бала-чакама да айтпай жашап калдым. Ал азыр мени сыйлайт, колунан келишинче багып жатат, кыскасы мени кор кылбай келатат, ортобузда бир бала бар, — деди ойлуу.
– Ай-ии, ошондойбу чын эле? — Жүрсүн кайнежесине таңдана карады.
– Ошондой, жашоодо баары болот экен. Биз маңдайга жазылганын көрөт турбайбызбы, адам баласы.
– Сиз капа болбоңуз эже, мен аны менен кетейин деген ойум деле жок, — Жүрсүн тайсалдай отуруп калды.
– Эч тартынба, эгер кадырыңа жетчү адам болсо мен өзүм узатам сени. Жашоо деген кээде кайгылуу драма болсо, кээде күлкүлүү спектакль, аргасыз көнөбүз, — Тахмина келининин ийнине таптап жылмайып койду, — Көзү ачык болуп алдыдагы жашообуздун баарын билип алып кайгылуусун ары таштап, жакшы жагына ооп кете турган болсок баарын жөндөп албайт белек. Тилекке каршы биз тагдырыбызга эч нерсени сезбей туруп туш болобуз.
Жүрсүн үн дебеди. Тахмина эртеси кетпей калды, Жүрсүн аны атайын Бекмырза келерде ички үйгө бекитип койду.
Түш оой ал акырын босогону аттады.
– Кандай Жүрсүн?
– Жакшы, өзүңүз кандай?
– Ойдогудай, бир гана сенден эмне деген сөз угам деп жүрөксүп турам.
– Менден оң жооп угам дейсизби анан?
– Чынын айтсам жакшы жооп угам. Жүрөгүм мени алдачу эмес, негедир сүйүнүп турам.
– Жаңыласыз, үч баланын түйшүгүн бирөөгө жүктөгүм келбейт. Аларга жаман сөз угузуп, жүрөгүн оорутканча өз түйшүгүмдү өзүм тартайын.
– Антпечи Жүрсүн, ишенчи мага, балдарды ойдогудай багабыз. Мен аларга өзүң каалагандай ата болуп берем, мени туура түшүнүп, ишенип койчу?!.
Бекмырза ага жакындап колун кармамак болгондо ал:
– Баары бир өз атасындай боло албайсыз, өзгөрүлмөлүү жашоодо баары башкача болуп кетиши мүмкүн!.
Жүрсүн өзүн андан оолак кармап чай койду. Ошол убакта Тахмина сыртка чыгып барып жаңы келаткан болуп:
– Үйдө ким бар, Жүрсүн, үйдөсүңбү? — деп келатканда Жүрсүн:
– Кайнежем келди окшойт, — деп тура калды, — кел эже…
– Келдим, силерден кабар алайын деп эле, — Тахмина өйдө өтүп олтура кетти, — Бул жигит ким?.
Бекмырзаны карай суроо берди эле, Жүрсүн жер карай жооп кылды:
– Бул киши Нуристин мугалими… Наримандын.. .
– Аа-а жакшы экен, — Тахмина аны сынай карап тим болду: «дурус эле жигит экен, эгер менин ордума ата-энем болсо да келинине жооп бермек, багын байлабай баш коштуруп койуум керек» — деген ойдо болду, — балдар окуудабы?
– Алар келип калаар, түштөн кийин окушат да.
Жүрсүн кайнежесин аста кылыя карады. Ал ага көзүн кысып койду эле, Жүрсүн жер карап калды.
Бекмырза унчукпай отуруп: «Эмне экен, кайнежеси болсо ачык эле айтам, беш жылдан бери күйөөсү жок жашап жаткан келинине боору оорубайбы?» — деп ойлоп жатты.
– Кой, мен кайра эле кетмек элем Жүрсүн, мени узатып кой, — деп Тахмина ордунан козголгондо Бекмырза:
– Эжеке, олтура турсаңыз бир аз, сиз менен сүйлөшө турган сөз бар эле, — деди.
– Айт, айта гой, — Тахмина ага кулак түрө карады.
– Мен Жүрсүнгө үйлөнөйүн дегем, сиздер уруксат берсеңиздер…
– Апей, Жүрсүн келиним эле эмес сиңдим азыр, анын кандай экенин билбей туруп эле уруксат берүүгө кантип болсун? Кай жерден болосуң, үйбүлөң кайда, ата-эне, бир туугандарың барбы, билишибиз керек го?
– Ала-Букадан болом, агаларым, эки эжем бар, ата-энем өтүп кеткен, бир балам менен аялым кетип калган…
– Аялың эмнеге кетти эле, балаң болсо жөн кетпегендир?
– Биз эки-үч ай эле жашадык, баламды көргөн да жокмун. Балким сүйө албадым окшойт, ал азыр турмушта, — Бекмырза чындыгын айтып олтурду.
– Сенин үч балалуу аялга үйлөнөөрүңдү укса алар каршы болушсачы?
– Алар мени өз эркиме койушкан, «эмнеси болсо да өзүң жактырып үйлөн, бойдок жүрбөй» дешкен.
– Мейли дагы ойлонолу, келинимдин бактылуу болгону керек мага. Дароо эле үйлөнөм дебе, сүйлөшүп көргүлө! — деп Тахмина ордунан турду эле, алар дагы турду.
Бекмырза алар менен коштошуп жөнөп кетти, аны жөнөтүп койуп экөө үйгө кирди.
– Жүрсүн, өзүң ойлонуп көр. Жигит сени чындап сүйөт экен, мындай мүмкүнчүлүк ар кимге эле келе бербейт! — Тахмина Жүрсүнгө карап анын жүзүнө үңүлдү, — Жүрөгүң менен кеңеш, убактыңды кетирбе!
– Эже-е, ал балдарыма жакшы карабасачы?
– Карайт, мындай жигиттер чечкиндүү болот.
– Ишенбейм, ушуларды өгөйсүнтпөсө дейм. Апамдын, Жеңиштин арбагынын алдында берген сөзүмдү аткара албай каламбы деп корком…
– Эч кам санаба, мен турам. Өзүңдү да ойлон, балдарды мен да карайм, көз салып турам.
– Сизге ыраазымын эже, сиз гана жардамдашып жатасыз. Кейисем да кашымдасыз, азыр булар жаш, мени түшүнөөр бекен?.
Жүрсүн ойлуу сыртты карады. Анткени дабыштары чыгып балдар кирип келаткан. Тапырап кирип келгенде Баяман:
– Апа, Бекмырза агай дагы келдиби? — деп сурап калды.
– Ооба, ал биякка келип силерге жардам берем дейт… — Жүрсүн эмне дээрин билбей сүйлөп аткан сөзүн да байкабай калды.
– Эмне кылып жардам берет экен?
– Билбейм…
Жүрсүн Тахминаны карады эле, ал:
– Баяман, садага болойун десе, ал агайың апаң менен мурун классташ тура, келет да, — деди.
– Аа-а, сиздин классташыңызбы, апа? — деп апасын карап мулуңдап койду.
– Ий-ии.
Экөө тең калп айтканына уялгандай балдарды тик карай албай бир-бирине карап туруп калганда Нариман:
– Ал агай мени жакшы көрөт, дайыма математикадан беш койот, — деп секирип койду.
– Бекмырза агай аябай жакшы, — Алиман сөзгө кошула аларды коштоп койду.
– Агайыңарды мактап жатып калбай кийимиңерди чечип, кардыңарды тойгузгула, — Тахмина аларды карап жылмайып алды, — багыңар бар экен садагаларым, ырыстуусуңар, Жүрсүндү маңдайыңарга жазып койгон тура, — деп аларды артынан карап ойлуу туруп калды.
– Эже-бала эмнени билмек эле, азыр эчтекени билбейт. Чоңойгондо эле түшүнбөсө. Ата-энесин эстей жүрсүн деп атайын сүрөтүн чоңойтуп илип койгом.
Жүрсүн ушинткенде Тахмина ага жакын келип:
– Пейлиңдин кеңдиги океандай эле жансың, сен сөзсүз бактылуу болушуң керек. Отуз эки жаш эмне, күлгүндөй эле курагың. Эмесе мен кетейин, жакшылап сүйлөш, анан кандай чечимге келгениңерди мага сөзсүз айт, макулбу? — деп үйдөн чыкты.
– Макул эже сөзсүз айтам, — экөө өбүшүп коштошту.
Жүрсүн өзүнчө ойго батып калды: «Ырас эле али жаш эмесминби, жакшы эле жигит экен, балким төрөп алаармын. Кудайга шүгүр, кайненем неберелерине байлык таштап кеткен. Балдарына берген да жокмун, катылуу бойдон турат. Чоңойсо окууга өткөрөм, азыр канча балдарды ата-энеси окутмак турсун дурустап кийгизе албай эптеп жашап калышты» — деп көпкө жолду карап турду.
Кеч кирип балдарына төшөк салып берип жаткырды да, өзү алардын четине ордуна жатып алып уйкусу келбей улам ары оодарылып жата берди. Анан туруп барып сандыкты ачып, бекиткен акчалары менен алтын буйумдарды алып бир сыйра карап көрдү да, орду менен ороп туруп: «Кокус кыздары келсе сандыгын колуна берип койом, эмне табаар экен. Тахмина эжеге болсо берчүсүн бергенмин, калганына бергиче уруш чыгарып өздөрүнө өзү кылды», — деп ойлоп, аларды оңойлоп койду. Анан эртелеп турду да, короонун ичинен чуңкур казып акчаларын кошуп көмүп, үстүн белгилеп койду. Үстүнө чөп таштап койду. Балдарга пенсия чыгартып алып өзү дайым алып турат, төрт баланын эң кичүүсү Белек чоңойгуча алат аны. Белекти бир туугандарынан алыс өсүп калбасын деп Кемелбай алып келип турат, ал дагы Жүрсүнгө ыраазы. Келген сайын неберелеринин жүзү жарык, кийими таза жадырап жүргөнгө ичинен кубанып алат: «Бечара, жакшы келин экен, өзү туубаса да өгөйлөбөй багып атат. Буга кудай берет, тилегин берсин» — деп купуя алкап калат..
Бекмырза эртеси кечке маал келди.
– Оо менин жарык күнүм, жадырап жер жүзүнө нурун чачкан, жазгы гүлүм жыттаганда моокумуңду кандырган! — деп жадырап кирип келди.
– Ал эмнеңиз, ачык эле келип жүргөнүңүздү бирөө көрсө уят го.
Жүрсүн ага таарынчы бардай терс карап кетти.
– Эч кимден коркпойм, менин бирөөдөн корко турган алым жок, өз сүйүүмдү билдирүүгө акым бар! — Бекмырза аны кучактап алды — айтчы Жүрсүн, биз өз бактыбыз үчүн күрөшүүгө акыбыз жокпу?
– Мени жөн эле кыйнап атасыз, — Жүрсүн анын кучагынан бошонууга аракеттенди, — балдар көрүп калса…
– Көрсө ачык эле айтам, «атаңар болом» дейм!
– Болбойт!
– Эмнеге?
– Алар чоңойуп калды, мени жек көрүп калышат, мен аларга жек көрүнгүм келбейт.
– Койсоңчу Жүрсүн, балдар сени жек көрбөйт, сен аларды багып олтурбайсыңбы. Бойго жетсе сени алар түшүнүп сыйлап алышат, коркпочу жаным…
– Үчөөнүн кыял-жоругу үч башка, кандай болуп калаарын билбейбиз да?
– Балдар абдан акылдуу, эч болбосо чоңу ата-энесинин өлүп калганын билет, сенин кандай кылып багып жатканыңа түшүнөт.
– Ооба, балдарым акылдуу болуп өссүн деп тилеп отурам, мээримдүү-боорукер болсо болду, — дегенде баятан бери босогодо угуп турган Баяман кирип келди:
– Ооба, апама сөз тийгизбейбиз, апамды жакшы көрөбүз. Апа, сиз кам санабаңыз, ээ? — деп Жүрсүндү кучактап калганда Алиман да келип:
– Апа-а, мен сени жакшы көрөм, аябай жакшы көрөм! — деп бир жагынан кучактап калды эле, Жүрсүн отура калып экөөнү кучактап ыйлап ийди:
– Садагаларым десе, силер үчүн бүт өмүрүмдү жумшасам да ыраазымын! — Бекмырза үндөбөй туруп калды. Жүрсүн аны бир карап алып анан, — Ойной бергиле, балдарым. Нариман ойноп жүрөбү? — деди.
– Ал эшикте, — Алиман кайра жүгүрүп баратып кайрыла калды да, — Апа, мен сени жакшы көрө-өм! — деп алып босогодон көрүнбөй калды.
– Жүрсүн, эртерээк эле үйлөнүп алалычы, жумушта же көчөдө сени ойлой берип кыйналып кеттим, — Бекмырза артынан кучактап алып шыбырады.
– Бир-бирибизди сынабай элеби?
– Мен сенин кандай экениңди элден укканым жетет. Эл билет, эл тараза, мен элге ишенем. Сенин мага ушул гана турмушуң жагат, макул деп койчу? — деп өбөйүн дегенде Жүрсүн бурулуп кетти.
– Көп шоктонбой үйүңө бар, менин жумушум калды.
– Жумуш качпайт, тирүүлүктүн бир жакшы мүмкүнчүлүгүнөн өзүңдү алыстатпачы. Жашоонун кызык учурун чогуу өткөрөлүчү. Суранам сенден, менден өзүңдү оолактатпачы, жаным.
– Эмне кыл дейсиң? Мени кыйнап ийдиң го, жаш жүрөгүмдүн согуусу жалаң балдар деп согуп калганда менден кайдагы жылуулукту издеп жатасың?
– Жок, андай эч качан болбойт. Сени мага жолуктурган Кудай экөөбүздү улуу сүйүүнүн кучагына жеткирет. Көрөсүң го, биз бактылуу болобуз.
Жүрсүн Бекмырзанын колунан бошоно албай аргасыз туруп калды. Акыры үнсүз сүйлөштү, дилинде макул болушту, бири-бирине ыкташып көпкө туруп анан ажырашты. Жүрөктөр жүрөктү түшүндү да коштошушту.
Бекмырза ага-эжелерин алып келмек болуп кетти. Жүрсүн ата-энесине, Тахминага киши жиберди. Көп кечикпей эле Бекмырзанын эжеси Акин менен Сейилкан келишти, агасы Россияга кетип келбей калды. Жүрсүнгө баары ыраазы болуп атты. Ошол үйдөн нике кыйылып, Бекмырзанын иштешкендери келип чакан той өттү. Экөө ынтымакташып жашоого, өмүр өткөнчө кол кармашып өтүүгө, тагдырдын табышмактуу даңгыр жолуна бет алышты. Балдар бир аз күн чоочуркап, агайы катары сестенип жүрүп көнүп кетти. «Ата деп айт» дегенге Жүрсүндүн оозу барбады, жөн гана «абаңар» деп сөзгө аралаштырып жүрдү, ошол үчүн алар «аба» дей башташты. Бекмырза аларды колу бошой калса эле сабак окутат, Жүрсүн Алимандын сабагын текшерет. Бир үйбүлөдөй эле ынтымактуу жашап калышты. Ата-энесинин кубанычында чек жок, эки күндө бир келип көтөрүнүп баарын алып келип турушат. Тахмина да тез-тез келип кабар алып кетет.

<<6 of 7>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!