Айгүл ШАРШЕН

Жаза

Жаза

<<3 of 7>>

Акушерка аны киргизбей койгондо Ильяз анын колуна акча кармата койуп:
– Чоң кыз, бир мүнөткө эле, анан уулумду көрсөтүп койчу?
– Ушундайсыңар анан, эч түшүнбөйсүңөр, тез чыгыңыз, уулуңузду азыр алып чыгам, — деп акушерка жылмая эшикти ачты.
Ильяз өңү боппоз болуп жаткан Тахминаны көрүп аябай коркту: «бекер кылган экенмин, балам энесиз чоңойсо эмне болот? Жок-жок, жакшы болуп кетет, сөзсүз жакшы болот» деп ойлоп аялын карап турганда, акушерка көзүн али ача элек дүйнө бейкапар наристени алып келди.
Аны колуна ала койуп эми өбөйүн дегенде:
– Өппөңүз, көрдүңүз болду, үйүңүзгө барганда өбөсүз, — деп колунан ала койду, — бизде ушундай, капа болбоңуз, эми бара берсеңер болот, — деп ары басканда Марлес Тахминанын жанына барып:
– Апа, туйчу, — деп колунан кармалап ийгенде Ильяз аны ала койуп чыга жөнөдү, бала чыркырап ыйлап жатты.
– Апаң үйгө барат, азыр экөөбүз үйгө барып чай ичебиз, анан өөлайды көрөбүз, сен аллейиң менен ойнойсуң.
– Апа-а, апама байа-аам! — деп болбой ыйлаган баланы Ильяз эптеп сооротту..
Эки-үч күн дегенде Тахмина көзүн ачып биринчи эле небереси Марлести сурады, жанында отурган Ильязга көңүл деле буруп койгон жок. Аңгыча баласын алып келди эле, ал акушерканы карап:
– Чоң кыз, бизди бир мүнөткө жалгыз калтырасызбы? — деди, ал акырын басып кеткенде Тахмина Ильязды карап, — Ильяз, аман-эсен балаңды ал да, көздөн далдаа бол, мен сени менен жашай албайм. Бала сеники, мен өз баламды бакканым дурус болоор, — деп ары карап Марлести өөп, эркелеткенде Ильяздын жини келип ордунан тура калды:
– Сен.. . , сен жинди болдуңбу? Менин балам болсо, сен төрөдүң, башка балдарыңдан бөлбө, экөөбүз чоңойтобуз, болбодубу эми, ачууну токтотпойсуңбу? Жаңы жашоо баштайбыз.
Ильяз тизелей калып кроваттын кырына жөлөнүп Тахминанын колунан кармайын дегенде ал колун тартып алды:
– Тарт колуңду, ушул колуң менен Эсенбекти өлтүрүп мени бактылуу кылгың келдиби? Сага канча жолу айттым, мен сени жек көрөм.
Тахмина үнүнүн барынча кыйкырганда акушерка кирип келди:
– Бул жерден урушууга болбойт, үйүңөргө барганда сүйлөшкүлө калган сөзүңөрдү.
– Кечирип кой, чоң кыз, үйбүлөмдү качан алып кетсем болот? Мынабу тентек ыйлап жатат, — Ильяз эчтеке болбогондой жылмая калып кызга карады.
– Эки күндөн кийин чыгарабыз.
– Эң жакшы, анда мен кеттим.
Ильяз Марлести көтөрүп чыгып кетти. Марлес ага абдан көнүп алды, карыш чыгарбайт, жумушка барып аванс акча сурап алып, үйүнө тамак-ашын даярдап койду, жээнтек берем деп кой соймок болду. Баарын дайын кылып койуп анан төрөтканага келди. Бул ирет ал Тахминага алтын шакек сөйкөсү менен алып келип көңүлүн көтөрмөк болду. Тахмина аны да кабыл албады, үндөбөй сумкага салып койуп үйүнө келди. Ильяз өзү ага кошомат кылып өзү тамак жасап, ысык чай берип, кыймылдатпай төшөккө жаткырып карап атты. Эки досун ээрчитип келип кой сойуп, ысык тамак берди. Кыскасы, ага жагуунун аракетин жасап эки баланы карап, жалаяк жууп жаны тынбай убара. Бир күнү Ильяз эшиктин алдында кир жууп отурса Мээржан короого баш бакты:
– Олда-а курган балам ай, өзүңдү да, бизди да кыйнадың го? — деп көрүп эле наалып кирди.
– Апа, келсең жөн келбейсиңби, мен балалуу болдум, андан көрө небереңди көрүп кубансаң боло? — Ильяз апасына тайсалдай жооп берди, — келиниң катары жакшылап мамиле да кылбайсыңар.
– Айла канча балам, биз ошол неберемди көрөлү деп келдик, — Мээржан Ильяздын жанына барып өйдө кылды, — турчу уулум, кир жууганыңды көргөн эл эмне дейт? Баарына макулмун, бирок экинчи кир жууганыңды көрбөйүн. Тахмина баарын угуп турду, мизирейип үн дебей аларды көрмөксөн болуп ордуна жатып алды.
– Ыраспы апа, сен чын эле небереңди көргөнү келдиңби? — Ильяз кубана колун тазалай апасын кучактап өөп жиберди, — жеңе, чынбы ушу?
– Ооба, эмнеге калп айтмак эле жеңең, акыры сен жеңдиң, бас эми келиндин жанына кирели, — Шарипа кайнисин күлө карады.
– Ур-ре! — Ильяз жаш баладай сүйүнүп алакан чаба секирип алды да, экөөнү колтуктап үйдү карай басты, — мен ыраазымын апа, билгем мени силердин түшүнөөрүңөрдү.
Ээрчише киришкенде Тахмина уктап жаткандай чүмкөнүп алган. Мээржан ичинен аны жаман көрүп, баласына зээни кейип алды: «курган балам ай, кайдан да акылыңдан адашып ушуга жолоп алдың экен, бул сени кул кылып алган тура, аны кир жуудуруп койуп өзү керсейип уктап жатканын кара» деп ичинен оор күрсүнүп алды. Ильяз акырын өтүп Тахминаны ойготмокко түрткүлөдү:
– Тахмина, тур, апамдар келди, Нурсултанды көргөнү келиптир, тур эми.
– Азыр.. — Тахмина ордунан араң туруп төшөгүн араң жыйды да, — төргө өтүңүздөр, — деди.
Ал мурда эле көрүп жүргөн абысындарын ошондой эле кабыл алды.
– Тахмина, тагдыр деген ушундай тура, мына кайра эле өзүбүзгө келин болдуң, балалуу да болуп калдыңар, эми-и бизден өтсө кечир, наристени көргөнү келдик, — Шарипа отурбай жатып наристени ала койуп мурдунан чымчып өөп койду, — атын Нурсултан койдуңарбы?.
Ильяз жооп берди, Тахмина үн деген жок, ал дасторкон жайып өзү менен өзү боло берди, негизи эле көп сүйлөбөгөн жан.
– Ооба, Нурсултан деп өзүм койдум.
– Кана бери берчи, неберемди өзүм бир көрөйүн, — Мээржан Шарипага карап колун сунду, — Каралдым десе, дегеле быйпыйып уктап жатканын кара.
Эзиле наристени өөп, акырын жыттап койду. Шарипа Добулдун аялы, үч баласы бар. Мурун Тахмина менен мамилеси жакшы болчу, Ильяз анын үстүнө кирип алгандан бери күйөөсүнөн тартынып келбей калган. Мээржан эми ал небересин алып отуруп уул-келининин каш-кабагын байкап атты. Тахмина аны тоотпогондой мизирейип чай куйуп отура берди. Ильяз туруп өзү эт туурап тамак асканга аракет кылганда Мээржан:
– Кой балам, убара болбогула, биз жарыкта кетели, — деди.
– Апа, эмнеге кетесиң, бүгүн менин төрүмдө отуруп сыйымды көрүп кеткиле, атайын тамак жасаганы жатам. Тахмина ооруп жатат, ага капа болбогула, — кайсарлана Ильяз апасына актана кетти, — жаш төрөдү, ысык-жылык ичип тыңысын деп эле болбой жаткырып жатам.
– Туура кыласың балам, жаш төрөгөн аялга кароо керек, жакшылап тыңысын, — Мээржан жактыра бербегендей наристеге үңүлө сүйлөдү, — Аман болгула, биз эми жылалы.
– Апа, бүгүн жатып эле кетпейсиңби?
– Жо-ок уулум, сен өзүңчө үйгө киргенде коном, азыр кетели, уулуңду көрүп кетейин деп жеңеңи ээрчитип баса бергемин, жаман уулуң чоңойо берсин! — деп ордунан туруп баратып, — Шарипа жүрү балам, эрте күндө кетели, — деп сыртка чыга жөнөдү.
– Апа!
Ильяз алардын артынан чуркап чыга бергенде Мээржан:
– Кой балам, тынч жашай бер. Эмне кылайын эми, тагдырыңды ушул аялга өзүң байлап алдың, — деп басып кетти.
Ильяз үнсүз туруп калды, ичинен Тахминага жини келди, бирок ага эчтеке дей албады. Ал болсо сезмексен-билмексен болуп дасторконун жыйнап койуп жатып алды.
Ильяз: «Жо-ок, сени акыры жеңем, акыры ийилесиң, өзүң жалдырайсың» деп ойлогон менен убайымга түшүп калды. Ошол эле күнү кечке маал Тахминанын апасы менен Жеңишбек, Жамийла болуп келип калышты. Алар эч нерсе билген эмес, ал абалын билмек болуп эле, май, сүзмөсүн, сүрсүгөн этин көтөрүп келип калган. Кирип келип Ильязды көрүп, Жамийла негедир зырт этип алды. Жеңишбек аны менен учурашып калды.
– Апа, айтып келбейт белеңер, — Тахмина күлүп жайнап апасы, келини менен өбүшө учурашты, жан-алы калбай аларга эбелектеп атты.
– Айланайын кызым, айтканда эмне, балдары менен кыйналып калдыбы деп эле балдарды ээрчитип баса бердим.
– Убара болбой эле койсоңор болмок.
Ал Ильязды көз кыры менен карап койду, бирок эч нерсе айтпады. Ильяз алардын жанында эч ким эместей көңүл буруп койбогонуна ызаланып чыгып кетти, өзүнөн өзү эзилди: «Неге бул абалга калдым, качанкыга чейин ушинтет, апасына, инисине неге мени айтып тааныштырбайт, же ушунчалык өзүн өйдө сезип жатабы? Мен буга эмес сүйүүнүн кулу болдум, сүйдүм муну, күнөөм кайсы? Менин апам өзү келди, бу кабыл албады, чынында эле буга мен керек эмес экенмин да? Тизе бүгүп жалдырап жашап келатам, акыры баш ийээр десем ойлогусу да келбейт. Мен жаңылган экемин, адамды зордоп сүйдүрүүгө болбойт тура, андан көрө баламды алып кеткеним туура болот окшойт, кантсе да өз канымдан жаралган бала эмеспи» деген чечимге келди да, сыр билгизбей кирип отуруп алды. Ал азыр унчукпады, тигилер кеткенден кийин кетмек болду. Алар ал күнү конок болуп, эртеси кетишти. Алардын көзүнчө Ильяз бир жолу да туруп Тахминага жардам бербеди, үнсүз телевизорду карап отура берди. Тахмина деле эчтеке дебеди. Качан аларды узатып киргенден кийин:
– Тахмина, сен туура айткан экенсиң, мен эми чыдай албайм, баламды алайын да кетейин, — дегенде Тахмина ага көзүнөн заар чачырата:
– Эми түшүндүңбү? Баланы төрөтканадан алып кетсең болмок, мен эмизе элек болчумун, эми ага мээримимди төгүп андан ажырагыс болгондобу?
– Кандай айтсаң да баланы биерге калтыра албайм, мен сүйүүм үчүн күрөштүм, кулуң болууга даяр болдум, бир сен деп баарына кол шилтедим. Сен менин сүйүүмө түкүрүп дагы койгон жоксуң, өз кадырымды кетирдим, калганын өзүң чеч да баланы ороп бер, алып кетем! — деп ордунан туруп кийимин салыштыра баштады.
Тахмина үнсүз отуруп калды, ал азыр баарын ойлонуп жатты, апасы менен купуя сүйлөшүп, ага айтканда, ал: «Кызым, балалуу да болуп калыпсың, «атаңды өлтүргөнгө энеңди бер» деген сөз бар, ал сен деп ошол күндө жүрсө, аны кордой бербе. Чөптү кордосо көзгө зыян болот имиш, адамды кордоп жакшылыкты кайдан табасың, ал дагы бирөөнүн баласы. Жамийланы «алып бербейм» деп канча чамындым, бу сүйүүң менен сүмүрөн калгыр, адамды ушунча азапка салган неме тура. Капырай, атаң экөөбүздү ата-энелерибиз сүйлөшүп үйлөнтүп койушту эле, бала-чакалуу болуп жашап эле атабыз. Ойлонуп өзүңө тарт, кокус аны кетирсең, жаманатты болосуң, эки эрге тийген болуп эрдин саны көбөйөт. Көңүлүн суутпа, келээрки жумада Жеңишбекти жиберем, ээрчитип баргыла» деген болчу. Ошолорду ойлонуп атып ордунан шарт турду, өзүн чоочун адам менен мамиле түзүп жаткандай коомайлана ага акырын келип үн катты:
– Баланы кыйнап койбойсуңбу?
– Апам мени өлтүрбөй баккан, баламды да өлтүрбөй багууга кудурети жетет!
– Мейли, алсаң алып кет, — Акырын басып уулун колуна алып көпкө карап туруп, бетинен алмак-салмак өөп, — садагам десе, мени кечир, аргам жок бөлүнүп отурам, сенсиз кантип күн көрөөр экенмин? Эмчегим зыркыраган сайын сени эстеп азап чегермин, ыйлаармын берекем. Аман чоңойсоң эле болду, кош кагылайын уулум, мендей мерез энеңди кечир, аман болсоң издеп табаарсың, — Тахмина көз жашы салаалап эки бети ылдый агып жатты.
Ильяз кийимин салыштырып бүтүп Тахминанын жанына келди, ал көзүнүн жашын жамгырдай төгүп уулун кучактап турганын көрүп боору ооруп кетти:
– Тахмина, ыйлабачы, эгер бергиң келбесе кала берсин, өзүм карап турам, сага тоскоол болбой мен кете берейин, бала экөөбүздүкү, талаша албайм, жардам берип турам, — деп бурула бергенде Тахмина аны колунан кармап калды:
– Беш балам атасыз калганы жетишет, эми муну атасыз калтыргым келбейт, уулуңду өзүң бак, сени тааныбай калбасын!
– Анда ороп бер!
– Энесиз өскөнүн каалайсыңбы?
– Эмне кыл дейсиң, мен сен үчүн эмнеге гана барбадым, сени сүйдүрө албадым, канчалык далбастасам да сага жакпадым. Эми биерде тура албайм, же баланы алып кал, же мага бер, эрк өзүңдө кандай чечсең дагы.. . .
– Мен энемин, баламдан ажырагым келбейт, сен эмне кылсаң өзүң бил, кааласаң ташта, болбосо алып кет, көзүм көрбөсүн, — деп Тахмина бүк түшүп боздоп жатып калды.
Ильяз эчтеке дей албай туруп калды, теңселип кетти, үнсүз көпкө туруп, анан аны кучактап отура калды, Тахмина өтө бекемдигине салып, аны: «сен кал, кетпе» деп айтпады.
– Тахмина, ыйлабачы, сени боздотуп койуп мен кантип кетмек элем, сен мага уруксат бер келип турайын, баламдын атасы экенимди билгизип өзүм тарбиялайын. Мен эми аял да албайм, баарынан тажадым, — деп аны өйдө кылып кучактаганда ал да кучактап солкулдап ыйлай берди.
Ильяз анын аял болуп туруп өтө катуулугуна таң калып турду, бирок Тахмина аны эч качан мурда болуп көрбөгөндөй бекем кучактап алганына анын ичи жылып өзү да аны аймалап жатты.. .
Мына ушинтип алар бири-бирине алгачкы жолу берилип турду, Ильяз кубанганынан аны кучагынан чыгаргысы келбей отура берди. Аргасыз Тахмина анын эркине көндү. Ошол күнү Ильяз өз максатына жеткендей болду, анткени өз сүйүүсү канчалык азап-тозок менен колуна тийди, кубанганынан аны көтөрүп алып үйдүн ортосунда бийлеп атты:
– Берекем менин, мага сенин сүйүүң керек, мен сени акылдан адаша сүйгөм. Адегенде жаш бала элем, аргасыз сенден ажырагам, мен бүгүн бактылуумун! — деп бекем кысып алганга Тахмина кыйналып кетти окшойт:
– Ильяз, жүрөгүм кысылып кетти, — деп ал күлүп ийди, — койо берчи, бала болуп кеттиңби?
– Мен кубанганымдан өзүмдү билбей калдым Тахмина, мен бүгүн кандай гана бактылуумун, айтып жеткире албай жатам, — деп Ильяз аны тегеретип барып жерге түшүрдү, — жаным, мен үчүн жүрөгүңдү жибитип, сүйүү тартуулачы, өмүр бойу төбөмө көтөрүп багайын, мага тамчы гана сүйүү берчи?!
– Бала болуп кеттиңби, Ильяз? Мен кечкиге тамак жасайын, сен балдарды кара, — Тахмина ага жылмайып койгондо Ильяз аны кайра-кайра өөп ырахаттана бактылуу болуп турду.
– Бир аз кучагымдан чыкпай тура турчу, сени бүгүн таптым, таппай жүргөн махабатымды таап бактым ашып-ташып турат, кучагымдан чыкпачы!
– Болду эми, кеч кирип кетти, курсак ачып кетти, сүйүүнүн да карды ачат го? — сырдуу күлүп койуп анын бетинен өөп койгондо, Ильяз аны толкундана көтөрүп алып тегеретип, тегеретип жерге койду:
– Мен аябай бактылуумун, кел сен отур, мен тамак жасайын, сен отурчу, кыйналып каласың!
– Жо-ок, өзүм эле жасайм.
Тахмина болбой ашканага кирип кетти. Ильяз турган жеринде ырахаттана терең дем алып алды: «Ыраазымын сага Тахмина, көз ирмемдик бакытты тартуулаганыңа, дүйнө кезип издеп келген бактым сен эмес белең» деп балдардын жанына келип, уктап жаткан уулун элжирей эңкейе өөп алды:
– Акжолтойум менин, сен менин кубанычымсың, сүйүүмдөн жаралган дүйнөкапарым, ырысым, кубанычым, сен гана менин сүйүүмдү таап бердиң, — деп көпкө карап отура берди.
Тахмина тамагын даярдап өзүнчө жылмайып алып: «байкушум десе, мен үчүн баарына көндүң, эркиң күчтүү экен, темир да ийилет тура. Кечирдим бардык күнөөңдү, кичинекей наристе үчүн, уулум үчүн» деп ойлоп Ильяздын келгенден берки ар бир жасаган мамилесин эстеп боору ооруп кетти. Кечки тамакты бүтүп экөө дасторкондо отуруп күндөгүдөн башкача көңүлдүү болуп жайдары сүйлөшүп жатты. Ушул күн алардын жашоосунда эң бактылуу күн катары атайын календардан белгилемек болду Ильяз. Тахмина ага чын дилинен ыраазы болуп, бүт эркин, жан дүйнөсүн, тулку бойун багыштап атты.. .

Жамийла таңгалып өзүнчө ойго батып калды, анткени Ильяз ага көрүнгөндөн кат берип өзүн сүйөм деп жүргөн эле, өзүнчө эс ала түштү, болгону баары бир ал жашоосунда бирге катышып, жамандык-жакшылыкта чогуу болоорун билгенде өзүнчө жүрөксүп алды: «эми эч нерсе эмес, кайнежемдин күйөөсү болсо сый болот да» деп өзүн өзү сооротуп алат. Анын коркконунун негизи бар эле, бир жолу конвой аны атайы чакырып чыгып Ильязга салып берген болчу, ошондон кийин андан коркуп калган. Чыгаарына аз калганда аны сатканы белгилүү болгон. Жеңишбек экөө азыр абдан бактылуу, үч балалуу болуп, улуусу алты жашта, өзү иштебейт, күйөөсү менен кайненеси ойу менен болуп өзүн өзү билип калган. Тахмина дагы аны жакшы көрөт, ал барса дасторконун кенен жайып жакшы тосуп алып узатат. Кайненесинен мурун үйдө барын салып берип сыйлап узатканына ыраазы. Жеңишбек жумуш жок кээде үйдө болуп калганда кыйналып калды. Апасынын пенсиясы менен жашап калганда Жамийла:
– Окуп алып да жумуш таппайсың, тиги Шаамурат окубай-этпей эле курулушта бригадир болуп иштейт экен, жума сайын доллар менен алат. Күздө уулубуз окуйт, кийим-кече алып бериш керек, — деп наалып кирди.
– Эмне кыл дейсиң? Азыр канчалар дипломун катып койуп базарда иштеп жүрөт, эми мен деле курулушка иштегенге балдарды чогултуп алып өзүмчө бригада түзөм, крупный адамдар жакшы төлөшөт экен. Шашпа жаным, доллар карматам! — Жеңишбек күлүп калды.
– Доллары жок эле сом таап келсең болду, апамдын пенсиясын аңдып отурбай.
– Апам акчасын кайда алып бармак эле, акыры бизге берет да, — Жеңишбек камырабай айтты, — туурабы, апа?
– Ооба балам, мага акчанын эмне кереги бар, айыл-үйгө эле барганда керек болбосо.
– Мына, көрдүңбү, апам бизди багат да! — Жеңишбек тамашалай күлүп калды.
– Балким, тиги жаман окуса торпокту сат, кийим-кече алганга.
– Ошентпесек болбойт, кийин акча болсо ордун алып койобуз, — деп кошумчалап койду Жеңишбек.
Айтканындай эле жумуш таппай жүргөн он чакты өзү курдуу балдарды чогултуп алып, бир особнякты салууга киришишти. Особнякты салдыра турган отуздарга чыккан бой келин экен, Россияда соода кылып келиптир. Жеңишбек ага иштегенден баштап жакшы таап жатты. Ар жума сайын эки-үч жүз доллардан алып келип абдан оңолушту. Жамийланын кой дегенине болбой алтын шакек-сөйкөлөрдү алып берип, үйүнө азык-түлүктүн баарын даярдап, балдарына кийимдерди алып, бир топ ирденип баратты. Жамийланын бойунда бар эле, төрөөрүнө бир-эки айдай калган. Жеңишбек негедир особняктын дубалы бүтө жаздап, «үстүн жаап жатабыз» дегенден бери үйүнө келбей, келсе бир жумада зорго келип, келсе да акча алып келип берип эле кайра кетип калып жүрдү, жумуштун оордугуна шылтап. Жамийла ойлоно баштады. Айы-күнү жакындаша баштаган сайын оорлошуп, отуруп-тургандан кыйналып жүрдү. Түнкүсүн уйкусу келбей тирмийип таң атырат. Врачтарга көрүнсө, «балаң чоң, жатышың керек» дегенге болбоду. Буттары шишип абдан кыйналса да картаң кайненеси менен балдарын ойлоп жата албай жүрө берди. Ошол күнү уктай албай таңга маал көзү илинип кеткен экен, кобурашкан үндөн көзүн ачып тыңшай калса Жеңишбек менен кайненеси бакылдашып жатышыптыр. Ичи бурап ооруп кетти, козголуп араң турду, дагы бурады, араң басып босогого жетти:
– Апа, мени түшүнчү, мен андан кеталбай калдым, агалары күчтүү турат экен, эгер мен баш тартсам мени алар соо койбойт, — Жеңишбек жандалбас кыла түшүндүрмөк болуп жатты.
– Балам, Жамийланы ойлобосоң дагы үч балаңды ойлобойсуңбу? Ичиндегиси менен төртөө. Мен да карып калдым, ойлосоң боло балам.
– Баарын ойлондум апа, бирок артка кайта албайм, сыртыңардан жардам берип турам.. . . — дегенде Жамийла эшикти ачып зорго аттады, өңү кумсарып ичин басып алган, — сага эмне болду, Жамийла? — Жеңишбек аны жөлөй калды, — толготуп атасыңбы?
– Ошондой го.. . — Жамийла тиштене араң сүйлөдү.
– Кокуй айланайын, тур машийне алып келе кал, — кайненеси жөлөп отургучка алып келип отургузду, — калбаат бол балам, аман-эсен төрөп аласың, үчөөнү төрөгөн аял төртүнчүсүн да төрөйт, эчтемеден кам санаба. Кыйналсаң дагы ичтегиң чыккандан кийин эс алып каласың айланайын, бардаштуусуң өзүң деле, — деп жанында жоолугун оңдоп салынтып атканда Жеңишбек машина алып келип Жамийланы жөлөп-таяп алып чыгып кетти.
Төрөтканадагылар аны алып бараары менен текшерип көрүп:
– Каны аз экен, бала тескери келип, өтө салмагы чоң, муну биерден төрөтө албайбыз, операция кылабыз, — деди.
– Жо-ок, өзүм эле төрөйм, мурда үчтү төрөгөнмүн, алар деле чоң төрөлгөн.
Жамийла онтолоп атып болбой койду. Үч күн жатып кыйналганда Жеңишбек макулдугун берди. Аны операция кылып баласы аман калды, Жамийла алдан тайып эч нерсени билбей, экинчи күнү ошол бойдон кете берди. Баары ошол жерде болчу, Кемелбай кыздары менен боздоп ыйлап, аны кантип багаарын билбей ойлонуп атканда Умсунай менен атасы экөө аны алып кетмек болду..
Жеңишбек кайгы тартып Аделяга баралбай бир топ күн өтүп кетет. Кыркына жакындаганда барса ал кабыл албай койду:
– Жеңишбек, иштесең иште, бирок баарын унут, мен сага турмушка чыга албайм.
– Эмнеге, экөөбүздүн сөзүбүз бүтпөдү беле, эми эч ким тоскоол болбойт, — Жеңишбек ага таңгала карады.
– Сенин төрт балаң, карыган энең болсо, кантип аларды таштайсың? Сен атасың, аларды карашың керек, мага мени менен күндөп-түндөп чогуу жүргөн киши болсо жакшы болмок, — Аделя аны биротоло түңүлтмөк болду, — өз жолуң менен бол!
– Балдарымды таштай албайм, сени дагы, — Жеңишбек буйдала калды.
– Жо-ок, Жеңишбек, төрт бала оңой түйшүктү алып келбейт, мен андай түйшүктү аркалай албайм. Өз балам болсо башка эле.. . бирөөнүн баласын боорума тартууга алым жетпейт!
– Мм.. . макул Аделя, сенин мени сүйөрүң жалган тура, эгер сүйгөнүң чын болсо, менин балдарым, карыган энем тоскоолдук кылмак эмес.. . . — Жеңишбек артына бурулуп кетмек болду, — аялдар ушундайсыңар да.
– Сүйгөм, сүйүп калгам, бирок айттым го, сен алардан чыга албайсың, аялың өлбөсө да сен мени менен кете бермексиң, ал балдарынын түйшүгүн өзү көтөрүп жашай берет эле.. .
– Болуптур, өз түйшүгүмдү өзүм тартайын, кош бол! — деп Жеңишбек чыгып кетти..
Ошондо гана ал Жамийланын кең пейилдигин, адамда жок ак көңүлдүгүн, тазалыгын, көтөрүмдүүлүгүн, жанда жок боорукерлигин ойлонду: «Менин кылыгымды ойлонуп бойунда бар неме жаман болду го, көп ойлонгондон денсоолугуна зыян келди, мен акмак тирүүсүндө кадырына жете албадым. Жо-ок, мен ага катуу деле айткан жокмун, көңүлүн оорутуп урушпадым, ээх абдан бактылуу жашаган экемин көрсө. Өз бактымды көтөрө албай Жамийланы капа кылып, жүрөгүн оорутуп алдым» деп ойлонуп баратты. Үйүнө келгенден кийин үңкүйүп эч ким менен сүйлөшпөй да жатып алды. Бири-бири менен талашып-тартышып ойноп, кайра урушуп жаткан балдарынын үнү аны ойлондура койбоду, ошондо карап туруп: «Ырас эле булар чоңойгуча канча түйшүктөр жатат, бирөөнүн баласын бирөө сүймөк беле? Туура айтты Аделя, өз энесиндей жакшы көрмөк беле, ачыгын айтканы туура болду. Башка аял болсо келип алып балдарыма кордук көрсөтмөк, эң туура чечим болду» деп ордунан туруп келип, эки жашар уулун бооруна кысып алып солкулдап ыйлап жатты. Сыртта картаң энеси балдарынын кирин жууп өчөңдөп жайып жүргөнүн көрүп жүрөгү туз куйгандай ачышып кетти. Эми дагы бир жолу эстеди Аделянын айткан сөзүн, ого бетер терезеден карап алып жүрөгү сыздап ыйлай берди. Жамийланын жогун эми сезди. Көпкө ыйлап көтөрүп турган уулун жерге койуп, кайратын жыйнап өзү апасына жардам бермек болду. Ал кирин бүтүп койгон экен, Жеңишбек шымалана тамак жасоого киришти.
– Жеңиш, сен жумушуңа барбадыңбы, уулум? — эне уулун карай суроо берди.
– Апа, жумуш токтоп калыптыр, башталса чыгам. Сиздин түйшүк тартканыңызга боорум ооруп жатат, балдарды багам деп сиз эле кыйналат окшойсуз, өзүм каралашпасам болбойт экен, — Жеңишбек зээни кейий апасын карады.
– Ээ, балам, силерди багып чоңойтком, өлбөйм мундан. Ушуларды чоңойтконго чамам жетет, ажалым жетип өлгүчө карайм.
– Алтыным апакем ай, жүрөгүң ушунчалык мээримдүү го?
– Эне жүрөгү өлгүчө балам деп согот уулум, силердин эле жамандыгыңарды көрбөсөм болду садага. Ушуларга жетимдин кийимин кийгизбей, жетимдигин билгизбей өстүргөнгө кудуретим жетээр бекен?
– Сиз аман болуңуз маңдайыбызда, ушулардын чайын ичиңиз. Жыргал бир-эки жылда чоңойуп калса жардам берип калат, — Жеңишбек апасына эркелей кучактап өөп алды.
– Кантет, бала болуп кетесиңби, сен эми төрт баланын атасысың, — эне күлүп калды, — Баса, баягы келин эмне болду? — дегенде Жеңишбек тайсалдай ары карап кетти, чындыкты айткысы келбеди:
– Апа, ал баланын кадырын билбейт го деп ойлоп атам, өгөйлүк кылабы? Өзү балалуу болбоптур, күйөөсүнөн төрөбөгөнү үчүн ажырашыптыр, балдарымды кордоп койобу деп ойлоп жатам.. . .
– Кайсы аял болсо да энелик жүрөгү болсо, балага жаман айтпайт. Чанда аял болот мерез, таш боор, андайлар өз баласына да мээримин төгүп сүйө албайт балам, ойлонуп иш кылганың жакшы, — деп эне ойлонуп калды.
Ошол бойдон ар кимиси өз ойлору менен алышып отуруп, жатууга кам урушту. Жеңишбек балдарынын кирин жууп, тамагын жасап, үйдө болуп апасына жардам берип жүрө берди.
Бир жолу Кемелбай аялы экөө келип калды. Белеги күлүшүп калыптыр. Кемелбайдын аялы бойунан түшүп калгандан кийин төрөбөй калган. Белек деп да ошол койгон баланын атын. Жеңишбек баланы колуна алып ичтен сызып, көзүнө жаш тегеренип кетти. Жамийланын арбагына багыштап куран окугандан кийин жээндерин көрүп, анан кайра кетишти..
Умсунай дагы күйөөсү экөө кез-кезде келип-кетип турушат.
Жеңишбектин балдарынын алды мектепке жаңы барды. Баяман абдан зээндүү, мектепке киргенден баштап эле жакшы окуй баштады, үйдө инилерин карап ыйлатпай ойнотот. Жеңишбек анын кийимин үтүктөп, сабагын окутуп кечке убара.
Карыган апасынын денсоолугу быйыл начарлап төшөк тартып көп жатчу болду, жашы жетимиш сегиздеги карыган адамдын дагы өзү кирип-чыгып, кичүү небереси Нариманды алдына алып отуруп, кээде анын шымдарын жууп, көтөрүп уулуна боору ооруп үшкүрүнүп жаратканга нааразы болуп кетет: «Калыстыгың жок тура жараткан, ушуларды томсортуп энесин алгыча, ичээримди ичип, көрөөрүмдү көрүп калдым эле мени албайт белең» деп ойлоп очор-бачар болуп, кыз берип, келин алган уулдары менен кыздарынын каттабаганына ичинен нараазы болуп отурду. Улуу баласы Адылжан кызын берип, келин алганда да апасын катарга алган жок, эки кызы анда-санда келет да, конок болуп кетип калат. Ойлонуп отуруп Жеңишбекти карады:
– Уулум, Адылжанды, Шарапатты, Камилжанды, иийии дагы Марапатты чакыр, алар менен сүйлөшөлүчү, — деп ойлуу сүйлөгөндө Жеңишбек чочуп алды:
– Эмнеге апа, аларды барып эле келбесем кантип чакырам?
– Барып кел, аларга айтаар кебим бар.
– Ма-кул.
Жеңишбекке койнундагы катып жүргөн акчасынан алып чыгып берди:
– Жетеби жолуңа?
– Жетет, калганын катып кой апа, кыйналып калабыз.
Жеңишбек ошол күнү түштөн кийин эле жолго чыкты. Жолдо баратып ойлоду, чынында агалары менен эжелери эки жылдан бери бир да жолу каттай элек эле. Жадагалса Жамийла өлгөндө да келбеген: «мен бир туугандарыма аялымдын өлгөнүн сүйүнчүлөп барамбы? Неге алар каттабайт? Мен алардын эң кичүүсүмүн, жок дегенде бир кабар алып койушса болмок» деп ойлоп шаарга жетип мейманканага жатууну ойлоп, кеч болуп калгандыктан түнкү ондордо мейманкананын эшигин чертти.
– Эмне керек? — деди администратор аял.
– Эжеке, түнөп алганга орун барбы?
– Орун жок, баары толук!
– Эже, мен Оштон келдим эле, бир түнгө акысын төлөйм, — Жеңишбек аргасы кете карап үмүттүү, — суранам эжеке, бир түнгө эле.. . — деп жалдырап атканда ары жактан жумуштан чыгып кетип жаткан Оморбай чыга калды, алар тааныш болчу.
– Сен кайдан түн катып?
– Тага, мен бүгүн эле келгем, агамдын үйүн эртең издейм.. .
– Үйгө жүрү, мейманканада эмне кыласың, үй бар кудайга шүгүр. Кандай бала-чака, үйбүлөң аман-эсенби, жээн жакшы жүрөбү? — Оморбай эч нерсе укпаган эле, ойунда эчтеке жок сурап жатты.
– Жакшы, — Жеңишбек аны менен катар баратып бош жооп берди.
– Мейли, калганын үйгө барганда сүйлөшөбүз, — Оморбай мейманкананын алдындагы машинага отурду, — кеттик!
Экөө үнсүз үйүнө келди. Жашоолору бир топ оңолуп калган, Оморбай Жамийланын бир тууган тагасы экенин билчү, бирок Жеңишбек ага айта албады. Гүлсара аны көрүп сүйүңкүрөбөй калды. Бирок ал баякыдан оңолуп калган, анда азыр баары бар, үйдөн чыкпайт, балдарын карап гана баарына көнүп берген.
– Келгиле, — деп койду Гүлсара.
– Кана, сүйлө, жээним жүрөбү, иштериңер кандай, балдар чоңойуп калдыбы? — Оморбай жээн күйөөсүнө үстү-үстүнө суроо берип атты.
– Тага, балдарды өзүм эптеп багып атам, апам карып калды.. . — алыстан сөз баштаган Жеңишбекке таңдана карады Оморбай.
– Жамийла экөөң эмне, ажырашып кеттиңер беле?
– Жок-жок, тага, анын өлгөнүнө тогуз ай болбодубу, уга элексизби?
– Эмне-е?
– Ошондой тага, төрөттөн кийин өзүнө келалбай калды, балдарды мен ошентип жалгыз.. . .
– Оо кагылайыным ай, эжем барында мойнума көтөрүп баккан кыз эле.. . — Оморбай ыйлап алды, — катышпасак ушул тура, — деп куран окуду, — жаман болгон тура, — ойлуу, анан кайра Жеңишбекти карады, — биякка эмне жумуш менен келдиң эле?
– Адылжан агам, Камилжан агам, эки эжем биерде эмеспи, апам аларды «чакырып кел» деп жиберген.
– Аа, айла жок экен да ажалга, жездем бардыбы?
– Ооба, жаңы төрөлгөн баланы алар алып багып атат, атын Белек деп койушкан.
– Оо шордуу, кыз деп чанып жүрүп акыры баш ийген экен да тагдырга. Ал жаш аял алды деп уктум эле, ал төрөп бердиби?
– Жок, биздин баланы багып алышты.
– Туура кылыптыр.
Оморбай Жеңишбекти аябай сыйлады, экөө отуруп коньяк ичти, айтылбаган сөздөр калбады, эжесин эстеди Оморбай. Жатаарга келгенде ага залга төшөк салып берди. Эртеси өзү ээрчитип дарек бойунча Адылжандын үйүнө жеткирип барды, ал аны таанычу, коңшулаш айылдык болгондуктан Адылжан экөө көргөн жерде учурашып калчу. Катышчу эмес. Жеңишбекти жеткирип жумушуна шашып кетти. Агасы Адылжан инисин көрүп тайсалдап калды:
– Жеңиш, капа болбо, укканбыз, бирок баралбай эле.. .
– Макул аке, батага барбадың, апам карып калды, акыбалын көрүп койсоңор болот беле? — Жеңишбек таарыныч кыла агасын карады.
– Ырас, барсак болот эле, кол бошобойт. Жеңеңдин кызматы да өтө оор, бир күн үйдө болбой, балдарды үйлөнткөндө да айта албадык, — Адылжан инисине күнөөлүүдөй башын сыйпалады, үйгө кир дебеди, экөө босогодо туруп сүйлөшүп жатты.
– Апам ооруп атат, баарыңарды көрсөм дейт, көзү барында көрүп, сөзүн угуп калгыла, эжемдер менен Камилжан акеме да айтып чогуу баргыла, мен баарын кыдыра албайм, балдар менен кыйналып калат апам, жол кирем дагы ченелүү.
Жеңишбек артына карай бурула берди, бир тууган агасынын үйгө кир дебегенине ичтен нааразы болуп кетип баратканда Адылжан:
– Жеңиш, капа болбой кет, жеңең да үйдө эмес эле, мен баары менен кеңешип анан барып калабыз, — деди кошо басып узата, — апамды чогулуп көрүп келебиз.
– Өзүңөр билгиле, баарыңарды эле мен сыяктуу баккан, силер мерез болуп кайдан чыккансыңар? Мен үчүн эмес, силерге мээримин салып чоңойткон адам үчүн бир баруу парзыңар!
Жеңишбек ылдамдай басып алыстап кетти. Ошол күнү кайра үйүнө кечке маал жетип, апасынын ооруп жатканын көрүп күйпөлөктөп дары-берип, ысык чай ичирип жанында балдары ачка ыйлап атыптыр, аларга тамак жасап берип, эки күндөн бери Наримандын булганган шымдарын жууп жаны тынбады. «Кокус апам өлүп калса эмне кылам? Кандай болсо да үйгө бир аял керек экен, аял деген аял да, апамды караганга» деп ойлонуп отурганда эки-үч досу келип калды.
– Ал кандай дос, сенин ал-абалыңды сураганга кол бошобой эле, тиричиликтен чыга албай атабыз.
– Эч нерсе эмес достор, эптеп күн өтүп жатат. Балдар жаш болуп бир аз кыйынчылыктарды тартып атам, апам да ооруп.. . .
– Жеңиш, сен үйлөнбөйсүңбү? — деди Шухрат.
– Кимге достор, төрт балалуу эркекке кайсы аял тийгени турат дейсиң? — Жеңишбек жылмая карады досторун.
– Жеңиш, биздин классташыбыз Жүрсүндү билесиңби? Ал күйөөдөн чыгып кеткенине көп болду, биз аны көндүрүп атабыз, анын баласы жок, өзүң дагы жолуксаң.
– Макул, жолугуп көрөйүн, — деди Жеңишбек.
Алар көпкө отуруп, анан кетишти. Жеңишбек ойлонуп калды: «Жүрсүндү билем, өтө текебер эле, балдарыма өгөйлүк кылып кызыма жаман мамиле жасаса кантем? Үч эркек, бир кызым болсо.. Жалгыз кызыма тили тийбей, апамды жакшы караса болду эле» деп жата берди.
Эртеси Шухрат менен Азат келип калды. Жеңишбек алар менен бирге Жүрсүнгө жолукканы барып сүйлөшүп көрдү. Шухраттар аны эбак эле көндүрүп койгон экен, ал Жеңишбекке аялы өлгөнүнө көңүл айта жубатып атты. Сөз бүтүп достору аны үйгө ээрчитип келди, ырым-жырымын жасап нике кыйдырмак болуп, кой сойулуп жатканда Адылжандар келип калды. Алар келип энеси менен учурашып, Жүрсүнгө жоолук салып той кылып жиберишти. Баяманды көрүп, Оморбай ары-бери басып кучактап алып ыйлап ийди, ал Адылжандар менен чогуу келген эле.
– Айланайын десе, Жамиштин өзү экенсиң го, апаңа окшош болупсуң.
– Апама окшошомунбу, аба? — Баяман эс акылына кирип калганга Оморбайды маңыроо карады, — апамды көмүп койушпадыбы? — көзүнөн жаш куйулуп кетти.
– Кой ыйлаба, Баяман, адамдар төрөлөт, өлөт, ошондой жашоо.. . .
– Чоң апам жаманбы?
– Жо-ок, — Оморбай жооп таба албай баланы колунан ала үйдү көздөй жетелеп жөнөдү, — жүрө гой, үйгө кирели.
– Апамды сагындым аба, атама айтпайм, ал ыйлайт да.
– Туура кыласың, сен чоң жигит болуп калган турбайсыңбы.
– Мен жакшы окуп жатам, чоңойсом апамдын сүрөтүн мүрзөсүнө койом.
– Азамат, сен акылдуу жигит экенсиң.
Аларды Адылжан тосуп алды:
– Оморбай кайда жүрөсүң, бир заматта таппай калдык.
– Жээним экөөбүз сүйлөшүп жаттык.
Оморбай күлө карап үйгө кирди. Жеңишбек ыңгайсызданып аны менен учурашып төргө өткөрдү. Эжелери инисинин алдында күнөөлөрүн сезип баарын даяр кылып, кечирим сурап атышты. Бул кезде энеси жакшы болуп калаган болчу. Келген эл тарап, Жеңишбектин достору кеткенден кийин чогуу отурганда, апасы:
– Балдарым, мен карыдым, эчкинин жашындай жашым калды, бири-бириңерге мээримдүү болгула. Жеңиш минтип.. . — деп баратып чай куйуп отурган жаңы келинин карап токтой калды да, сөзүн башкага бурду, — силер буларга улуу ага-эжеси катары баш-көз болуп ачына айланып, тогуна толгонуп көз салышыңар керек. Мына, эки жылдан бери бир келип ал-абалыбызды сураганга жарабадыңар, бир жатынды тээп чыгып, бир казандан аш ичип, бир төшөктө чоңойдуңар эле, кокус менин көзүм өтүп кетсе Жеңишти жалгызсыратпай караан болуп, ынтымак менен ызаат-сыйымды кылгыла!
– Кантип эле Жеңишти жалгыз калтыралы, азыр күүлүү элесиз го апа, андан көрө.. — деп барып Адылжан ини-карындаштарын карады.
– Ооба балам, сен сүйлөй албайсың, неберелерим мени тааныбайт, келин күттүң, күйөө балалуу болду деп уктум, биринин да сыйына чакырбадың. Же эне болуп төрүңдө отурууга татыктуу эмесминби?
– Кечир апа, ошого мүмкүнчүлүк жок.. .
– Тирүүчүлүктүн өзү машакат, адам өзү табыш керек ар бирине убакытты. Эмнеси болсо дагы аман болгула, колуңдан келсе неберелеримди, уул-келиниң менен кыз-күйөөңдү көзүм тирүүсүндө алып келип көрсөт. Өзүң неберелүү болдуң, өлсөм чөбөрөмдүн ич көйнөгүн бетиме жапкыла, — деди эне улутуна. Келини Бактыкан кайненесин жактыра бербей жүзүн үйрүп терс карап отурду. Эки келини тең кайненесин жаман көрчү. Балдары ар убак келсе аялдары жок өздөрү келип кетчү. Кийин такыр каттабай калышкан. Баарын байкап турган эне кыздарына карады, — Кыз энеге жакын болот дечү эле, силер мерез болдуңар, бир басып келип ал-абалымды көргөнгө жарабадыңар. Мына баланы да көрдүңөр, сен Шарапат мынча катуу болдуң энеңе, жаман сөз айтып, эски кийим кийгизген жок элем. Атаң экөөбүз бешөөңдү тең алчаңдатып эчтекеден кемитпей бактык, өлөөрүмдө мен дагы сыйыңарды көргүм келет, маңдайым жарыла сүйүнгүм келет, үңкүйүп качан кирип келээр экен деп күтүп жүрүп күнүм өтүп баратат.. .
– Апа, кечирип кой, биз күнөөлүүбүз, мен өзүм алып келем неберелериңди, сөзсүз алып келем, — Камилжан апасынан кечирим сурап атканда аялы Үмүт аны акырая карады:
– Жумушуңдан калып жолдо жүрө берет белең?
– Чын эле жумуштан калып калам, — Камилжан аялынан өтүнө албай жер карап калды, — сизди шаарга алып кетсек кандай болот? Баарыбыздыкына кыдырып айылдап келесиз.
– Кызык экенсиң, шаарга алып барганда үйдө жалгыз калса карыган киши эмне болот, сөзсүз бирөө караш керек болот.
– Апамды биз алып кетели, эжем экөөбүздүкүндө жүрүп келсин, — деди Марапат.
– Ой, балдарыңдын баары орусча өсүп калган, карыган немени алар кыйнап койот, андан көрө келип эле турганыбыз оң, — Марапаттын күйөөсү чыга калды ортодон, — Алар үйдө болушпайт, биз да жумушка кетсек, үйдө кары кишини ким карайт?.
Марат аялына жини келе айтканда, Адылжан аялына жал-жал карай сүйлөдү:
– Болду, баарың ажылдай бербей, мен өзүм алып кетем. Үйгө барып небере-чөбөрөлөрү менен таанышып сый көрүп, кудалары менен жолугуп жүрүп келет!
– А сен өзүң билип койдуңбу, кеңешпей туруп чечкидей сага ким уруксат берди? Мен карыган кишини үйүмө алып бара албайм!
– Эмнеге, мени төрөп багып, ушул эрезеге жеткирген энем үчүн мен эчтеке кылалбаймбы, же менин үлүшүм такыр ал үйдө жокпу?.
Адылжан аялы экөө уруша баштаганда эненин жүрөгү сыйрыла минтти:
– Урушпагыла балдарым, мен силерди түшүндүм. Балдарымдын бечара болуп калганы мага өкүнүчтүү, мен эч кимиңердин үйүңөргө барып түйшүк салбайм, ушул жерден өлсөм өлүгүм чыгат. Жеңишим аман болсо көмүп койоор, аман болгула, — эне көзүнүн жашын сыгып алды..
Эч кимиси үндөгөн жок, эч кимиси чече алышкан да жок, не кыздары, не уулдары унчукпай, кеткенге ашыгышты. Бирок карынын «кенже уулум көмүп койор» деген тилеги да ишке ашпаган сөз бойдон калды.. .
Жеңишбек Жүрсүнгө үйлөнгөндөн кийин жумушка кирип иштей баштаган. Арадан үч ай өттү, күндө үйүнө келсе балдары мотураңдап кийимдери таза, ууртунда күлкү жайнап тосуп алат. Апасынын көңүлү да тынып кабагы ачык, чай-тамагы даяр. Жеңишбек досторуна ыраазы болуп алды: «кой, мен ошолорду жакшылап сыйлап койойун, менин бактымды ачты» деп ойлоп үйүнө келди. Ошол күнү достору менен чери жазылганча көңүл ачып түнү менен отурушту, достору Шухрат менен Азат аялдары менен келип Жүрсүн экөөнүн бактыларына арнап жүздөн ичип отуруп кызып калып жатып калды. Эртеси да улантты. Үч күндөп ичишти. Бир жумадай оңоло албай жатып, анан жумушка чыккан, кабатка чыгып иш кылмак болуп аткан, жанындагы жигит бирдемеге жумшаганынан бара койом деп ойлоп бурула бергенде буту тайып кетип учуп кетти. Жерге башы менен тийип, ошол эле жерден жан берди. Эрте менен жумушка кеткен Жеңишбектин түшкө жакын сөөгүн алып келишти.
– Оо кагылайын кулунум, мени көмүп топуракка салбай кантип кеттиң, балдарыңды жалдыратып кимге ишендиң, коку-уй! — деп эне боздоп атты.
– Жеңиш, сен мени неге таштап кеттиң! — Жүрсүн ого бетер сыздап ыйлап жатты. Баяман эсине кирип калганга анын үстүнө жыгылып чыркырап:
– Ата-а, бизди кантип таштадың, биз эми кантебиз, кимге жалдырайбыз, үү-үү-үү! — деп ыйлай берди.
Туугандар баланы ары алып кетишти. Бир туугандарына кабар берген менен эч кимиси келбей калды. Акыры үчүнчү күнү жерге берип, зыйнатын кылып куран түшүрүп койушту. Аруужан эне күйүттөн өйдө боло албай калды. Жүрсүн каралуу отуруп кайненесин карап, балдарды карап тажап бүткөндөй эле болду. Аруужан эне ордунан туралбай жаткан жерине бейшептеп койчу болгондо ого бетер кыйналып, кеткиси келип, араң чыдап: «төрөгөн балам болбосо, же жанымда эрим болбосо, эмнеге жүрөм? Карыган кемпир, жаш балдарды багып жаш өмүрүмдү өткөрөмбү? Эптеп кыркы өтсө.. » деп ойлонуп жүргөндө бир туугандары келип, ызы-чуу болуп калды.
– Эмнеге учурунда айтпайсыңар? — Шарапат менен Марапат ыйлап отуруп айтышты.
Аруужан эне ары караган бойдон аларга карабай койду. Уул-келиндери алып келгендерин жайып куран окутуп, мүрзөсүнө агалары барып келишти. Эми алардын жүрөгүн өйүгөн үч бала менен кары кемпир болуп турду. Бирок эч кимиси алып кетүүгө даабады, кыздары деле үндөгөн жок. Балдары өздөрүнчө кеңешип алмак-салмак бакмак болду. Аялдарына айтты эле, Үмүт менен Бактыкан:
– Ай алып кеткенде эмне, бүгүн-эртең өлө турган немени шаарга алып кетпей эле ушул жерден көз болуп турсак болот да, — Бактыкан абысынын карады.
– Ошо да, жаткан жерине сийип-чычкан кемпирди кантип алып кетмек элек, үйдүн баарын сасытып, — Үмүт мурдун чүйрүп алды.
– Силерди эркек уул дейт, карагыла апамы, кыздын төрүндө болгуча, уулдун улагасында болгон жакшы эмеспи, — Шарапат инилерине карады, — өлсө ызаат-сыйын кылаар силерсиңер!
– Эмне, силерди баккан жок беле, килейген үйүңөр турат, бир бөлмөңөргө жаткырып тамак берип турсаңар болот да.
– Кыз болсок да ушул убакка чейин кайын журтум апамдын бар экенин билбейт, эми алып барсам уят го өлөөрүндө.
– Биз деле апабыздын бар экенин айткан эмеспиз, уят болобуз да эми, бирибиз алып кетпесек жаш балдар менен калып калса элге уят болобуз, наалатка калабыз. Ары айтып бери айткан менен эч нерсе кыла албады. Булардын сөзүн угуп турган Жүрсүн жини келип атты: «буларга керек эмес эненин мага эмне кереги бар, кыркы өтсө мен деле кетем, бирөөнүн баласын баккандан эмне тапмак элем, мага десе үйүндө калып өлсө кандай ишим бар» деп ойлоп турбай дагы койду. Өздөрү жасап ичип, бири-бири менен урушуп талашып жатты, же чече алышпайт.
– Сиздер апамдын тагдырын чече албай жатасыздар, а балдарды ойлоп дагы койбодуңуздар, мен аны эмне кылам? — деди Жүрсүн бир убакта баарын карап.
– Чын эле, үч баланы эмне кылабыз? — деди Адылжан бир туугандарына бурулуп.
– Балдарды жетимдер үйүнө өткөрүп берип койуш керек, — деди Бактыкан оозуна.
– Кантип, бир туугандарыбыздын балдарын жетимканага бергидей эч кимиси жок беле? — Камилжан чок баскандай секирип кетти.
– Намыстансаң сен алып бак анда! — Үмүт көздөрүн акшыйта эрин карады, — болбосо калып баарын бага бер!
– Камилжан, чын эле балдарды балдар үйүнө тапшыралы, — Адылжан инисине карады.
– Оо, эми туура айттың, — Бактыкан күйөөсүнө жасакерлене жакасын оңдоп, — апамды карылар үйүнө жеткирип койолу?
– Таптакыр эле адамдык абийириңер жок тура, өз энеңерди карылар үйүнө жеткиребиз дегенден уялсаңар боло, — Жүрсүн аларды жийиркеничтүү карады, — аз жашасам да Жеңишбектин арбагын сыйлап апамды өзүм карайм, сиздер бара берсеңиздер болот, балдар дагы мени менен болот!
– А сен муну ойлонуп айтып жатасыңбы? — Бактыкан уялгандын ордуна ага жакындай, — эгер жакшылап ойлосоң анда биз сени баардык жагынан колдойт элек, кыскасы апамды кыйналбай бир жерде болсо дегенибиз да, — куйтулана калды, — карыган киши жолдо кыйналып калат го?
– Силердей уул-кыз төрөгүчө баласыз өткөн өйдө тура. Мээримсиз, боору жок болуп калган баланын барынан жогу!.
Жүрсүн эшикке чыгып кетти. Не кыздары, не балдары үн ката албады. Ошону менен сөз бүтүп унчукпаган бойдон өз жолдору менен кетти. Жүрсүн ичинен сызып кала берди. Кетээринде Адылжан менен Камилжан экөө столдун үстүнө он миң сом таштап кетишти. Аруужан уул-кыздарынын сөзүн бүт укту. Өлөйүн деп өлө албай, Жеңишбектин кайгысын көтөргөнгө чамасы жок, алсыз жаткан жеринен ансыз да соолуп бараткан чөлдүн түбүнө окшоп чүңүрөйүп ары кирип турган көздөрүнөн сызылып жаш агып жатты: «Аттиң, ушуларды кандай кылып бактым эле? Окуттук, үй десе үй алып бердик. Кыздарымчы.. Эл бербеген септи бердик, акырында угаарым ушул болду» деп ойлонуп жата берди.
Жүрсүн шымаланып өз ишине киришти. Аруужанды отургузуп ысык чай берип, эки жагын кымтылап койуп, анан балдардын кардын тойгузду: «Ушул балдарда эмне күнөө, жараткан ай, деги пендеңди ушунча да мээримсиз кылып жаратасыңбы, өз энесине жакшылык кылбаган кимге жакшылык кылат? Байкуш Жеңишбек абдан боорукер эле, өмүрү кыска экен да-а. Балдары кийин мага боор береби, сен өгөйсүң деп басып кетсе канттим, өзүнүн балдары минтип атса?» деп ойлуу жатып алып кийинки тагдыры жөнүндө толгонуп: «Же кетип калсамбы, төрөгөн балам болбосо жүрө бергеним болбос, а төрөгөн аялдын көргөн күнү ушулбу?» Бирок ал ой түбүнө жете албай акыры биротоло калууга мажбур болду.
– Балам, — деп Аруужан аны түндө ойготту, — балам, мени эшикке чыгарчы.
Араң сүйлөгөн кайненесин тура калып, сыртка жөлөп-таяп чыгарып алып кирди.
– Апа, кичине тамак жеп аласызбы же сүт берейинби? — Жүрсүн эңкейе сурады.
– Мейли кызым, берсең берчи, өлгөндүн артынан өлө албадым, сага дагы жүк болдум, балам.. .
– Эмнеге апа, сиздин мага оорчулугуңуз деле жок, андан көрө тамактан ичип турсаңыз жакшы болуп кетесиз.
Келин светтерин күйгүзүп тамак ысытып алып келип, кармаганга каруусу жетпеген карыга өзү ичирди.
– Кудай жалгасын кызым, өмүрлүү бол, жамандык көрбө, бактылуу бол садага!.
Аруужан колун жая бата берип кыңкая кетти. Уул-кыздарынын сөзү анын кулагында турду, жаңырып жатты: «Балдарды жетимканага, апамды карылар үйүнө жеткирели» дегени. Сызылып көздөрүнөн жашы куйулуп жатты: «байкуш балдарым, бечараларым ай, аялыңардын сөзүнөн чыга албай? өз энеңерди караганга, акыбалын билгенге кудуретиңер жетпей турган болуп жаралыпсыңар».
Ошол күнү Жүрсүн дагы уктабай чыкты. Балдардын улуусу Жеңишбекти ойлоп ооруп жатып калды, чарк көпөлөк айланып Жүрсүн аны карап жатты. Экөө али эч нерсе менен иши жок, карды тойсо торсоңдоп ойноп жүрө берет. Жүрсүн керээли кечке түйшүк тартып кир жууп, тамак жасап колу бошобойт. Кыркына жакын өзүнүн апасы келип калды.
– Апа! — Жүрсүн апасын кучактап ыйлап ийди.
– Ыйлабачы кызым, жүрү үйгө, кайненең жакшы элеби? — Саадат токтоо сүйлөп үйгө киришти.
– Жакшы эле, — Жүрсүн апасынын артынан басты.
– Кандай кудагый, акыбалыңыз жакшыбы?.
Ары карап жаткан Аруужан бери оодарыла онтолой үн катты:
– Жакшы айланайын, өлмөк белем, кудай да өзүнө керегин алат тура.
– Эми-и кудайдын бешенеге жазганын көрөбүз да, көтөрбөскө аргабыз жок, — Саадат кейий кудагыйынын жанына отура кетти, — Жеңишбекти бала күнүнөн билчү элем, ак көңүл, боорукер эле, өмүрү кыска тура.
– Кантейин.. . — эне буулугуп ыйлайын деп ыйлай албай көздөрү шоролонуп Жүрсүндүн жардамы менен өйдө болуп отуруп, — аргам жок кудагый, балдарымдын ичинен боорукери ушул эле, — деп үшкүрүнүп алды.
Саадат кейип-кепчиген кудагыйынын түрүн көрүп ичиндеги сырын айталбай көпкө отурду. Жүрсүн чайын койуп, тамагын асып сыртта жүрдү, энеси менен сүйлөшкөнгө убакыт таппай сыртта ойноп жүргөн Нариман менен Алиманды алып кирип отургузуп, анан аларга чай берип мээримин төгүп атты.
– Кызым, балдарың тартиптүү экен го? — Саадат күлүмсүрөй карап койду, анын жүрөгү сыздап турган: «өз баласы болбосо, баламды жөн эле кыйнабай алып кетейин, өзү да зорго жүргөндүр» деп ойлонуп жатты.
– Ананчы, ынтымактуу дагы, апасын эч качан капа кылбайт, — Жүрсүн кичинекейи Нариманды башынан сылап койду, алты жашар Алиман аларды жал-жал карап тим болду, — кызым абдан сонун кыз апа, тил алчаак.
– Кудагый, кырк ашын бергенден кийин Жүрсүндү алып кетейин, атасы мени ошого жиберди, кудайга шүгүр уучуңуз кур эмес.. . . — Саадат ушинткенде Жүрсүн кабак бүркөй апасына карады:
– Апа, мен бул балдарды таштап кете албайм, — Жүрсүн ылдый карай берди, — кантип, Жеңишбектин балдарын кароосуз койуп кантип жүрөм?
– Ботом.. . — Саадат сөз айталбай туруп калды.
– Апа, төрөбөсөм да аздыр-көптүр багып калдым, мен буларды жалдыратып койуп басып кете албайм!
– Мейли кагылайын, өзүң эле бил, — Саадат башка сөз айталбады, ичинен тынды, бейкүнөө ар кимисин карап отурган балдарды көрүп зээни кейиди, Баяман төшөктө жаткан, этинин ысыганы басаңдап көңүлү ачылып калган:
– Апа, сиз кетпейсизби? — деп башын көтөрө сурады.
– Апам кетпейт, — Алиман да ага карап койду.
– Апа, кетпейшиш аа-а? — Нариман аларга кошулуп койду.
– Мен эч жакка кетпейм балдарым, силерди таштап койуп кайда барам, — деп үчөөнү тең өөп чыкты, — силерсиз мен жаман болуп кетем го садагалар.
– Айланайындарым ай, ушу силерди томсорткон кудайдын да калыстыгы жок да, — Саадат шыпшынып отуруп калды.
– Садагаларым десе, апасынын жанынан чыкпайт, Жүрсүн да балага жакын кагылайын, — Аруужан келинине ыраазы болгонун жашырбады, — мен ыраазымын, эптеп жакшы болуп алсам үйдү, мал-келди, балдарды кошуп короо кинеге жаздырып койом.
– Эмне дейсиз апа? — Жүрсүн таңгала карап калды.
– Баарын сага белек кылам кызым, сен менин ак батама татыктуусуң, Жеңишбектин арбагын сыйлап отурасың, сен ак дилиң менен мени, неберелеримди өз балаңдай карап отурасың.
– Ыраазымын апа, мен арбакты кантип танып кетем, аз болсо да жашадым.. . — деп ыйлап ийди, — бирок мен баарын сиздин дүнүйө-мүлкүңүз үчүн эмес, арбакты сыйлап жасап атам.
Үнсүз отуруп калышты. Саадат да унчуга албады, бирок ушул мүнөттөрдө кызы жөнүндө жакшы сөздү угуп сыймыктанып да турду, эне-ата жаман бала үчүн сынса, жакшысы үчүн сыймыктанып башын өйдө көтөрүп басат эмеспи. Жүрсүн дагы ичинен кубанып: «Мейли, бүт өмүрүм өткүчө ушул балдарды багам, балким ушулардан көрөөрмүн» деп ойлоп атты. Тамак алып келип ортого койуп үнсүз тамактанышты. Ойун ачык, толук айта албай Саадат коштошуп үйүнө кетти. Айткандай эле Аруужан сакайып, кирип-чыкканы тың болуп калганда айыл өкмөтүндө иштеген коңшусун үйүнө чакыртты.
– Апа, чакырткан экенсиз, — деди Алижан карынын жанына отура калып.
– Ий-е балам, чакырттым эле. Мен карыдым, үйгө ээ болчу Жеңишим жок, эми дөкүмөнтүңө келинимди баш кылып, неберелеримди кошуп жазып кой, үй, дүйнө мүлктү да, мал-келди бүт ушу келиндин наамына өткөрүп кой, сенден бир өтүнөөрүм ушул, — деди.
– Макул апа, өзүңүз кол койосуз да?
– Койуп берем, көзүмдүн тирүүсүндө, эс акылым барында берейин, кокус тайып кетсем шаардагы балдар ээ болуп калышпасын, балдарды ким бакса үй ошонуку болот, — Жүрсүн чыгып кеткенде шыбырады, — кокус күйөөгө да тийсе каршы эмесмин, жаш немени кармамак белем балам.
– Туура кыласыз, мен мунуңузга кошулам, балдарды карап баккан адам баарына эгедер болууга тийиш, — деп Алижан коштошуп чыга берди.
Босогодон Жүрсүн табак көтөрүп келатып:
– Нан ооз тийсеңиз боло, чай ичиңиз.
– Жок рахмат! — деп ооз тийип кетип калды Алижан.
Жашоо өз нугу менен өтүп жатты. Аруужан күндөн күнгө алдан тайып баратты. Кыркы өткөндөн эки күндөн кийин балдары дагы келип куран окутушту. Кичүү кызы Марапат апасынан кечирим сурап ыйлап атты:
– Апа, кечирип кой, кааласаң келип багайын, балдарды багайын, — деди.
– Апа, эми сиз карып калдыңыз, бир топ эле мал бар, балдарыңа энчи кылып бөлүп бербейсизби? — деди Адылжан уяла койбой күлүп, — карыганда адам катуу болуп калат окшойт ээ апа?
– Атамдай ак көңүл эмес, апам Жеңишбекти эле жакшы көрчү, — дешип өздөрүнчө кужулдашып отурушту..
Аруужан үндөгөн жок, акылсыз балдарынын ушунчалык бечаралыгына боору ооруп турду.
– Акыры келип биз күйөбүз, башка ким күймөк эле? Апа мага бир жылкынын акчасы керек болуп жатат, уулумду окууга киргизейин дедик эле, небереңдин окуусу жакшы, — Камилжан апасын жандай отурду.
– Бул балдарды эмне кылам? — Аруужан аларды карады.
– Эми-и, аларга ушунча кетмек беле, азыр булар жаш, эмне коромок эле? Чоңойуп калса биз жардам беребиз да.
– Силер жардам бересиңерби балам, жетимканага таштап жардам бересиңерби? Экинчи мага мындай сөздү угузбагыла, баарына Жүрсүн ээлик кылат. Балдарды асырап бакканы, мени өз энесиндей карап отурганы үчүн ага мен ыраазылык менен өткөрүп бердим, мен өлсөм келбей эле койгула! — дегенде балдары бири-бирин карап калышты. Анан Шарапат:
– Ой апа, ал эмнең, бала-чакасы жоктой болуп кайдагы бирөөгө берип салгансың? Сенин көзүң өтсө бирөөнү киргизип алып балдарды чыгарып салбаса мага кел! — деди күйүп-быша.
– Мейли, мен өзүм да уруксат бергем. Өз балдарым мени багуудан баш тартып атса, балдарды жетимканага өткөрүп өзүңөр билгиңер келген да. Эми мени өз жайыма койгула, бүт өткөрүп, өкмөткө кол койуп берип койгом, — Аруужан ары карап жатып алды.
Ошондо кирип-чыгып жаткан Адылжан ага эңкейип:
– Апа, акылыңдан адашпа, биз турганда кечээ келген келиниңе бүт баарын бере салыш ойунчукпу? Өлбөсө балдар чоңойот да, тим эле ушулардын таламын талашып каласың, биздин балдарды чекесинен сүйүп койгон жок элең го?
– Балаңды адегенде көрсөтөсүңбү балам? Карыган немелердин микробу жугат деп бир жолу алып келген жоксуңар. Атаң куданын сыйын көрбөй, баласы жоктой жүрүп, сырын ичине катып арманда кете берди. Кана, кыз берип, келин алып айыл-апага жүзүм жарык болуп куда күттүмбү? Же чакырсаң, кайсы куданын сыйын көрдүк? Ата-энеңер туруп жетим баладай болуп талаадан үйлөнүп, бирдеке керек болгондо гана бизге келчү адатыңар силердин.. . — эне ыйлап атты, бери караган жок, — же бизди ата-энем дегенден арданчу белеңер, тиги өмүр бойу арак ичип жол-жолдо жатып калчу Жакыптын балдары ата-энесин машийнеге салып алып шаарга алып кетип, кайындарына алып барып, үйүнө конок күткөндө атаңдын өлбөгөн төрт шыйрагы калып үшкүрүнүп жүрүп өттү го? Жалганбы ыя?!.
Эч кимиси үндөгөн жок. Келиндери өздөрүнчө мурун чүйрө күйөөлөрүнө акшыя караганда алар күнөөлүүдөй жер карашты.
– Силер бечарасыңар балам, өз башыңарга ээ эмессиңер, азыр жашсыңар, денсоолугуңар чың, карыганда түшүнөсүңөр. Эми сүйлөөгө алым жок, ооруп турам, жылуу-жумшак өз үйүңөргө бара бергиле, өлөөрүмдө тынчыраак жашайын, — деди эне.
Кыздары калып, келин-уулу кетти.
– Апа, балдарыңды капа кылып кетирдиң, карыганда жөн жүрбөй бул эмне кылганың? Өлсөң ызаат-сыйыңды ошолор кылат, — Шарапат жүйүртө басып келип жанына отурду, — Марипанын баласы үйлөнгөн, аны биерге алып келип койолу дагы, балдарды карасын, сизди багат. Айтканыңдан кайтып кайтарып ал баарын. Элден уялсаң боло кечээ келген келинге мына мынча дүнүйөнү, малыңды өткөрүп койгонуң!
– Мээримсиз, мерез баладан көрө ысык-суугума чыдап аткан келинимдин мээнети бар. Балдардын милдетин алды, мени карап атат, эки өмүрдө ыраазымын Жүрсүнгө!
– Мен боз үйдү алып кетем, — деди бир кезде Марапат.
– Ошент, биздин дагы көз акыбыз бар, мен эшиктеги уйду алып кетем, — деди Шарапат жулкуна.
– Силер мени кыйнадыңар, силерге дүнүйө-мүлк керек экен го. Энесиңер, силер балаңардан ушуну көргүлө, балдарым. Жүрсүн, тиги айыл өкмөтүн чакырып кел, менин өз төрөгөн кыздарымдын кандай экенин көрсүн, керек болсо милийсаны чакыр! — деди эненин жини келе..
Ошондо Шарапат менен Марапат аны ордунан эле баса калышты.
– Карыганда жөн өлбөй алжыган экенсиң!
– Сендей энеден көрө энеси жоктордун жаны тынч!
– Өз колубуз менен өлтүрүп салабыз азыр! — деп Жүрсүн келгиче жулкулдатып ийишти.
Ээрчише кирип келген коңшулары көрүп, Аруужанды арачалап калышты.
– Жинди болдуңарбы? Эси жоктор десе, эчкиникиндей жашы калганда эмне кылып атасыңар?
– Силердин эмне ишиңер бар? Өз энебизди эмне кылсак өзүбүз билебиз, — Шарапат коңшу аялды түртүп ийди.
– Шерменделер, силердей кыздан көрө жогу жакшы, — ал аял нары боло берди.
– Уятыңар барбы деги, бул кемпирге колуңар тийсе мен силерди соттотом! — Алижан аларды экөөнү эки жакка алып ыргытты, — сыйыңар менен чыгып кеткиле!
– Сен кимсиң бизди соттоткудай, биздин ишибизге кийлигишкидей акың жок!
– Мен бул айылдын өкмөтүмүн, кары кишини кордоп атканыңар күнөө, азыр милиция чакырайын, — деп сыртка жөнөгөндө экөө тең унчукпай калды..
Алижан чыгып кетти.
– Шүмшүк, өлөөрүңдө балдарыңдан аянып эмне болоор экенсиң, — Шарапат булкуна кийине салып сумкасын алды да, — жүрү кеттик, өлүп кетсин ушул. Өлгөндөн кийин соттошуп алып алабыз, — деп экөө ээрчишип чыгып баратканда коңшусу:
– Капырай, Аруужан эненин ушундай кыздары бар беле? Мен Жеңишбектен башка баласы жок дегем, — деп калды.
Аруужан үнсүз отура берди, жүрөгү сыйрыла көзүнөн жаш куйула алсыз манжалары менен көз жашын аарчып атканда Жүрсүн чебелектеп жанына отура калып бетин аарчып, чыныга чай куйуп берди. Ошондон кийин Аруужан ордунан турбай калды. Врачтар көрүп анын нервден бузулганын айтып дары-дармек жазып берди. Өзүнүн ал-абалын түшүнгөн Аруужан тоодогу эки жылкысын, эки уйун алдырды да, эки уйу менен беш-алты жандыгын калтырып, калганын сатып, Жүрсүнгө «катып кой» деп буйрук берди. Боз үйүн кудасынын үйүнө жеткирип таштады.
– Балам, булардын баарын эмнеге ушинтип атам? Өз балдарымдан аямак белем, алар эми сага тынчтык бербейт, ошон үчүн аларга берээримди дагы берейин, сандыкты аччы балам, — деди — чалым мал саткан сайын алтындарды сатып алып бекитип койчу, «акчалай турса жок болуп кетет, бир кезде кереги тийет» деди эле, — деп колтугуна илген ачкычын алып берди, — үстүндөгүлөрдү ал, — деди. Жүрсүн карап туруп таң калды, колго тигилген баштыкты көрсөтүп, — Муну алып чык, — деди.
– Апа, мунда эмне бар, оор го?.
Жүрсүн баштыкты алып чыгып кайненесинин алдына койду.
– Азыр көрөсүң балам, — эне баштыктын байланган оозун чечип, андагы алтын билерик менен шакек-сөйкөлөрдү көрсөтүп, — мундан өзүңө жакканын, колуңа туура келгенин ал. Анан тигилер келсе ар бирине бирден бер. Бир жылкыны мага сойосуңар. Сен баш көз болуп төртөөнө бирден торпок берип кой, акча өзүңөргө керек болот, — деп чарчагандай үшкүрүнүп алды, — балдар кыйналбасын, балам. Жетимдин кийимин кийгизбе. Мен өлүп калсам баары келет, ошондо сен аларга унчукпай гана сыйлап жөнөт балам. Бергенимди албаса мейли, калганын өзүң бекит да, керегиңе жарат, — эне келинин жүзүнөн сылай, — ылайыгы келсе жалгыз жүрбөй күйөөгө тийип ал, мен уруксат бердим.. . — деди эле Жүрсүн чочуп кетти:
– Апа, сиз мага чоң милдетти тагып жатасыз, үч баланы кайсы эркекке кор кылам апа? Мынчалык болбосо бир жөн эле, эми мен Баяманды, Нариманды өз баламдай асырап өстүрүп үйлөнтүп, Алиманды күйөөгө бермейинче күйөөгө тийбейм, сизге ант берем! — деди кемпирдин колунан өбө, — сизге ыраазымын! — тура калып жүгүнүп жиберди.
– Ылайым жүзүңдөн күлкү кетпей, өмүрүң узун, өрүшүң жайык болуп, балдардын сый-урматына татыктуу бол, Омиийиин! — алакан жая бата берди эне.
– Айтканыңыз келсин, балдарды жер каратпайм!
– Ошент каралдым, ушу балдарды окутам деп чал канча малды сатты. Ар бирине үй сатып берди, арманы деле калган жок. Бир гана кызым Тахминаны көрө элексиң, ушуга кабар барбады окшойт. Кокус ошол кызды көрбөй калсам ага мына муну берип кой, — деп эне ийнин кага катуу үшкүрүнүп ийди, — анын дагы күйөөсү өлүп калып, башка күйөөгө тийип төрөп алыптыр эле, ошол укпады.. .
– Ал эже кайда жашачу эле?
– Бул эле Ошто турчу, биерден келип калмак, ошолор алыска кетип калган го?
– Кайда кетиши мүмкүн? — Жүрсүн таңгала карады.
– Маскөөгө кетсекпи дегендей болду беле-е, таң.. . . .
Аруужан дайындаганын дайындап, берчүсүн берди да, чарчагандай жатып калды. Жүрсүн ойлуу отуруп калды: «Алты баланын ичинен бир гана баласы күйүмдүү, боорукер болсо, бала төрөп багып эмне кереги бар? Мен асыраган балдарымдан көрөм, буйруса аларды мен өз баламдан артык кылып өстүрөм, тарбиялайм» деп өзү менен өзү сүйлөшүп атты.
Аруужан туралбай калды, Жүрсүн аны жаш баладай көтөрүп тосуп, жуунтуп, таза кийим кийгизип багып атты. Баяман экинчи класска окуп, кол аякка жарап калды, Алиман али жаш, Нариман болсо тили тактала элек. Тарткан түйшүктөрүнө кайыл боло Жүрсүн балдарды канаттууга кактырбай, кийимин кирдетпей, ыйлатпай багып атты..
Күн түш ооп калган, Жүрсүн дасторкондо чай ичип, Аруужанга сүт берип отурган, сырттан чаңырган үн чыкканынан жүгүрүп чыгып караса үчөө-төртөө бир аялды кармап келатыптыр: «кызы ушул окшойт» деп кайра кирип ары карап кошуп калды. Тахмина менен Ильяз бири-бирине көнүп, жакшы боло баштаганда Нооруз аны чакыртып алган. Ошол бойдон үч жыл жүрүп, кабарды кеч угуп, анан келишти..
Тахмина ботодой боздоп апасын кучактап калды:
– Апа, апакебай, Жеңиш кана апа, Жами кана? Мен укпай керең болдум, көзүм көрбөй калдым го?!
– Кантейин, аргам жок, айрылып калдым.. . — эне эмшиңдеп алды, — дайның чыкпай кайда жоголдуң? Тиги келин менен учураш, Жеңиштин аялы, — деди Аруужан Жүрсүндү көрсөтө.
Тахмина аны кучактап көпкө буркурап ыйлап басылып, өзүн карап турган үч баланы көрүп, аларга жетти:
– Көзүңөрдөн кагылайындарым ай, бешиктен белиңер чыкпай атып жетим калдыңарбы? Жазыгыңар кайсы эле, кудай ай!.
Кошо келген аяшы Гүлнара биринен сала бирин кучактап ыйлап аткан Тахминаны колтугунан алды:
– Кой Тахмина, өзүңдү да, буларды да кыйнап ыйлай бербе. Отур, куран окусун, — деди төшөккө алып барып.
Гүлнара өзү алып келгендерин жайып, Ильяз куран окуп киргенде гана ыйлаганы токтоду. Ильяздын жанында Гүлнаранын күйөөсү Кусмат:
– Өлгөн адамды тынч, бейиште болсун десеңер ыйлабагыла, көз жаш аларды бейпайга салат, — деди куран окулуп бүткөндөн кийин, — колдон келсе куран окуп туруу парз.
Аруужан кызы келгенге кубанып атты. Анын ордунан туралбай калганына зээни кейиген Тахмина көзүнүн жашын тыялбай отурду. Баласы ыйлап калды эле:
– Нурсултан кел, келегой, — деп колун созду Тахмина.
– Алып келчи, — Аруужан ээк кага баланы карады.
– Кел, келегой, Нурсултан, таенеңе келчи! — жанына келген наристени өөп-жыттап жылмайып алды эне. — Ээх кудай, ушунуңа шүгүр, ушуларга өмүр-жаш, бак-таалай бер! — деп өзүнчө тилек кылып алды.
Тахмина бир жума жүрдү. Аруужан ага кыздарынын кылыгын айтып берди, анан өзүнүн бере турганын берди. Ал албайм десе болбойт, акыры алды. Тахмина бир жумага чейин өзү карап, тосуп, жуундуруп атты. Жүрсүн ага көнө түштү. Ымаласы келип экөө сүйлөшүп, бирин-бири жактырып сырдашып калды. Келгенине бир жума болгондо Нооруз аялы экөө баласы менен келип таенесине учурашып, куран окутту. Аруужан аларды коноктоп, небере келинине белек берип узатты. Тахмина алар менен чогуу кетмек болду:
– Апа, эми тез-тез келип турам, үйгө барайын. Неберелериң бир аз акча менен келген, тамды оңдотобуз деп атат.
– Мейли садагаң, эмне болсо дагы элден калбай жаңылана бергиле. Кемибегиле, кагылайын.
– Ооба апа, үчөө кайненемде, аларга дагы барышыбыз керек, сагынып калышкандыр.
– Сагынбай анан, бала сагынат, ымандуу-ырыстуу болсун, ыманын тиле, балам!
– Ооба апа, жакшы тур, келип турам.
Тахмина келини менен коштошуп, инилерин өөп жолго чыкты. Аруужан эс ала түштү: «кудайга шүгүр, бир кыз, бир балама ыман бергениңе, жараткан. Баары эле аман болсун. Кантейин, менин кадырымды азыр билбесе, өздөрү карыганда анан түшүнөт» деп шуу эте үшкүрүп алды: «эми өлсөм арманым жок. Келиниме неберелеримди тапшырдым. Эстүү келин, сөзүмдү жерге таштабайт, ата-энеси жакшы адамдар тура. Ка-ап, уулумдун өмүрү кыска тура, экөө бактылуу болушат беле?» деп улутунуп кыйшайып жаткан жамбашы ооруп кеткенинен башка тарабына бурулмак болуп бурула албай онтолоп ийди. Эшиктен кирип келаткан Жүрсүн жанына келип:
– Эмне болду апа, тосойунбу? — деди.
– Жо-ок айланайын, жамбашым ооруп кетти, которуп койчу.
– Ий-и азыр апа, — Жүрсүн илбериңки кыймылдап арык кичине кемпирди оңой эле которуп жаткырды, — апа, бул кызыңыз сулуу дагы, аябай жакшы турбайбы? — деп күлүп калды.
– Ооба, ушу кызым дурус. Күйөөсү өлүп калган, бул дагы күйүттүү, балдары чоңойуп калды. Садагам, эмики эри менен ынтымактуу болсо экен.. .
– Жездем да жакшы киши тура, эжемди жакшы көрөт экен, — Жүрсүн күлүп койду.
– Ооба балам, жесирине карабай үстүнө кирип алган, кызымдын багына эле жолукса болду, — деп оор күрсүнө ойлуу унчукпай калды.
Анын улутунганынан улам Жүрсүн аяп, эшикке чыгып кетти. Томпоңдоп ойноп жаткан балдарды карап өзүнчө кубанып койду: «мен ушул балдар менен бактылуу болом, байкуштарым бир дагы бейбаштыгы жок, алтын эле балдар. Анан буларды киши кантип жаман көрсүн, өздөрү менен өздөрү жүрө берет. Бат эле мага да көнүп кетти, Жеңиш тирүү болгондо эмне» деп эшикте аларды көпкө карап туруп:
– Алима-ан, бери келчи! — деп колун булгады.
– Апа, — деп Алиман жүгүрүп келип аны кучактап калды.
– Кызым, быйыл сен окуйсуң, чоңойуп калдың, сен экөөбүз дүкөнгө барып келели, ээ?
– Макул апа.
– Сага эмне алып берейин, кызым?
– Китеп, дептер, анан сүрөт дагы тартканга альбом, түр калем алып бересиз, ээ?
– Ананчы, Баяманга дагы алып келип берем. Экөөбүз базарлап келели, атаңа куран окутканга аш басалы, — деп кызды бетинен өөп ээрчитип кирип кийинтип алды.
Өзү кайненеси берген алтындарды тагынып базарга жөнөөрдө Баяманга:
– Баяман, үйдөн алыс кетпе, апамды карап тур, макулбу? — деди.
– Макул апа, Нариманды алып кирип жанына отурайынбы?
– Ооба, жанында болгула, биз бат эле келебиз.
Жүрсүн Алиманды колунан жетелеп короодон чыкканда жолдо сүйлөшүп турган кошуналары аны карап калды:
– Бечара, өгөй балдарды татынакай кылып эри болбосо дагы багып жүргөнүн карачы, кайненесин да жакшы карап жатат.
– Ошону айтсаң, төрөгөн баласы болбосо, кетип эле калбайбы десең.
– Ой, мунун кайнатасы абдан күчтүү соодагер болчу, буларда байлык бар экенин билип калгандыр да, болбосо жөн эле жинди неме жүрө берет беле?
– Ырас эле. Баса, кайненеси үйүн, балдары үчүн баарын берген имиш, малы да бар булардын. Мал бакканга бирден жылкынын кулунун берип жайы-кышы бактырып жүрүшөт, керек болсо алышат. Деги, түбүндө бар да — деп бириси шыпшына кетти.
– Бул келин ошонун чекесин билип калгандыр да, азыркылар байлыктын чекесин билсе түбөлүк калып кала берет.
– Капырай, анан жаш өмүрүн бөтөн балдарды багуу менен өткөрүп ийеби, бечара? — жашыраагы элейе кемпирди карады.
– Ой анын бир билгени бардыр да, жөн жүрбөй калсын, — эңкейе ага шыбырады, — Аруужан ал тургай күйөөгө тийгенге уруксат бериптир.
– Койчу?
– Койбой эле, балдарды кор кылбай багып, каалаганыңдай жашай бер дептир байкуш, — экөө эриккенден бир топко чейин аны кеп кылып отурушту, — тигини көрбөйсүңбү, алтынды кош-кош тагыныптыр.
– Анан эмне, балдардын ата-энеси жок болсо, ушул багып атса, карыган байкуш ага кошомат кылып отурат. Мунун балдары Бишкекте кызматта иштешет, бирок басып келгенин көрбөйм, же үй-жайына караган жок, карамсыз балдары бар.
– Аа-а кокуй десе, — деп анан өз-өз жолдору менен кетишти.
Жүрсүн Алиманга окууга керектүү кийим-кече, Баяманга сумкасынан бери алып келип калды. Чынында Жүрсүндө арам ой болгон жок, тагдырынын жазганына кайыл боло, карынын сөзүн аттай албай макул болуп отуруп калган. Эчен ирээт ойлонуп бир жолу чечкен, үч баланын милдети чоң ишенич менен анын жонуна жүктөлгөндөй өзүн-өзү чыдоого түрткү берип эси-дартынын баары «алдыда эмне болуп кетээр экен» деген белгисиз тагдырында.
– Апа, жакшы эле жатасызбы? — деп кирээри менен кайненесинин жанына барды.
– Жатам кызым, жатам өлбөй эле, — Аруужан бери бурула келинине жылуу жүз менен карады.
– Антип айтпаңызчы апа, өлгөндө эмне, көрөөр күнүңүз бар да, көп эле өлүмдү ойлой бербеңиз.
– Ээ балам, эми мен серпилип көчөгө чыгып басмак белем. Ушу сексен жаштын кырында турганымда өлбөсөм да жүгүмдү артпай чыгып-кирип турсам болбойт беле, сага эле түйшүк болдум, балдарды караганың аз келгенсип мен дагы баладай болуп.
– Антпе апке. Сиз бар, ушу балдардын ырысы бар. Мен да сизге көнүп алдым, сакайып кетесиз, дагы жок дегенде он жыл жашасаңыз Баел бойго жетип калат.
– Аа-а садага, он жыл жүгүмдү салып түйшүк тарттырбай эле кете берсем болот эле.
– Алтыным апакем менин десе, кудайдын буйругуна көнбөскө чарабыз барбы? Көп жашасаңыз ал пешенеңизден, күнөөкөр боло бербеңизчи! — Жүрсүн кайненесин эңкейип өөп, эки жагын кымтылап, — жөлөнүп отурасызбы? — деди.
– Мейли, кичине өйдө кылып койчу, балам.
Жүрсүн аркасына жаздык жөлөп отургузуп койду.
– Азыр апа, балдардын да курсагы ачты го, мен бирдеме жасай койойун.
– Мейли өзүң билчи кагылайын, — деген эне келинине карап койду, боору ооруду: «Бечарам ай, жанда жок боорукер тура, менин балдарымдын сөзүн угуп эле калып калды, болбосо кармалаар эмнеси бар эле» деп аяп кетти.
Жүрсүн күндө эрте турат, үйүн жыйнап, эшигин шыпырып, анан чайын кайнатат, балдарды тургузуп, кичинекейин кийинтет, ар бирине мээримин төгүп эркелете жүзүнөн өөп, дасторконго ээрчитип келип тамагын койуп, Нариманды алдына отургузуп өз колу менен тамак берет. Андан кийин кайненесине тамак берет, чачын тарап, жоолугун оңдоп, эки жагына жылуулап жөлөнгүч койуп отургузат. Кирин жууп жайып, анан Алиманды окутуп тамга үйрөтөт, Баяманды окутуп угат. Алиман сүрөт тартканга жөндөмдүү, кечке сыр калемдери менен бойоп, сүрөт тартып, тамгаларды жаттап үйдөн чыкпайт. Бейчеки бейбаштыгы жок, айтканды илгиртпей аткарган сүйкүмдүү балдарды кээде отуруп өз балдарындай сезип кетет: «Өзүм төрөсөм деле ушундай болмоктур, жакшы чыкса сый-урматты ушулардан көрөөрмүн» деп ойлоп, үчөөнү карай ичи жылып алат. Анан калса Алиман абдан жылдыздуу, сулуу кыз боло турган. Баяман болсо Жеңишбектин эле өзү, сүйлөгөнүн, баскан-турганын жазбай тарткан. Ошол күнү үй жайган эле, чемодандарды ачып жайып жатып Жеңишбектин мурунку айалы экөө түшкөн сүрөтүн таап алды. Альбомдорун көрүп эле жүргөн, муну атайын бекитип койгондой кагазга оролуу экен. Аны карап көпкө турду, анан: «Сүрөттө эмне күнөө, чоңойтуп илип койойун, балдар сураса ал силердин апаңар деп ачыгын айтамын, ошондо бир сөз чыгаар бекен? Эгер ичинен бирдеме ойлошсо азыртан эле мага мойун толгой башташат, байкайын» деп ойлоп терезеге койду да, жумушун бүтүрүүгө ашыкты. Ойноп жүргөн Баяман кирип-чыгып жардам берип жүргөн, сүрөттү көрө койуп:
– Апа, бул атамдардын сүрөтү го? — деп сурады.
– Ооба балам, чемоданда экен.
– Ий-ии, — деп кайра чыгып кетти, эч нерсе деген жок, берки экөө түшүндө көргөндөй карап койгон деле жок.
Керээли кечке үйүн чыгарып жыйнап, кайра киргизип чарчаган Жүрсүн кечинде кайра тамак жасап баарын тойгузду. Анан Нариманды жанына алып жатып ойлонуп кирпик какпай таң атырды: «Отуздан жаңы аштым, ойноп күлө турган убагым, бир эркектин койнунда буралып жатаар кезим, анда неге.. . . жо-ок, максатсыз ойноп күлгөндөн эмне тапмак элем, андан көрө мойтойгон наристелерге колумдан келген тарбиямды берип адам кылып чоңойтсом, ошол менин утканым. Бейкүнөө наристелердин кай күнөөсү үчүн таштап кетишим керек? Кокус мен кетсем булар жетимдер үйүнө түшөт, анда кантишет? Мен өзүм ойлонуп жан дүйнөм тынч алалбай жинди болуп кетээрмин. Болбосо эч нерсенин кереги жок, апакебай. Башымдын гана азаттыгын сурап кете беришим керекпи? Жоок, анте албайм, мен адаммын, макулук эмесмин, жүрөгүм бар» деп эшикке жарык жайылып, күндүн нуру тоо башынан кылтая баштаганда бүт денеси оорлошо ордунан турду. Кайрадан көнүмүш жашоо. Убакыт күнүгө алмашкан менен, жаштыктын дагы бир күнгө кыярып баратканы айныксыз белгилүү дечи. Бирок бири бирине окшош күндөр, түйшүктөр, ойлор, адам баласы ойдун түбүнө жетмек кайда, жарым күндүк жашоонун кызыкчылыгы бүт өмүрдү алып тынаары белгилүү эмеспи. Жүрсүн азыр эч нерсени ойлогусу да келбей калды. Анын жүрөгүн өйүгөн бир гана санаа, ал: «ушул балдарга татыктуу тарбия бере аламбы?» деген күдүк ой, арбактын алдында кары кишиге берген анты.. . .

<<3 of 7>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!