Чакан бизнес идеялар

Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар

Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар

Төмөндө биз сунуштап аткан дүйнөдөгү эң бир кирешелүү он бизнес идеясынын бешөөсү америкалыктарга таандык. Калган бешөөсү Тайланддан тартып Германияга чейинки мамлекеттерде абдан популярдуу.

1. Муну Микеле Ферреро жетектейт, кирешеси 10 миллиард доллар
Ферреронун үй-бүлөсү Европадагы эң ири шоколад өндүрүшүн жетектейт. Учурда бул үй-бүлө сатык базарын Азиянын эсебинен толуктоодо, негизинен Кытайдан. Микель Монте-Карлодо жашайт, ал эми анын уулдары Бельгиянын атуулдары.

2. Бред Хьюз, 5.3 миллиарда доллар
Ага автоунаалар буюмдарды сактоочу камераны орнотуу идеясы таандык. Бреддин компаниясы АКШнын аймагындагы сактоочу камераларды жеткирүү тармагындагы ийгиликтүү ишкана. Компания Америка боюнча эки миң филиалдарын ачкан. Хьюз андан тышкары кайрымдуулук ишмердүүлүгүндө да белгилүү, ал негизинен лейкемия оорусунан жапа чеккен балдарга каралашат.

3. Ральф Лаурен. Кирешеси 5 миллиард доллар
Анын идеясы күлкү келтирерлик – кадимки жектеге жылкынын сүрөтүн чаптоо. Аны 50 долларга баалайт. Андан соң товардын кантип сатылып атканын баамдоо. Ральф – орум эмигранттарынын уулу. 1967-жылы бизнес-мектептеги окуусун таштап, өзүнүн поло-долбооруна 50 000 доллар карызга алган. 1994-жылы Ральф компаниясынын 28% акциясын 138 миллион долларга саткан.

4. Жефф Безос – кирешеси 4,4 миллиард доллар
Идея – Интернет аркылуу китеп сатуу. Amazon.com порталынын бүткүл дүйнөгө атагы чыккан түптөөчүсү. Аталган портал дүйнө жүзүндөгү бирден бири китеп менен соода кылуучу белгилүү ири портал. Жефф Техаста чоңойгон, 30 жашында жашоосун өзгөртүүнү чечип, Интернет аркылуу китептерди сатыкка чыгарган. Жеффтин биринчи офиси Сиэтл шаарындагы гаражда жайгашкан. 1997-жылы миллиардерге айланган.

5. Тай Уорнер. Кирешеси 4,5 миллиард доллар
Анын идеясы – жагымдуу ысымдары бар жумшак оюнчук мамалактарды сатуу. Аны абдан аз санда чыгарган, анткени, оюнчуктар коллекцияга кетишин каалаган. Бинни жумшак оюнчук мамалактар 1986-жылы базарда пайда болгон, дароо эле калк арасында популярдуулукка жетишкен. Долбоорунан түшкөн кирешени Уорнер кыймылсыз мүлккө салган. Нью-Йорктогу эң кымбат отель Four Seasons Тай Уорнерге таандык.

6. Калео Ювидиха, Дитрих Матешиц. Тайланд, Австрия. 3.1 миллиард жана 3 миллиард доллар
Идея – спортчуларга жана түнкү дискотеканын сүйүүчүлөрүнө энергетикалык суусундуктарды чыгаруу. Метешиц менен Ювидиха дүйнөгө таанымал Red Bull – В витамине бай суусундугун ойлоп табышкан. Бул суусундук сатыкта жыл сайын 3,5 миллиард долларлык кирешеге жеткен.

7. Марио Моретти Полигатто. Кирешеси – 3 миллион доллар
Анын идеясы таманында бир нече майда тешикчелери болгон бут кийимдерди өндүрүү. (Тамандагы тешикчелер атайын мамбрана менен билгизбестен жабылган). Бул жаңычылдык көптөгөн адамдарды буттун жыттанып кетүүсүнөн жана терден куткарган. Марио Geox shoes компаниясын ачкан. «Дем ала турган бут кийимди» өндүрүү идеясы 1994-жылы, Марио Неваданын тоолорунда саякаттап жүргөндө пайда болгон. Күн абдан ысык эле, буту тердегенден батинкесинин таманынын бир нече жерин тешкен. Ошондон улам, бул нерсе бутка ыңгайлуу экенин байкап, мындай түрдөгү бут кийимдерди чыгарууну чечкен.
Марио бир убактарда идеясын Niike компаниясына сатууга ниеттенген, бирок алар жаңычылдыкка кайдыгер карашкан. Кайра жакшы болбодубу,Марионун фирмасы бүгүнкү күндө жылына 16 миллиондон ашык жуптагы батинкелерди сатат. Туруктуу кардарларынын арасында кадимки Рим Папасы да бар!

8. Жеймс Дайсон, Англия. Кирешеси 1,6 миллиард доллар.
Ага даңылдаган добуш менен чаңдарды соруп алуучу чаңсоргучту ойлоп табу идеясы таандык. Ал ойлоп тапкан аппарат бир эле убакта чаңды да, таштандыны да соруп, башка жакка ыргытат. 2009-жылыДайсондун DC12 үлгүсүндөгү чаңсоргучу Японияда абдан көп сатылган, анын айынан жергиликтүү өндүрүшчүлөр бир топ кирешеден куру калышкан.

9. Поль менен Ханс Райгели, ФРГ. Кирешелери бир жарым миллиард доллар
Алардын идеясы ар кандай өлчөмдөгү жана формадагы таттуу конфеттерди өндүрүп соодалоо.

10. Говард Шульц. Кирешеси– 1.1 миллиард доллар
Идея – Американын бардык аймактарына кофе дүкөндөрүн орнотуу. Азыр Говард –кофе каролу, Starbucks кофе тармагынын ээси. Анын компаниясы 12 миң кофе сатуучу жайларды жетектейт, алар жума сайын 40 миллион америкалыктарды тейлешет.

Эгер сизге бул тандалма жакса, анда 2011-жылдагы эң бир оригиналдуу бизнес идеяларды да окуп чыгуу кызыктуу болсо керек. Биз төмөндө сөз кыла турган бизнес идеялар кожоюндарына миллион долларлаган киреше алып келишкен. Андан тышкары 2013-жылдагы он мыкты бизнес идеяларды да сунуштайбыз. Аларды окуп, адамдардын тапкычтыгына таң калып жана өзүңүздүн болочок бизнесиңиз үчүн жаңычылдык жаратаарыңызга ишенебиз.

🔥7
Чакан бизнес идеялар

More in Чакан бизнес идеялар

Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү

201923.02.2020

Кум анимациясын үйрөтүү бизнеси

201923.02.2020

Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси

201923.02.2020

Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес

201923.02.2020

Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске
айландырса болот?

201923.02.2020

Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)

201923.02.2020

Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)

201918.02.2020

Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?

201918.02.2020

Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү

201918.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!