Жомоктор

Даанышман коен

Даанышман коен

(Бирман жомогу)

Байыркы өткөн заманда агасы менен карындашы жашаптыр. Алардын ата-энеси каза болгондон кийин мурасты бөлүштүрө башташат. Ата-эненин абдан сулуу букасы менен уйу бар болчу. Агасы өзүнө сулуу буканы алды, карындашы сулуу уйга ээ болду, ошентип, экөө тең ыраазы болушту. Бирок, арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин уй тууду. Агасына жаңы туулган торпок абдан жакты. Түнү торпокту уурдап барып, буканын жанына жаткырды, башкаларга бука тууду деп айтмак болду. Эртең менен уруш-талаш башталды. Карындашы: «Бул менин торпогум!», — деп кыйкырат. А агасы: «Жок, меники!» — деп болбойт. Акырында сотко барууну чечишти. Агасы жактоочу кылып чымчыкты алды, а карындашы коенго кайрылды. Сот алардын ишин кийинки күндүн эртең мененки убактысына белгиледи. Белгиленген убакытта баары жыйналышты, бир гана карындаштын жактоочусу коен кечигип атканынан, аны күтүштү. Акыр аягында коен да келди.
– Сен, коен, убакытты баалабайт экенсиң, дагы жактоочу болгонуңду кара! – деп сот зекиди.
– Улуу урматтуу сот, убакытты баалайм, — деп актанды коен, — Мен бир олуттуу иш менен алек болуп калдым.
– Ал ишиң бул иштен да маанилүү беле? – деди сот.
– Ооба, таксыр, — деп жооп берди коен, — Жер өрттөнүп кетти, анда жашагандарга боорум ооруп, океанга чуркап барып, өрттүөчүрүш үчүн себет менен суу ташыдым. Ошондуктан кечиктим.
Сот каткырды:
– Жер өрттөнсө, жердин үстүндө турган биз да билмекпиз да. Анан да себетке кантип суу ташылсын? Менимче, сен, коен, акылыңдан айныптырсың, кайдагы бир сандыракты айтып атасың!
Анда коен мындай деди:
– Эгер менин бул айткандарым сандырактык болсо, анда бүгүнкү иш да болбогон кеп. Кайсы жерде бука тууганын ким көрүптүр?
– Сен даанышман коен экенсиң! – деп сот аны абдан мактап, ошол замат ишти карындаштын пайдасына чечти.

Кожо Насирдин тууралуу түрк элдик күлкүлүү окуялар

Өрдөктүн шорпосу

Кожо бири күнү булакта өрдөк суу ичип атканын көрдү. Аларды кармоого чуркап жеткиче, өрдөктөр учуп кетишти.
Кожо булактын боюна отуруп, колундагы нанды сууга малып жей баштады. Жанынан өтүп бараткан адам:
– Кожо, тамагың таттуу болсун! Эмнени жеп атасың? – деп сурады.
– Өрдөктүн шорпосун, — деп жооп берди анда Кожо Насирдин.

«Эшекке ишенесиң, а мага ишенбейсиң»

Бир жолу кошуна кожодон эшегин берип туруусун суранды.
– Менде эшек жок, — деди кожо. Ошол убакытта сарайдагы эшеги аңгырап кое берди. Кошуна байкап калып:
– Эфенди, эшегим жок дейсиң, бирок аңгырап атканын угуп атасың да.
Кожо башын чайкап, мындай деди:
– О, Кудай ай, кыызк адам экенсиң, эшекке ишенесиң, ал эми ак сакалдуу куракка жете келген мага ишенбейсиң.

«Кырк жылда улак эчкиге айланбайбы?»

Бир ирет кожодон сурашты:
– Кайсы жылдыз белгинин алдында төрөлгөнсүң?
– «Карыган эчки» жылдызынын алдында.
– Кожо, астрономиялык жадыбалда мындай жылдыз белги жок.
– Мен кичине чагымда апам жылдыздар боюнча менин тагдырымды каратыптыр, ошондо ага менин «Текечер» экенимди айтышкан экен, — деди кожо.
– Ооба, — дешти сурагандар, — Бирок бул сөз эчки эмес, улак дегенди билдирет.
– Ай, силер, келесоолор, — деп каршы болду кожо, — Мен деле аны билем, бирок тагдырымды жылдыздар аркылуу караткан кезден бери кырк жыл өттү, ушунча убакыттан бери улак эчкиге айланбайбы?

«Бул- коендун шорпосу кайнатылган суудан чыккан суу»

Бир жолу дыйкан кожого коен алып келди. Арадан апта өткөндөн кийин дыйкан кайра кожого кайрылды, а бирок кожо аны тааныгысы келбеди.
– Мен баягы дыйканмын, — деп эстетти ал, — Өткөн аптада сага коен алып келбедим беле.
Кожо кобурады:
– Кош келиптирсиң, — алдына шорпо койду, — Коендун шорпосун даамдап көр, — деп тамашалады.
Бир канча күндөн кийин кожого бир нече дыйкандар келишип, тамак беришин суранышты.
– Силер кимсиңер? – деп сурады кожо.
– Биз баягы сага коен алып келген дыйкандын кошуналарыбыз, — дешти анда алар.
Кожо табылган азык менен эптеп аларды да сыйлады.
Арадан бир жума өтүп дагы бир топ дыйкандар келишти.
Кожо алардын кимдигин сурап, мындай жооп алды:
– Биз – сага коен алып келген дыйкандын кошуналарыбыз.
– Кош келипсиңер, — деди да, кечинде алардын алдына ичине суу куюлган чуңкур табак койду.
Дыйкандар табакты карап таң калышып, кожодон сурашты:
– Эфенди, бул эмне?
А кожо минтип жооп берди:
– Бул коендун шорпосу кайнаган суудан чыккан суу.

Кожо менен Тимурдун жамгырдагы аңчылыгы

Бир жолу кожо Тимурдун короосуна барды. Ал кожону кашаң атка мингизип, өзү менен чогуу аңчылыкка ээрчитти.
Ошол убакта жамгыр жаап баштады. Баары аттарын чаап, артка жөнөштү. Бир гана кожонун аты чуркай албайт экен.
Ошондо кожо энеден туума чечинип, ээрге кийимин коюп алды. Жамгыр токтогондон кийин кийимин кийди да, үйүнө кетти.
Падыша кожо такыр суу болбогонун көрдү, кантип кургак калганына кызыкты. Кожо мындай деди:
– Адамдын алдында мыкты тулпары болсо, с нөшөрлөнгөн жаанда да адам суу болбойт. Жамгыр себелеп баштаганда эле атымды теминээрим менен көз ирмемде үйдө болуп калдым.
Падыша абдан таң калып, кожо минген атты башкы атканага жеткирүүнү буйруду.
Дагы бир жолу аңчылыкка жөнөштү. Падыша баягы кашаң атка минди. Капысынан асманды булут чүмкөп, жамгыр жаады.
Кожо жана башка аңчылар аттарын чаптырып үйлөрүнө кетишти. А падыша кашаң атты чурката албай, сыгып алма суу болду.
Үйүнө кеч кайтты, кийинки күнү кожону чакырып алып, урушту:
– Мени алдаган турбайсыңбы! Сенин айыңдан сөөгүмө чейин суу болдум.
– Эмнеге ачууланып атасың? – деди анда кожо, — Акылың кайда эле? Кийимиңди чечип, мага окшоп алдыңа коюп, жамгыр токтогондон кийин кийип алсаң, суу болбой кургак кайтмаксың.

Кожо кудуктагы айды кантип ташыды?

Бир жолу көз байланган чакта кожо айдын жарыгында кудуктан чаканы чыгарды, анан эле кудукка ай кулап кеткенин көрдү.
Айды алуу үчүн жипке илгичке байлап, ылдый түштү.
Капысынан илгич ташка илинди, кожо жипти катуу тартканда илгич үзүлүп, аркасы менен кулады.
Өйдөнү карап жатып, ай асманда турганын көрдү. «Кудайга шүгүр, кыйналсам да айды асмандагы ордуна алып бардым», — деп кубанды.

«Качып кеткен уйкумду издеп жүрөм»

Кожо түн жарымда көчөгө чыгып, сейилдеди. Алдынан шаар башчысы чыкты, ал шаардын тынчтыгын текшерип жүргөн.
Кожону көрүп, сурады:
– Түн оокумда көчөдө эмне кылып жүрөсүң?
– Уйкум качып кетти эле, издеп жүрөм, — деди кожо.

Кожо дыйканды кантип коркутту?

Кожо айылга барып, баштыгын жоготуп алды. Дыйкандарга жарыя кылды:
– Же силер менин баштыгымды табасыңар, же… эмне кылышты өзүм билем.
Кожо белгилүү жана урматтуу адам болгондуктан, дыйкандар тынчсызданып, баштыкты издеп, табышты. Бирок, алардын бири кызыгып, сурады:
– Кичинекей кожо, баштыкты таппасак эмне кылмак элең?
Кожо жайбаракат жооп кайтарды:
– Үйдө эски килем бар, андан баштык тиккенге туура келмек.

«Ким тамактын жытын сатса, ал тыйындын шыңгырын алат»

Акшехиреде бир кембагал колундагы кургак нанга сүйкөп жегенге бир нерсе издеп, тамактануучу жайдын жанына келди.
Казандагы май кайнап, даамдуу токочтор бышып атканын көрдү. Даамдуу жыт мурдуна келди.
Казандын жанындагы отургучка отуруп, бир үзүм нанды андан чыгып аткан бууга тосту. Нан жумшараары менен оозу салып жеди.
Кожоюн кембагалдын жасап атканын алгач унчукпай карап турду. Качан гана кембагал нанын жегенден кийин, каруусунан кармап, нанын жумшарткан буу үчүн акча төлө деп талап кылды.
Кембагал андан бир үзүм да нан албаганын айтып, акы төлөөдөн баш тартты.
Ошол кезде Акшехиреде кожо сот эле. Кожоюн кембагалды сотко алып барды.
Алардын датын кунт коюп уккан кожо чөнтөгүнөн тыйын алып чыгып, кожоюндан жакын келүүсүн өтүндү.
– Кулагыңды жакшылап тос, — деди ал кожоюнга, анан тыйындарды шыңгыратты, — Ал, бул сенин акың! – деди.
Кожоюн таң калып:
– Бул эмне? – деди.
А кожо ага айтып атат:
– Өкүм мыйзамга толугу менен жооп берет: ким тамактын буусун сатса, ал тыйындын шыңгырын алат.

«Эч нерсе» доогерди кожо соттоду
Бир ирет акимге эки адам келди. Доогер мындай дейт:
– Эфенди! Бул адам артына отун артып кетип баратыптыр. Буту чалыштап, жыгылды. Отун чачылды, ал болсо менде отунду кайрадан жонуна коюп беришин суранды. Акыма эмне бересиң десем, эч нерсе берээрин айтты. Ойлонуп, макул болдум да, отунду далысына артып бердим. Андан кийин убада кылган «эч нерсени» бер десем, бербей атат. Ошондуктан, сизге келдик, мага андан «эч нерсени» алып бериңиз. Менин укугумду коргоңуз.
Аким аларды мындай чырларды чечүү жагынан алдына адам салбаган кожого жиберди.
Кожо алардын чырын жакшылап тыңдады, анан:
– Албетте, сеники туура, ал карызын төлөп, убадасын аткарышы керек эле, — деди да, өзү отурган килемди көрсөтүп, сөзүн улантты, — Теңтуш, бери кел! Мен отурган килемди көтөр. Эмне бар экен?
– Эч нерсе, — деп жооп берди доогер.
– Аны ал да, кет. Бол – бол, кармалба, эмне сага тийиштүү болсо карма да, барып ишиңди улант!

Кожо ойгонуп көз айнегин сурады

Бир жолу түнү кожо чочуп ойгонуп, аялын түрткүлөп, айтып атат:
– Ай, аял, уйкум качып кете электе көз айнегимди бере сал!
Аялы көз айнекти карматты, анан эмнеге тынчсызданып атканын сурады.
– Укмуштуудай сонун түш кирди, бирок, анча жакшы көрө албай калдым, — деди анда кожо.

🔥0
Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Ачкөз

201928.04.2020

Жаныбарлар кантип жыл сүрүштүрүүгө кезекке тизилишкен?

201928.04.2020

Цикадо кичинекей мүйүзүн кантип жоготту?

201928.04.2020

Манора

201928.04.2020

Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу?

201928.04.2020

Таранчы

201928.04.2020

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!