Чакан бизнес идеялар

Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)

Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)

Өлкөдө мектепке чейинки жаштагы балдарга тарбия берүүчү жайлардын аздыгы, жетишпестиги эч кимге жашыруун эмес. Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер, бала бакчалар абдан таңкыс. Ошону менен катар жыл сайын төрөлүү өскөндүктөн, балдар бала бакчага бару курагына жеткенде, ата-эненин башы бир гана маселеге ооруйт: кайсы бала бакчадан орун табылат?
Балага бала бакчадан орун табуу үчүн көптөгөн энелер кош бойлуу кезинде эле кезекке турушат, бирок бул дагы аларга толук кепилдик бербейт. Мунун баары социалдык функциясынан тышкары кожоюнуна жакшы киреше алып келген жеке бала бакчалардын пайда болушуна түрткү берет.

Жеке бала бакчалар мектепке чейинки билим берүү
сапатын өстүрөт

2006-жылдын биринчи үч айындагы статистикалык маалыматтарга караганда, бир эле борбордо 3,2 миңден ашуун бала мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучулары болгону айкындалат.
Расмий статистикага караганда, өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелери жетишпейт. Айрым бала бакчаларда бир орунга эки-үч бала катар жатып, жыйырма балага ылайыкталган топтордо элүү-алтымыш бала тарбияланып атканы жашыруун эмес. Мунун баары биринчи кезекте баланын аң-сезимине терс таасирин тийгизет. Анткени, ушунча балага бир тарбиячы менен бир бала багуучу жетише албайт, көңүл буру жетиштүү деңгээлде берилбейт. Учурда бизде жарым легалдуу жеке бала бакчалар, башкача айтканда үйдө ачылган бала бакчалар иштейт. Алар бюджеттик бакчадан орун таппаган баланы кароо милдетин алышат.
Бул жеке жана мамлекеттик мекеме бири биринен эмнеси менен айырмаланаарын жана алар баланын тарбиясында канчалык роль ойноорун карап көрүү керек. Жеке бала бакча – бул тарбиялануучуларына мектепке чейинки билим жана тарбия берүүчү расмий катталган мекеме.
Анда ал мамлекеттик лицензия жана мектепке чейинки билим берүү мекемесине ылайык келчү имаратка ээ болуусу керек. Эгер мындай имарат жеке менчигиңизде болбосо, анда бир нече кабаттуу чоң имаратты ижарага алууга болот, анын короосу тосмолонгон болушу шарт.
Жеке бала бакча ачууну көздөгөн көптөгөн ишкерлер бош турган муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ижарага алууга аракеттенишет, анткени, ал курулуп атканда бардык нормалар жана талаптар эске алынган.
Кыскасын айтканда, бала бакчада тарбиялануучулардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек, чоочун адамдар кире албай тургандай тосмолонгон аймакта балдар эркин ойнойт. Ата-энелер норма жана талаптардын бузулушунан санааркабаса да болот, анткени тийиштүү көзөмөл кызматтары ар бир жеке бала бакчанын ар бир кыймылынан кабардар болуп турушат.
Бала бакчада бир курактагы балдар тобуна бир нече бөлмөлөр бөлүнөт. Үч же төрт бөлмөнүн бири балдардын ойноосуна, экинчиси уктоосуна арналат. Тамак жей турган бөлмө да өзүнчө болууга тийиш. Ошондуктан мындай бизнестин кирешелүүлүгү анчалык жогору эмес.
Жеке бала бакча ачуу чыгашаны арбын керектеген иш экенин белгилеп коелу.

Жеке бала бакчаны түзүү этабы

Жеке бала бакчаларды уюштуруу бир нече этаптан куралат, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин бардык талаптарын так аткарганда, аз убакытта максатыңыздын өтөөсүнө чыксаңыз болот.
Демек, аталган мекемеге жаңы иш баштоо алдында турган ишкер алгач арыз жазып кайрылат. Арыз бир айдын ичинде каралат. Жеке бала бакчаны ачуудагы кийинки этаптар ылайыктуу имарат табуу, аны сатып алуу, же узак убакытка ижарага алуу менен коштолот.
Бирок, кандай болбосун, ал санитардык-эпидеомологиялык кызматтын, өрт коопсуздугу кызматынын талаптарына так жооп берсин, андай болбосо ишкер тарбиялануучуларды кабыл алууга уруксат кагазына ээ болбойт. Имаратты ижарага алуу менен ишкер кошумча курулуш иш чараларынын түйшүгүнөн кутулат.
Ири шаарларда жеке бала бакчага ылайыктуу имараттар бир топ кымбат турат, имараттын чарчы метри ал кайсы жерде жайгашкандыгына жараша бааланат.
Мисалы, шаар ортосунан эки кабат особняктарды 50 миңден ашык баага тапсаңыз болот. Андан тышкары коммуналдык төлөмдөрдү да сиз төлөйсүз. Имараттын ичине оңдоп-түзөөлөрдү жүргүзүү, эмеректерди сатып алуу, өрт сигнализациясын орнотуу сыяктуу акчаны ажыдаардай оп тарткан бир топ этаптар бардыгын да унутпаңыз.
Бирок, булар дагы чыгымдардын жеткен чеги эмес, жеке менчик бала бакчанын кожоюнун оюнчук, методдук пособие сыяктуу керектүү буюмдарды сатып алуу да күтөт. Музыка, дене тарбия мугалимдери үчүн сабак өтүүгө атайын бөлмө керектелет, ошондой эле логопеддин да өзүнчө бөлмөсү болууга тийиш. Тарбиялануучулардын ар бирине өздүк шкаф орнотуп, шейшептерди берип, медбөлмөнү да тийиштүү жабдыктар менен жабдуу зарыл.
Анан да билим берүү департаментине коммерциялык уюм катары документ тапшырганыңыздан кийин салык кызматынан тастыктама алышыңыз керек.
Бул документтер топтому санитардык- эпидиологиялык жана өрт кызматынын корутундусу, бала бакчада өтүлүүчү сабактардын билим берүү программасы, мугалимдер тууралуу маалымдама жана болжолдонгон тарбиялануучулардын санын тактаган тастыктама да толуктайт.

Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?

Жаңы иш баштоону ниеттенген ишкер ниетин балдар дүкөнүнө түшүрсө, анда ата-энелер балдарына ылайыктуу товарлар бар дүкөнгө чын дилинен кирээрин эсине алсын.

Балдар дүкөнүнүн
ар тараптуулугу

Көпчүлүк заманбап ата-энелер балдарына мүмкүн болушунча көп товарларды бир жерден сатып алууну каалашат, андыктан бул багытта иш алып барууну көздөгөн ишкер дөкөнүн ар тараптуу кылууга шашылсын.
Ата-энелер негизинен дүкөнгө балдарын кошо ээрчитип келишет, бул сооданын көлөмүн көбөйтөт, анткени бир дагы ата-эне баласынын каалоосунан баш тарта албайт. Дүкөндөгү товарларды ачык көрсөтүп, бирин да бекитпей тегиз жаюу керек. 1990-жылдардын ортосунда балдар товарларын саткан дүкөндөр пайда боло баштап, бул кардарлар тарабынан кызуу колдоого алынган. Мындан улам бул багыттагы дөкөндөр жаздагы жаандан кийин чыккан козу карындай жыбырады.

Ал убакта «Балдар дүйнөсү» деген аталыштан башка балдар товарын саткан дүкөндүн ысымы болчу эмес. 2003-жылдардан кийин өлкөгө BANANA-MAMA сыяктуу өзгөчө аталыштагы биринчи дүкөн пайда болгон. Акырындык менен жаңы ишкерлер кынык алып, өз дүкөндөрүнө элде жок ысымдарды ыйгарууга ашыгышты.
Балдар дүкөнүн ээлери менен энелер ортосундагы келишпестик
NP consulting компаниясынын кызматкерлери борбордук аймактардагы балдар дүкөнүнүн заманбап орун алышы тууралуу маалымат беришкен. Көрсө, учурда балдар товарларын саткан дүкөндөрдүн 60%ы ири тармактык багыттын өкүлдөрү болуп саналышат экен.
Бирок, бул көрсөткүчтөргө карабастан сатып алуучулар айрым дүкөндөрдөгү товарлардын түрлөрүнө жана тейлөө кызматына нааразы болушат. Көбүнчө ата – энелер ишкерлер өспүрүм курактагы балдар үчүн ар кайсы өлчөмдөгү кийимдерди алып келбегенине нааразычылыгын билдиришет.
Ошондой эле ишкерлердин балдар товарларына койгон баалары да канааттандырбайт. Анткени, ата-энелер чүрпөсүн сапаттуу жана жарашыктуу кийиндиргилери келет, бирок, алардын пикиринде кийимдердин баасы ашепке кымбат. Ошол эле убакта ишкерлер бааларды ылдыйлата алышпайт, анда бизнес киреше алып келбей, банкроттукка жетелеши мүмкүн. Алар кийимдердин бааларынын кымбаттыгын мындайча түшүндүрүшөт: кийимдерди тигүүдө табигый материалдар колдонулгандыктан даяр продукциянын өздүк наркынын көбөйүшүнө алып келет.
Мындан улам, товарлар жыйжыйма үйүлгөн дүкөндөн да кээде ата-энелер балдарына ылайыктуу кийим таба албай калышат деп жыйынтык чыгарууга болот. Ошондуктан, айрым ишкерлер компромисс табу максатында аудиториясын бөлүп, жалаң гана же ымыркайлар, же өспүрүм курактагы балдар үчүн буюм-кийимдерди сатууга аракеттенишет. Аны менен алар максималдуу кирешеге туш болушат, анткени, дүкөнүнө келген кардарларынын нааразычылыгын жаратпай, суроо-талабын канааттандырышат.

Балдар дүкөнү жайгашкан жер – башкы критерийлердин бири

NP consulting компаниясынын кызматкерлеринин сурамжылоосунун жыйынтыгында, 70%га жакын энелер балдар дүкөнү үйлөрүнө жакын жерде жайгашуусун каалары анык болгон. Бирок, биздин учурда атайылаштырылган соода павильондору шаардын бардык тарабында кездешет, кээде бир чоң көчөдө беш ири дүкөн да жайгашкан, ошол эле учурда айрым райондор толугу менен балдар дүкөнүнөн куру калган.
Иштин баары ири тармактын дүкөндөрүнө кардар болчу ата-энелер иштей турганында жатат. Алар анча алыс эмес жердеги алминистративдик имараттарда жана ар башка компаниялардын офистеринде иштешет.
Эгер балдар дүкөнү мындай багыттагы дүкөндөрдөн куру калган райондорго ачыла турган болсо, анда ал кирешесиз дүкөнгө айланат. Анткени, дүкөндүн потенциалдуу кардарлары иштеген ата-энелер болушат, эртеден кечке үйүндө эмес, жумушунда болгондуктан, жумуштан кетип баратып, же түштү тамактануу маалында балдарына керектүү буюмдарды издешет.
Шаардыктардын кээ бирлеринин кирешеси орто көрсөткүчтөн ашпайт, ошондуктан алар базарлардан да соода кылышат. Балдар абдан тез өскөндүктөн, дээрлик эки ай сайын гардеробун алмаштырууга туура келет, мындай тез-тезден кийим сатып алуу айрым ата-энелердин чөнтөгүнө чоң зыян келтирет да, мүмкүн болушунча арзан кийим издеп, базардагы дүң сатуучуларга барышат. Ал жактан өзүнө ылайыктуу баага соодалашып атып түшүрүп, бир мезгилге жете турган кийим сатып алышат.
Бирок, эгер ишкер сатып алуучулардын агымы жыл бою токтобосун десе, анда ага соода борборунун бир бурчунан бөлмө ижарага алуу пайдалуу. Мында эл жылдын кайсы мезгили болбосун көп кездешет жана борборго башка жумуш менен келген адам да балдар буюмдарына көзү урунса, арасынан арзан баадагыны болсо да сатып алып кетээри бышык.
Дүкөндүн эсебинен балдардын оюн аянтын, балдар кафесин жана башка көңүл ачуучу жайларды ачып койсо, ата-энелер балдары ойногуча, дүкөндү шашпай кыдырып, соода жасайт. А балдар убакытты абдан сонун өткөрүшөт. Мындай дүкөндөргө ата-эенелер атайын соода кылууга келиши да мүмкүн. Биринчиден, башка дүкөндөргө караганда бул жерде жандары тынч болуп, балдары алаксыганы да маанилүү болоору бышык.
Эки- үч үстөл-отургуч коюп, үстүнө альбом менен түстүү карандаштарды таштап койсо жетиштүү болот дген баеолукка алдырбаңыз. Бүгүнкү күндө балдар үйлөрүндө деле сүрөт тарта беришет, ошондуктан аларды боенгон маскарапоздор, ар түрдүү сынактар жана оюн автоматтары кызыктырат. Бул тейлөөлөрдүн баарын акы төлөнчү кылып, анча кымбат эмес бааны койсоңуз, өзүнчө кирешенин агымы келет.

Балдар дүкөнүнө
ассортимент тандайбыз
Бүгүнкү күндө ымыркайлар үчүн товарларга суроо-талап көп, анткени жаш эне бааларга абдан карай бербейт да, биринчи кезиккен жакан буюмду дароо сатып алат. Бул анын дүкөндөрдү кыдырууга убактысы жоктугу менен да түшүндүрүлөт.
Ата-энелер аны менен катар бир жолу дүкөнгө келип, абдан көп акчаны калтырышы да мүмкүн. Бала үчүн керебет, коляска жана башка баланын чың өсүүсүнө жана эненин ыңгайына караган буюмдарды сатып алышы керек да.
Ошондуктан бул багыттагы бизнестин кирешелүү бөлүгү болуп ымыркайлар үчүн арналган буюмдарды сатуу эсептелинет. Жаңы төрөлгөн балага такай жаңы кийим керектелет, сатылып алынган шым бирж ума өткөндөн кийин эле чак келбей калышы мүмкүн. Эгер сиз абдан кыска убакытта жакшы кирешелүү болгуңуз келсе, анда так ушул ымыркайларга арналган товарларды сатуучу дүкөндөн ишиңизди баштаңыз.

🔥0
Чакан бизнес идеялар

More in Чакан бизнес идеялар

Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү

201923.02.2020

Кум анимациясын үйрөтүү бизнеси

201923.02.2020

Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси

201923.02.2020

Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес

201923.02.2020

Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске
айландырса болот?

201923.02.2020

Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)

201918.02.2020

Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?

201918.02.2020

Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү

201918.02.2020

Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси

201918.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!