Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

БАНАН
Түшүңүзгө кирген банандар начар болуп кетсе – демек, жакында сизге жыйынтыгы ийгиликсиз аяктоочу көрсөтмө берилет. Жаңы банандар – эч кимге айта албаган кайгы. Бананды алып жүрүү – пайдасы жок, кызыксыз адам менен сүйлөшүүңүзгө туура келет.
Түштө банан жесеңиз, эгер алар бышкан болсо, сиз баштабаган чыр-чатакка күнөөлүү болуп өзүңүз табыласыз. Бышпаган банан жесеңиз — жоопкерчилиги күчтүү жана тобокелчилиги арбын жаңы ишти аткарууга аргасыз болосуз. Банан сатуу, же сатып алуу – демек, сиз реалдуу жашоодо бир чечимге келе албай атасыз, бул жаатта башка бирөөнүн кеңеши жардам берет.
БАНК
Банктын имараты, же анын ички интерьерин көрүү – бул алдыда болуучу каржылык жоготуунун кабары жана жалпы эле ийгиликсиздик жакын калды. бирок, эгер сиз банктан акча алып атсаңыз – тескерисинче, иштериңиз алдыга жылат.
Аны менен катар банктын мөөрүнүн алдындагы сан жетпеген банкноттордун таңгактарын көрүү – сизге атак жана кадыр-барк келет, а балким атактуу болосуз.
Банка көп акчаны алып барып, тапшыруу – реалдуу жашоодо жеңил ойлуу жана баамсыз болуудан абайлаңыз. Банк кызматкерлерин көрүү жана сүйлөшүү – көчө соодагерлери тарабынан алданып калуудан этияттаңыз, эсиңизде болсун: сараң эки эсе чыгаша тартат!

БАНЯ (Мончо)
Түшүңүздө мончодо жүрсөңүз – ден соолугуңуз капилеттен, жакындарыңыз жаныңызда жок кзде начарлоосу мүмкүн. Бирок, андагы эң кызыктуусу – ошол оору менен сизге абдан пайдалуу окуя маалым болот.
Мончодо жууну – майда жана итиркейди келтирген адамдардын курчоосунда каласыз. Мончодон чыгуу – абдан жакында сиздин чоочулаганыңыз эч кандай негизсиз экенине көзүңүз жетет. Мончодо парга отуруу – убалга калуу, эгер шыпыргы менен чапкылансаңыз, сизге кимдир бирөө капа болууда, а эгер парга суу чачсаңыз, сизди кимдир бирөө капа кылат. Эгер пар абдан ысык болсо – бул жаңы иштин ийгиликтүү башталышын билдирет.
Өзүңүздү жылаңач көрсөңүз, жаңжалдуу иштер башталат. Башкаларды жылаңач көрүү – душмандарыңыз сизди бараткан туура жолуңуздан адаштырууга жан үрөөдө. Эгер сиз жылаңач жуунуп атканда, башка бирөөлөр сизди карашып, ал үчүн бетиңиз чымыраса – табияттан берилген тартынчаак мүнөзүңүз жеке жашооңузду түптөөгө тоскоолдугун тийгизип атканынын кабары.

БАР
Түшүңүздө барда, алкоголсуз суусундуктарды ичип атканыңзды көрсөңүз, анда жакында сиз тандоого туш келесиз: инстинктке баш ийип, каалооңузду ишке ашырасыз, же азыткыдан арылып, айланадагылардын колдоосуна ээ болосуз. Эгер түшүңүздө сыра барында отурганыңызды көрсөңүз, демек, өңүңүздө душмандарыңыз активдүү боло башташат. Эгер сиз сыра барыдагы тик турма орундун жанында сыра ичип атсаңыз, сизди көңүл калуу күтөт. Эгер сиз башкалардын сыра ичип атканын көрсөңүз, душмандарыңыздын көптүгүнөн ишиңиздин жакшыруусуна болгон үмүтүңүз акталбайт. Бармен менен сүйлөшүү – шектүү кумарга жетеленүүңүз мүмкүн. Турмушка чыга элек кыздар үчүн мындай түш бузуку эркекке жолугаарын кабарлайт.

БАРАБАН
Барабан түшкө кирсе, жагымсыз кабар, балким, каржылык кыйынчылык, бирок узакка созулбайт жана анчалык маанилүү эмес. Аны менен катар мындай түш достук мамилелердин бекемделишин, айланадагылардын сизге карата сый-урматынын артышын, иштеги, айрыкча, соода ишиндеги ийгиликти да билдирет.
Барабандын добушун так угуу — сизди адаштырганга аракеттенип атышат, алыстан күңүр угулган добушу – жандүйнөсү сизге жакын, бирок өзү алыста жүргөн адам кырсыкка кабылып, сиздин жардамыңызга муктаж болууда.

КОЙ
Түштө кой көрүү – күтүлбөгөн кыйынчылыкты жеңип өтүүгө туура келет, бул сизден анчалык деле убаракерчиликти талап кылбайт, бирок, ийгиликти да алып келбейт, болгону баштапкы акыбалыңызды кайрып аласыз.
Эгер түшүңүздө сизди кой кубалап, сиз андан качып жүрсөңүз, өңүңүздө жагымсыз окуяларды күтө бериңиз. Сүзгүлөгөн кочкор – кимдир бирөөдөн өзүңүздүн дарегиңизге тескери ой-пикир угушуңуз мүмкүн, аны түшүнүү жана чыдамкайлык менен кабыл алыңыз. Жайытта оттоп жүргөн бир короо кой көрсөңүз – таасирдүү адамдардан колдоо табасыз.

🔥3
Аяндуу түштөр

More in Аяндуу түштөр

ЖАРА

201928.04.2020

ООРУКАНА

201928.04.2020

ООРУ СЕЗИМИ

201928.04.2020

ООРУ

201928.04.2020

БОКС

201928.04.2020

КОШ БОЙЛУУЛУК

201928.04.2020

БЕРЕЗА

201928.04.2020

КЕЧИЛ

201928.04.2020

ЖЭЭК

201906.04.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!