Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

АЛОЭ
Бул өсүмдүк түшкө кирсе, эрежеге ылайык, жашоодогу кандайдыр бир өзгөрүүнү билдирет.
Эгер түшүңүздө сиз алоэнин жалбырагынын маңызын сыгып, аны менен бетиңизге, же башка бирөөнүн бетине маска жасап атсаңыз, ар кандай кырдаалга даяр болуп, жаңы иш караштырып коюңуз, анткени, иштеп аткан жумушуңуздан капысынан бошоп калып, эмне кылууну билбей абдаарып калбаңыз.

АЛЬБОМ
Түштө көргөн альбом ийгиликти да, эзелтен бери эңсеп келаткандай жаңы, мыкты дос табаарыңызды да билдирет.
Альбомдогу сүрөттөрдү барактап кароо- жакынкы аралыкта жашооңузга эркек кирип, аны менен мамиле түзүү сиз үчүн тынч, ишенимдүү болоорун жана эки тараптык сүйүүнү камсыздаарын билдирет.
Эгер альбомдон өзүңүздүн реалдуу сүйүктүүңүздүн сүрөтүн учуратып калсаңыз – билип коюңуз, ага болгон сиздин шектенүүлөрүңүз негиздүү, же ал өзүн көрсөткөндөй адам эмес, табиятынан ар бир юбканын артынан чуркамай жеңил сапатка ээ.

АЛЬПИНИЗМ
Бийик аскаларга жармашып, өйдөгө чыгуу — өңдө жашоодогу олуттуу кыйынчылыктардан өтүп, бактыңызга бет аласыз, бирок, бул түшүңүздө асканын чокусуна жыгылбай чыкканда гана аткарылат. Эгер орто жолдон кулап кетсеңиз – үмүттөрүңүз да урайт.
Чоң тоолордогу курч урчуктар менен капчыгайлар сизди жашоонун ийгиликсиз чийини күтүп атканын билдирет, ал жаңжалдар жана оору менен коштолот. Эгер түшүңүздө курч урчуктан тайып кетип, ылдый куласаңыз – учурдагы чөйрөңүз ишеничиңизди актабайт, өзүңүздүн бактыңыз үчүн өзүңүз гана аракет кылыңыз.
Асканын чокусуна жакын тууганыңыз менен чогуу чыгууга аракеттенсеңиз – алдыда жагымдуу окуялар күтүп турат.
Чокуга жете электе чарчап калсаңыз – каалооңуздун баары орундалат, бирок, ал сизге кубаныч алып келбейт. Тоодон ылдый түшүү- майда иштердеги берекесиз ийгилик.

БАБОЧКА
Түштө бактагы чөптө, же гүлдө, же шиберде конуп турган, көпөлөк көрүү – сиздин мыйзамдуу иштериңиз жана толук эмгек менен келген ийгилигиңиз тууралуу кимдир бирөөлөр ушак таратышат. Учуп бараткан көпөлөк, же көпөлөктөр – алыска кеткен досторуңуздан, же туугандарыңыздан жагымдуу кабар. А башкысы – көпөлөк – бактылуу нике менен аяктаган сүйүү мамилеси.
Эгер ак көпөлөк көрсөңүз – сизге жакындарыңыз тарабынан жетиштүү көңүл бурулбагандыктан, ден соолугуңуздун жабыркоосу. Бөлмөгө учуп кирген ак көпөлөк тилек-ойлоруңуз аткарылат, а бөлмөдө учуп жүргөн көпөлөк кайсы бир жерге консо – демек, өңдө туугандарыңыздын бири ооруп калышы мүмкүн

Көпөлөктү кармоо – сүйүүдөгү ийгилик, же сырлардын ачыкка чыгышы. Жибек көпөлөк – кирешелүү орун жана суктанаарлык ийгилик. Торчо менен көпөлөктү кубалоо – үйдөгү жагымсыз окуялар, санааркоо, а эгер көпөлөктү тебелеп алсаңыз – ашыкча түйшүк, жарадар болсо – сүйүктүүңүздүн сиздин көзүүзгө чөп салуусу.

БАБУШКА
Түшүңүзгө чоң эне, же таенеңиз кирсе, эмгегиңиздин акыбети кайтат. Аны менен сүйлөшүү – жеңип өтүү оңой болбогон кыйынчылыктарга кабыласыз. Көйгөйлөрдү чечүүдө керектүү адамдарга жолугасыз. Чоң эне, же таененин ооруп атканын көрүү — өзүңүздүн алсыздыгыңыз жана дараметсиздигиңиздин белгиси.

БАГАЖ
Колго көтөргөн жүктү көрсөңүз, ал жакшы нерсенин жышааны эмес. Сизде көралбастар жана душмандар пайда болуусу мүмкүн. Эгер сиз баштык жана чемодандарды көтөргөн жүргүнчүлөрдү карап турсаңыз, иш сиз ойлогондой абдан начар эмес, кыйынчылыктан чыгууңузга жол табылат. Эгер жүргүнчүлөр автоунаага отуруп кетишсе, өңдө сиз пландап аткан иш жыйынтык бербей калышы мүмкүн.
Эгер сиздин колуңуздагы жүк абдан оор болсо, бул демек, жакындарыңыз сиздин жардамыңызга муктаж болуп атканын байкабай, өзүңүздүн түйшүгүңүзгө белчеңизден батып кеткенсиз. Эгер сизге жүктү көтөрүүгө кимдир бирө жардам берип, бирок, капысынан колунан түшүрүп алса, ишенимсиз өнөктөштөрүңүздүн айынан ишиңиздеги маселе татаалданышы мүмкүн.
Эгер түшүңүздө жүгүңүздү жоготуп, таппай атсаңыз- үй-бүлөдө уруш болот, же жумушуңузда көйгөй жаралат. Эгер сиз турмушка чыга элек болсоңуз, анда мындай түш турмушка чыгууну пландоо белгисиз мөөнөткө жылат дегенди билдирет.

🔥0
Click to add a comment
Аяндуу түштөр

More in Аяндуу түштөр

ЖАРА

201928.04.2020

ООРУКАНА

201928.04.2020

ООРУ СЕЗИМИ

201928.04.2020

ООРУ

201928.04.2020

БОКС

201928.04.2020

КОШ БОЙЛУУЛУК

201928.04.2020

БЕРЕЗА

201928.04.2020

КЕЧИЛ

201928.04.2020

ЖЭЭК

201906.04.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!