Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

ТОЗОК
Эгер сизге түшүңүзгө тозокто жүргөнүңүз кирсе, азгырыкка алданбоого аракеттениңиз, же сиздин адеп жана кесиптик репутацияңыз начарлайт. Тозокто кыйноолорго кабылсаңыз, жандүйнүңүздү жаман жоруктардан кечирим суроо менен тазалоого убакыт келип жетти деген белги.

Тозоктон досторуңузга учурасаңыз, кайгы жана убара кылуучу түйшүк күтүңүз, андан тышкары жакындарыңыздын биринин кыйын акыбалга туш келгенин билесиз.
Кайсы бир жогорку күчтүн таасири менен тозокко туш келүү — өзүңүздүн ийгилигиңиз менен айланадагылардын ич күйдүлүгүн жаратып атасыз.
Тозокто кыйкыруу, коркунучка батуу — демек, өңүңүздө кайсы бир ишиңиз максатына жетпейт, досторуруңуз да жардам бере алышпайт.
Эгер сиз тозоктон аман-эсен кутулуп чыксаңыз жана бул коркунучтуу көрүнүш өзү менен өзү аяктаса –реалдуу жашоодо алдыңыздан тороп турган коркунучтан оңой суурулуп чыгасыз.
АДВОКАТ
Түштө адвокат менен кандайдыр бир байланыш кармасаңыз – эркиңизден тыш катачылык кетирип, жоосунсуз жорук жасайсыз, бул жоругуңуз айланадагылардын сынына кабылат.
Сотто жүргөн адвокаты көрүү кайсы бир мүлк боюнча олуттуу каршылаштыктын пайда болуусун билдирүүсү мүмкүн. Эгер сиз өзүңүз адвокаттын ролунда кимдир бирөөнү сотто жактап атсаңыз, демек, сиз андан кийин да өз кызыкчылыгыңызга бекем турасыз. Түш сиздин жашоо принцибиңиз болуп сиздин жардамыңызга муктаж адамдарды чын ниеттен колдоо болоорун жана сиз досторуңузга берген удаңызды буза албай турганыңызды билдирет. Түшүңүздө адвокат сизди жактап атса, анда оор кырдаалдарда досторуңуз жардамга келишет.
Түшүңүздө жөн гана адвокаты көрүү, сиз таланттуу жана максаттуу адамсыз, кимдир бирөөнүн кеңешине караганда өзүңүзүн акылыңызга көбүрөөк кулак төшөңүз. Бирок, өзүңүзгө өтө эле жогору баа берип албаңыз.

АДРЕС
Түшүңүздө конвертке дарек жазып атсаңыз – бул демек, сизден абдан алыс жашаган адам менен кат жазыша баштайсыз. Кимдир бирөөнүн юбилейине, же салтанатына чакырып, берилген дарек – алдамчылыкты жана жаман кабарды билдирет.
Түштө даректер жазылган китепти көрүү – жакында кайсы бир жакыныңыздын үй-бүлөсүнүн катары көбөйөөрүн билесиз.

АЗАРТ
Түшүңүздө оюнчунун же күйөрмандын азартын туйсаңыз, анда өңдө сизди күчтүү кумар, таң калыштуу, күтүлбөгөн укмуштуу окуялар күтөт. Өзүңүздү оюн орундарында (казино ж.б.) утушка ээ болгонуңузду көрсөңүз, болгондо да ири утуш аласаңыз, демек, сизге уятсыз коомчулукка туш келип, башка бирөөлөрдүн эсебинен көңүл ачасыз деген белги.
Эгер сиз утулуп калсаңыз – жашоодо жагымсыз окуялардан арыласыз. Банкрот болсоңуз – сиздин энергия жана өзүңүзгө болгон ишеним ар кандай иштериңизди мыкты уюштура алаарыңызга кепилдик берет.

АККОРДЕОН
Бул музыкалык инструменттин үнүн түшүңүздө уксаңыз, жакында кандайдыр бир көңүл ачуу кечесине катышып, санаага баткан жана кайгырган абалыңызды унутасыз.
Аккордеондо ойноо – бир топ кайгылуу окуялардын башталышы, баары жашооңузду башка нукка буруп, көп жылдар бою жаныңызда жүргөн адамга жолугуу менен жыйынтыкталат. Эгер инструмент жакшы ойнолбой атса – досуңуз катуу ооруп калышы мүмкүн.

🔥0
Click to add a comment
Аяндуу түштөр

More in Аяндуу түштөр

ЖАРА

201928.04.2020

ООРУКАНА

201928.04.2020

ООРУ СЕЗИМИ

201928.04.2020

ООРУ

201928.04.2020

БОКС

201928.04.2020

КОШ БОЙЛУУЛУК

201928.04.2020

БЕРЕЗА

201928.04.2020

КЕЧИЛ

201928.04.2020

ЖЭЭК

201906.04.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!