Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

Аяндуу түштөр

Түшкө кирген ар кандай көрүнүштөрдү, буюмдарды жоорунун толук топтому сизге эмнелерди кылуу керектигин жана кандай келечек күтүп атканын туюндурат. Бул өз алдынча уникалдуу эсептелген түш жоору китеби атайын аялдарга арналат. Аны даярдоодо аялдардын психологиясынын артыкчылыктары жана түш жаатындагы акыркы иликтөөлөр эске алынды.

Айрымдар ойгоо кезде аң-сезимибиз кабыл алгысы келбеген нерселерди түшүбүздө көрөбүз дешет.
Башкалар түш аркылуу жогору жактан аян алаарыбызга ишенишет.
Анысы да,мунусу да кыязы, туурадай.
Түштө биз өңүбүздө болуп аткан маселелерге жолугабыз, бирок, маалыматтын башка булагын пайдаланабыз. Так, даана аян алсак жакшы болбойт беле, тилекке каршы көбүнчө түш өңдө боло турчу нерселерди кыйытып түшүндүрөт, андан аркысын талдап алуу өзүбүзгө жараша болот.

Аборт
Эгер түшүңүздө бул операцияга макул болуудан башка айлаңыз калбаса, реалдуу жашоодо катачылык кетирип алуудан абайлаңыз. Ал катачылык артынан чоң жагымсыз көрүнүштөрдү ээрчите келүүсү мүмкүн.
Эгер сиз дарыгер болсоңуз жана кимдир-бирөөгө аборт жасап атсаңыз, демек, көргөн түшүңүз кесиптик кызыкчылыгыңызга байланышкан нерсе.

Өрүк
Түштө өрүк көрүү жашоонун кубанычтуу учурларынан кабар бербейт, тескерисинче, алданган үмүт, көңүл калуу жана кайгы. Айрыкча, эгер өрүк быша элек мезгилде өрүк жеп атканыңызды көрсөңүз, капалануу күтүп атканын белгиси.
Кургатылган өрүктөр – бул дайыма кайгыны кабарлайт, а бакта өсүп турган өрүктөр – жаңылышуу жана акылга келүү.
Эгер сиз түшүңүздө өрүктү башка бирөө жеп атканын көрсөңүз, демек, сиздин өзүңүз тандап алган, же кимдир бирөөлөр тарабынан таңууланган күнүмдүк жашооңуз сиздин жандүйнөңүзгө коошпойт, бардыгын өзгөртүп, баарын жаңы барактан баштай турган учуруңуз жакын калды. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланыңыз, болбосо, баары кеч болуп калат.

Аванс
Эгер сиз аванс алып атсаңыз, бул сиз аркылуу ойлонулган же башталган ишкерчилик, же иш жакын арада максатына жетет, сиз каалагандай жыйынтык аласыз.
Эгер авансты өз жумушуңуздан алып атканыңызды көрсөңүз, акчаны кассир санап берип атса, жакында кимдир бирөө бир гана сизге таандык нерсеге ээлик кылып чыга келиши мүмкүн.
Акчаны эсептеп, белгиленген суммага жетпей калганын түштө көрүү – жагымсыз белги, сизди төлөмдөр боюнча жагымсыз окуя болушу ыктымал. А эгер сиз кимдир бирөөгө аванс берип атсаңыз, тынчсызданбаңыз, реалдуу жашоодо кирешеден куру калбайсыз.

Авария
Түшүңүзгө аварияны көрсөңүз — өңүңүздө алыс эмес, бирок, абдан амбициялуу адам менен жолугушуп, көпкө сүйлөшүү болот – бул эгер сиз жол кырсыгына өзүңүз катышпай, сырттан карап турсаңыз маанилүү.
Авариянын катышуучусу болуу башка иш. Мындай учурда жогорку күчтөр сизге каршылаштарыңыз тарабынан кандайдыр бир коркунуч келээрин аян кылышы мүмкүн. Абайлап жүрүүнү эскертишет. Кокус түшүңүздө автоунаалардын кандай түрү болбосун, сүзүп кетсе — өңүңүздө ар кандай кыйынчылыктан жана жагымсыз иштерден кутула аласыз.
Эгер сиз өзүңүз башкарган автоунаа жол кырсыгына кептелип, кимдир бирөөнү сүзүп кетсеңиз – эс алууңуз көңүлдөгүдөй өтпөйт. Эгер сиз жол кырсыгына кептеле жаздап, бирок кырдаалдан жол таап кетсеңиз – баары жакшы болот, каршылаштарыңыздын арам ойуна илинбей, кутуласыз.
Аваилайнердин бортундагы кырсык, сизге көптөгөн жаңы пландарды убадалайт, алар сиздин жашооңузга бир катар тынчсынданууну жана түйшүктү алып келет.
Деңиз кайыгындагы авария – жакшы кабар, татаал иштеги ийгиликти билдирет. Эгер сиз кораблдин кыйросунда каза тапсаңыз – абдан жакын адамыңыз сизге жардам сурап кайрылат, ага көмөк көрсөтүү сизге аз эмес тобокелчилик тартуулайт. Эгер деңиз кыйроосунда сиз эмес, башка бирөөнүн жабыркаганын көрсөңүз- өзүңүз кимдир бирөөнүн жардамына жана коргоосуна муктаж болосуз.

. АВГУСТ
Жылдын ушул айына байланышкан көрүнүштөрдү түштө көрүү – кызматтык да, сүйүү да мамилелелериндеги жакшы эмес белгилерди кабарлайт.
Август айында өтүп аткан үйлөнүү тойуна катышып атканыңызды көрсөңүз — өңүңүздө бир катар кайгылуу көрүнүштөрө туш келишиңиз ыктымал.

АВТОБУС
Жүргүнчү жый-жыйма автобусту көрсөңүз – демек, акылдуу, даанышман жана жагымдуу адам менен сүйлөшүүгө барасыз. Бош автобус, тескерисинче, жагымсыз адам менен жолугуп, кызыксыз сүйлөшүүгө кабылаарыңызды кабарлайт.
Эгер сиз автобустун ичинде отурсаңыз – демек, сизди баштаган ишиңиздеги кыйнычылыктар, же ийгиликсиздик күтөт. Эгер сиз отурган автобус жүрүп баратса – ишиңиздеги бардык кыйынчылыктар артта калганынын жана алдыда бир гана ийгилик күтөөрүнүн белгиси.

🔥1
Click to add a comment
Аяндуу түштөр

More in Аяндуу түштөр

ЖАРА

201928.04.2020

ООРУКАНА

201928.04.2020

ООРУ СЕЗИМИ

201928.04.2020

ООРУ

201928.04.2020

БОКС

201928.04.2020

КОШ БОЙЛУУЛУК

201928.04.2020

БЕРЕЗА

201928.04.2020

КЕЧИЛ

201928.04.2020

ЖЭЭК

201906.04.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!