Жомоктор

Ачкөз

Ачкөз


(Кытай жомогу)

Жарыкчылыкта күйөөсү менен аялы жашаптыр. Эртеден кечке кантип байыйбыз деп ойлонушчу экен. Бир ирет, аялы:
– Кел, тикмечилик кылабыз, кийим тигебиз, — дейт.
– Тикмечилик – иш эмес, — деди күйөөсү, — Эртеден кечке ийне сайып, жип тартып отурмай. Абдан чарчайсың, а тапкан акчаң аз эле болот.
– Анда, боек кол өнөрчүлүгү менен алектенебиз, — тынчтанбады аялы.
– Боек кол өнөрчүлүгү андан да начар. Бети-башыбыз боек болуп, айланага да төгүлөт. Эмне деген жашоо! Пайда деле жакшы түшпөйт.
Алар талашып-тартышты, талашып – тартышты,акырында мейманкана ачууну чечишти. Ачканды го ачышты, иштери жакшы эле жүрүштү, бирок, дагы деле байлыкка жетишпеди.
– Бай жолоочулар кымбат баалуу буюмдарды алып келишет, кайра алып кетишет. А кембагалдардан эмнени аласың? Өзү ачка, жылаңач болуп турса.
Бир жолу алардын мейманканасына урматтуу карыя келди. Сакалы аппак, аса таягы узун, а аса таякта кызыл боек менен иероглифтер жазылган: «Дарбазага кирээрим менен баарыңарды түйшүктөн куткарам». Күйөө аса таяктагы жазууну окуп, ойлонот: «Бул тагдырдын белгиси».
Чыдабай кетип, сурады:
– Улуу урматтуу, а улуу урматтуу! Сен адамдарды түйшүктөн куткарасыңбы?
– Менде бир чөп бар, — деди карыя, — Ким аны ичсе, түйшүгүнүн баары туман болуп тарайт. Кайгы, убайым, санаа –жок болот!
Муну угуп күйөөсү менен аялы карыядан сыйкырдуу чөптү сатышын суранышты. Карыя макул болду. Аял чөптү алып, күйөөсүнө айтат:
– Эми биз заматта байыйбыз. Бул чөптү бай коноктордун күрүчүнө же чайына кошуп беребиз, алар мында баштыктарын унутуп калыштырышат.
Атайын жасалгандай болуп, эртеси эртең менен мейманканага бай соодагер келди. Куржуну берметке шыкалган, баштыгы яшмага толгон, жашиктерден шурулар көрүнөт. Алтын жана күмүштөн жасалган жасалгаларга сан жетпейт! Ачкөз кожоюндардын көздөрү жайнады. Күйөөсү соодагер бөлмөсүнө баалуу кенчтерди киргизип атканын карагыча, аялы ашканада чай кайнатып, күрүч бышырып ага чөптүн маңызынын тамчысын калтырбай кошту. Конок күрүчтүн баарын жеди, чайды калтырбай ичти. Анан уктоого жатты. Ачкөз жубайлар түнү бою кирпик какпай, таңдын атышын күтүштү.
Эртең менен эрте соодагер кетери менен анын бөлмөсүнө чуркашты: издешти – эч нерсе табышпады. Бурчтарды аңтарышты, жерди казышты, баары куру бекер: кымбат баалу жасалга тургай, таш да жок.
– Каргыш тийгир карыя бизди алдаптыр, — деп аялы кыжырланып кыйкырды, — Чөптүн сыйкыры жок экен, соодагер бардык байлыгын алып кетиптир! Эч нерсесин унутпаптыр!
– Ах, ташбаканын тукуму! – аялынан да катуурак күйөөсү айкырды, — Унутту! Мейманканага төлөөнүн унутту! Карыя бизге: «Ким бул чөптүн маңызын ичсе, ал бардык түйшүктү унутат», — деген. Биз бул сөздү капарыбызга албаптырбыз!
Ачкөздүк, көрсө, акыл-эсти алат тура!

🔥7
Жомоктор

More in Жомоктор

Жаныбарлар кантип жыл сүрүштүрүүгө кезекке тизилишкен?

201928.04.2020

Цикадо кичинекей мүйүзүн кантип жоготту?

201928.04.2020

Манора

201928.04.2020

Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу?

201928.04.2020

Таранчы

201928.04.2020

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020

Карга ийнеликти чокуй албады

201903.02.2020
















error: Content is protected !!