Айгүл ШАРШЕН

Аскадагы азгырык

Аскадагы азгырык

<<35 of 35>>

— Ооба, буйруса, ушуну төрөгөндө жанымды бол, макулбу?
— Макул. Капаланба.
— Капа болгондо не, башка салганын көрөбүз да, тагдыр бизди ушундай жараткан соң көнбөскө аргабыз барбы? — Ары карап улутунуп алды.
— Ыйлап жатасыңбы?
— Жок.
— Ыйлаба, биздин балдарыбыз бар, ата-энем аларды кор кылбайт, — деп сүйлөшкүчө таң атып кетти. Убакыт өтүп, Сыйда шаардан келди, ал кейип-кепчип:
— Байкушум, келиндей келин болсочу, өлбөс болуп калсачы, — деп ыйлап отурганда Ботобек аялын тыйды.
— Кудай өзүнө керекти алат, балдары аман болсун, андан көрө эми балаңдын камын ойлош керек, кайгыдан капаланып өзүн жоготуп албасын.
— Анын абалы бир топ, кыйын болду балама, капыстан келген ажал жаман тура, жакшынакай үй-бүлөсү урап турат, балдарынын баласын көрбөй кетти.
— Тагдыр деген ошондой, кемпир, кайгырганда не… — деп унчукпай калышты. Ошондон эки күн өткөндө Азиза ата-энесине барып келүүгө суранды. Ага макул болуп жиберип, Иман экөө жолго чыгышты. Эки баланы төрөгөн менен бир дагы жолу аял доктурга көрүнбөгөнгө Сыйда кээде таң калат, бирок эчтеке дей албайт. Азыр дагы машина менен кеткен уул-келининин артынан узата карап турушту.
Иман менен Азиза атасыныкына бараткан жолдон токтошту, анткени толгоосу башталган эле. Эч кыйналбай төрөп алып, даярдап келген ороого чулгап алып, тону түшкөнчө күтүп, анан кайра үйгө келишти. Ботобек менен Сыйда кубанып калды, бирок таңгалышты. Жубайлар балканактай уулдуу болуп, бакытка тунуп турду. Алар бул жашоого ыраазы, анткени табышмактуу өмүрдө жашап жатышканы аларды өкүнткөн жок. Дагы бир жыл өтүп кетти. Иман ошол түнү дагы түш көрдү. «Жетинчи кадам», — деди үңкүрдөгү караан күңгүрөнө. Иман менен Азиза колтукташып алган, ошол кезде баягы зоонун бою менен бир жылан пайда болуп ылдый көздөй сойлоп келип, оозун араандай ачып, тилин сунганда Иман менен Азиза көпүрө сымал тилге аттап өтөөрү менен эле оп тартып кетти. Дароо ойгонгон Иман Азизаны карады. Ал уктап жаткан экен. «Өх», — деп алды Иман. Жүрөгү лакылдап калыптыр. Эмне кылаарын билбей ооналактап жата берди. Ошондон жети күн өткөн жок. Иман башым деп жатып, жума күнү көз жумуп кете берди. Аны койоор күнү Азиза чаңырып ыйлап жатып, эчтеке билбей жыгылып, ошол бойдон эсине келбеди. Эл таңгалып калды. Ызы-чуу болуп, эки жубайды жанаша коюп, ырым-жырымын жасашты. Бир айлык наристе менен эки кичинекей үчөө бирдей жетим калды. Кызыгы, мүрзөгө барып, куран окуп келгендер мүрзөнүн үстүнөн ак жыландарды көргөнүн айтып келип жатты. Бирдей үч жетимди ыйлап-сыктай Сыйда багып жатканда Адылбай менен Атыркүл келип, Ажыбегин алып кетишти. Арзыбек менен Казыбекти алып калды. Көп өтпөй эле Атыркүл наристени кайра алып келди:
— Ботом, балдарды бөлбөгүлө деп, түнү түшүмө кирип, тынч жаткырбады, — деп келээри менен эле ыйлап кирди. — Экөө тең алып барып бергиле, балдарды бөлбөгүлө, бир жерде өссүн дейт.
— Эк куда-ай, мейли, кудагый, балдар өздөрү деле жоош, бир жерде эле болсун, — деди Сыйда менен Ботобек дагы. — Ажыбегим болпоюп абдан жоош, түнү козголуп койбойт.
Сыйда аларды жанына алып жатат. Арзыбек болсо быйыл окуган. Сүйкүмдүү, балдардан башкача акылдуу бала, сабакты жакшы өздөштүрүп кетти. Ата-эненин өкүнүчүндө чек жок. Уулунун бактылуу өмүрү аз убакытка айланганын ойлогон сайын бир ыйлап басылышат. Бир күнү Сыйда уктап жатып, түш көрдү. Аппак кийинип кол кармашып алып, экөө тең үйгө келген имиш. Балдарын баштарынан сылап жатканда үйдүн ичинде кандайдыр бир жарык шоола пайда болот. Иман апасына карап: «Апа, кейибей жүргүлө, биздин жашообуз таптакыр башкача. Ар дайым азиздердин жолуна деп куран окуганды унутпагыла. Балдарды силер чоңойтуп үйлөнтөсүңөр, алар жакшы адам болушат, биз көз салып турабыз», — деп көздөн кайым болду. Андан бери дагы беш жыл өтүп кетти, чөнтөк телефон дегенди Буланбек алып келип берген. Кабарлашып турат. Акылбү эки-үч жылда бир келет, алар алыскы Америкада болуп калышты. Бир күнү Сыйда неберелери, Ботобек болуп тамактанып отурганда Кадича келиптир.
— Жакшы жатасыңарбы, балдар чоңоюп жүрөбү?
— Кудайга шүгүр, өзүң жакшысыңбы, кел өйдө өт.
— Жакшы, кудайга шүгүр.
— Сейил кайда? — деди сиңдиси отураары менен Сыйда.
— Жүрөт, шаарда эле.
— Эми биз бир тууганбыз, Буланбек тигинтип бой жүрөт, Сейил деле бой, экөөнү кошуп койсок кантет?
— Ким билет, дегеле күйөөгө чыгайын дебейт. — Кызы үчүн санааркап жүргөнүн жашырбады.
— Анда мен Буланбекти чакырайын, айтып көрөлү.
— Мейли, балдары эмне дээр экен?
— Балдар өз-өзүнчө эмеспи, Гүлайдын өлгөнүнө беш жыл болду, эмне өмүр бою бойдок өтмөк беле, элүүдөн өтүп баратат. — Сыйда улутунуп алды.
— Ырас эле ошентпесе болбойт, ыйлап жаткан бала жок. Экөө жашап кетишсе болду, — деп Ботобек сөзгө аралашты. Буланбекти чакырып алып, апасы Сейил жөнүндө айтканда ал үн дебеди. Анан Сейилди анын үйүнө чакырышты да, бир туугандары нике кыйдырып койду. Бири-бирине көнүп калган экөөнө жашоо оңой болду бейм, бир ай өтүп, өтө электе Зулайка багып жүргөн алты жашар баланы алып келип алышты. Денис өтө чыйрак бала болгон. Бир аз көнбөй жүрүп, көнө баштады. Сыйда менен Кадича экөө алардын үйүнө тез-тез келип турушат. Бири кем дүйнө ушундай тура, бири кемисе бири толуктап турган. Ошентип Буланбек кайрадан бактылуу үй-бүлө ээсине айланды. Иманбектин кайгылуу тагдыры гана чогулганда аларды бир топ капалантып, эстеп калышат. Үч уулу бактылуу өсүп жатты…

Аягы.

<<35 of 35>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!