Айгүл ШАРШЕН

Аскадагы азгырык

Аскадагы азгырык

<<2 of 35>>

— Сен мени эмнеге алдырдың?
— Жагып калдың, түбөлүк мында калышыңды каалайм.
— Ата-энем эмне болот?
— Аларга биз кайтарган кенчтен каалашынча берүүгө даярмын, сен экөөбүздүн тагдырыбыз бирге!
— Эмне, мен дагы жыландар менен бирге жашаймбы? — деп Азизаны корккондой карай салды эле, ал сүйкүмдүү жылмайып:
— Албетте, — деп койду. — Сен жыландар дебестен Азиздер дүйнөсү деп айткын. Биздин өңүбүздү көрүп адамдар корккондуктан, ачуубуз келип чагып алабыз, болбосо бизден өткөн боорукер, акылдуу жан-жаныбар жок.
— Кызык, чын эле жылан дегенде биз чочулап турабыз, анткени өңү суук, а сени жылан деп атоого болбойт.
— Биз ак жыландардын башчысыбыз, атамдын уруксатысыз бирөөлөрдү чагып алгандар жазасын алышат, — деди Азиза. Кооз бактын төрүндөгү дал мурунку отурган отургучундай орундукка тепкич менен чыгып барды, бирок бул жерде эки отургуч бар эле. — Сен эмнеге токтоп калдың, бул орундук сен үчүн, — деп колун жанындагы орундукка карай жаңсады.
— Аа-а, мен ушундай эле турсам кантет?
— Жо-ок, бул жерге отур, кызыгып бир нерселерге колуңду тийгизип алчу болбо, — деди Азиза.
— Эмне, болбойбу?
— Болбойт.
— Эмнеге?
— Бул адамдар жүрчү жер эмес, дубанын күчү менен сени жыландардан арачалап турам, кел. Мен сага болгон сырды айтып койсом мени жыландар өздөрү кубалап чыгат. Же адамга, же жыландарга кошулбай ортодо калам, а сен менин убалыма каласың.
— Макул, — деп, Азизанын жанындагы орундукка отура бергенде өзүн түрткүлөп жаткан карындашы:
— Ушунча дагы көп сүйлөйсүңбү, уйку бербей койдуң, бүгүндөн баштап мен тиги бөлмөгө жатам! — деп ойготуп жатыптыр, чочуп тура калып, карындашын таңдана карады.
— Акылбү, мен эмне деп сүйлөдүм?
— Кайдан билейин, түшүнүксүз булдурап жаттың.
— Чын элеби?
— Эмнеге калп айтам? — Акылбү чукчуңдай бөлмөдөн чыгып кетти. Көз алдына эмелеки түш тартылып ойгонуп кеткенине өкүнүп алды. Супсулуу Азизаны кайрадан көргүсү келди. Анан ордунан ыкшала турду. Ата-энеси чай ичип отурган экен бирдеме шам-шум этип алып, досторуна ашыга жөнөдү. Төрт досу бар: Талгат, Ринат, Кумар, анан Айдин. Алар бекерчи, отуруп алып карта ойношот, кыздарга тийишип, аларды кеп кылышат. Баары тең курдуу. Каникулда дайым бирге. Мектепте аларды «хулигандар» деп атап алышкан. Бирок Айдин менен Иман жакшы окушат.
Шашыла көчөгө чыккан Имандын оюнан түндөгү түшү кетпей туруп алды. Достору менен жолукчу жерге келсе Айдин менен Талгат бар экен. Кумар менен Ринат жок. Үчөө чогулуп, алардын үйүнө жөнөштү. Ринат эми чыгып келе жаткан экен. Эми Кумардын үйүнө барып, аны ээрчитип алып, ээн сарай жакка кетип баратышканда:
— Балдар, биздин класска бир кыз келип окуйт экен, — деди Ринат.
— Кайдан уктуң?
— Апам айтты, тайкемдин досунун небереси экен, аябай сулуу кыз дейт.
— Көрөбүз, — деп Кумар кол шилтеди. — Биздин кыздар деле сулуу эмеспи.
— Туура, биринен-бири өтөт.
— Бизге алардын кызыгы жок, — деди Айдин.
— Чын эле, сулуу болсо өздөрүнө, — деген Иман түндөгү түшүн эстеп: «Азизага окшогон сулуу кыздар түшкө гана кирет», — деп өзүнчө тамшанып алды.
— Кана бүгүн эмне кылабыз?
— Ойнойбуз.

<<2 of 35>>

🔥0
Click to add a comment
Айгүл ШАРШЕН

More in Айгүл ШАРШЕН

Кайталанган тагдыр

201913.01.2020

Сыноо

201913.01.2020

Түштөгү аян

201913.01.2020

Махабат азабы

201913.01.2020

Кең пейилдик бакыт

201913.01.2020

Табышмактуу тагдыр

201913.01.2020

Ынтымак

201913.01.2020

Коштошо албайм

201913.01.2020

Тирүүлүк шамы өчпөсүн

201913.01.2020
















error: Content is protected !!