Жомоктор

Алтын балык

Алтын балык

(Индия жомогу)
Мелмилдеп аккан чоңөзөндүн жээгинде эскирген алачыкта кемпир-чал жашаптыр. Абдан эле жакырчылыкта жашашчу: күн сайын абышка өзөнгө балык кармаганга барат, ал алып келген балыкты кемпир сууга бышырчу, же көмүрдүн табына бышырчу. Ошентип, жан сакташчу. Абышка өзөндөн куру кол кайтып келген күнү ачка калышчу.
өзөндө анын чексиз укуктуу кожоюну, алтын жүздүү Кудай Жала Камани жашачу. Бир ирет абышка өзөндөн торду алып чыгып атканда, негедир тордун салмагы оордоп кеткенин байкады. Бардык күчү менен тартты, эптеп жээкке чыгарды, карады дагы, жаркыраган жарык көзүнө чагылып, каректери жумула түштү. Тордо накта алтындан капталгандай жылтыраган чоң балык жатыптыр, сүзгүч канаттарын кыймылдатып, оозун кыбыратат, көзү менен абышканы жалооруп карайт. Анан алтын балык абышкага мындай дейт:
– Абышка, мени өлтүрбө, үйүңө алып барба. Эркиндикке кое бер, бул үчүн сураганыңдын баарын берем.
– Сенден эмнени сурашым керек, кереметтүү балык? – деди чал, — Үйдө эч нерсе жок, курсакты тойгузганга күрүч да, денени жапканга кийинүүүчүн кийим да жок. Эгер сен, ырайым кылып, мага күрүч менен кийим берсең, өмүрүм өткүчө ыраазы болоор элем.
Балык чалдын айтканын угуп, куйругун булгалады да:
– Жолуңа түшүп кете бер. Үйүңдө баары болот: тамак да, кийим да.
Абышка балыкты өзөнгө кое берип, үйүнө жөнөдү. Келсе таң калыштуу көрүнүш тосуп алды: эскирген алачыгынын ордунду устундан курулган үй турат, ичине кирсе конокторду отургуза турган кенен отургуч, жанында курсакты кампайтканга ак күрүчтөн жасалган дүр-дүйүм даамдар, анын жанында майрамдарда элге көрүнүүдөн уялбагыдай кооз кийимдер жатат.
Абышка кемпирине:
– Кемпир, көрдүңбү, жолубуз болду. Эч нерсебиз жок эле, эми болсо баары бар. Алтын балыкка рахмат айт, бүгүн торума түшүп калыптыр. Мунун баарын аны эркиндикке кое бергеним үчүн берди. Биздин кайгыбыз менен жакырчылыгыбыз соңуна келип жетти! – деди.
Кемпир шуу үшкүрүнүп, башын чайкады да, минтти:
– Эх, абышка, абышка!.. Көп жыл жарыкчылыкта жашап атасың, а бирок акылың ымыркайдын акылындай да эмес. Ушундай да сураныч айтчу беле?.. Күрүчтү жеп түгөтөбүз, кийимдерди кийип эскиртебиз, андан кийин кандай болот?.. Азыр артыңа бар да, балыктан беш кызматчы сура, мына бул кебетеси кеткен үйдүн ордуна падыша да уялбай жашай турган чоңүй берсин… Үйдө жер төлө болсун, анын ичинде алтын толуп турсун, жасмык менен күрүч батпай калсын, арткы короодо топоздорго чегилген араба болсун. Дагы балыктан чөлкөмдөгү элдин баары бир заматта бизди сыйлап, урматтан баштасын деп сура. Бар эми, менин айтканымды орундатмайын үйгө келбе!
Абышканын баргысы келбеди, бирок кемпири менен талашкандан заарканып, айласы жок жолго түштү. өзөнгө барып, жээкке отурду да, балыкты чакырды:
– Кереметүү балык, мага кел! Кереметтүү балык, сүзүп чык!
Аз убакыттан кийин өзөн толкуп-ташып, толкундардын арасынан алтын балык чыкты. Сүзгүч канаттарын кыймылдатып, оозун кыбыратып, абышканы жалооруп карады.
– Укчу мени, кереметтүү балык! – деди карыя, — Мен сенден сурай турганымды алдым эле, бирок, аз… Аялым нааразы болуп, мени биздин аймакка башчы кылышыңды талап кылды. Андан сырткары биздин үйдүн эки эсе чоң болушун жана ичинде беш кызматчы кызмат кылышын каалап атат. Он топоз чегерилген араба, кампа толтура күрүч, алтын тагынчактар жана акча көп болсун дейт…
Алтын балык абышканын кебин укту да, куйругун булгалап:
– Айтканыңдай болсун, — деди да, өзөндүн түбүнө кирип кетти.
Абышка үйүнө жөнөдү. Караса эле айылдын бардык тургундары жолго чогулуп алышыптыр, колдорунда барабан, сурнай да бар, көздүн жоосун алган ар түркүн гүлдөрдү, кымбат белектерди да көтөрүшүптүр. Былкылдабай турушат, кудум ким-бирөөнү күтүп атышкандай. Дыйкандар абышканы көрөөр замат, тизелеп отура калышып, кыйкырышты:
– Башчы, башчы! Мына биздин сүйүктүү башчыбыз!..
Анан эле сурнайлар тартылып, барабандар ургуланып баштады. Абышканы чүмбөттүүкооздолгон замбилге салышып, жондоруна көтөрүп, үйүнө жеткиришти. А үйү болсо дагы жаңы – үй деп айтууга болбойт, кадимки ак сарай, балык суранычты так орундатыптыр.
Ошентип, кемпир менен чал абдан бактылуу, жокчулукту билбей күн өткөрүп атышты. Бардык нерсе ашыгы менен эле, бирок кемпир бир аз убакыттан кийин кайрадан нааразы болду. Арадан бир ай өтпөй атып, абышканы түрткүлөй баштады:
– Ушул да сыйбы, бул дагы урматпы? Башчы болуу чоң кызмат эмес да! Жок, сен дагы балыкка барышың керек, бардык жердин махараджасына айлантсын. Бар, абышка, суран, баш тартса: «кемпирим урушуп атат», -дегин…
– Барбайм, — деди абышка, — Сен эмне унутуп калдыңбы, башта кандай жашачу элек, күрүчкө да жетпей ачка отурган күндөр жадымыңдан чыктыбы? Бизге баарын балык берди: тамак-аш, кийим-кече, ал турмак жаңы үйдү дагы! Мени аймакка башчы кылганы, бизге байлыкты ченебей бергени сага аздык кылып атабы? Дагы эмне керек?
Абышка канча талашса дагы, кемпирин ынандыра албады. Анысы: «Балыкка барып суран», — деген оюнан такыр кайтпады. Байкуш абышкага өзөндү көздөй жолго түшүүдөн башка арга калбады. Жээкке отуруп, үн салды:
– Алтын балык, сүзүп чык! Кереметтүү балык, мага кел!
Бир жолу, эки жолу, үч жолу чакырды… Бирок, суунун тереңинен эч кандай белги пайда болбоду. Абышка көпкө күттү, анан тереңүшкүрүнүп үйүн көздөй илкип жөнөдү. Караса эле, чоңүйү жок, анын ордуна баягы жаман алачыгы турат. Анын алдында эскирген кир кийимчен, чачтары эски себеттин чыбыктарындай саксайган, көзүнүн чылпагы алынбаган… кемпири отурат. Отурат да буркурап ыйлап атат. Аны караган тейде абышка мындай деди:
– Эх, кемпир, кемпир… Көптү эңсесең азга ээ болосуң деп айттым эле! Кемпир, ачкөздөнсөң, колуңда барды жоготуп аласың да дегем! Сөзүмдү укпадың, мен айткандай болду! Эми эмнеге ыйлап атасың?

🔥0
Click to add a comment
Жомоктор

More in Жомоктор

Ачкөз

201928.04.2020

Жаныбарлар кантип жыл сүрүштүрүүгө кезекке тизилишкен?

201928.04.2020

Цикадо кичинекей мүйүзүн кантип жоготту?

201928.04.2020

Манора

201928.04.2020

Эмне үчүн деңиздин суусу туздуу?

201928.04.2020

Таранчы

201928.04.2020

Келесоолордун достугу – душмандардын кастыгына тең

201918.02.2020

Калым аким

201903.02.2020

Үпүп

201903.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!