Албуут Ханум

Албуут Ханум 8-бөлүм

Албуут Ханум 8-бөлүм

8-бөлүм
Ошондо гана түшүндүк. Эже айдоочунун катарындагы кишинин уктап баратканын көрүп, машине оң рулдуу экенин унутуп эле, ал байкушту «көзүңдү ач!» деп башка чапкылай берген турбайбы. Машине күлкүдөн жарылып кетээрине аз калды. Бешөөбүз тең ыкшып жыгылдык. Бир топтон кийин машинени от алдырып, сапарыбызды уладык. Жолду катар улам эстеп бирибиз бышкырсак, калганыбыз коштоп каткырып, шаарга кантип жеткенибизди билбей калдык.
Таежемдердин үйүнө жеткенибизде таң агарып келаткан. Жолго туура келгендиктен биринчи мени таштамай болушту. Үйдөн чыгаарда кийимдеримди Кытайдын чаарала баштыгына салып, оозун тигип койгондон кийин (кара басып сыдырмасы бузулуп калыптыр) ич кийимдеримди унутуп калганымды эстебедимби. Апам бекеринен мени «эс арабас» деп урушпайт да. Анан шашып, ич кийимдеримди сыртынан көрүнбөй турган пакетке эле салып алгам. Жүргүнчүлөрдүн жүгү көп болгондуктан, машиненин багажы жык-жыйма болду. Багажка жүк жүктөп атканда пакетимди салам деп да унутуптурмун. Анан өзүм отурган орундуктун арт жагында, терезенин тушундагы кичинекей жерге пакетти коюп койгом. Эжемдер мени күтүп, үй жанынан машине өтсө эле сыртка чуркап чыгып жатышкан экен. Биздин машине токтоору менен эжем менен жездем жарышып дарбазадан чыгышты.
– Аман-эсен келдиңби? – деп эжем бетимден өптү. Жездем менен кол алышып учураштым.
Балакеттин баары баштыгымды түшүргөндө болбодубу. Баштыкты багаждан айдоочу түшүргүчө мен машиненин ичиндеги пакетимди алгам. Эми гана дарбазаны көздөй басканымда артымдан тиги эженин уулу кыйкырып калды.
– Чоң кыз, бул сеникиби?
Бурулуп карасам колуна бирдемени кармап алган. Дааналап карасам, бюстгальтеримди таккычынан самсаалатып кармап алыптыр. Ий бетим, машине жүрүп келатканда пакетимдин ичиндегилер сыртка жылып чыгып кеткен окшойт.
– Ии, меники, – дей салып, башкалар көрүп кала электе деп шашып, чуркап барып колунан жулуп алып, бери бассам, дагы:
– А булчу? Бул да сеникиби?
Бул сапар турсийимди кармап турат. Аны да колунан ала коюп пакетиме салдым.
– Мына бул жакта да дагы бир турсий жатат, – деп бут алдынан да бирди таап чыгып берди. Уялганымдан жерге кирип кетейин дедим. Айдоочу менен анын жанындагы байке билмексен болуп коюшту. Эже терезени карап, башын бери бурбады. Билип эле турдум, күлкүдөн какалып өлгөнү калганын. Эжем да араң карманып турган экен, дарбазага кирип, жабаарыбыз менен каткырып кое берди.
– Ай, сенин ай, жөн жүрбөйсүң да, – деп эле каткырат. Дагы жакшы, жездем баштыкты көтөрүп биринчи кирип кеткен эле, көрбөй калды.
Ушинтип, менин шаарга келмейим да күлкү менен башталды.
Эртеси ойгонуп, сыртка чыксам эжем менен жездем жүзүм шактын алдындагы жыгачтан жасалган столго дасторкон жайышып, аны тегерете орнотулган орундукка отуруп, чай ичип жатышыптыр. Мени көрүшүп экөө бирдей:
– Кел, Ханум, чай ичебиз, – дешти. Бетимди жууп, аларга барып кошулдум. Чай ичип, айылды, үйдөгүлөрдү сурашып отурдук. Бир саамдан кийин гана эжем:
– Эми Ханум, айт, кайсы окууга тапшырасың? – деп маселени кабыргасынан койду. Мен чыны бул тууралуу ойлонбогон элем. Эптеп эле шаарга жетиш максатым болуп, кайсы окууну тандаарымды ойлоп да койбоптурмун.
– Ммм… эээ… – какалып калдым. Калп эле тамак чайнап жатканымды шылтоолоп, ошого алаксыгансып, маалкаттым.
– Кайсы окуу болсо да… – дедим анан бир топтон кийин, – Жакшы окууларга акчам жок… Неси болсо да бир кесиптин ээси болуп алсам эле…
Апам мени өз оюмду айта албай турган кылып тарбиялап салган. Бирдеме боюнча оюмду айта салсам эле, «тилиңди кычкач менен сууруйм», «муну кара чилистен болуп кеткенин» деп дагы далай сөздөр менен башты оорутуп жиберчү. Ошондуктан кайсы маселеде болбосун «ач кулактан тынч кулак» деп оозду жаап, дымырап отуруп бергенге көнгөм. Азыр да оюмдагыны өзүмдү күчтөп айттым. Айтаарын айтып алып, эжемден кагуу күтүп, дасторкондун четин бырыштырып, кайра жазып, жерге кирип кетчүдөй ынтылып, далымды дүңкүйтүп отурдум.
– А, жакшы, – деди жездем, – Кыз бала сөзсүз бир кесипке ээ болушу керек. Сөзсүз эле жогорку билимге эмес, коомго пайдалуу, каражат таап бере турган кесип болсо жетиштүү.
Ал чынысын тегеретип ойлонуп калды. Эжем да анын айтканын эп көргөндөй башын ийкеди.
– Аял кишиге тигүүчүлүк, ашпозчулук жакшы. Азыр көбү маникюр, педикюрга окуп жатышыптыр. Ал да жакшы окуу дейт. Алты ай окуйт экен, анан иш деген толтура, каалаган салонго жумушка орношуп, акча таба башташат экен. Ошондойлорго эле аракет кылалыбы, э?
Менин оюм үчүн жемеге алышпай, туура көрүшүп, чоң кишинин оюндай кабыл алышкандарына төбөм көккө жете түштү. Далым түзөлүп, башымды көтөрдүм. Дасторкондун да четин бырыштырбай кое бердим.
– Маникүр, педикүр деген эмне?
– Маникюр, педикюр, – эжем сөзүмдү оңдоп койду, – Тырмакты, буттун тырмагын жасап, лактай турган кесип.
– О, жок, анда, – деп чоочуп кеттим, – Ар кимдин тырмагын чукуп жүрмөк белем.
Жездем бырс күлдү, эжем да каткырды. Денем алардын күлкүсүнөн бошошуп, өзүмдү бир топ ыңгайлуу сезип калдым.
Үчөөбүз акылдашып атып, тигүүчүлүккө окумай болдум. Бул мага да жакты. Анткени, тигип-бычмай өнөрүм бар болчу. Мен байкушка ким кийим алып бермек эле, бүтүрүү кечесине да өзүм апамдын сандыгынан бир кездеме көрсөтпөй ала коюп, кинодон көргөн каармандардын көйнөгүнө окшотуп тигип алгам. Аным элдин баарына жаккан. Бир гана апам жактырбай, кездемесин убал кылганым үчүн болушунча жемелеген.
Тамактанып болгондон кийин эжем экөөбүз шаарга чыктык. Ой, тообо, толгон-токой эл. Кайсы жакты караба адамдар баратышат. Машинелердин көптүгү, адам көппү, же машинеби билинбейт. Бир адамга бир машине туура келет го чындап санай келсе. Ысыкта теримдин куюлуп, башыма күн өткөнүнө да кайылмын, эки жакты сонуркай карап, эжемдин артынан ээрчип бараттым.
– Алысыраак болуп калат окууң. Жаш эмессиңби, жолду үйрөнүп алсаң барып-келип окуй бересиң да, – деп эжем кобуранып калды.
– Жатаканасы жок бекен? Жатаканага эле чыгып албаймынбы? – дедим мен айылга каникулга барган студент кыздардан угуп билгенимди эстеп.
– Жатаканага чыгып эмне кыласың? Сен мага керексиң. Төрт айлык боюмда бар, төрөгөнүмдө кичинекейге каралашып жанымда эле бол.
Уфф!!! Тим эле маанайым чөгүп, үстүмдөн бир чака муздак суу куюлгандай боло түштүм. Айылда апамдын эки баласын ымыркайынан чоңойтуп, өзүм төрөгөндөй эле түн уйку, күндүз оюндан калып эптеп чоңойтуп, шаарга качып келсем, бул жакта да мени жалаяк менен бешик күтүп турган турбайбы. Эми мында да студенттик күн деген жок, окуудан чыгаарым менен үйгө чуркамай милдетиме айланат экен да. Өңүмдүн өзгөргөнүнөн эжем менин ичимде кандай ойлор пайда болгонун билдиби, жубатууга шашылды:
– Бир-эки саатка эле карашасың, болду, калган учурда эркинсиң. Мончого барып келгенимче эле, күн сайын деле барбайм да. Студенттик күндү ойноп-күлүп өткөрүш керек, кантип сени балага байлап коеюн, – деп эле актанып кирди. Аны угуп жүрөгүм бир аз өзүнө келди. Бирок, таежем эжесине окшош эмес, адамдык жүрөк бар, анысын билем.
Ал күнү кесиптик лицейге документ тапшырдык. Окуу акысын жездем төлөп койду. Антип-минткиче сентябрь да келип, менин студенттик өмүрүм башталды.
Коендой окшош күндөр өтө берди. Эртең менен сабакка барам, кечинде үйгө келем. Группалаштарым тилекке жараша классташтарымдай болушпады. Группада 22 кыз окуйбуз, баарыбыз ынтымактуу болуп, кайда барбайлы чөжүрөп ээрчишип алабыз. Жатаканада жатып окуган кыздарга көзүм күйүп, күндө кечинде моюнунан байлаган иттей болуп үйгө кайтам. Эжем кош бойлуу болду. Ал эмей эле мен кош бойлуу болгонсуп, кош бойлуулуктун биринчи үч айындагы азап менен тозокту мен кошо тартыштым. Тамак жасай албай, мурдун жаап, башын чүмкөнүп, ордунан турбай жатат. Тамак жасаган мен, кир жууган мен, үй жыйнаган мен – кудум эле айылдагы акыбалым кайтып келди. Жездемдин кийимин жууп кургатып, үтүктөп, кийим салынчу шкафка илип коем. Акыркы күндөрү эртең менен байпагынан бери менден сурачу болду. Эртең менен эрте туруп, окууга кеткенимче жездемдин эртең мененки тамагын даярдап коем. Мунусу да кыйраткансып жылыма тамак ичпейт экен. Эртең менен жумуртка куурутуп жейт, же сүт кошулган ботко жейт, жаш балага окшоп. «Өл э, ушул да эркекпи, эркек деген жылытма кесмеден бир аяк ичип алып эле кете берет. Бул кыздан бетер сыланып, ботко жейт, сүт ичет», – деп күн сайын окууга шашылып жатып, жумуртка кууруп, же ботко бышырганга аргасыз болгонумда жаным кейип, ичимден сүйлөнөм. А эжем мага үйү турмак, күйөөсүн да баш-оту менен өткөрүп берип койду, тим эле Манас төрөй тургансып. Дагы жакшы, чоң баласы кайненесинде, анысын алып келип алса мен эле куурайм го.

🔥0
Албуут Ханум

More in Албуут Ханум

Албуут Ханум 21-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 20-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 19-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 18-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 17-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 16-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 15-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 14-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 13-бөлүм

201928.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!