Албуут Ханум

Албуут Ханум 5-бөлүм

Албуут Ханум 5-бөлүм

5-бөлүм
– Тур! – үстүмдөгү жуурканды апам сыйрып ары ыргытып жиберди, – Чоңойду, эми жардамдашып түйшүгүмдү жеңилдетет десем, мунун иш кылайын деген ою жок. Эртең күйөөгө тийсең да ушинтип уктайсыңбы? Бир айдан кийин алып келип койбосо болду күйөөң!
Айла жок турууга туура келди. Сырткы чыксам, агам короодо бир иш менен алектенип жүрүптүр. Биринчи түндө кучакташып, жытташкандан кийин эртеси агамды көрүп уялганымдан жерге кирип кетейин деген элем. Бул саам үйрөнө түшкөнмүнбү, уялган жокмун. Кайра мени көрсө экен дегенсип, кумганга шашпай суу куюп, аны көтөрүп короонун аркы башына барып, бети-колумду жуудум. Кайра каалгый үйдү көздөй бастым. Ал мен тарапты карабады. Ишке абдан берилгендей түрү бар. Же, уялуу кезеги ага келгенби. Элдин баары тамактанып алышкандыктан, өзүм жалгыз чай ичтим. Чай ичип бүткөнүмчө апам ары басып да, бери басып да сүйлөнө бергендиктен, ичкен тамагым ашказаныма барбай эле жолдо жоголуп кеткендей болду. Ал күнү кечке булактан суу ташып, эки чоң казанга суу ысытып, кир жуудум. Агам суу ташыганга жардамдашты. Эки чаканы каруума илип алып булакка баратсам артымдан жете келди. Кол арабага фляга салып алыптыр.
– Хануля, мен сага жардамдашпасам болбойт окшойт. Баятан бери үч жолу барып келдиң окшойт. Чака көтөргөнүңдө белиң ийилип, мына-мына сынчудай болуп калганынан улам коркуп кеттим, – деди тамашалап.
– Ии, эмнеге коркосуз, сынса сыныптыр да колхоздун мүлкү, – дедим мен да куру калбай.
– Опей, колхоздун мүлкү деп койгонун… – кулагыма жакын келип шыбырады, – Менин мүлкүм го.
– Койчу, качантан бери? – мен да кылыктандым. Тообо, эркектердин жанында кылыктанмайды биле баштаптырмын, демек, бой жеткеним ушул.
– Кечээги түндөн бери. Эми мына бул дене турпатың бүтүн бойдон жалгыз өзүңө таандык эмес. Менин да үлүшүм бар, – деп каткырды агам. Ал каткырганга көздөрү жүлжүйүп, тиштери кашкайып абдан эле сулуу болуп кетчү. Мен аны жалдырап карап калдым.
– Эмне карайсың? Чын, түнкү окуя мага абдан таасир этти, түндүн киришин чыдамсыздык менен күтүп жатам, – деди сырдуу тиктеп. Мага уят болмушум кайра кайтып келди. Бетим кызарып, кайрып сөз айтпай булакты көздөй кадамымды тездеттим.

●●●

Убакыт өтө берди, биз да агам экөөбүз жакындашкандан жакындашып жүрүп отурдук. Кээде апама таң калам, кызынын көкүрөгү чыгып, бою узарып, өзү айтмакчы эркектерге бой салып чоңойуп калганын билет. Анан эмнеге мени менден эки жашка улуу агам менен бир бөлмөгө жаткырып койгонуна таңмын да. Же, миң чоңойсом да түнкү оюнга бараарымды капарына албайт окшойт. Бирок, агам мага такыр тийбеди. Ар бир жолу санымдын ортосуна бүтүрүп алып, «Сен менин карындашымсың да, сага тийбейм. Мага ушул жетет. Сени жыттап, кучактап, кармалаган эле сонун. Баары бир экөөбүздү баш коштурушпайт. Бул туура эмес болуп калат. Ошондуктан, болочок күйөө баламдын убалына калбайын», – деп тамаша-чынга салып айтып калат. Мен да анын айтканына ынанам. Кокус агам экөөбүздүн мамилебиз сыртка чыгып, баш кошобуз дечү болсок, атам менен апамдын, толгон-токой урук-туугандын реакциясы кандай болоорун жакшы билем. Экөөбүздүн чоло жерибизди калтырбай ушагы менен да, урушу менен да тытмалап чыгышар. Кой, жер жүзүндө эркек деген толтура. Агам болбосо дагы башка эркек багымда тургандыр. Азыркы күндү ой, түндү көңүлдүү өткөргөнүмө ыраазы болуп жашай турайын, андан аркысын тагдырым көрсөтөт да.
Чынында, менин жашоом абдан эле зеригичтүү болчу. өз курагымдагылардан долдойуп чоң болуп, анын үстүнө аң-сезимим эрте өнүккөндүктөн теңтуш кыздарга кошула алчу эмесмин. Алар мага кырларын салышып, жакындашып, сүйлөгөнүмдү каалашчу эмес. А үйдө… а үйдө эртеден кечке укканым жеме. Менден кийин сиңдим менен иним бар болсо да, алы жеткени мен. Мени урушпаса апама күн кызыксыз болуп калса керек. Эне кыздай болуп сырдашмак турсун, жөн эле бир сөздү айта албайм. Айттым дегиче эптеп эле өөн таап, каарып алат. Мен үчүн туугансып, эки баланы тууду да, менин моюнума артып таштады. Эки баланы мен эле чоңойттум. Күндүз кечке көтөрүп, уктатып, жалаяктарын жууп, тамагын бергеним аз келгенсип, түнү ыйлашса да апам дароо мени тургузчу. Ушулар эртерээк чоңойуп кетишсе экен деп Кудайдан тиленип жүрүп, ал убак да келди. Кээде кыштын узун түнүндө бешик терметип отуруп, бешиктин ичиндеги оозун араандай ачып ыйлаган бала өмүр бою мени ушинтип терметтирип жатчудай сезилип, убакыт бир ордунда байланып калгандай кабыл алчумун. Эми алардын буттары басып, тилдери чыкты. Мени тоготушуп коюшпайт. Аларга бирдеме деп көрөйүнчү, апамдын ачуу тили мени чагып-чагып алат. Кээде мага апам өз апам эмей эле, өгөйдөй сезилет. Чын, бул үйдө эң жаманы менмин, жалкоосу да, уйкучусу, тил албасы, олдоксону, кейпи суугу, деги эле жаман аттуунун баары менмин. Бирок, ошол эле убакта суу ташыган мен, тамак жасаган мен, кир жууган мен, нан жапкан мен, уй сааган мен, иши кылса бул үйдүн оокатын кыбыратып аткан мен. Бирок, жакпайм. Өгөй атам балким жактырбаса ичинен жактырбайттыр, сыртынан билдирбейт. Кызым да дебейт, атымдан атап чакырат. Эсимдеги элестерди сапырып көрсөм, атам бир да жолу мага «кызым» деп кайрылбаптыр. А өзүнүн эки уулу менен бир кызын жанталашып жакшы көрүп, «уулум, кызым» деп эле кайрылат. Апама да таң калам, агама келгенде абдан жумшак, мээримдүү болуп чыга келет. «Келегой, Аслан чай ич, күчүгүм», «Аслан, картошканын куртун терип коесуңбу, эгер убактың болсо», – деп тим эле маданияттуу кайрылат. А мага келгенде «Эй, желмогуздай болбой картошканын куртун тер!» – деп бакырат. Ушундан эле билсе болот, бул үйдүн желмогузу ким да, «күчүгү» ким.
Мына ушундай уруш-жемеден баш арылбай, эч бирөөсүнөн мээрим албаган мага агамдын түн ичинде болсо да сыйпалап-сылаганы тим эле өксүп турган жериме тийгендей болуп атпайбы. Ошого баарына кайыл болуп, коюнуна да кирип, карматчу жеримдин баарын карматып… Түндү күтүп, кечэээги түнкү окуяны эстеп күнү бою үй оокатын да кыңылдап ырдап жасайм го чиркин. Мурдагыдай жаман ойлор мээме урунбай, апам жерден алып көргө, көрдөн алып жерге уруп, жемелеп жатса да, «дайдыр, дайдыр, дайдырдай, жүрө берем кайгырбай» деп гана турам го.
9-классты аяктап калганымда, агам орто мектепти бүттү. Мен аны классташ кыздарынан тымызын кызгана берчүмүн. Айрыкча, бир кызы бар. Агама жабышып, жанында кайда барса самсаалап ээрчип алат. Анан дагы мени карындашы деп ойлойт го (түнкү жоруктарыбыз үч уктаса да түшүнө кирбесе керек) бир жолу агама жазган катын мага жеткирип берчи деп суранып берген. Ии деп алдым да, жарым жолдон арык боюндагы талдардын артына жашынып окусам, сезимин билдирген кат экен, жыртып-жыртып, арыктагы сууга ыргытып салгам. Агама эч нерсе айтпагам. Бирок, ал дагы өлөрман кыз экен, кантип жетти билбейм, агам менен жүрүп алыптыр. Булардын кыз-жигит болуп алышканы мектепке тез эле жайылды. Укканымда мектепте өзүмдү араң кармап, кандай мектептен чыктым, ошондой көз жашымды кое бердим. Классташтарым менен мамилем начар болчу дебедимби, а биздин үй мектептен абдан эле алыс. Үйдүн мектепке алыс болуп калганына ошондо биринчи жолу кубандым. Ыйлап келатам, ыйлап келатам. Айылдан чыккан жерде өңгүрөп үнүмдү да чыгардым. Кайра биздин айылдын башына жакындаганда үнүмдү бастым. Ошентип, үйгө келгиче эки көзүм тоо болуп шишип чыкты.
– Эмне болду? – деди апам мени көрүп, – Эмне көзүңдү кызартып, мен өлдүмбү?! – акырая карады.
Апа, айланайын, апа, кызыңдын ичинде эмнелер болуп атканын билүүгө аракет жасап койсоң болбойбу?! Мени класста эч ким кошпойт, баары жаман көрөт, баары шылдыңдайт, анткени, кийимим жупуну, колума урунгандын баарын үстүмө кийем. Боло берет, сыланып-сыйпансаң эле суук кейпиң оңолуп кетет беле деп таежем, таажеңемдердин эскисин, болгондо да чоң аялдар кийе турган кийимдерин алып келип, мага чактап, эки жагын кыркып, кыйшык-буйшук кылып өзүң тигип, кийгизип коесуң. Анан мен кантип эл катарында башымды көтөрүп басып, кыздарга тең ата сүйлөй алам. Кантип жашап, кантип окуп жатканыма эмнеге кызыкпайсыз?! Мен сиздин кызыңызмынбы, же багып алдыңыз беле?! Бул кыйкырык албетте, сыртыма чыкпады. Ичимден ыйлап, ичимден кыйкырып алдым да, апама айтуунун кереги жоктугун билип, үйгө кирип кийимимди алмаштырып чыктым. Негизи, кийим алмаштырбай деле койсом болот, үйгө кийчү кийимим менен мектепке кийчү кийимимдин кылдай айырмасы жок. Жөн гана мектептен келгенден кийин кийим алмаштырыш керек деген гана эрежени карманам да.

🔥1
Албуут Ханум

More in Албуут Ханум

Албуут Ханум 21-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 20-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 19-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 18-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 17-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 16-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 15-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 14-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 13-бөлүм

201928.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!