Албуут Ханум

Албуут Ханум 21-бөлүм

Албуут Ханум 21-бөлүм

21-бөлүм
– Атка минбе, велосипед айдаба, көп чуркап, көп баспа. Албетте, биринчи түнгө чейин, – деди врач.
Жездем мени үйгө жеткирип кетти. Үч күндөй эч жакка чыкпай жаттым, Байтур улам телефон чалып жатты. Мен ага ооруп атам деп койдум.
Үч күндөн кийин басыгым жакшы болуп, жанжерим оорубай калды. Эжеме чай-чамек, таттуу-паттууларды көтөрүп алып бардым. Кабагы суз кабыл алды.
– Эже, сизге рахмат, окууга өткөрдүңүз, үйүңүздө кенен жашадым. Ошого жашоодогу эң чоң кубанычымды биринчи сиз менен бөлүшүүгө келдим, – дедим. Аны угуп эжемдин бир аз көңүлү ачылды.
– Турмушка чыгайын деп жатам, – дээрим менен эжем жүз сексен градуска өзгөрдү. Күлүп-жайнап, мага турмуштук акыл-насаатын айтып, күйөө болчу жигиттин кимдигин, кайсы жактык экенин сурады. Ошол убакта сүйлөшүлгөн боюнча жездем келди. Ага эжем менден уккандарын жаңылык кылып дароо сүйүнчүлөдү.
– Болсун, болсун. Мен бажалуу болот турбаймынбы. Ал кандай бала, жакшы жерденби? – деди мага.
– Ооба, жакшы жигит, – дедим.
– Кой, болбойт, биринчи көрөлү, анан кандай экенин айталы. Сүйүүгө кабылган адамдын көзү көрбөй, кулагы укпай калат. Биз эжең экөөбүз сынайлы, – деп эжемди карады эле, анысы Кудай жалгап коштоп кетти.
– Чын эле, үйгө чакырбайсыңбы, сүйлөшүп, өң-пешенесин көрөлү. Алыс жерден да экен, ошонусу да бир аз жакпай турат мага.
Жездем заматта базарга барып келе калды. Эжем экөөбүз дасторкон даярдадык. Ал арада Байтурга телефон чалып, «Эжемдер конок тосуп жатышат эле, жардам бергени келгем. Кайра кайтканда кеч болуп кетет экен, келип жеткирип кое аласыңбы?» дедим. Байтур макул болду. Эжеме айттым: «Дасторконду атайын Байтур үчүн жасаганыбызды билбесин, мен мени үйгө жеткирип кой деп гана чакырдым. Келгенде үйгө кир дейсиз сиз. Жабышкандай болуп, эжем сени менен таанышам деп жатат десем туура болбой калат го».
Байтур эжеме да, жездеме да жакты. «Мындай сулуу жигитти кайдан таап алгансың? Кимди кимди, ушу сени сулуу, зыңгыраган жигит карайт деп ойлобогон элем», – деп бетиме эле айтып салды.
Кетели деп даярданып баштаганыбызда, жездем:
– Мен жаштарды караңгыда маршуртка тостуруп отурбай, жеткирип эле коеюн, – деп калды.
– Ий, жезде, жеткирип коем десеңиз Байтурду убара кылып чакырбайт элем да, – деп ыңгайсыз болумуш болдум. Байтур көңүлүмдү жайгарды:
– Чакырганың жакшы болду. Жезде үйүңдүн алдына жеткирсе, мен сени подьездиңе чейин узатып коем. Кааласаң, каалгаңдын алдына чейин коштойм. Эч кандай убаракерчилик жок.
Бул сөздү угуп жымың этип алдым. Жездем бизди үйгө жеткирип, Байтурга айтты:
– Жигит, бүгүн жакшы күн болду, таанышканыбыз үчүн жүз граммдан алсак, кандай дейсиң? Машинемде көптөн бери жүргөн коньяк бар эле. Бул кыздын эжеси көрбөй турганда жүз грамм ичип алсам каршы эмессиңерби?
Ошентип, үйгө үчөөбүз кирдик. Заматта дасторкондун үстүн толтурдум. Жездем коньяктан экиге бөлүп куйду, мен ваннага кирип, чоргоону күчкө салып жулуп алдым да, кыйкырдым:
– Байтур, жардамдашып коесуңбу?
Ал келип, чоргоону катырып берди. Биз барсак, жездем бирди алып жиберип, экинчисин стаканына куюп атыптыр.
– Байтур, кел, алып жибер, – деди эле, жок дегенден тартындыбы, же башта эле ичип жүргөнбү, ал да алды. Анан дагы экиден, дагы экиден… Байтур бир топ кызып калды. Столго башын жөлөп уктап калганда, жездем мага көзүн кысып, кетти. Үйдүн ачкычынын бирин колуна карматтым. Мен аны тургузуп, колтугунан жөлөп барып, төшөккө жаткырдым. Мас кезде адам өзүн башкара албай калат деген чын белеем, тарбиялуу, тартынчаак Байтур жанына жатаарым менен кучактап, өпкүлөп, булдурап жалынып-жалбарып баштады. Мен каршылык кылбадым.
– Мен кызмын, Байтур, – деп гана койдум.
– Кыз болсоң үйлөнөм, – деп эле трусама жабышты. Бир кезде көзүмдөн кадимкидей от чагылышып, эркимден тыш кыйкырып алдым. Байтур соо боло түшкөнсүдү.
– Кечир… кечир… мас болуп калып… – деп төшөктүн үстүнө тизелеп, алаамдан аккан канга карап нестейди.
Ушинтип, дагы бир жолу кыздыгымдан айрылып, катуу капага баткан адам өңдөнүп тескери карап, жуурканга чүмкөнүп жатып алдым. Байтур төшөктүн сыртынан кучактап, уйкуга кеткенге чейин «кечир» деп кайталап жатты.
Таңкы уйкубузду жездемдин ачууга толгон үнү бузду.
– Бул эмне кылганыңар?! Экөөңөрдү тең жаш, жаман нерсени билбеген таза балдар деп жалгыз таштап кетсем, кылаарыңар ушул беле?! Тургула тез?!
Көзүмдү ачсам төшөктүн аяк жагында жездем турат. Бизди жаман көзү менен карап. Байтур алактап, бир тура калып, кайра отура калып, айласын таппай калганы байкалды.
– Жигит, мен сага ишенип кечээ мас болуп, уктап калганыңдан козгобой эле коеюн деп таштап кеткем! Бул кыз он сегиздеги жаш кыз, ата-энеси бул жоругуңду укса эмне кылаарын билесиңби?! Ата-энесине жеткирбей эле мен эмне кылаарымды билесиңби?! – жездем кабагын бүркөп, катуу айтты. Мен корккон адамдай болуп, жуурканга башымды каттым. А чынында, жездемдин актерлорго окшоп, образга оңой киргенине бышкырып жибербейин деп, жуурканга чүмкөндүм. Байтурдун калтыраган үнү угулду:
– Кечирип коюңуз, байке? Кантип ушундай болуп кеткенин билбейм. Мен Ханумга үйлөнөм.
Биздин, тагыраагы менин тагдырым чечилди. Жездемден корктубу, же сезими бар беле, ал үйлөнөм деди…
– Шаардагы агам менен эжелериме үйлөнөм деп айттым. Жашсың деп урушушту, кандай абалда экенибизди билишпейт да. Же бул тууралуу айта албасам… Урушушса да көгөрүп айтканымдан кайтпай койсом, атам менен апама кабарлашкан экен, «Үйлөнө турган баланын жолун тоспогула, алып келе берсин», – дешиптир. Эки күндөн кийин жолго чыгабыз, камына бер, – деди кечинде келип. Үнү муздак, маанайы суз. Жездемдин алдында уят болуп калганына кайгырып жатабы, же мага баш кошууга аргасыз болгонунабы, билбедим. Билүүгө да аракет кылбадым. Чынында, мен ушундай болоорун билип эле, баарына кайыл болуп, Байтурдун жубайы болууга жан үрөдүм да. Көшөгөгө отуруп, ак нике кыйдыртып эле алайын, калганы өз колумда. Мен ага эң мыкты жубай болуп берем. Кайын журтумдун алды –артынан өтүп, сыйлап, сүйүктүү келинине айланам.
– Ой, айланайын, сага Ошто бок барбы? – дейт апам. Телефонум шыңгыраганынан ала койсом, апам экен, акыбал-жайымды сурабай эле, урушуп кирди. Номеримди жездем берген окшойт, мени турмушка чыга турган кылып коюп, көңүлүн тынчытып, эми коркпой номеримди баарына таратып баштаптыр да.
– Бишкекте жашайбыз, Оштон болсо эмне болуптур?
– Жездең менен эжең эле күйөө болчу жигитти мактайт, эмнеси болсо да бактылуу бол, – деди апам. Биринчи жолу жакшы сөз уктум, эрээркеп да кеттим.
Эки күндөн кийин Ошту көздөй жолго чыктык. Таң агарганда жетели деп түнү таксиге отурдук. Бизге жеңеси, агасы жана бир эжеси кошулушту. Алардын мени жактырбай, төбөмдөн бутума чейин сынай карашканын байкадым. Сыр билдирбей, ыйбаа кылып, сылык учурашып койдум.
Бизди той каадасы көрүлүп, казанга эт бышып, боорсок салынып, май жытына толгон үй тосуп алды. Машинеден түшөөрдө буттарым титиреди. Ак жоолугун көтөрүп, бизди көздөй басып келаткан жапалдаш бойлуу, балпайган байбичени көрүп, коркконумдан ыйлап жиберейин дедим. Ак жоолуктун сүрү күчтүү белем. Эне башыма жоолугун салып, бешенемден өөп:
– Алдыңды бала, артыңды мал бассын, айланайын. Акжолтой келин бол, – деп батасын берди. Ары жакта кызыга караган жаш балдар жарданып турушту. Эки келин эки жагымдан жетелеп, үйгө алып киришти эле, бөлмөнүн төрүнө аппак көшөгө кадалып туруптур. Аны көрүп алкымым көөп, көз жашым жаагым ылдый тамчылады.
– Кыз жыргаар жерине ыйлап барат. Биз да ушинтип келин болгонбуз, – деди колтуктаган келиндердин бири.
Булар менин эмнеге ыйлап жатканымды билишпейт да э? Мен мындан ары бир гана эркектин коюнунда жатып, бир гана эркекти күтүп, болгондо да өзүмдүн менчик күйөөмө тамак жасап, камкордук көрөөрүмө эрээркеп ыйладым. Аппак көшөгөгө ак абийирим менен болбосо да, ак сүйүүм менен кирээримди ойлоп ыйладым. Бактылуу болсом экен эми…
Аягы… эмес…

🔥1
Албуут Ханум

More in Албуут Ханум

Албуут Ханум 20-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 19-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 18-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 17-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 16-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 15-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 14-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 13-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 12-бөлүм

201928.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!