Албуут Ханум

Албуут Ханум 19-бөлүм

Албуут Ханум 19-бөлүм

19-бөлүм
– Ал узун сөз. Жай убакта айтып берем. Зордуктап кетишкен, – дедим башымды ылдый салып. Ал өзүн күнөөлүү сезди окшойт, карылуу колдору менен башымдан кармап көтөрүп, оозумдан сорду.
– Кечирип кой, экинчи бул тууралуу сурабайм.
Аптыгып бир заматта сыртка чыгып келе калды. презервативден бир пачка алып келиптир. Чечинип, төшөктөгү мени баса жыгылды да, дароо эле оозума кайбарын жакындатты. Кайбарынын башынан сыга кармап, учундагы тешикчесин айландыра тилим мене жаладым эле, селт этти.
– Эмне болду? – десем,
– Күйүп кетейин деди го, – деп жыргап алыптыр.
– Келиңиз эми, – деп чалкалап, бутумду эки жакка керип, көзүмдү жумуп жаттым. Жок, жок. Көзүмдэ ачсам, презерватив менен алпурушуп отуруптур. Кийгизе албай жатканын көрүп, өзүм кийгиздим. Бул жолку сексте эки жолу кумардын туу чокусуна чыгууга жетиштим. Бышылдап жатып калганыбыздан кийин айтып жатат:
– Бу резина менен анча кызыгы болбойт экен.
– Ии, эмнеге?
– Сенин бетиңе целлофан жаап алып өпкөндөй эле болдум.
Аны угуп ичим ооругуча күлдүм.
Туруп жуунуп, тамактанып, кайра уктоого жаттык. Катары менен оргазмга жеткенге денем алсызданып калганбы, жаздыкка башым тийери менен уйкуга кетиптирмин. Көзүмдү ачсам күн көтөрүлүп калыптыр. Жанымдагы жаздык бош. Дароо эле телефондон анын номерин тердим. Айылга кетип баратканын, орто жолго келип калганын айтты. Бул таң атпай эле туруп кетсе керек. Столдун үстүнө акча таштап коюптур. Аны көрүп өзүмдү сатканымдай сезилип, жаздыкты кучактап алып «бир куплет» ыйлап да алдым. Кайра эле бетимди жууп, кийинип, акчаны алдым да, дүкөнгө жөнөдүм.

●●●

Жездем менен кошуна байкенин ортосундагы бейгам күндөр өтө берди. Үйдөгүлөргө маал-маалы менен акча, таттуу-паттуу жөнөтүп турганга, апам «эжеңдин үйүнөн эмне кетип калдың?» – деп кулак-мээмди жеген жок. Кээде ойлоп коем, апама бир гана акча керекпи деп. Жаш кызым кайда, кимдер менен жүрөт деп ойлонбой, акча жөнөтсө эле унчукпай калыш керекпи? Эй, эмнеси болсо да мен өз жашоомду өзүм түптөшүм керектигин түшүндүм. Үйлүү болуп алдым, эми лицейдеги окуумду аяктасам, жогорку окуу жайына тапшырып, жогорку да билимдүү болуп алайын деп чечтим. Алдыдагы күндөр кандай болоорун эч ким билбейт, билим баары бир керек. Ошого жездем менен кошуна байкенин берген акчаларын акыркы убакта көп коротпой үнөмдөп, топтой баштадым.
– Сенин кыздыгыңды алганымдан кийин аябай ачылдың, ошону байкадыңбы? – деп бир күнү жездем үйдөн кетип жатып.
Чын эле, агым ак, кызылым кызыл болуп кулпуруп кеткеним өзүмө деле байкалып жүрөт. Баягы кара тоголок Ханум жок, бой-келбетим суналып, көзүмдөн от жанып… деп эле мактанып кетпейинби. Бирок, сөздүн ачыгы ушул, мактанбаганда деле күн өткөн сайын сыныма чыгып баратам дейсиң.
– Сизге рахмат, – деп күлдүм, -Сиз болбогондо жүрмөк экенмин да ээ ачыла албай.
Өзүмө өзүм абдан канааттанып, жездем кетери менен күзгүнүн ары жак, бери жагына чыгып, абдан карандым. Күзгүнү терезенин текчесине эле коюп койгом да. Текченин сыры кертилип түшүп калыптыр. Оюма боек алуу керектиги келди. Бирдемени ойлоп алсам, аны аткармайынча такыр тынчтана албайм. Ошого бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбай азыр эле базарга барып боек алып келүүгө жөнөдүм. Боектор саткан катарды карап жүрдүм.
– Чоң кыз, эмне издеп жүрөсүз? – деген коңгуроодон үн кулагыма шак эте калды.
Башымды көтөрсөм, жылдыздуу жигит мени карап туруптур. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Эки ууртунда уячасы бар, арыкчырайы, сулуу жигит. Тим эле жүрөгүмдү өрт каптагандай боло түштү.
– Краска, – дедим көзүмдү гипноздолгон адамдай тарта албай.
– Кандайы?
– Ак түстөгүсү, анан жыты жок болсо. Ошондой краскалар болот дейт го э?
– Ооба, болот, жазды күтпөй ремон кылайын деп аткансыз го э?
Тамашакай, тил тапкыч жигит экени байкалып турат. Бирок, анын мага «сиз» деп кайрылганы жакпады. Же, улуу көрүнөмбү?
– Мен жаш эле кызмын, сен десең деле болот, – дедим. Эмнеге антип айттым билбейм, оюмдагы оозумдан чыгып кетти да.
Жигит каткырып күлдү:
– Кечир, чоң кыз. Бейтааныш адамдарды улуу-кичүүсүнө карабай сиз демей адатым бар. Кантип билбейин, көрүнүп эле турбайбы, эне сүтү оозунан кете элек жаш кыз экениңиз, – анан үнүн акырындатты, – Менимче, сизди энеңизден башка эч ким өбөэлек го э?
Балким, башка кызга бул сөз кадыресе эле угулмактыр, а мага какшыктай угулду. Жүрөгүмө түз келип ийне сайылгандай эле болду. Эки кашым бириге калды. Жигит менин капа боло түшкөнүмдү өзүнчө жоромолдодубу:
– Мына, жаш кыздар жада калса өбөт деген сөздү да катуу кабыл алышат, – деп күлүп койду.
Мен жеңилдене түштүм. Жигиттин жүзүнөн жана үнүнөн какшык, маскара байкалбады. Жөн гана тамашалаган тура деп жыйрылып калган денемди бош таштоого аракеттендим. Андан эки банка краска алып, анын акысына акча да төлөп, телефон номеримди да калтырып, базардан чыктым.
Өзүмчө эле өрөпкүп, жер менен баспай учуп келаттым. Жөндөн жөн эле жылмайып келатканымды маршруткада бир аялдын таң кала караганынан гана байкадым. Ууртумду жыйайын десем болбой жалжаят да. Мен ошол сааттарда сүйүү эмне экенин түшүндүм окшойт. Болгондо да бир көрүүдөн пайда болчу сүйүүнү. Жигиттин коңгуроодой үнү, күлгөндө пайда болгон уячасы көз алдымдан кетпей, санаага да батчу болдум. Ошондо гана биринчи жолу жездем менен жакын байланышка барып алганыма өкүнгөндөй болдум.
«Андай жигитке мен тең эмесмин. Мен бузулган кызмын. Ал таза жигит. Менин кыз эмес экенимди билсе, жаныма жакын жолобойт», – деген ой мээмден чыкпай тегеренет. Ошентип, санаага батып жүргөн күндөрдүн биринде телефонум шыңгырады. Алсам менин сары оорума айланган жигит.
– Ханум, бул мен Байтур, тааныдыңбы? – деди эле, кантип тааныбайын, күн сайын жүрөгүмө көтөрүп жүрсөм, кубанычым коюнуна сыйбай кетти. Бирок, ошол секундда кайра өзүмдү колго алдым. Жаш болсом да, ким бирөө мени үйрөтпөсө да ички туюмум менен эркекке эч убакта сезимди биринчи билдирбеш керек, аларга канчалык суз мамиле кылсаң, ошончолук сага өпкө-жүрөгүн чабышат деген эрежени таанычумун.
– Ии, тааныдым, кандайсың? – деп салкын сүйлөдүм.
– Бош эмессиңби, алаксыттымбы? – деди жигит.
– Сүйлөй бер, маршруткадан түштүм, – деп койдум. А өзүм жол жээгинде бараткам. Дагы эмнени айтаар экен, жолугушууга чакырса экен деп жүрөгүм катуулап сокту.
– Бош болсоң жолукпайлыбы? – деди ал да менин суранычымды туйгандай.
– Бүгүн болбойт го, зарыл иштерим бар эле. Капа болбосоң эртең чалчы э? – дедим. Ичимден ушуну менен чалбай койсо эмне кылам деген коркунучтан титиредим. Бирок, дароо эле жолуга койсом жеңил ойлуу экенимди байкап калабы деген коркунуч биринчи коркунучтан да жогору болду.
– Кыздардын эртеңи бүтпөйт э? – деп күлдү.
– Болот, күтсө, – деп мен да тамашаламыш болдум.
– Мейли, бүгүн зарыл иштериңди бүткөр, эртең чалам, – деди да, телефонду өчүрдү. Мен телефонду тиктеген бойдон каттым. Чын эле чалабы, же ушуну менен үнүн бир угузбай жоголобу?
Сүйүүнүн күчү ушундай экенин биринчи жолу билдим, телефонду колумдан түшүрбөй, тамак да жегим келбей, эки күндө кадимкидей өңүмдөн азып кеттим. Курбуларым да байкашты, «сага эмне болгон, же сүйлөбөйсүң, же күлбөйсүң?» – деп таң калышты. Негедир аларга эч нерсе айткым келбеди, өзүм менен өзүм болгум келип, жалгыздыкты жакын сезип, сабак бүтөөрү менен үйгө шашылам да, келип, телефонумду кучактап соолуп жатам.
Үчүнчү күнү гана эңсеген адамым телефон чалды.
– Бүгүн бошсуңбу? – деди ал-жай сурашкандан кийин.
– Ооба! – кыйкырып жибердим окшойт, байкабай да калдым.
– Анда ЦУМдун алдындагы саат турган жерден кечки беште жолугалы.
Саатты карасам эки болуптур. Макул деп коюп, ыргып ордумдан туруп, ваннага кирип жуундум. Кыңылдап ырдап, маанайым заматта көтөрүлө түштү. Жакшы деген кийимдеримди кийип, чачымды жайып, плойка менен тармалдап, жасанып алып чыктым. ЦУМга жакындап калганда саатты карасам араң эле төрт жарым болуптур. Эрте барып алганым болбостур деп эки аялдама эрте түшүп алдым да, жөө басып бараттым. Ичимде уйгу-туйгу. Мага сүйүү келгенин билдим, кызык, бир көргөн жигитке да ушунча ашык боломунбу? Анын ким экенин, мүнөзүн, башка сапат-адаттарын билбей туруп эле биротоло баш-отумду жоготуп койдум го. Эмнеси болсо да, сыр билгизбей зыпыйып, өзү айтмакчы энесинен башка өбө элек кыздын образына киришим керек. Бул жигитти иренжитип албоо үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого өзүмө өзүм сөз берип келаттым.

🔥2
Албуут Ханум

More in Албуут Ханум

Албуут Ханум 21-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 20-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 18-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 17-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 16-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 15-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 14-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 13-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 12-бөлүм

201928.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!