Албуут Ханум

Албуут Ханум 14-бөлүм

Албуут Ханум 14-бөлүм

14-бөлүм
– Бул жерге жат, бир шыпыргы менен чапкылайын, – десе, мен кадимки үй шыпырган шыпыргы менен чапкылайт деп ойлоптурмун. Жатайын десем, «шейшепти алдыңа сал да, үстүнө жат», – деди. Кысынып атып айтканын жасадым. Дарактын бутактарындай болгон бирдеме менен чапкылап баштады.
– Шыпыргы менен чапкылайм дебедиңиз беле? – дедим мен.
– Ушул да шыпыргы, – деген жездеме дагы табылбай калды. быкшып күлдү. Мен таарына түштүм.
– Эч нерсе эмес, балдызжан, – деди таарынычымды жазмакка, – Жездең аман болсо сага көп нерсе үйрөтөт…
Кыш мен үчүн абдан көңүлдүү болду. Өмүрүмдө мындай көңүлдүү кыш болгон эмес. Сууктан бир дагы үшүбөдүм десем ишенет белеңер. Күн сайын эртең менен үйдөн сабакка чыгып баратып, телефонду жандырмай, кечке аңдымай, жездем чалаары менен кубанып алып, айткан жагына жөнөмөй, мейманканада, же саунада кумарга батмай. Жаш башым менен жашоонун кызыгы так ушунда деп ойлоп, жашап аткан күндөрүмө ыраазы болуп жүрө бердим.
Окуудан бизге каникул февралда берилди. Апам эжеме телефон чалып, каникул башталаары менен мени үйгө жөнөтүшүмдү тапшырган экен, ал да менден жадап калганбы, окуудан тараган күнү эле кечинде баштыктарымды дайындатып, эртең менен эрте жездеме кошуп берди. «Автовокзалга барып, автобуска отургузуп кой! Жол кире бербе, өзү иштеп жатат го, бар акчасы!» – деп менин көзүмчө эле айтып салды. Эжемдин ачуусу келгендей деле болду болуш керек, акыркы убакта такыр пайдамды тийгизбей калдым. Эртең менен сабакка кетем, эки күндүн биринде сабактан кийин жездем менен жолугушам. Анын жумуштан чыгышын күтүп, жатаканадагы кыздар менен отурам. Ал чыккандан кийин барып, кумар жазабыз. Үйгө караңгы кирип, элдин алды уктап калганда келем. Келатканда да кээде мен, кээде жездем үйгө биринчи киребиз. Эжем кимибиз биринчи кирсек, кийинки калганыбызды кошуп каарып тосуп алат:
– Бир тентимиш келдиби, берки тентимиш да жок. Деги пайдаңар тийбей турган болду экөөңөрдүн, – деп. Унчукпай кутулабыз.
Жездем эжеме макул болгонсуп, баш ийкеп койгону менен бербей эле көрсүнчү, сураган суммамды жолдон колума санап берди. Мен дүкөнгө кире калып, йдөгүлөргө базарлык алдым. Анан санаам тынчып, компойуп автобуска отурдум.
– Мен сени сагынам го, бирөө-жарым ала качып кетпесин, эртерээк кел, – деген бойдон жездем да калды. Ала качып кетпесин дегенди укканда, чын айтканда жүрөгүм титиреп кетти. Айылда алакачыш мода эмеспи. Азыр мага ала качууга кабылуу такыр болбойт. Айла таппай турган апам дароо отургузуп коюшу мүмкүн. Андан аркысын элестетким да келбейт. Абийирим айрандай төгүлүп, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болгончо, эрге тийбей эле жүрө турганым жакшы. Анын үстүнө айылда «балка-чоту жанында» болгон кыздарга суроо-талап да көп эмеспи. А мен так ушундай категорияга кирем. Тириликке бышканымды айылдаштардын баары жакшы билишет.
Үйгө түн бир оокумда жеттим. Жолдо автобус бузулуп, бир далайга кар үстүндө суукта турганыбыздан тим эле суук өтмө катарымдан өтүп, көрбөгөн азапты көрдүм. Үйдөгүлөр уктабай күтүп отурушуптур. Деги менин бул үйдө мындай баркым жок эле, автобус токтоору менен дүрбөп баары чуркап чыгышса болобу. Алыс жүрсөң барктуу болооруң чын белем. Менин сөзүмдү сөз ордуна көрбөй, каяшаны беш айткан иним менен сиңдим да кучагын жайып чуркап келишиптир. Апам бетимден өөп тосуп алды. Алардын мындай мамилесинен өзүмдү тим эле каадалуу адамдай сезип, үйгө кирдим. Ным болгон байпактарымды чечип, бутумду от күйүп жаткан мешке кактадым. Иним менен сиңдим баштыктарымды жула качышып, ичиндегилерин менден сурап отурбай эле сыртка чубап чыгарышты. Ошол убакта төркү бөлмөнүн каалгасы ачылды. Карай салсам – агам!
– Эмне эле мынча ызы-чуу болуп атат десе, Хануля келди беле? – деди жылмайып, учурашууга мага колун сунуп. Жүрөгүм бир башкача боло түштү. Сагыныч менен кусалык ордунан козголуп, ал турмак жанжерим бир башкача бактылуу магдырап алды. Бул да болсо өткөндүн элестери бир саамда көз алдымдан чуркап кеткенинен улам жаралды болуш керек. Жылмайып, жаңы эле колумду сунаарда, төркү бөлмөнүн каалгасынан дагы бир баш көрүндү. Кара тору, чачы тармал, орто бойлуу, өтө эле арык келин. Агамдын колу сунулуп турат, а мен колумду берүүнү унуткан тейде, тиги келинди карап катып калдым.
– Бул менин келинчегим, сенин жеңең, – деди агам.
Кыйраттың, жеңең деп тим эле. Тапкан экенсиң ага менен жеңеңи.
Ачуумду билдирбөөгө аракет кылып, өзүмдү бастым. Агамдын колу дагы деле сунулуп турат. Колумдагы байпагымды агамдын алаканына карматып койдум. Ал дароо түшүндү. Сыр билдирбей, байпагымды жаныма таштап, башымдан сылады, да ары басты. Биздин ортобуздагы тымызын таарыныч билдирүү менен кабыл алууну эч ким байкабагандай. Ини-сиңдим баштыктагылар менен убара болсо, өгөй атам менен апам ини-сиңдим менен убара. Биринен сала биринин «Кудай ай, бирдеме көрдүң беле?» , «Түндө таттууну үстөккө босток жей бербей, тыйылсаңчы», «Эртең деле күн бар го!» , «Жаман кой жайытын бир күндө төгөтөт!» – деген кобурлары угулуп турат. Бир гана тиги арык келин бир күйөөсүн, бир мени карап, алда неден шекшигендей жүзү бир азга бозоруп барып өзүнө келди. Мен да ага сыртымды салып койдум. Кейпин кара, ийне жуткан иттей болуп, тапканы ушул болгон экен да.
– Агаң да жубайы менен кечээ келген. Жакшы болбодубу, баарыңар чогуу кышында эс алып кетесиңер, – деди апам.
Сыр билгизбей чогуу жашап жаттык. Баарынан да түнү алар өзүнчө төркү бөлмөгө бөлүнүп кетишип, каалганы бек жаап алганда кызганычыма чыдабай, жаздыгымды мыкчып-мыкчып алам. Эптеп эле экөөбүз ээн калган убакытты күтүп, айылдан кетүүгө шашылбай жүрө бердим.
А агам мени деги эле байкабагандай түр көрсөтүп жатты. Сүйлөсө да тим эле жаш балага сүйлөгөндөй, жумшай сүйлөп, өзүнчө эле камкор, эң мыкты байкеге айланып алыптыр. Мен анын аялын эле кызыгып карай берем. Же эмчеги, же жамбашы жок, шылып салган куу жыгачтай кокоет. Кайсы жерине кызыкты экен деп коем. Апам эле аны отурса-турса мактап, келинин оозунан түшүрбөй калыптыр. Кызы болуп мени өмүрүндө бир мактабады эле чиркин, деп ойлоп да алдым.
– Адандын баласы шаардан окуусун аяктап күзүндө келген. Ошондон бери колоктоп бош жүрөт, – де папам бир күнү кобуранып калды.
Оюмда эч нерсе жок, апамдын айтканын угуп отура бердим.
– Адан да, аялы да жакшы адамдар. Баласы да фельдшерликти окуп бүтүрүптүп, азыр биздин ооруканада бир сонун болуп иштеп жүрөт. Сага сөз айттырып жатышат, байкап көрүп, ылайыгы келсе эрте күндү кеч кылбай турмушка чыгып ал, – деди акырында маселени кабыргасынан коюп. Мен селт эттим.
– Мен окуп атпаймынбы?!
– Кокуй, окуу деп. Кайсы жыргаган окууң бар экен?! Тиккенди мен өзүм эле сага үйрөтүп коем. Тигүүчүлүктү үйрөнөм деп да бир жыл убактысын коротуп шаарга барып окуйт бекен. Элдин балдары мугалим, врач, экономист болуп окуп жатышат, кызың кайсы окууда деп сурап калышса, айта албай өлбөгөн төрт шыйрагым калганын айт, – деп эле бежиреп кирди.
Менин да чыдамым түгөнд окшойт:
– Апа, элдин балдары ал окууга ата-энесинин акчасы менен өтүп жатышат. Мага кайсы акчаны берип койдуңар?! Ошолордой колдоп, жөлөк-таяк болсоңор, мен деле экономист, врач болмокмун! – деп айтып жибердим.
Апам уялып калды деп ойлойсуңарбы, жок, менин апам өмүрү эч кимге сөздөн жеңилбеген аял.
– Хе, тим эле айтканын кара. Тоок мээң менен кайсы экономиканы окуп жыргатмак элең. Кебетеңди билип анан акча короткондон көрө эрге берип калыңын алган пайдалуу деп чечкенбиз!
Бир убакта сөзүбүзгө өгөй атам да кошулуп, Адандын баласы кандай акылдуу, билимдүү, мыкты жигит экенин айта башташты. Жаалап атышып, бала менен тааныштырмай болушту. Ичимден булар менен кажылдашып отурбай, таанышса таанышып, эптеп иренжитип коеюн, мен эмес, менден жигит качкыдай болсун деп ойлоп койдум. Жеңем биринчи жолу жеңелик кылып атканына кубандыбы, толкунданып, мени кийинтип, суйсалтып жасантып анан караңгы кирип калган маалда сыртка алып жөнөдү. Жолугушуу үйдүн жанындагы эки бөлмөлүү времянкада болмок. Бул жолугушуунун урматына времянканын канча жылдан бери от жагыла элек мешине от жагылып, жылытып коюшту. Агам да отундарды көтөрүп келип от жагып атканын көрүп итатайым бир тутулду. Атам менен апам мактаган Адандын баласы орто бойлуу, кара тору, оозу оозуна тийбей тыпылдап сүйлөгөн, чыйрак, тың жигит экен. Анын кебетесин көрүп эле жүрөгүм булкунду. Буга тийсем өлгөнүм ушул экенин билдим. Бул кейпинде алдана турган түрү жок. Кыз эмес экеним ачыкка чыкчу болсо, эки бутумду бир чокойума салып, артыма кайра айдагандан кайра тарпачудай көрүнөт.

🔥0
Албуут Ханум

More in Албуут Ханум

Албуут Ханум 21-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 20-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 19-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 18-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 17-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 16-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 15-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 13-бөлүм

201928.02.2020

Албуут Ханум 12-бөлүм

201928.02.2020

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!