Китептер

Ажал менен арбашып 1-бөлүм

Ажал менен арбашып 1-бөлүм

1-бөлүм
Мен жакындаганда айнек эшиктер өзүнөн-өзү шарт эки жакка ачылып, заңгыраган аэропорттун кенен залынан көчөгө чыктым. Көчө кыймылына, кыйма-чийме өтүп жаткан унааларга, эмеле мен чыккан айнек эшикти тынымсыз ачылтып-жабылтып кирип-чыгып жатышкан элге ылдам көз жүгүртүп алдым. Шектүү эч ким, эч нерсе байкалбайт. Таң жаңы гана атканына карабай эл көп, машине андан бетер быкылдайт. Бирөөлөр учактан калып калбайын деп баштыктарын көтөргөнү көтөрүп, көтөрбөгөнү арабага сүйрөп, каттоо залын көздөй ашыкса, дагы бирлери тууган-туушканын, тааныш-билишин тосуп алып, кучакташып көрүшүп жатат. Кээ бирөөлөр же жаңы учуп келгени, же бирөө-жарымды узатып коюп кетип баратканы белгисиз, мага окшоп жол четинде такси күтүп турат. Айтор ар кимиси өз иши, өз түйшүгү менен алек, бурчтан шыкаалап же астыртан мага көз салган адам көрүнбөйт. Андайларды мен жаземдебей дароо баамдайм. Акыркы убакта кайда барсам да ушинтип айланамды сактана карап алмай адат тапкам. Эч кимди көзгө илбей, эчтемеден кабатырланба?! бейкапар жүргөн кез эчак өткөн, андайда сөзсүз бир балээ болоорун, кийин бармагымды кырча тиштеп катуу өкүнөөрүмдү жакшы билем.
Мейманканадан орун алып, бир сыйра сууга чайынып сергип алган соң Жамалды издеп жөнөдүм. Атаңдын көрү, шаар деп ушуну айт, асман тиреген кооз имараттар, көз жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөргө оронгон түптүз көчөлөр. Бишкектин таштандыга, аң-чөнөккө толгон көчөлөрүнө көнүп калганмынбы, Алматынын күзгүдөй жалтыраган, таптаза, кенен көчөлөрү көзүмө өөн учурады. Таксиге түшүп алып, керектүү дарекке зымылдап бат эле жетип бардым.
Чөнтөгүмдөгү конвертти алып, жооп жазчу дарегин карадым. Ооба, дал ушул жерде.. . Анча бийик эмес тепкичтерден көтөрүлүп, эшикти ачтым да, кирдим. Өйдөңкү кабаттарга чыга турган тепкичтердин жанында жашоочулардын тизмеси илинип турган. Алардын ичинен мага керектүү даректи таптым: «Жамал Курбатова. 3-кабат, 31-квартира». Үчүнчү кабатка чыкканда эки эшик бар экен. Бирөө бир аз ачылып туруптур. Мен өзүмө керектүү эшикке келип, коңгуроосун бастым. Бир аз убакыт күтүп туруп, кайра бастым. Бирок эшикти эч ким ачкан жок. Азыр кетип, кечинде кайра келейин, ошондо келип калаар деп турганда артымдан аялдын үнү чыкты:
– Сиз Жамалды издеп жүрсөңүз керек, ээ?
Артымды карасам, кошуна батирдин кире беришинде чачын сарыга боеп алган татынакай айым туруптур. Тизеден бир аз ылдый түшүп турган көйнөгү адамды өзүнө тартат. Эшиги аңырайып ачылып турган, бөлмөнүн ичи дароо көзгө урунду.
– Үйгө кирбейсизби, доске? – деп сурады ал менин
көз карашымды иле калып.
Мындай сунуштардан чанда гана баш тарткан жаным бул жолу да аний дей албай ажарлуу айымды көздөй кадам таштадым.
– Кирсе кирейин.
– Төргө өтүңүз! Кыргыз окшойсуз, ээ? Акцентиңиз
билинип турат, – деди ал өз тилинде казакчалап.
Мен «ооба» дегендей башымды ийкеп койдум. Ал ичкери кирип кетти. Мен эшикте илинип турган «Элина Дилмухамедова» деген жазууну окудум да, аялды ээрчий босогону аттадым. Отуруп, жайгашкандан кийин ал:
– Анда эмесе таанышып алалы. Менин атым Элина, – деди күлүмсүрөй.
А меники Бекен. Сиздей сулуу менен таанышканыма кубанычтамын. – Алдыга обдулуп, келиндин сунган колун аяр кыстым.
Мен да кубанычтамын. Эмне ичебиз? – деп сурады.
Виски.
О! Виски биздин шаарда чанда гана кездешет, анын үстүнө аябай кымбат.
Эч нерсе эмес, – дедим мен, – ошондой экенин билгенден бери жаныма сала жүрөм. – Күрмөмдүн ички чөнтөгүнөн чакан жалпак бөтөлкөдөгү вискини алып чыгып, стаканга куйдум. – Жамал айым тууралуу мага эмне айтайын дедиңиз эле?
Аа, ал үч жумадан бери үйүнө келе элек.
Сиз анын үч жумадан бери үйүндө болбогонун кайдан билесиз?
Эшиктин астына күндө сүт, гезиттерди таштап кетишет. Аларга эч ким тийбей, ошо бойдон калып жатканынан, эртеси мен жыйнап коюп атам. А сиз өзүңүз кимсиз?
Мен Жамалканын досумун.
Аа, – деп тиги өзүнчө ойго бата кашын серпти. Биз тууралуу жаман ойлогонун байкап:
Сиз ойлогондой эмес, – деп шашып айта салдым. -Биз Кыргызстанда бийликке каршы чыккан кыймылда бирге болгонбуз. Аны каяктан таба алаарымды айтып бере албайсызбы?
Билбейт экем.
Ал өзү каякта иштейт?
. Сары чач ийинин куушуруп койду.
Кайсы бир өлө кымбат, жабык барда иштейм деп калчу.
Кандай барда?
Ал унчукпай эле жылмайып койду.
Мүмкүн бир жакка кеткендир?
Жок. Ал барынан кечирээк келе турган болсо, же ал жакта калып калса, сөзсүз мага чалып айтып койчу. Барда өзүнүн бөлмөсү бар экен, анан түнкү кабылдамалар болуп калып.. .
Эмне, ал..?
– Жо-ок. Ал официантка болуп иштечү.
Демек, ал жоголгон экен да?
Ошондой го, сыягы.. .
Полицияга билдирдиңизби?
Жок. Мен полиция менен байланышканды жаман көрөм. Полицияга күнүң түшкөндөн кудай сактасын.
Буга чейин ага эч ким келген жок беле?
Баягүнү бир ак чач жигит келген. Бирок эмне керек экенин айткан эмес.
Бул учурда вискибиз түгөнүп калган, мен ордумдан турдум.
Эгер Жамал кайрылып келсе, же аны кимдир бирөө издеп калса, дароо мага кабар бериңиз. Менин аты-жөнүм Бекен Мелисбеков, «Казакстан» мейманканасында жашайм. Азырынча полицияны чакырбай кое туруңуз. Эч дайыны билинбесе, өзүм чакырам.
Опей ботом, ушинтип эле кетип каласызбы? Дагы бир аз отуруңуз?
Мен жылмая ордумдан туруп, чий калпагымды кийдим.
– Рахмат, Элина айым, отурат элем, бирок иш чач
тан көп, – деп коштошуп, батирден чыктым. Көчөдө
туруп, чөнтөгүмдөгү катты алып чыктым да, дагы бир
сыйра окудум.
«Бекен! Тезирээк келип кал! Мага жардам керек. Жамал. 7. 05. 2010″
Кат эки жума мурун жазылган экен. Шашылышта, колуна тийген эле баракка жаза салганы көрүнүп турат. Анын үстүнө кол жазмасы дагы адатынча шурудай тизилбей, иретсиз. Жамалдын бир балээ болгонунда шек жок. Кыймылдары достордун дээрлик бардыгы ушу жакта. Ошолорду таап, жолугуш керек. Алар менен сүйлөшүп алып, анан Жамалдын сырдуу каты менен андан да сырдуу жоголушун ачыкка чыгарам. Мен достордун бул жактагы даректерин билчү эмесмин. Телефон номурлар жазылган китепчени ачып, кырктан жерге чалдым, бирок бирин да таппадым. Ушуну менен эле тынчып калгым келген жок. Жок дегенде бирөөсүн жолуктураармын деген үмүт менен алар’ барып жүрчү жайга жөнөдүм.
Бул араккана Алматынын так эле ортосунда, Совет көчөсүнүн аягындагы каналдын жээгинде жайгашкан. Эл көп болбогондуктан, көзгө анча деле уруна бербейт. Жамал бир сапар катында жазбаса, бул жайдын бар экенин билмек да эмесмин. Бийликтен куугунтук көргөн досторумдун баары Казакстанга качып келүүгө мажбур болушкан. Анан ушу жерде бири-бири менен тез-тез жолугуп тураарын мага жазышкан эле. Качпаганга да айла жок болчу. Бизнесин тартып алганды мындай кой, өзүнүн, үйбүлөсүнүн коопсуздугу бычак мизинде калганда андан башка арга калбады. Биздей эле болуп күрөшүп жүргөндөрдүн бир нечесин болбогон шылтоолор менен камакка тыгышты. Президенттик администрациянын мурунку жетекчисин машине-сашинеси менен кошо өрттөп жиберишти. Ошондой кишиге кол салуудан кайра тартышпагандан кийин биздин өмүрүбүз алар үчүн сокур тыйынга да арзыбасы бышык. Биздин идеяларыбызды гезитке чагылдырып жүргөн журналисттердин дагы бир далайы куугунтукка кабылды. Бирөөсү шаардын так ортосунан 30 жолу бычак жеп, дагы ичээр суусу бар экен, аман калды. Кийин Казакстанга качып чыгып кетип, акыры Европа өлкөлөрүнүн биринен башпаанек алган. Ырас эле кылган экен. Кийинчерээк дагы бир журналистти алдап, дал ушул «Казакстанга» алып келишип, мейманкананын 6-кабатынан колу-бутун скотчтоп ыргытышыптыр. Байкуш өзүнө келалбай жатып, бул дүйнө менен кош айтышты. Бул иштерге Кыргызстандын дагы, Казакстандын дагы атайын кызматтарынын тиешеси бар болчу.
Кайыш күрмөм менен шымымды кийип, мейманканадан кийим-кечемди которуп алдым. Өзүмдү күзгүдөн караганымда өткөн күндөрүмдөн бир элес эсиме түштү. Агезде мени «Кайыш касап» деп коюшчу. Аты-жөнүмдү бир да жан билчү эмес, дал ушул үстүмдөн түшпөгөн кайыш күрмөм менен шымымдан улам ошондой атка конгом. «Касап» деген сөз кийин мен түрмөнүн кароолун, дагы бир топ алдымды торогондорду тынчыткан соң кошулду.
Мен араккананы таап, тарпы чыккан тепкичтерден түшүп баргычакты кечки саат алты болуп калыптыр. Бул чакан кафеге капчыгы жукалар келээри ичине баш бага электе эле байкалат. Залда эл деле жок экен, бир сыйра көз жүгүртүп, тааныштарды көрө албаган соң барга жакын бардым. Узун бойлуу, муруту чычайган, толугунан келген бармен стакандарды өзүнүн таз башынан бетер жалтыратып сүртүп жатат. Бул бармендердин сүйүктүү жумушубу же эмне, колу бошосо эле ушинтип атканын көрөсүң.
– Салам, – дедим ага.
– Саламатсызбы, кулак сизде..?
Көптөн бери иштейсиңби бул жерде?
Көп деле эмес, сегиз айга чукулдап калды. Ал мени кабагын сала жалт карап койду.

Аа, көптөн бери эле иштейт турбайсыңбы. Мага Жакин Досбеков керек эле.
Жакин дейсизби? Аны көрбөгөнүмө көп болду, кийинки убакта келбей калды го. Экөөбүз аябай жакшы сүйлөшчү элек, – деп жооп кайтарып, бу сапар кызыга карады.
Анда Файзулла Бекбоев керек.
Аны дагы көптөн бери көрө элекмин.
Мен жетөөнү тең санап бердим, бирок бармен баарына «жок, көрө элекмин» дегендей баш чайкады.
Алар эки жумадан бери менин барыма келбей калышты. Мындан, жакшыраак жер таап алышкан окшойт… – деп кайрадан стакандарын сүртүп кирди.
Виски барбы? – деп сурадым.
Эки миң теңге, – деди бөтөлкөнү алып чыгып жатып.
0’кей, – деп мен бырышкан акчаларды бар үстөлүнө таштадым. Ушул сөздү айтканды жакшы көрөм. Анткени чала-була англисче билем. Бул тилде суудай эркин сүйлөсөм дегенде эки көзүм төрт, тил үйрөнүп алып, чет өлкөгө кетип калсамбы деп да кээде кыялданам. Ошон үчүн билбесем деле ыңгайы келе калган жерден чала-була чарпып сүйлөй бермей адатым бар. Кетип калайын десең мекен минтип бийликке жарыбай, же жакырчылыктан арылбай мүңкүрөп турганда чет жерде жыргап жүргөнүң курусун. Аны ойлогондо чет өлкөгө да баргым келбей калат, мейли эми, барбасам да аларды туурап анда-санда сүйлөп турайын.
Кирген кишилердин баарын көрүп турмакка алысыраак үстөлдөн орун алдым. Чын эле баары алаканга салгандай көрүнүп турат экен. Отураарым менен дароо эле стаканды бир көтөрүп, бошотуп салдым да, тамеки түтөттүм. Тамекини бурулдата үстөккө-босток соруп турсам, бир азга болсо да алаксый түшөм. Акыркы учурда менин көңүлүмдү виски менен тамеки эле көтөрүп калган. Таштайм деп канча аракет кылдым. Анткени раматылык келинчегим тамеки тартканымды жактырчу эмес. «Өф иий, тамеки эле сасып калыпсың, өзүңдүн жытың кандай экенин да унута турган болдум» деп көп урушчу. Айла жок, көбүрөөк ойлонгондо тартпай кое албайт экенсиң. Айрыкча акыркы учурда көп ойлондум. Эртең эмне болуп кетээриңди билбей, тобокел кылып жашаган жаман тура.
Төңкөрүш боло электе кокусунан эле Алматыга келип калдым. Үйлөнүү тоюбуздан кийин келинчегим экөөбүз саякаттап келгенбиз. Лилиянын ата-энеси мен мектепти аяктап жатканда биздин тогуз кабаттуу үйгө көчүп келишти. Кирпиктери төгүлгөн, кундуздай чачы өрүлгөн сулуу кызды короодон адеп көргөндө эле ашык болгом. Мен эле эмес, Аламүдүн-1 кичирайонундагы бойго жеткен боз уландын баары акылынан адашты. Ансайын Лилия эч кимибизди карабай, койкоюп мектепке барып келет да, жетинчи кабаттагы үч бөлмөлүү батирине кирип кеткен бойдон чыкпайт. Акыйып подъездде кечке отурабыз, акыры орус кемпирлер тынчтык бербей койдуңар, таштанды кылдыңар деп кубалаганда гана кетчүбүз. Ошол бойдон Ак мөөрдөй ажарлуу бийкечке арзуу сөздөрүмдү айтып, сүйүүмдү билдире албай арманда аскерге кете бердим. Алыста жүрсөм да унута албай жүрөгүмдүн ээсине күн сайын дебейин, жумасына бир жолу кат жазам. Катыма жооп албасам деле аскердеги башымдан өткөн окуяларды божурап жаза берчүмүн. Акыры тажатып жибердимби же чын эле тымызын жактырып жүргөнбү сүрөтүн салып, кат жазып жибериптир. Энем эгиз төрөгөнсүп эдиреңдеп сүйүнгөнүмдү айтпа. Эки жылдык аскердик кызматымды өтөп бүтүп, Бишкекке келгенде, үйгө апама барбай туруп, автобекеттен түз эле Лилия окуган улуттук университетке келдим. Ооба, «эненин ою балада, баланын ою талаада» деген ушу тура. Болбосо үйдө «уулум аскерден келет» деп боорсогун жасап, тамак-ашын камдап, күтүп отурган апама барсам болот беле, сүйгөнүмө үйүнө келгенде деле жолукмакмын да. Бирок мен ага чейин күтүп тура албадым., Лилияны көрсөм, көкүрөгүмө кыссам дегенде жүрөгүм алып учуп, жанталашып жетип барганымды кантейин. Ал сабактан чыкканча корпустун алдында акыйып күтүп отурдум. Ошентип, сүйүшүп-күйүшүп жүрүп, эки жылдан кийин баш коштук. Анан «Дасмияда» өткөн чоң үйлөнүү тоюбуздан кийин, элчилеп Европага барбасак да, Алматыга барып көңүл ачып келели дегенбиз. Аттиң, карамүртөз бийлик артымдан аңдуучуларын кошо жибергенин аңдабаптырмын. Артымдан киши салып коет деп ойломок кайдан, жаңыдан баш кошуп, келинчегим экөөбүз бакытка балкып, махабатка мас болуп турган чагыбыз. Келечек максаттарды болжоп, көп бала-чакалуу болобуз, узак бактылуу өмүр сүрөбүз, бири-бирибизден эч качан ажырабайбыз деп таттуу кыялдарга батканбыз. Экөөбүз эгиз козудай ээрчишип, бакта кыналыша сейилдеп жүргөндө да, кафеде жанаша отурганда да тыңчылар астыртан көз салып турганын байкаган эмес экенбиз. Анын үстүнө башка өлкөдө болсок, тишин кайраган бийлик төбөлдөрү тынымсыз артымдан аңдытып койоору үч уктасам түшүмө кирмек эмес. Булар жөндөн жөн келбесин, жасаган кылмыштары башка өлкөдө көп билинбей калат деген арам ойдо келишээрин байкадым. Ошон үчүн биз качып, чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылдык, бирок бизди бешөө орто жолдон кармап кетти. Кайда алпарганын билбейм, бир имаратка алып барышып, мени байлап салышты. Ар кайсы суроолорду берип, ур-токмокко алып, болушунча мазакташты. Анан ошол адам кейпин кийген айбандар менин көзүмчө аялымды зордуктап, өлтүрүп салышты. Мен өзүмдү таптакыр жоготуп койдум. Колумду бошотсом, баарына даяр элем. Өчү болсо, менден алышпайбы. Аялда эмне күнөө? Бул эркекчиликке жатпайт. Аялымды жайлагандан кийин кайрадан мени мазактоого өтүштү. Башыма пакет кийгизип, тырмагымдын астына ийне сайып, акыры кылбаган кыйноолору деле калбады. Эс-учумду жоготуп койсом, бир чака муздак сууну башымдан ылдый куюшат да, кайра башынан башташат. Бир убакта колумду чечишти. Өлө мас болуп алышыптыр, же сайынып алышканбы, айтор эмне кылып аткандарын деле билбей дабдырашат, бири-бирин карап алышып, ырсалактап каткырышат. Калганы оңой эле болду. Бирөөсүнүн белиндеги тапанчасын сууруп алып, бешөөнү тең атып салдым. Ошентип өмүрүмдө биринчи жолу адам өлтүрүүгө бардым. Бирок өлтүрүп атканыма өкүнгөн жокмун. Октун үнүн жолдон өтүп бараткан Казакстандын атайын кызматындагылар угуп калып, мени тыңчы деп кармап алышты. Контрчалгындарына алып жөнөштү, бирок жолдо келатканда кароолду өлтүрүп, качып чыктым. Үч айдай көрүнгөн жерде бекинип жүрдүм. Маал-маалы менен дал ошол бийликтин «шайкаларына» ууга чыгып коем. Эртеби-кечпи булардын түбүнө жетем деп өзүмө-өзүм сөз бергем. Керек болсо ошол президенттин өзүн, ушуларды уюштуруп аткан бир туугандарын өз колум менен жайласам арманым болбос эле дейм. Адам өлтүрүү мен үчүн кыйын болгон жок, анткени аскерде кызмат кылып жүргөндө бута атуу боюнча эч кимди астыма салдырчу эмесмин. Таамай атаар элем, чиркин! Анан ошентип аларды тымызын жайлап жүргөнүмдө менин башым үчүн чоң акча сайылды. Бу бийлик үчүн акча кеп эмес болчу. Анткени өлкөдөгү бардык майлуу-сүттүү жерлерден «үлүш» алып, колдорун чыканактарына чейин матырып алышкан. Анан ошол самандай сапырылып асмандан түшүп жаткан акчадан ким баш тартсын. Бийлигин сактап калсам дегенде ак эткенден так этип, мен сыяктуу каршы чыккандардын, баш көтөргөндөрдүн баарын четинен терип жаткан чагы. Агезде жүрөктү өйүгөн маселелер арбын эле. Бир эле мени кармайбыз деп жүрүшүп, жүздөй адамдын убалына калышты, атканын атып, аттаганын сабап, кыйнап өлтүрүштү, дагы бир далайы бейкүнөө жерден бөөдө ажал тапты. Ал иштер боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин козгомуш болуп койгону менен, бирөөнүн да бети ачылбады. Мен үчүн күнөөсүз өлгөндөрдүн өчүн баары бир алам деп сөз бердим. Бул үчүн өзүмдөй ошол бийликтен ыза болуп, кордук көргөн тогуз жигиттин башын бириктирип, топ түздүм. Тобубузду «Бийликке каршы Кыймыл» деп атадык. Кийинчерээк Жамал бизге онунчу болуп кошулду. Кыймылдары эки балабызды дароо эле өлтүрүп кетишти. Өзүм болсо эки ирет Казакстандын атайын кызматына түшүп калып, кайра качып чыктым. Анткени эки өлкөнүн башчылары сүйлөшүп алып, бири-бирине колдоо көрсөтүп, бийликтерин бекемдеп турчу. Карга карганын көзүн чукубайт деген ушу да. Биздин эч кандай уюм же партия менен байланышыбыз жок. Өз ыктыярыңыз менен ыплас бийликке караштуулардын көзүн тазалап жүрдүк. Ошентип жүрүп кадимкидей эле киши өлтүргүч болуп кеттик. Буга дагы дал ошол бийлик өзү күнөөлүү. «Өч алып атканыбызга» табабыз канып, бул кылыгыбызды жашырган да жокпуз. Бирөөнү өлтүргөн жерге өзүбүздүн белгибизди коюп кетчүбүз. Кыргызстандын келечеги үчүн биз көп иштерди жасадык. Аягына чейин чындыкты айтып турган эсептелүү адам болсо, ошолордун катарында биздин кыймылдын мүчөлөрү бар. Төңкөрүшкө дагы активдүү катыштык. Тымызын иштеп, жашыруун баракчаларды таратып, элди чогултуп аткан биз, жамгырдай жааган октон жалтанбай Акүйгө чабуул койгон биз болдук. Ошол күнкү снайперлердин огунан эле биздин беш балабыз жайрады. Бирок артка жол жок болчу. Кокус эл артын карап кача турган болсо, алар биздин баарыбызды түрмөгө тыкмак. Ошону менен темир тордун ары жагында чиримекпиз. Анда Кыргызстанда биротоло диктатура орномок. Мындан кийин эч ким баш көтөрө да алмак эмес. Биз ушундан корктук. «Үйбүлөлүк башкарууга жол жок!» деп жапырт көтөрүлдүк. Кара өзгөй бийликтин жаадырып аткан огунан тайманбаган эр азаматтарды көрүп, дал ушундай намыстуу элден чыкканыңа сыймыктанат экенсиң. Мындайда жүрөгүңдөгү мекенчилдик сезимиң ого бетер оргуштайт тура. Ошол күнү аягына чейин турдук. Курсагыбыз ач. Ач көз, эки жүздүү бийликтин жосунсуз жоругуна чыдабадыбы же аянттагы кары-жаштын кызыл жаян канын, ачуу көз жашын, муң-зарын жууп кеткиси келдиби, асман түнөрүп, жамгыр төгүп турду. Кечинде саат ондордо үналгыдан президенттин учак менен белгисиз бир тарапка качканы тууралуу маалымат тарады, оппозиция лидерлери бийликтин эл тарапка өткөнүн кабарлашты. Бул бийлик жөн эле качып кетпей калсын. Баалуу кагаздарды, алтындарды, мүшөк-мүшөк акчаларды алып чыгып кетүүгө далбас урду. Аларды башка өлкөгө чыгарттырбай Кыргызстанда алып калууда биздин эмгегибиз чоң. Ооба, мен өзүм каалагандан дагы ашыкча өч алдым десем болот.. .
Төңкөрүштөн кийин Россияга кетип калдым. Достор кат жазып турду, бирок алардын ичинен эң активдүүсү Жамал болду. Мага жасаган өзгөчө жылуу мамилесинен эчак эле мени сүйөөрүн билгизип койгон. Көзүмдүн кареги менен тең айланып, анан дагы мени менен жалгыз калганга аракеттенчү. Менден кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарды күткөндөй. «Мага турмушка чык» деп айтып калаар бекен деп үмүттөнгөнсүдү. Бирок жырткычтардын колунан өлгөн келинчегим экөөбүздүн тең эсибизде. Мен Жамалды Лилияны сүйгөндөй сүйө албай каламбы деп корктум. Көрсө, убакыт баарын дарылайт тура. Жыл айланбай жаңы мамиле күтүүгө даяр болуп калдым. Ичимден аялзатын эңсеп атканымды кантип жашырам. Бул табигый мыйзамченемдүүлүк да. Мына эми Алматыга келип, «Жамал, сен аябагандай сулуусуң. Сен мени сүйөөрүңө ишене албай турам» деп ага айткым келген. Андан кийин: «А бул эмне болгон кат?» деп сурамакмын. Ушинтип ойго батып турганда кимдир бирөө ийиниме колун койду.
– Сиз Жакин Досбековду издеп аттыңыз беле? – деп сурап калды бармен.
Бурулуп карасам, жанымда ак чачтуу, бою жапалдаш, бозоргон эски костюмчан бир киши турат. Анын да акценти байкалат.
– Ооба, издеп атам, – дедим мен.
Колуна бир бөтөлкө сыра кармап алыптыр. Менин жаныма отуруп, сырасын стаканга толтура куйду. «Култ-култ» эткизе жутуп, эрдине жуккан көбүктү жалана тамшанып алып, анан мага карады. 40-45 жаштарда десе болчудай, бирок бакырайган көгүш көздөрү бир топ жаш көрсөтүп турат.
– Менин атым Макс, – деди ал, – Мен россиялыкмын.
Бекен, – дедим мен башымды ийкеп.
Жеке детективмин, мен дагы Жакин Досбековду издеп жүрөм.
– Ээ?
– Ооба.
Мен жакшыраак жайланышып отуруп, ага виски сунуш кылдым. Ал баш тартты да:
– Мен сизге окшогондорго такыр түшүнбөйм, бул ба
лакетти кантип ичесиңер..? Сыра ичесизби? – деди ме
нин стаканымды жийиркене карап.
– Мен вискиден башка ичимдик ичпейм, – дедим. —
Негедир вискини өзгөчө жактырам.
Ал ийиндерин куушуруп койду. Жамалга келген ак чач киши ушу экенин билип турсам да:
– Жамал Курбановага сиз келдиңиз беле? – деп сурадым,
Ооба, сиз убактыңызды бекер коротпойт көрүнөсүз. < Пион үчүн мен сизге чогуу иштешели деген сунуш менен келдим: жалгыздап иштегенден көрө экөөбүз чогуу болсок, максатыбызга бат жетебиз да, туурабы?
Айтканыңыздын жөнү бар, – дедим аны менен макул боло. Бирок мени Жакинге караганда Жамал көбүрөөк кызыктырат.
Пул экөөнүн изи бир.. . Менимче, акыркы учурдагы жоголгондордун баары бири-бирине байланыштуу.
Эгер ошондой болсо.. . Иштин маңызын үстүртөдөн кыскача айтып бердим.
Бир чети биринчи көргөн адамга көп ишене бербей баарын айткым келбеди. Ал сырадан ууртап-татып коюп, менден көзүн албай сөзүмө кулак төшөп отурду. Мен токтоп калганда гана:
Сиз азыр айтып берген нерселер мени анча кызыктырбайт. Мага төңкөрүш учурунда сиздер эмне иш менен алек болгонуңуздарды айтып бериңиз. Менимче, бул жоголуулардын ошо кездеги окуялар менен байланышы бар. Ошол топтун ичинен дайынсыз жоголбогон сиз гана калыпсыз.
Мен сизди кызыктырган суроолордун баарына жооп берем, бирок алгач ким экениңизди билип алайын.
Ал күлүмсүрөп койду.
– Мен Макс Шубин, жеке детективмин. Москвадагы «Интернейшнл банктын» тапшырмасы менен келгем.
Жакин Досбеков беш жүз миң доллар мурас алган, анысы ошол банкта жатат. Банктын дирекциясы кызыктар болуп аткан адамдарды издеп табуу менин милдетим.
Анын өлгөнүнө толук ишенгенден кийин гана бул ишти токтотуп, анын өлүмүн тастыктаган тиешелүү документтерди банктын жетекчилигине тапшырышым керек.
Алматыга бир жума мурун келгем. Бул убакыт ичинде мен Жакин Досбеков Кыймылга киргенден бери байланышта болгон дагы алты адам дайынсыз жоголгонун аныктаганга жетиштим. Баары ушу Казакстандан жоголгон. Полицияга бул жоголуулардын үчөө гана кабарланган, бирок полиция аларды издөө боюнча али эч кандай чара көрө элек. Алардын баары эч кандай белги, из калтырбастан дайынсыз жоголгон. Эч ким көргөн да, билген да эмес. . Алар бара турган жерлердин баарында болдум, бирок азырынча натыйжа чыга элек. Бир гана Жамал иштеген «Фламинго» бары калды. Ал ушунчалык жабык бар экен, оңою менен кире албайсың. Жанагы далдайган эшик тоскучтары акча берсең карап да койбойт. Бул клубга жалаң чоң кызматтагылар менен капчыгы калың күркүлдөр кирет окшобойбу.
Мен аны көңүл кое карадым. Убакыт өткөн сайын бул жигит мага жагып баратты. Бир нерсени бат эле ‘ илип алчу жөндөмү бардай. Өзү да ишенимдүү, орду менен сүйлөйт экен. Эми биз жакшы өнөктөш боло алабыз, муну ал дагы түшүнүп турду. Экөөбүз биргелешип бир адамдын күчү жетпей турган нерселерди жасасак болчудай. Мен вискимди аягына чейин шыпкал жутуп, ордуман турдум да:
– Кечириңиз, бир жерге телефон чалышым керек, – дедим.
Ал макул болгондой башын ийкеди.
– Албетте, экөөбүздүн сүйлөшчү сөзүбүз көп.
Саатты карасам, жетиден он беш мүнөт өтүптүр. Мен бар жакка бардым. Бул маалда залда эл жыкжыйма болуп калган.
Эй жигит, каерде телефон бар? – деп сурадым барменден. Биздин кайда жүргөнүбүз аныкталып калбаш үчүн чөнтөк телефон көтөрчү эмеспиз.
Бурчта, – деди колун жаңсай.
Ага рахматымды айтып, сыртка чыгып, телефон будкасын оңой эле таап алдым. Жетон алып, Анвар Жолбердиевге чапмай болдум. Менин билишимче ал казак чалгынынын лөктөрүнүн бири болчу. Төңкөрүш менен оодарылган кыргыз бийлиги баалуу кагаздарды алып кетип бараткан поездди Анварлар кармашы керек экен. Булардын да кандайдыр бир кызыкчылыгы болсо керек. Анан ошол кагаздарды биз кармап берип, кезинде ага чоң жардам кылганбыз. Ал бизге карыз болуп калган, себеби оор жумуштун баарын биз жасап, ал болсо сыйлык алып, зоболосу көтөрүлгөн. Кудай жалгап, трубканы өзү алып калды.
Алоо, Анвар! – дедим мен.
Ким бул? – Көптөн бери аны эч ким атынан атабаса керек, таң кала сурады.
Бекен Мелисбеков деген кыргызстандык таанышың эсиңдеби?
Азыр эле сактанып сүйлөп атканын унутуп:
Бекен! – деп кубанычы койнуна батпай кыйкырып жиберди.
Ооба, менмин, – дедим мен.
Бул жакка келдиңби?
Ооба, тезинен бүтүрө турган иштер бар.
Бизге келип кетпейсиңби, жүздөшүп дегендей.. .
Бүгүн сага жан дилим менен жолугуп, стакандашат элем, бирок азыр бошобой атам.. .
Кел анда эртең жолугуп, сүйлөшөлү.
0’кей! Бирок сизден бир кызмат.. .
Сага жардам бербегенде кимге жардам берем, Бекен?
Мен бүгүн сөзсүз «Фламинго» клубуна киришим керек болуп жатат.. .
Зымдын аркы башында бир саамга жымжырт боло түштү.
– Аякта эмнең бар? Ал шаардагы эң бай, аксөөктөрдүн клубу да.
Жөн эле. Жардам бересиңби, же мен башкаларга кайрылайынбы?
Койчу, Бекен. Сен үчүн, албетте, жардам берем. Саат тогузда клубдун жанына келип кал. Мен сени ошол жерден күтүп турам. Ага чейин бир айласын таап, баарын даярдап коем,
Мен жалгыз эмесмин, – дедим.
Анда кыйыныраак болот экен. Бирок мен баарын жасайм. Баса, «Фламингонун» чыгымдарына кете турган акчаң бар да, ээ? Антпесе эчтеме иче албай кур бака болуп кайра чыгасың, – деп сураганда:
– Сурайсың да, досум. Бар, бар.. . Кам санаба. – Трубкага каткырып күлдүм.
– Макул анда, тогузга чейин.
Трубканы коюп, Макска келдим. Ал баягы эле ордунда бош бөтөлкөсүн тиктеп отурган экен.
– Ии, эмне болду? – деп сурады мени көрө коюп.
‘ – Бирөөгө чалып келдим.
Анан?
Ал бизди «Фламингого» киргизмек болду.
Ким ал?
Барганда көрөсүң, Макс. Смокингиң барбы?
Ооба, аны эмнеге сурап калдың?
Бүгүн ал сага керек болуп калышы мүмкүн.
«Фламингого» кийип баргангабы?
Ананчы, аксөөктөргө окшошуп кычырап барышыбыз керек да.. .

🔥2
Китептер

More in Китептер

Президенттин ойношу

201905.02.2020

Эне жүрөгү

201913.01.2020

Чаңдагы гүл

201916.12.2019

Ок жонгон кыз

201916.12.2019

Тагдыр таразасы

201914.05.2019

Сүйүүдөн тамган үч тагдыр

201911.05.2019

Айгыр бийкеч

201904.04.2019

Тынымсыз кумар

201902.04.2019

Ажайып түндөр

201901.04.2019

















Яндекс.Метрика




error: Content is protected !!