Аалам гезити

28.10.08

28.10.08
1 CTP 15

«Аалам», 28.10.08 — 2-бет: Полит-элита…•№72, 28.10.08-ж.

Кыргыз оппозициясы жанданып, биримдикке умтулууда
Туура, ансыз саясый күрөштүн майнабы чыкпайт, пайдасы болоору күмөн. Бүгүнкү оппозиция лидерлери майда-майда топ, кыймыл, комитет болбой, бирдиктүү саясый күчкө айланышы зарыл. Эгерде оппозицияда бийликти алгандан башка да элдин турмушун оңдойлу деген улуу максат болсо, элди ошого ишендире алса, анда бүттү, бүгүнкү бийликтин ансыз да араң турган тирөөчтөрү өзүнөн өзү кулап түшөт. Анткени эл бүгүнкү күндө бул бийликке болгон ишенимин күндөн-күнгө жоготуп баратат. Угушубузга караганда, азыркы убакта оппозициялык саясый күчтөр өз ара ыркка келүүнүн, тил табышуунун үстүндө. Болгону «программа минимум, программа максимумдан» келип чыккан гана пикир келишпестиктер бар. Арийне, бийлик бул тарапта эмне болуп жатканынан таптакыр кабарсыз, эчтеме көрбөйт да, сезбейт да деп айтууга болбойт. Бийликтин бүгүн жүзү башка, калыстык үчүн айтуу керек, өткөн бийликтей элге таптакыр далысын салып туруп алганы жок, экономика жаатында кандайдыр бир аракеттерди жасап, эски бийликтей «бизде баары укмуш» деген жомокту айтпай, «кыш оор болот, тезек тергиле» дегенге чейин ачык эле айтып чыкты. Бүгүнкү бийликти кармап турган түркүк ушул — ачуу акыйкатты жымсалдап жашырбай ачык айтканында. Ошого карабай калың калкта бүгүн бийликке ишенбөө, аны жек көрүү маанайы күч алып турган кез. Эгерде энергетика, баалар кризиси дагы да улана берсе, президент мындай акыбал үчүн өз министрлерин, губернатор, акимдерин ара-чолодо көз айнегинин төбөсүнөн акырая карап коюу менен гана чектелгенин уланта берсе, анда анын бийлиги чукул убакытта начарлайт, убакыт өзү эле оппозициячыларды алдыңкы орунга түртүп чыгат. Ленин ар кандай революция болоордон мурда ага тийиштүү жагдай, шарттар бышып жетилиши керек деп айткандай, бизде да ушундай кырдаал акырындап бышып келаткандай.
3-ноябрда Коомдук парламенттин кезектеги жыйыны болуп, анда жергиликтүү кеңештерге шайлоого баа берилет. Элдик курултайда карала турган маселелер такталат. Андан тышкары өлкөнүн азыркы саясый экономикалык абалы менен Кыргызстандын өнүгүү концепциясы талкууланат.


«Турандын» лидери Тайырбек Сарпашев не дейт?
«Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев Кыргызстандын ички маселелерин четте, маселен, Москвада чечүү аракеттерин колдобойт. Оппозиция өкүлдөрүнөн турган чакан топтун Москвага сапар тартып барып келиши, саясатчынын пикиринде, буга чейин боло келген көнүмүш иш, сапар кызыкчылыгын оппозиция өзүнүн келечектеги саясый күрөшүндө пайдаланышы ыктымал.

Ишенбай Кадырбековду бошоткула!
Ишенбай мырзанын жактоочулары ушундай талап коюшууда. Алардын айтымында, аны 26-октябрь күнү бошотушмак. Бирок СИЗОнун жетекчилиги Ишенбай Кадырбековду тергөө абагынан бошотуу боюнча прокуратурадан да, соттон да эч кандай чечим болгон жок деп билдиришти.

Кечээ белгилүү инсаныбыз Турдукан Усубалиевдин китеби жарык көрдү
Белгилүү коомдук ишмер, мамлекетибизди чейрек кылым башкарып, эмгеги элибиз үчүн опол-тоодой болгон улуу инсаныбыз Турдакун Усубалиевдин «Менин өлкөмдүн кайра жаралышы жана трагедиясы» деген китеби 27-октябрда 2008-жылы жарык көрдү.

Т.Усубалиев 50 жылдан ашык коомдук-саясый жана мамлекеттик кызматтарда эмгектенген.
1958-1961-жж. Фрунзе шаардык партиялык комитетинин 1-секретары болуп иштеген.
1961-1985-жж. — Кыргызстан Компартиясынын 1-секретары.
24 жыл КПСС Борбордук Комитетинин мүчөсү, 1959-1986-жж. СССР Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты. Эгемендүү Совет доорунан кийин 1992-2005-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Советтер Союзунун ондогон орден жана көптөгөн медалдарынын ээси. Кыргыз Эл Баатыры.
Китепте автор белгилеген, жогоруда көрсөтүлгөн коомдук-саясый жана мамлекеттик иш тажрыйбасы «АКШнын империалистик амбициясы менен жүргүзгөн идеологиялык согушунун негизинде СССРди талкалап-таратып, ошо менен бирге Кыргызстан кантип дүйнөдөгү эң кедей мамлекет болуп калгандыгы тууралуу» кеңири жазган.
Союздун убагында Кыргызстанда эл чарбасын өнүктүрүү боюнча (өндүрүш, айыл чарба, билим берүү, Ысык-Көлдү өнүктүрүү ж.б.у.с.) кандай чоң мүмкүнчүлүгү бар экендиги кеңири көрсөтүп, ошол жетишкендиктер кантип талкаланып, миллиардаган карызга батканыбыз тууралуу Париж клубунун мүчөлөрү болгон мамлекеттерге ачык кат жолдогон.
— Китепте ар бир тармак боюнча так экономикалык анализдерге чоң маани берилген. Биздин оюбузча Кыргыз өкмөтү бул китепти мындан ары «настольная книга» кылып колдонсо болот окшойт.
Кыргыз элинин анык патриоту, улутубуздун сыймыгы, азыркы күнгө чейин эли-жери үчүн күйүп, опол тоодой эмгек кылып жаткан атабыз Турдакун Усубалиевичке кааларыбыз — денсоолукта болуп, узун өмүр сүрүп, акылыңызды айтып, чаалыкпай-чарчабай элибиздин сыймыгы, туусу болуп, аман-эсен жүрө бериңиз!

«Ааламчылар»


Бийлик оппозицияны элге жаманатты кылып көрсөтүүдө
Акүйдүн чоорун тарткан маалымат каражаттары биринен бири озуна жакында Москвага сапар тартып барып келишкен оппозиция лидерлерине чабуул коюшууда. Айрым пикирлерге ишенсек, оппозициянын жигиттери ал жакта качып жүргөн Клара Кабилова эгерде өткөн парламенттик шайлоолор легитимсиз өттү деген билдирүү жасаса, үстүнө үй, астына машине тартып, төбөсүнө акча (доллар) жаадырарын убада этишип, аябай катуу асылышкан имиш. Мунун карандай «өрдөк» экенин Аликбек Жекшенкулов айтып чыкты.

Руслан Шаботоевдин туугандары жолду тосушту
Бишкек-Кант жолунун Люксембург айылында 300дөй адам жол тосуп турушат. Алардын талабы — дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевди издөө иштери ыкчам жүргүзүлбөй, маалыматтар ачыкка чыкпай жаткандыгында. Сүйлөшүүлөр натыйжа бербеген соң, 50 адамдан турган милиция отряды адамдарды күч менен таркатууга мажбур болду. ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, өткөн ишемби күнү №66 интернаттын жанынан депутат Жусупжан Жээнбековдун 30-сентябрдан бери дайынсыз жоголгон уулу Бахтиярдын «Лексус» машинеси табылды. Бирок машинеден тергөөгө жардам бере турган эч кандай илинчек байкалган эмес.

Айтылуу Топчуке айтты, айтканда да бек айтты
Акыйкат үчүн атасын да аябаган Топчукенин айтымында, бүгүнкү бийлик элге берген убадаларын аткарбай элдин ишениминен тайды. Непадам оппозиция ээрчите алса, колдоп бергенге даяр. Чынындале ушул бийликке Топчуке өзү да катуу ишенген эле, эми болсо кайра баш көтөрүп, сес таштап туру.


1028.htm

1 CTP 15
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика