Агым гезити

28.01.08

28.01.08
2 CTP 14

«Агым», 28.01.08 — 11-бет: Кџн кєрџџ кџйџтџ…•
0128.htm

  Күн көрүү күйүтү

Селсаяктар «айылында»
Быйылкы кыш каардуу келди. Өз өкүмүн катуу жүргүзүп атат, эй! Капилеттен үйүңө жетпей, караңгы түндө көчөдө калып калсаң, шоруңдун шорподой катканы. Богуң менен кошо тоңуп калышың ыктымал. Демек, оо дүйнө көздөй өчүрөтсүз сапар алганың ошол. Көбүнчө мына ушундай трагедиялуу тагдырга адам атын жоготуп, «селсаяк» жарлыгы мойнуна илинген көрпен-делерибиз туш болот. Туш болуп жаткандары канча дейсиң. Аны биз эсептеп отурбайлы. Окурман журтчулугуна бомждордун жашоосун чагылдыруу максатында алардын «айылында конокто» болуп, репортаж уюштуруп келдик.

25-январь. Кечки саат 18:30. Курал-жарак (фотоаппарат, калем, кагаз дегендей) салынган сумкабызды жонубузга асынып, сапарга чыктык. Москва-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги селсаяктардын түнөгү жөнүндө укканыбыз бар эле. Ошол жакты көздөй жөнөдүк. Көпүрөнүн асты-үстүн түрө кыдырып чыкканыбыздан эч майнап болгон жок. Шалдайып отуруп калдык. Эми не кылмакбыз?
Ошол маалда көпүрөнүн оң жак тарабында жайгашкан дүкөнчөдөн 17-18 жаштар чамасындагы бала чыкты. Аны менен таанышып, келген жөнүбүздү айтсак, жардам бермекке дароо макул болду. Аты Бекжан экен. Айтымында «Баткен» базарында колараба түртүп иштейт. Суукка үшүгөнбү же жөн гана көңүлүн көтөргүсү келгенби, айтор, жүз грамм «сеп» этип алыптыр.
Биз жөн эле убара болуп көпүрөнү тинтип жүрө бериптирбиз. Көрсө, бомждордун түнөгү көпүрөнүн жанында жайгашкан жертөлөдө (люкта) экен. Жертөлөнүн ичиндегилерди чакыруу максатында башыбызды салар менен сасык жыт мурунду өрдөдү. Эми «жыттуулугун» айтпа! Ичи көрдөй караңгы. Дагы бактыбызга жолкөрсөткүчүбүз Бекжандын фонариги бар экен. Оозу-мурдубузду кымтылап, фонарды жандырып алып, ичине бир сыйра көз чаптырып чыктык. Ичинде бир эмес, бирнече киши бардай. Бирнерселердин кылдыраганы угулуп турат. «Ичинде ким бар?» деп беш-алты жолу кыйкырганыбыздан майнап чыккан жок. Минтип чакырсак эчким чыкчудай эмес. Айла жок алдаганга өттүк.
— Эй, брат, силерде орун барбы? Тоңуп кала турган болдум,- деди аянычтуу үнүн чыгарган Бекжан. Алгач ишенишкен жок. Милициядан болуп жүрбөгүлө деп кооптонушту. Өзү сыяктуу бирөө болсо керек деп ойлодубу, айтор, бирнече убакыттан кийин тээ түпкүрдөн үн чыкты:
— Орун табылат… Кире бер, бешөөбүз эле жатабыз.
— Брат, кантип кирем? Андан көрөкчө сыртка чыксаң. Камоктон арак алып келип, чогуу кирели.
Жанатан бери эринип, чыкмак тургай үн чыгаргысы келбей аткан неме жүз граммдын атын уккандан кийин бизди көпкө күттүргөн жок.
Бакыт:
«Адам санынан чыгып калгам»
Алданып калганын билди. Берген суроолорубузга жооп бербей, көпкө чейин тултуюп отуруп алды. Чамасы, алдап койгонубузга таарынып калды окшойт. Анысына карайбызбы, эптеп жибитип отуруп, сөзгө тарттым.
Байке, каяктан болосуз?
Сокулуктан.
Өзүңүз жөнүндө бираз айтып бербейсизби.
Минтип жүргөнүмө бир жылдан ашты. Аялым Россияга кеткенине көп жыл болду. Алигиче дайын-дареги жок. Эки балам бар. Азыр кайнежемдин колунда турушат. Убагында курулушта иштеп, үйбүлөмдү бакчу элем. Эми минтип сайда саны жок жүргөн кезим.
Мурдуңуз кызарып калыптыр. Көп ичет окшойсуз? Деги ичип кеткениңизге эмне себеп болду?
Ичсе эмне болуптур? — деп мени жаман көзү менен карады. — Мындай суукта ичпесең, ажалдан мурда өлбөйсүңбү! Мурдумду өткөндө суук алып кетти… Тагдырыма таарынып ичип жүрөм. Укканыма караганда аялым ал жактан башка бирөөгө тийип кетиптир. Намысыма чыдай албадым. Анысы аз келгенсип биртуугандарым мени карабай кетишти. Баары тең мени көргөндө жаа бою качышат. Түшүнөм, мени адам санынан чыгарып коюшкан. Канчалык аракет кылып, аракты таштайын десем да болбой жатат. Эртедир-кечтир оңолоттурмун…
«Жатаканаңардын» ичинде канча адам бар?
Жана эле айттым го, бешөө деп. Экөө аялы менен, мен болсо жалгыз.
Эмне иш кыласыңар? Кантип мындай суукта өлбөй жашап атасыңар?
Офисте иштейт деп ойлоп атасыңбы? Эмне кылмак элек, мусорлордун арасын тинтийбиз, желим бөтөлкөлөрдү чогултуп сатабыз. Жаткан жерибиз жылуу. Жылуу суунун түтүктөрү өтөт. Бир гана сасыганы жакпайт.
Гезит аркылуу чоңдорго эмне айтат элеңиз?
Эчнерсе айткым келбейт аларга. Айтканда эле менин сөзүмдү уга коймок беле. Жада калса мына бул жертөлөдө жатканда «менттер» жанды койбой, күнүгө келип тепкилеп кетишет…
Ошентип, андан ары сапарыбызды уладык. Жолдон Бекжандын эки досу жолугуп, бизге кошулушту. Алар да алагүү, жүз граммдан аянбай «сеп» этишсе керек. Бизге бажактай сүйлөп, жолду катар эриктирбей барышты. Бекжан сыяктуу эле бири «Баткен» базарында колараба түртүп иштесе, экинчиси нан ташып жан багат.
— «Баткен» базарынын арткы тарабында поезд өтчү темиржол бар. Ошол жерде бомж аттуулар көп. Себеби, ал жерден жылуу суу түтүктөрү өтөт,-деди жаңы таанышым Айбек.
Болжол менен канча селсаяк жашайт?
— Аркандай. Темиржолдун чыгыш тарабында (Логвиненко көчөсү жакта) көп жайгашышкан. Көпчүлүгү аялдар, жаш кыздар.
Мунун баарын каяктан билесиң?
Ээ, байке, баштан эмне гана өтпөдү? Алгач Токтогулдан келгенде иштеген ишибиз, жатаар жерибиз жоктугунан, убактылуу бомждор түнөгөн жайларда жашаган элек. Кыздардын көпчүлүгү орус, кыргыздар аз. Көпчүлүгү бузулуп кеткен. Чеккендери тамеки, ичкендери арак. Секстин «атасын» таанытат. Айрымдарынын боюна бүтүп, балдарын төрөр менен бирөөгө берип, же болбосо эл көрбөгөн жерлерге таштап салган убактары болот. Аялы-эркеги дебей чогуу жатышат, менин аялым, сенин аялың демей жок…
Кантип «Баткен» базарына жетип келгенибизди байкабай калдым. Айткандай эле темиржолду бойлой жылуу суу түтүктөрү өтөт экен. Сырттан караганда бул жерде адам жашаары байкалбайт. Ошентип, суу түтүктөрүн бойлой жөнөдүк. Бир азга басканыбызда эле селсаяктардын «айылына» туш болдук.
Биринчи эле жолукканда саламга келбей, таягын ала жүгүрүп, кубалап жөнөштү. Араң качып кутулдук. Өлтүрүп койгондон кайра тартпаган түрлөрү бар.
Андан ары баратсак, түтүктүн алдында эки адам кучакташып уктап атыптыр. Жада калса алдына салынган төшөктөрү жок. Акырын ойготтук. Көзүн ачкан немелер алгач бизди чоочуркай карашты. Келген максатыбызды айткандан кийин бири сөзгө келди.
Кубат:
«Президентке айтар
кебим бар»
— Убагында медик болуп иштегем. Эл катары үйбүлөм: бала-чакам, жубайым бар эле. Эми ойлосом, ал күндөр жашоомдогу эң бир бактылуу мезгил экен. Мындан төрт жыл мурда жубайым каза болду. Аны аябай сүйчү элем. Күйүтүмө чыдабай иче баштадым. Азыр балдарымдын каякта экенинен кабарым жок. Мен үйдөн чыгып кеткенде, алар таенесинин колунда калышкан.
Өзүңүздү колго алсаңыз болбойт беле? Жубайыңыздан айрылган күндө да, балдарыңыз бар эмеспи. Алардын келечегин ойлободуңузбу?
Күйүт деген жаман тура. Ачыгын айтканда, өзүмдү контролдой албай калдым. Анүстүнө жубайымдын өлүмүнө өзүмдү күнөөлөп келем. Себеби, анын оорусунун диагнозун туура эмес коюп алыптырмын…
Мындан ары эмне кылайын деген оюңуз бар?
Силердин гезит аркылуу президентке кайрылат элем. Мага окшоп турмушунан жаңылып, көчөдө тентип жүргөндөр үчүн атайын жатакана салдырса болот эле. Себеби, биздин арабызда көпчүлүгү убагында жакшы кызматтарда иштешкен. Балким, бизге өкмөт карап, жакшы шарт түзүп берсе, оңолуп кетет белек. Не дегенде, биздин иштеген ишибиз жок, мусорлорду тинтигенден башка. Көпчүлүгүбүз аргасыздан уурулукка барабыз. Базардан майдабарат нерселерди уурдап, кайра аларды башкаларга арзан баада кармата беребиз. Тапкан-ташыганыбыздын баары эле аракка кетет. Ушул иним, айтайын дегеним.
Артка кайттык. Бекжан «кыздарга барбайлыбы» деди. Баарынан да: «Сизге сулуусунан тандап салып берем» дегени жанымды күйгүздү. Унчукпадым. Саат түнкү ондорго чамалап калган эле. Кайтайын дедим. Мени көндүрө албасына көздөрү жеттиби, айтор, коштошуп кала беришти. Баамымда, кыздарга барып, «өз иштерин» бүтүрүп келишет окшойт…
Биз «Ош», «Баткен» базарларында гана болуп кайткандагы көрүнүш ушул. Болжол менен 40тан ашык бомждор жашайт экен. Ал эми, ушуга окшогон селсаяктардын «айылынан» борбор калаабызда канча бар дейсиз? Бекжан, Айбек сындуу жаш балдардын тагдырычы…

Нурканбек КЕРИМБАЕВ

2 CTP 14
Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

12.02.08

pr03.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 19.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика