Алиби гезити

25.12.09

25.12.09
2 CTP 16

«Алиби», 25.12.09

  ГЭС: SOS!

Нарын дарыясы бөгөлдү
22-декабрда «Камбар-Ата-2» ГЭСинин жанындагы тоо жардырылып, Нарын дарыясы бөгөлдү. Жаңы тосмого үч күндө суу толуп, андан соң тешкен тоо аркылуу мурдагы нугуна түшөт. «Камбар-Ата-2» ГЭСинин биринчи гидроагрегатынын ишке кириши эмдиги жылдын май-июнь айларына болжолдонууда.
«Камбар-Ата-2» ГЭСиндеги тоону жардырып, сууну бөгөп жаткандагы сүрөттү тартып алууга Кыргызстандагы катары калың маалымдоо каражаттарынын ичинен жалгыз Улуттук телеканалга гана уруксат берилип, калган журналисттер журту Өкмөттөгү телебайланыш аркылуу гана көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Түндүк көтөрөбүз, уук сайгыла!
«Манасты» кайтарып алса болот
23 — декабрда Чүй университетинде Кытай эли аркылуу ЮНЕСКОго катталган «Манасты» кайра кайтаруу аттуу тегерек стол өттү. Бул тегерек столго президенттик секретариаттан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министрлигинен, Бейөкмөт уюмдардан жана кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы «Манаска» кайдыгер карабаган кыргыздар катышты. Тегерек столдо өтө кызуу талкуу болуп, жыйынтыгында өкмөткө сунуш киргизилди. Толук маалыматты кийинки санда жарыялайбыз.

Чындык чыркырайт!
Журналист шорго калбайт
«Ош шамы» гезитинин кабарчылар түйүнүнүн башчысы Кубаныч Жолдошев үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрына оогон түнү белгисиз адамдар тарабынан сабалып, оор абалда ооруканага жеткирилген эле. Ош областтык ички иштер башкармалыгы кылмышты мурда төрт ирет соттолгон Бектур Аланов мойнуна алып жаткандыгын жарыялады. Ал эми журналист Кубаныч Жолдошев аны белгисиз үч жигит сабагандыгын, аларды кыймыл-аракетинен, үнүнөн жана сөздөрүнөн тааный тургандыгын билдирди. Ошондой эле шаардык милициянын аракетин эптеп күнөөсүз бирөөнү айыпка жыгып, жоопкерчиликтен оңой кутулуу аргасы сыңары баалады.


Кыргызстандын бардык
журналисттери, бириккиле!
АЛИШЕР, АЛМАЗ, ГЕННАДИЙ…
ЭМИ МЕНБИ ЖЕ СЕНБИ?!
Алматыдан суук кабар келди. Беш күн эс — учун билбей жаткан калемдешибиз Ибрагим Рустамбек 22-декабрдын таңында — кыштын эң узак түнүндө жалган дүйнө менен кош айтышты. Ал 16-декабрь күнү «Казакстан» мейманканасынан чакырылып барып, Фурманов көчөсүндөгү күндөлүк батирге берилчи үйдүн 6-кабатынан буту-колу байланган абалында ыргытылып жиберилген. Ошентип соңку бир жылдын оро-парасында 3 журналист — Алишер Саипов, Алмаз Ташиев, Ибрагим Рустамбек өлтүрүлдү. Алишер Саиповдун өлүмүнө Өзбек Республикасынын, Алмаз Ташиевдин өлүмүнө Кыргыз Республикасынын, Геннадий Павлюктун (Ибрагим Рустамбек) өлүмүнө Казак Республикасынын атайын кызматтарынын, күч органдарынын тиешеси бар экендиги ачык эле көрүнүп калгандыгы айтылууда. Ал эми ур-токмокко алынып, же бычак менен бышылып жабыркагандар канча экенин эсептебей эле коелу. Алардын дээрлик көбү «Кудай берген жанды Кудай гана алсын» дешип, калган өмүрлөрүн Жараткандын амирине беришти. Ал эми коопсуз жашоолорун башын калкалап барган ошол өлкөлөрдүн мыйзамдарына, ошол мамлекеттин Президенттерине ишеништи.
Кыргыз бийлиги чекесине чыккан чыйкан журналисттерди атайын кызматтардын, криминалдык уюшкан топтордун жардамы менен көзүн тазалоого өттү. (Ушинтсе изи табылбай кетет окшойт.) Ушул өңүттөн алганда Алматы калаасы кыргыз бийлигинин ишенимдүү криминалдык пунктуна айланды. «Текебаевдин чемоданында наркотик кетти» деген маалымат да Варшавага жаңылбасак дал ушул казак кызматы аркылуу жеткен. Жаңылбасак, президенттик Администрациянын экс-башчысы Медет Садыркулов да Алматыга жолугушууга баргандан кийин колго түшүрүлүп, анан Кыргызстанга алынып келип, «жол кырсыгынан улам» курман болду. Демек өзүн адилеттик үчүн күрөшкө бел байладым дегендер чөнтөк жана үй телефондору аркылуу сүйлөшүүлөрүндө, ал турмак электрондук байланышта да сак болбосо — Кыргызстандын Конституциясында жазылган «кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу» деген (14-берене) норма биздин өмүрлөргө аңчылыкка чыккандарга болбогон кеп болуп калды.
Журналисттер ушинтип четинен териле беребизби? Башыбызды кошуп биригип, Бакиев бийлиги эркин басма сөздү ооздуктоо боюнча көрүп жаткан мындай аракеттерине каршы БУУ баш болгон эл аралык уюмдарга биргелешкен Кайрылуу менен чыгалы. Геннадий Павлюкту акыркы сапарга узатуу тажиясына оң жээк, сол жээк журналисттер деп бөлүнбөй бирге туралы. Чыгарып жаткан газеталарыбыздын биринчи бети, телерадио жаңылыктардын башталышы Геннадий Павлюктун жаркын элесине арналсын!
Өкмөт менен басма сөз — бул бири-биринин көз караштарын сыйлаган табигый каршылаштар экенин азыркы бийлик түшүнгүсү келбей жатат. Алар уруп-сабоо, ыңгайы келсе ушинтип өлтүрүү, болбосо болбогон шылтоолор менен кылмыш ишин ачып, түрмөгө отургузуу аркылуу элдин эркин мокотуу, үшүн алуу жолуна түшүп алды. Мындай жол келечектүү жол эмес. Мындай ыкма коомдун өнүгүүсүн артка тартуучу коркунучтуу жол!
Белгилүү публицист Юлиус Фучик ХХ кылымдын башында фашизм баш көтөрүп келатканда «Сак болгула, адамдар!» деп дүйнө коомчулугуна кайрылган сөзүнүн мааниси бүгүнкү күндө кыргыз журналисттерине, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган ар бир мекендешибизге түздөн түз тиешелүү болуп калды. Чыгыштын улуу ойчулу Конфуций «Тартиби күчтүү өлкөдө ишке да,сөзгө да чыгаан бол. Тартип сакталбаган өлкөдө ишиңе тыкан, бирок сөзүңө сак бол» деген экен. Демек Кыргызстандагы азыркы бийликтен сак болгула, адамдар!


Жаңы дайындоо
Зайнидин Курманов — спикер
23-декабрда «Ак Жол» фракциясы жогорку Кеңештин төрагалыгына Зайнидин Курмановду сунуш кылуу чечимин кабыл алган.
Зайнидин Курманов тарых илиминин доктору, Кыргызстандын совет мезгилиндеги тарыхына арналган бир топ илимий эмгектердин автору. 2-чакырылыштагы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Менин өлкөм» партиясынан депутат болгон. Көбүнесе чыгармачыл, илимий интеллигенциядан куралган партия 2007-жылы «Ак жолго» кошулган. Ал баштаган жыйырмага жакын адам президенттик администрациянын ошол убактагы башчысы Медет Садыркуловдун колдоосу менен парламентке келген. 2009-жылы 13-мартта Медет Садыркулов каза болгондон кийин Зайнидин Курманов анын өлүмүнүн себептери тууралуу эч нерсе айтканга жарабаганын оппозиция сынга алганы белгилүү.
Кечээ 24-декабрда парламент жыйынында 84 депутаттын колдоосу менен Зайнидин Курманов Жогорку Кеңештин төрагалык тактысына отурду.

«Алиби» жаңы жылдан кийин
Биз сенсация
издеген
жокпуз. Сенсация
бизди издесин.
Кыргыз мамлекети коррупциянын сормо сазына кокосунан батып, «ким чыгарат?»-деп эки көзүн жалдыратып турган убакта колунан кокон тыйын келбеген элге сенсация керекпи же чындык керекпи?
«Алиби» жаңы жылдан кийинки сандарында Башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза кайдан жүрүп бул кызматка келгендиги, «Ак жол» партиясынын Свердлов району боюнча координатору Баян Давузова карапайым адамдардын акчасын кантип алдап алып жүргөндүгү, мамлекеттик мүлк министри Т.Турдумамбетов өзүнө тиешелүү мүлктөрдү кимдерге жаздыргандыгы жана башка бир топ материалдарды жарыялайт.

«Алибини» издеп,
таап окугула.


1225.htm

2 CTP 16

Click to add a comment
Алиби гезити

More in Алиби гезити

26.11.09

pr30.01.2020

03.12.09

pr30.01.2020

11.12.09

pr30.01.2020

18.12.09

pr30.01.2020

Защищено: 30.12.08

pr27.01.2020

















Яндекс.Метрика