Алиби гезити

25.12.09

25.12.09
1 CTP 16

«Алиби», 25.12.09

  Бардык бийлик Бакиевдерге!


УРАН КЕНДЕРИ
БИЙЛИКТИ ӨЗГӨРТҮҮНҮН ЖОЛУБУ?
Газетабыздын №2,3,4-сандарындагы (3.12.09.,11.12.09., 18.12.09-ж.) макалаларда К.Бакиевдин бийлигин өзгөртүү же аны бийликтен кетирүү үчүн жүргүзүлүп жаткан аракеттердин алгачкы финансылык белгилери жөнүндө сөз болгон. Эми ал макалада учкай айтылып кеткен уран схемасы тууралуу кенен токтоло кетсек.

Эмне үчүн уран кендери иштеп жаткан азыркы финансылык схеманы өзгөртүүгө же бийликке (К.Бакиевге) баш ийбеген башка бир финансылык борборлорду түзүүгө колдонулуп жатат? Анткени уранды изилдөөнүн, иштетүүнүн жана сатуунун системасы эл аралык деңгээлде гана жүргүзүлөт.Мына ушул өзгөчөлүккө таянган финансылык топтор уран кендери аркылуу жаңы акча борборлорун түзүүгө умтулуп жаткандыгын мендеги маалымат айгинелеп турат.
Азыркы учурда уран кендери негизинен энергетикада жана курал өндүрүүдө кеңири колдонулат. Бирок кийинки убакта финансылык топтор мына ушул багытты финансылык борборлорду түзүүдө кеңири колдонсо болоорун аңдап — билип калышкан. Бул схема кандайча иштейт?
Алгач бир нерсени тактай кетели. Уранды иштетүүдөн алынган энергиянын баасы биз оозанып жүргөн базар мыйзамдары менен аныкталбайт. Аны мамлекеттик органдар өз ара макулдашуулардын жолу менен белгилешет. Маселенин эң эле түпкү мааниси мына ушунда жатат. Уранды иштетүүдөн алынган энергиянын баасы, биринчиден, кенди казып алуудагы аймакта жашаган элге компенсация төлөө, экинчиден, кенди иштеткен ишкана жайгашкан аймактагы элге компенсация төлөө, үчүнчүдөн, иштетилген уранды колдонуп энергия чыгарып жаткан реактор жайгашкан аймактын элине компенсация төлөө, төртүнчүдөн, кенди казып, иштетип, өндүрүүгө кеткен өндүрүштүк чыгымдарды тындыруу сыяктуу негизги көрсөткүчтөр менен аныкталат. Ушул төрт көрсөткүч боюнча мамлекет уран энергиясын чыгарган ишканаларга абдан көп суммадагы акчаларды төлөйт.
Эми ойлоп көрүңүз, окурман: мисалы, сиз уранды иштетип энергия чыгарсаңыз, сизге мамлекет жогоруда аталган төрт көрсөткүч боюнча акча берип турат. Бирок сиз, «эмне үчүн мен уран казып алынган аймакта жашаган элге жана уранды иштеткен ишкана жайгашкан аймакта жашаган элге компенсация төлөшүм керек? Мен андан көрө даяр уранды ортомчу компаниялардан сатып алып, ал эми компенсациянын акчаларын өзүмө ыйгарып албаймынбы» деп ойлоносуз. Мына ушул учурдан баштап сиз бөтөн мамлекеттен уран сатып ала баштайсыз. Ал эми уран саткан компаниялар уранды кандай жол менен, кантип казып алат, аны менен сиздин ишиңиз да болбойт. Эми ойлонуп көрүңүзчү, окурман, эмне үчүн биздин алакандай өлкөдө жыйырмадан ашык компания уранга чалгындоо жүргүзүшөт? Жообун жогоруда айтып өттүк — абдан пайдалуу бизнес. Эми мына ушул пайдалуу бизнести күч түзүмдөрү колдонсо болобу? Албетте. Мындай учурда арттырып алынган акчалар жаңы финансылык борборду түзгөнгө же иштеп жаткан финансылык схеманы өзгөрткөнгө жумшалат. Мына ушундай абал биздин өлкөдө байкалууда.
Биздеги компаниялар кантип түзүлөт? Анын схемасын жөнөкөй түшүндүрөлү. Мисалы: сиз жана сиздин бир тууганыңыз 10 сомдон чыгарып 20 сом чогултасыз, ал эми лицензия алганга 100 сом керек. Ошондо сизге чет өлкөлүк жаран кошулуп, ал 80 сом чыгарат. Ошентип, лицензия сатып аласыздар. Андан соң эки жол бар: биринчиси, лицензияны жогорку баада башкаларга сатуу же урандын сырьёсун сатуу. Көрүнүп тургандай, уран схемасын уюштуруу абдан жөнөкөй жана пайдалуу болуп эсептелет. К.Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн тейлеген акчалуу топ эмне үчүн иштеп жаткан финансылык схеманы өзгөртүүнүн, андан аркы кадам — Бакиевдерге баш ийбеген финансылык борборду түзүүнүн алгачкы кадамдарын башташты? Негизгиси, азыркы мезгилде К.Бакиевдин саясий потенциалы азайгандан азайып бараткандыгы айдан ачык болуп калды.
Албетте, элге күч колдонсо болот, бирок тарыхтын жүрүшүнө күч колдоно албайсың. Бакиевдерди жана алардын тегерегин тейлеген финансылык топ жаңы деңгээлге чыкты десе болот. Азыркы учурда кытайлык акча ээлери башында турган багыт күчөп, өз кезегинде орус акча ээлери абдан агрессивдүү боло баштады, ал эми казак финансисттери Казакстанда финансылык кепилдикти күчөтүү боюнча бир катар ири саясий иш-чараларды жүргүзүүгө киришти.
Мындай финансылык татаал жагдай кайдан пайда болду? Албетте, дүйнөлүк финансы айдыңында жүгүртүүчү валюта деп аталган акчалардын массасы көбөйтүлө турган учур бышып жетилди. Андыктан, финансылык топтор да ушул жаңы жагдайга камылга көрүп жаткан кез азыр. Россиялык күч түзүмдөрү россиялык акча кожоюндарынын бөтөн өлкөлөрдөгү иштетилип жаткан акчаларынын сакталышына алдын ала кепилдик берүүчү схемаларды, демек бийликке баш ийбеген финансылык борборлорду түзүүгө же иштеп жаткан финансылык схемаларды өзгөртүүгө белсене киришти. Мына ушундай багытта иш жүргүзгөн россиялыктар казактардын уран кендерин иштетүүчү тармагын колдонуп, ошондой финансылык топторду түзүүгө аракет кылышты эле, бирок казактардын күч түзүмдөрү алдын ала сокку урганга жетишти. М. Аблязовдун жана М. Джекишевдин жакында болуп өткөн иштери буга күбө. Казакстанда бул багыттагы иштер кандай аяктап жатат? Кыязы, эки тарап тең бир пикирге келген өңдөнөт. Себеби, уранга байланышкан иштер тынчыгандан кийин Н.Назарбаевди улуттук лидер катарында өмүр бою башкарса болот деген саясий жобо киргизүү тууралуу демилгелер айтылып, иштер жүргүзүлө баштады. Демек, Казакстандагы финансылык топтор алдыда жүргүзүлө турган олуттуу финансылык окуяларда акчанын коопсуздугун камсыз кылуучу кепил катары Н.Назарбаевди тандашты.
Ал эми биздеги абал кандай? Албетте, К.Бакиевдин өмүр бою президенттик тактыда отуруу ою ишке ашпайт, анткени ал улуттун лидери эмес. Сөз үчүнчү мөөнөт жөнүндө гана жүрүшү мүмкүн. Бирок, бул болгону 2017-жылга чейинки гана мезгилди камтышы мүмкүн. Анын үстүнө, К.Бакиевди үчүнчү мөөнөткө калтыруу көптөгөн балит технологиялык иштерди жүргүзүүнү, финансылык көп чыгымдарды талап кылат. Финансы табылган күндө да натыйжасы кандай болот — белгисиз. Ошондуктан биздеги акча ээлери жаңы багыттарды издеп жаткандай. Маселен, Максимдин арты менен бийликке баш ийбеген, Д.Үсөновдун өкмөтүнө да, Жогорку Кеңеш сөрөйгө да отчет бербеген агенттик, фонддор түзүлүп, акча чогултула баштады. Мындай учурда акчанын коопсуздугунун кепилдигин алуу үчүн Максимди саясий аренага көтөрүп чыгуу зарылчылыгы келип чыккан. Бул зарылчылык да ишке ашып, жолу табылган шекилдүү. Максим атасынын оң колу болуп, Ак үйдөгү майлуу-сүттүү орунду (ЦАРЬ) ээлегени — финансылык топтор стратегиялык багытты тандап бүткөндүгүн айгинелейт. Ал эми Максимдин атасы президент К.Бакиев Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кароого бергени — бийликти мураска калтыруу иш чарасы ары дегенде келерки жылдын апрелинде барып мыйзамдаштырылып, аяктаарынан кабар берип турат. Президент сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорунда «Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын президенттик Кеңештин туруктуу мүчөлөрү сунуштаган адам аткарат» деген норма бар экен. Демек мындан К.Бакиев үчүнчү мөөнөткө барууга бел байлабайт, ал орун М.Бакиев үчүн даярдалып жатат деп божомол жасоого негиз берүүдө.

Албетте, Жаныш Бакиев башында турган тарап, күч түзүмдөрү мындайга жол бербегенге аракет кылат. Ошондуктан бөтөн улуттардын (биринчи кезекте орустардын) күч түзүмдөрү жана акча ээлери эки багытта иш жүргүзүшү мүмкүн: биринчиси, Максимдин багытын колдоо. Мында финансылык топтор убактылуу акча чогултуунун каналдарын ишке киргизишет.
Экинчиси, Жаныштын багытын колдоо. Мында акча ээлери жетиштүү деңгээлде акча чогула баштаганда саясий кепилдикти алуу үчүн Жаныш башында турган күч түзүмдөрүн пайдаланышы мүмкүн. Себеби Максим канчалык көкүрөгүн көтөрбөсүн, жыйналган акчаларды мыйзамдуу формага келтирип, алардын коопсуздугуна кепилдик бере албайт, ал тургай өзүнүн «Балтикасына» алып кетсе да. Мындай мүмкүнчүлүк Жанышта бар, анын саясий кадамдарга бара ала турган жөндөмдүүлүгү белгилүү.
Ушундай шарттарда К.Бакиев өзү эмне кылат? Албетте, «реформалар» менен алектенет (А.Акаев да «реформалар» менен алектенип жүрүп өтпөдүбү). Кыскартып айтканда, Кыргызстанда бийликти өзгөртүүнүн алгачкы кадамдары башталды.
Биз бул макалада бийликти алмаштыруу үчүн акча жыйноонун бир гана схемасын жазып кеттик. Бир гана өкүндүргөнү — бул кадамдарды бөтөн улуттун акча ээлери жасап жатат. Демек, кыргыздарды, бизди, биздин жакыр жашообузду, бийликке болгон каршы маанайыбызды дагы бир жолу бөтөн улуттун акча ээлери өз максаттарына жетишүү үчүн пайдаланат шекилдүү. Мындай учурда бир гана жол калат — тез аранын ичинде улут катары улуттук кызыкчылыкты көтөргөн кадамдарга барышыбыз керек. Антпесек, бизди улут эмес, үйүр топко (толпага) айлантуунун механизмдери иштеп кетет. Ошондо кыргыз менен кыргыз чабышып, кыргыз менен кыргыз кагышып, ишпалдабыз чыгат. Андыктан, алдыда биз ойлончу иштер арбын.
Кален СУБАНОВ,
публицист


1225.htm

1 CTP 16
Click to add a comment
Алиби гезити

More in Алиби гезити

26.11.09

pr30.01.2020

03.12.09

pr30.01.2020

11.12.09

pr30.01.2020

18.12.09

pr30.01.2020

Защищено: 30.12.08

pr27.01.2020

















Яндекс.Метрика