Аалам гезити

25.12.08

25.12.08
2 CTP 16

«Аалам», 25.12.08 — 11-бет: Полит-элита…•

  Эшегине жараша тушагы


Темир тулпарлар чатагы
Баракелде сага, «Азамат»!
«Азамат» авто базары көп жылдар бою, бир күн да дем албай, машине сатармандар менен кардарларга жол ача, тынбай эмгектенип келет. «Азамат» базарына башка күндөрдөн өзгөчөлөнүп, ишемби жана жекшемби күндөрү 3,5-4 миңдей машине сатыкка коюлат.
Ар бир машинеге, эгер ал атайын тосулган жерде болсо жумасына 500 сом, ачык жердегисине 350 сомдон акы алынат экен. Соодагерлер Германия, Италия, Прибалтика жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн машине алып келишет. Андан кызыгы кээ бирлери 20 жылдан бери, бул иш менен алпурушат. Ошончо жылдан бери акысын берип унаа койгон ордун бөтөн кылбай келет.

Өлкөбүздөгү экономикалык кырдаалда, элибиз жан багуу үчүн кайда гана барбаган, эмнени эле жасабады.Ошолордун бири болгон авто соодагерлер. Өз арабаларын өздөрү кыбыратып жүрүштү эле, эми алардын да үстүнө кара түн түшүп олтурат.
Европа өлкөлөрүнөн Кыргызстанга алып келинип жаткан 1993-жылга чейинки чыккан машиналарды бажыдан каттоодон өткөрүү акысы бир канчага өсүп кеткен. Кыргыз Республикасынын -Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы 976-токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, өлкөнүн аймагынан тышкаркы аймактардан алып келинип жаткан товарларды жана автотранспортторду мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү жөнүндөгү инструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизген. Көбүн эсе автотранспортко болгон салык жогорулап, машиненин чыккан жылына жараша баалар белгиленет. Өкмөт тарабынан токтом 21-ноябрда эле кабыл алынган, ал10-декабрда күчүнө кирмек, бирок соодагерлердин Жогорку Кеңештин алдында болуп өткөн нараазычылык акциясынан кийин өкмөт токтом үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирээрин билдирди. Бул жөнүндө билүү үчүн өлкөдөгү ири «Азамат» авто базарына сапар алдык.

Кедейдин малын отко айдасаң, какырга качат
Андан ары Гакиев Шервани аксакалга кеп салдык:
— Совет өкмөтү кулап, эгемендикке жеткенден бери ушул иш менен алпурушам. Азыр мурдагыдай өкмөт элди карабай, элди саап, тоноп турган чагы. Мындан артык болушу мүмкүн эмес. Мен өкмөттүн ишине нараазымын. Кандай түшүнсө болот, мисалы Россия өзүнүн авторыногун коргоп мындай ишке барат. А бизчи кайсыл арыбызга добул урабыз, кайра өз ырыскыбызды кыя тартып жатпайбызбы?

Заманына жараша соодасы
Последов Андрейди кепке тарттык:
— Мен башкалар сыяктуу барып алып келбейм. Интернет аркылуу буйуртма берем. Атайын диллерлер ошондой машинени жөнөтүшөт. Бирок жол баасы кызматына жараша 1,5 миң долларга бааланат. Эми жанагындай болуп атканына байланыштуу жаны машинелерди алдырам, бирок алармандар да азайып кетет. Себеби калк кымбат унааны ала албайт эмеспи.

Айла жоктон кеттик ай!
Базар аралап жүрүп Разылканов Үсөн байкени сөзгө тарттык;
— Мен өзү көп жылдан бери эле, Прибалтика өлкөлөрүнөн машине алып келип сатам. Ал жактан алган машинени Кыргызстанга жеткирүү деле оңой иш эмес. «Жол азабы-көр азабы» дегендей, мекенге жеткенче көргүлүктү көрүп, жол каракчыларынан баео салып, эсен-аман жетсек экен деп кудайга жалбарып олтуруп жетебиз. Мурда бажыдан каттоодон өткөрүү 300-400 долларды түзсө, эми ал 3-4 миң долларга өсүп олтурат. Мен азыр 15 машине алып келгенмин, 6 миң долларга каттоодон өткөрдүм.1-январдан кийин бул сан 10 эсеге көбөйөт. Ошондо 6 миң эмес, 60 миң доллар беришим керек. Анан мынча акчага келген машиненин баасы өзүнө жараша болот. Мурда 4 миң долларга саткан унааны эми 7000 долларга сатууга туура келет. Бул баага биздин эл сатып алышпайт. Демек, сооданын көркү кетип, биздин иш банкротко айланат деп жаны кейиди.

Бүгүн кеч, эртең андан да кеч
Базарда кардар болуп жүргөн Султан Жалалов аттуу байкени жолуктурганда мындай дейт:
— Машине кымбаттаарын угуп, учурдан пайдаланып калайын деп машине караштырып жүрөм. Антпесе эртең кеч болот. Мага Европа унаалары, өзгөчө «Мерседес Бенц» жагат. Албетте, кымбаттаса өкүнүчтүү. Бизге келген машинелердин көпчүлүгү Европадан чыккан машинелер эмеспи, ошондуктан менин оюмча Өкмөттүн бул кылганы туура эмес.

Шайдилла Умаров


1225.htm

2 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

02.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика