Аалам гезити

25.11.08

25.11.08
1 CTP 15

«Аалам», 25.11.08 — 10-бет: Полит-элита…•

Айтматов бар Аалам толук көрүнчү…
Төрөлсөм — күнөөлүү болосуңар,
Чыккынчы атка бир коносуңар.
Тазарып, Жан дүйнөңөр көркүн ачса, —
Чырдашып, талашканды коёсуңар.

Кассандра сөзүн укпай келдиңерби?!.
Көбөйгөн жамандыкты жеңдиңерби?!
Адамдар, кайдасыңар, айткылачы, —
Жасалма пенделерден бездиңерби?!

Космоско баары учуп кеткен окшойт,
Чыкпаймын, чыккым келбейт, жашоо токтойт.
Дүйнөнү бир калыпка салса дагы, —
Борк, Филофей, Руналар эч бир
коошпойт…

Тоолор, тоолор, Улуу тоолор, мөңгүлөр,
Кыргыз Тоосу бөтөнчө бир көркүңөр,
Байлыгына ач көз келип көз артса, —
Үзөңгүкуушту чет элдикке бөлдүңөр.

Жүрөктү бүт ээлеп алып, жаралап.
Кеттиби дейм, колукту тоо аралап.
Махабаттын калганына берилип, —
Арсен издейт Айдананы санаалап.

Өлтүргүн, Өлтүрбөгүн кыйнап келет,
Сергейдин Жан дүйнөсү ыйлап келет.
Жашоонун бардыгына кайыл болуп, —
Тоо Жаабарсы өлүм күтүп тегеренет…

Өмүр-Өлүм! Өлүм-Өмүр уланат,
Жашоосу улам Адамзаттын куралат.
Адамдарды жамандыктан сактоого, —
Сөзү гана Айтматовдун буралат.

Тоо кулады, тоо кулады, кулады,
Асыл ага ооругандан турбады.
Кандай арман, кандай оор жоготуу, —
Баш көтөрүп, Жарык дүйнө бурбады.

Ажырашуу кайгы зары каптады,
Өлүм гана кимдин кимин тактады.
Эл көп келди коштошууга Сиз менен, —
Окурмандар Сизди сүйүп, актады.

Айтматов да Манас өңдүү Баатыр да.
Баары ыйлашты, ыйлап турат Азыр да,
Өлүм деген эмне экенин билдирип, —
Аалам Алпы Айтматов да жатыр да!..

Өлүмдү Сиз жаза берип кайрадан,
Өзүңүз да өтпөдүңүз дайрадан!
Барктаган соң ушунчалык жашоону —
Адаштырып салсаңыз не Адамдан?!

Өлүмгө Сиз неге мынча шаштыңыз?!
Өлүмдөн Сиз эмне пайда таптыңыз?!
Жаабарс өңдүү үңкүрдү бош калтырып, —
Аалам кезип, бир кезекте кайтыңыз!

Бийик жанып, өлбөс-өчпөс Рухуңуз,
Турналардай эрте жазда учтуңуз.
Ойлогонбуз бир кылымдай жашайт деп, —
Дүйнө тураар тирөөчү жок, устунсуз.

Жан дүйнөбүз бопбош болуп ич түтөп,
Биз күтөбүз. Бизден кийин муун күтөт.
Артыңыздан кетебиз да Сизди издеп, —
Жашоо бүтпөйт, замандаштан ой бүтөт.

Жалгыз келдим Элазыкка Өзүңсүз,
Баары турат Сизди эстеп көңүлсүз.
Бактарыңыз мурдагыдай үн катпайт, —
Паркыңыз да көрксүз жана өмүрсүз.

Айтканыңыз калган эле эсимде,
«Чырпык Чынар болоор өз кезинде.
Өмүрүмдө мындай Бакыт болбогон», —
Сүйлөгөнсүз толкунданып сезимде.

Жык-жыйма эл көчөлөрдө эч батпай,
Сүрөттөр көп, айланада, ар тарап.
Эсиңизде калды бекен ошондо, —
Элазыктын атын улам кайталап.

Жаныңызда Манас бабам жүргөндөй,
Элазык да Манас көрүп, сүйгөндөй.
Уркаш абам «Манас» айтып күпүлдөп, —
Түрк балдарын ар-намыска түйгөндөй.

Айтматовду кучактаган Элазык,
Жалгыз келдим нечен-нечен бел ашып.
Жанымда жок Чыңгыз ага көргөндөй, —
Отурамын Силер менен мен жашып…

Сиз отурган отургучка отурдум,
Эстеп улам, Жан дүйнөмдү тоңдурдум.
Сиз бар үчүн баары көрктүү көрүнчү, —
Жашоонун ай, өңүн, түсүн оңдурдум.

Элазыкка убаданы бергенсиз,
Үмүт берип, «жылда келем» дегенсиз.
Баары турат, жетишпейсиз Өзүңүз, —
Калган өңдүү бопбош талаа, Жер ээсиз.

Айтматов, Айтматов… үндөр жаңырып,
Эл келатыр селдей болуп агылып.
Ишенишпейт, ишенгиси эч келбейт, —
Элазыкта Айтматов тур жылмайып…

Өзүңүздү бир көрүүгө дааналап,
Издеп келем булуттарды аралап.
Балким, Сиз да Элазыкта жүрбөңүз, —
Рухуңузда бизди колдоп, пааналап…

Ак булутсуз дүйнө элине тааныткан,
Кыргыз элин, Манас атын жайылткан.
Капысынан арабыздан Сиз кетип, —
Миң кылымды бир күн ичи карыткан…

Эстөө абдан кыйын экен, оор экен,
Таанышкан күн эсиңизде бар бекен.
Сиз да жашсыз, мен да жашмын
ал кезде, —
Бир көрүүдө маанай ачык шар кеткен.

Сөзүңүзгө кулак төшөп, тез илип,
Байкабадым кеткендигин кеч кирип.
Күндөр айга, айлар жылга айланып,
Ынак болдук улам-улам берилип.

Болсо дагы байланыштар ар тарап,
«Ишенемин» деген сөздү мага арнап.
Таза болду, аппак болду мамиле, —
Ушул сөздү Өмүр бою аркалап.

Эл укса да, кат жаздыңыз дааналап,
«Ишенемин» деген сөздү кайталап.
Өткөн жолу түшүмө да кирдиңиз, —
Ыраазылыкты билдиргенсип,
кармалап.

Пенделер да мени абдан каралап,
Сөз айтышты жүрөгүңүз жаралап.
Таза болду, аппак болду мамиле, —
Кайтпадыңыз «Ишенем» деп кайталап…

Генийликтен Жөнөкөйлүк билинип,
Жөнөкөйгө Генийлик да сиңилип.
Заманыбыз болсо дагы башкача, —
Келген өңдүү Манасыбыз тирилип.

Сизди, ооба, Манасыбыз дечү эле,
«Манасты» Сиз жеткирдиңиз чет элге.
«Манас» Сизден айрылганда айтылды, —
Кара жерге сөөгүңүздү берээрде.

Баары ыйлашты Манас эми өлгөндөй,
Манас менен Сизди кошо көмгөндөй.
Аалам турду жымжырттыкта суз болуп, —
Чыгармачыл кыяматты көргөндөй.

Ишенишпейт — окурмандар азыр да;
Кантип эле — Айтматов да жатыр да?!
Күн да болуп, Ай да болуп асманда, —
Жаркыраган Рухун бизге чачыр да!..

Чолпон жылдыз чыккан сайын элестеп,
Күтөмүн мен бир күн Сизди келет деп.
Саманчынын жолун сепкен өңдөнүп, —
Майлуу-сүттүү, берекени берет деп.

Уктап жатат, балким, Эртең ойгоноор,
Мифке айланып, Символ болуп
токтоноор.
Бир кылымда бир кыргызга мээр түшүп, —
Кудай-Таалам элибизди ойлоноор.

Абдылдажан Акматалиев
Элазык, 3-4-июль,
2008-жыл


1125.htm

1 CTP 15
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика