Агым гезити

25.01.08

25.01.08
2 CTP 18

«Агым», 25.01.08 — 12-бет: Майкечен маек…•
0125.htm

  Майкечен маек

Чыңгыз Мырзаев, «Кыргызстан обондору» радиосунун
ди-джейи, ырчы, киноартист:

«Алгач алтынчы класста өбүшкөм»
«Кандуу сүйүү» деген кинодо ырдаган Бек Борбиевдин «Сен өмүр жалган, сен сүйүү жалган» деген ыры сага жарашып калат экен. Ал тургай экинчи Асылбек Өзүбеков болот го дешүүдө…
— Ыракмат, өзүм да ырларымдын стилин өзгөртсөмбү деп ойлоп жүрөм.
Кино тартылып жаткан мезгилде эротикалык сценага келгенде сен тартынып, өтө ачык көрүнбөөгө аракеттенипсиң…
— Ооба, мен тартылган кино үйбүлөң менен уялбагандай, чогуу отуруп көргөндөй фильм болсо дегем. Ата-энеме «уят жерлери бар экен» деп айттым. Алар «өзүң чеч» дешти.
Баардык чыгарма турмуштан алынып жазылат эмеспи. Эгерде ошол кинодогу Алымбектин сүйүүсүнө окшош уят башыңа келип, арзыган адамыңдын сиңдисин же эжесин сүйүп калсаң эмне кылат элең?
— Жок, мен андайга жол бербейт болчумун. Ал канчалык сулуу, акылдуу болуп, мени бактылуу кылам десе да андан баш тартмакмын. Сүйүп, бактылуу боло турган, ишенген адамымды эч качан эч кимге алмаштырбайм.
Көңүлүңө жаккан, сүйгөн кызың барбы?
— Ал сыр боюнча калсынчы…
А сага кандай кыздар жагат?
— Тыкан, таза, тың, өз ордун билген кыздарды жактырам.
Кичине кезиңде кандай бала элең?
— Жалгыз уул болуп чоңойдум. Ата-энем мени эркелетип өстүрүштү. Айтканымды айткандай аткарышчу.
Бала кезде калп айткан күнүңдү эстей аласыңбы?
— 1-класста окуп жүргөндө апам мага жаңы колкап сатып берген. Дааратканага кирип, колкабымды ээгиме кысып коюп, кайра сыртка чыгып баратып, бирөөсүн түшүрүп алгам. Анан апамдан коркуп, алдап койгом.
Эң биринчи катты канчанчы класста жаздың?
— 3-класста окуп жүргөндө Токо деген классташ бала экөөбүз биздин үйдө сабак даярдап отуруп, чогуу окуган Венера деген кызга кат жазып, почта менен жөнөтчү конвертке салып, анын өзүнүн клейи бар экенин билбей, сасыган клей менен балжырата чаптап туруп, алып барып бергенбиз. Ал кыз биздин үйгө кошуна жашачу.
Алгачкы жолу качан өбүштүң эле?
— Бир жолу ушул суроону башка гезиттен да сурашкан. Анан окурмандар туура эмес ойлоп калышпасын деп, тартынып жооп берип койсом, алар тамаша ирээтинде «Чыңгыз эр жигит болгончо кыздар менен өбүшкөн эмес» деген маалыматты берип ийишиптир. Мен мектепте 6-7-класста окуп жүргөндө, атын атабай эле коеюн, бир кыз менен эң алгачкы жолу өбүшкөм.
Үйдө эрке өстүм деп атпайсыңбы, эч ким жокто тамак жасап иче аласыңбы?
— Лагман чойгондон башка тамактын баарын жасай алам. Тамак жасаганга карындаштарым кичинелик кылчу. Ошон үчүн үйдөн өзүм камыр жууруп, нан бышырып, манты, оромону деле жасачумун. Азыр деле жасай алам. Айылда өскөндүктөн уй саап, мал жайлап, короодогу малдын кыгын тазалап эле ата-энеме жардам берип, кадимки айылдык балдардай түйшүктү башыман өткөргөм.
Чет мамлекеттин ырчылары чачын өстүрүп, сакал-мурут коюп, стилин өзгөртүп турушат го. Сен да стилимди өзгөртсөмбү деп ойлобойсуңбу?
— Сакал алганды аябай жаман көрөм. Бирок, кийим-кечектеримди өзүм эле үтүктөп, тазалап кийем. Стилимди антип өзгөртөйүн деген азырынча оюм жок.
Сергексиңби же уктаганды жакшы көрөсүңбү?
— Эртең менен мен ойгоном, анан короздорду ойготом (күлүп). Өзүмдү жандилим менен берилген ишиме таң атпай саат алтыда туруп, жетиде барам. Ошондуктан, сергек болсом керек.
Мурунку муундун ырчылары кийинки муундун ырчыларын анча жактыра беришпей, ар кандай сындарды айтышууда…
— «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, анча-мынча элге көрүнүп, таанылып калган ырчылардын туура эмес кылык-жоруктарын көрүп, айтылган сөздөр болсо керек. Ушул сыяктуу бир-эки ырчы менен жалпы ырчыларды каралоого болбойт.
Өзүңө жаккан жана жакпаган мүнөздөрүң кайсылар?
— Өзүмө жаккан мүнөзүм мактангандай эмес, ой-максаттарыма умтулганым, аракетчилдигим. Ал эми жакпаган мүнөзүм — шашмалыгым, анан ачуумдун мурдумдун учунда экендиги.
Сен ата-энеңдин кимисинин жолун улагансың?
— Ырдаганы жок, сахнадан алыс адамдар. Атам сүрөтчү, апам бухгалтер. Карындаштарым мектепте окушат. Беш жашар кенжебиз күнүгө мени жумушка узатып, келсем, ажыдан келгендей тосуп алат. Аны Эрке деп эркелетебиз.
Маектешкен
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА


  Айназиктин аксандык

Махабат дартына чалдыкпаган ким бар.
Баарыбыз кабылабыз. Окурман, эгер сүйүүдөн
баш айланып, бактыңыз ашып турса да,
арзыганыңыздан айрылып, кайгыга чөгүп же качанкы
бир сезим жүрөк кыйнап, унутулбай жүрсө, же
жаңыдан сүйүүгө кабылып, көкүрөгүңүзгө батыралбай
жатсаңыз, а балким жалгызсырап, сүйүүгө суусап да турсаңыз, «Агымдын» Айназиги бугуңузду бөлүшкөнгө дайым даяр. Кайгылуу болсун, мейли, күлкүлүү болсун, айтор, окуялуу сүйүү баяндары үчүн аксандык ап-ачык!

Сүйүүгө мас болуп…
Өзүмө-өзүм батпай, сүйүүгө кабылганымды, сүйүүмдү тапканымды бүт ааламга жар салгым келип турат. Турмуштун запкысын көп көргөнгөбү, ушундай жылуу сезимдер, сендей жаркын жандар бар экенине ишенбей деле калгам. Бирок, бүгүн менде баары башка. Ойлорум да, жандүйнөм да, айланам да, адамдар да бөтөнчө. Анткени, сүйүүгө мас болуп турам. «Башка кызга жүрөгүмдү арнагам. Түшүнбөстөн, ал селки сезимдерди тепсеп, кол шилтеп кете берди. Менде да турмуштан көңүл калган жайлар бар. Бирок, сендей баео, сендей таза жанга кезиккениме жетиналбай, колумдан учуралекте бекем кармап калгым келип турат. Эгер макул болсоң, бүт өмүрүм сага арнайын. Кабыл ал» дейт тынбай жазган SMSтеринин биринде. Кандай жооп кыларымды билбей, бактыма тобо кыла, калп эле «убакыт бер» демиш болдум. Жаш болсом да, жашоонун жарымын билем. Бирок, ушундай алып учкан сезимдерге кабылганым мага өзүнчө бир бакыт сезилип, эртеңкиге үлкөн үмүт артып турган чагым. Рахмат сага, Бакыт! Атыңа затың жарашып, мага бакыт алып келгениңе! Сага кандай жооп айтуунун жолун таппай жүргөндө, эсиме гезит түштү. Бакыт, мен да сага жүрөгүмдү да, бүт өмүрүмдү да арнагым келет!

Дилбар,
Бишкек шаары
Каттарды төмөнкү дарек боюнча: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, «Агым» гезитинин «Айназиктин аксандык» рубрикасына же aynazik01@yandex.ru электрондук почтасына жөнөтсөңүз болот.


2 CTP 18
Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

12.02.08

pr03.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 19.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика