Агым гезити

25.01.08

25.01.08
1 CTP 18

«Агым», 25.01.08 — 9-бет: Суусу кєп сєздџн буусу…•
0125.htm

 … атасы өлбөсүн

Суусу көп сөздүн буусу
«Жаңы Ордо» гезитинин 18-январдагы санында УТРК тележурналисти Бейшенбек Бекешовдун «КТРди Эшимкановдоштуруунун жүзү» аттуу макаласы жарык көрдү. Макаланын аты айтып тургандай, анда учурда УТРКда жасалып жаткан реформаны бир беткей сынга алып, автор өзүн ак жерден кордук көрүп, кызматтан да, машинесинен да негизсиз айрылып калганын, КТРге кантип «жарык» чачып, жакшылык жугузганын узун сабак сөз кылган.
УТРКда азыр реформа башталды. Анын натыйжасын көрбөй туруп, тигини жакшы, муну жаман жасап атат дегендин өзү орунсуз. Ошон үчүн аякта жасалып жаткан иштерди талдаганды кое туруп, аталган макалада Мелис Эшимкановдон башка, УТРКда иштешкен Т.Жаманбаева, Б.Мамбетакунов сыяктуу адамдар да уулуу сөз укту. Сөздү ошолорго берели.

Тамара Кусеиновна, сиздин кесиптешиңиз Бейшенбек Бекешов жогорудагы макаласында «Өздөрүн эфирде, саясатта жана жетекчилик иште дискредитациялаган М.Мамбетакунов жана Т.Жаманбаева сыяктуу мурдагы акаевчи жетекчилерди кайрадан телекөрсөтүүгө алып келип, чечүүчү кызматтарга койду» дейт. Сиз эмне дейсиз?
Тамара Жаманбаева,
УТРК «Замана» студиясынын продюсери:
Кимдин кандай акаевчи экенин Б.Бекешовдун «Жаңы Ордо» гезитинин 2005-жылдын 7-январында жарыяланган «Акыйкат башкаруунун Айтикеевага тиешеси барбы?» аттуу макаласынан окусак болот. Анда Бекешов өзү жөнүндө «Азыр саясый оош-кыйын кырдаалда ар тоонун башын самабай ачык эле айтып коюшум керек. Акаев бийликке келген биринчи күндөн тарта менин ар бир ишим анын саясатынын түздөн-түз жана кыйыр пропагандасы болуп келатат. Бул кошоматчылыктан эмес. Болгон-бүткөн ишенимим эле ошо. Президенттин элибиздин жакшылыгы, жаркын келечеги үчүн баштаган ар бир иши менен жарыялаган саясатынан кенедей да кынтык таба элекмин. Тетирисинче, анын ар бир кырдаалга жараша тапкан чечимдерине чын ниетимден суктанып тамшанам» дейт. Мына, башкаларды акаевчи деп, өзүн акаевчи эмес көрсөткөн адамдын сөзү.
Кезегинде ал мындай макалаларды гезиттерге көп жолу жазган. «Акаевди кадрда да, кадр сыртында да колдойм. Майрам Акаевага, «Мээримге» баламды алып барат элем, кантип барсам болот?» деп бир нече жолу мага да, башкаларга да кат жүзүндө кайрылган. 2002-жылы президенттин «Алтын калем» сыйлыгын Бекешов алганда, бу жерде иштегендер «Коломто» көрсөтүүсү «Алтын калемге» татыктуу эмес деп каршы чыгышкан. Бекешовдун өзүнө эмес, көрсөтүүсүнө демөөрчүлүк кылып, «Кыргызтамекиси» ишканасы машине берген. Эми аны менчигиндей кеп кылып атат. Телевидениенин кадыры болбосо, машине бермек тургай, Бекешовду ким тааныйт. Акаевдин тушунда эле өзүнө чоң кабинет алып, анын ичин намаз окуй турган жери менен кошуп жасатканын элдин баары билет. Эми революция болгондон кийин эле кубулуп, акаевчи эмес болуп чыга келген Бекешовдун эки эмес, он бети бар десем болот.
Мен бүт өмүрүмдү телевидениеге арнаган адаммын. Кырк жылдан ашык убакыт иштеп, Литванын, Өзбекстандын Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын эки Ардак грамотасы, башка дагы көп сыйлыктар, «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» деген наамын алдым. Ушунча жыл иштеп дискредитация болмок тургай, жумуштан эскертүү да алып көрбөпмүн. Бекешов кезегинде КТРдин кадрлар бөлүмүнө каратып, каздырып, издетип атып да бул боюнча эчтеке таба албай койгон. «Замана» студиясы 2003-жылы КТРге 2 млн.сом, 2004-жылы 2,5 млн.сом түшүргөн экен. Бекешов баш бухгалтерди, план бөлүмүндө-гүлөрдү кайра-кайра чакырып, «ушул акчалар кайдан келген?» деп текшерип атып эч кынтык таппаганда тим болгон. Менин билишимче, Б.Бекешов араздашпаган, соттошпогон адам аз. Ал А.Карыпкулов, Б.Мамбетакунов, А.Айтикеева менен соттошкон. Тескерисинче, Бекешовду дискредитациялаган көп фактыны билем. Булардын бирөө эле бул: Накен Касиев Ош облусунун губернатору болуп турганда, аякка барган Бекешов «демөөр-чүлүк кылгыла» дейт. Ошондо Карасуу районунун акими көрсөтүүгө демөөрчү болуп 35 миң сом берген экен. Ал УТРКнын Ош облусу боюнча оператору Ибрагим Ашуровдун айтымынан улам белгилүү болуп отурат. Учурунда Ашуровдун тарткан сюжеттерин Бекешов эфирден кетирбей коет. Ашуров ошондо Бекешовго чалып: «баягыда «Коломтого» деп Накен Касиевичтин аркасы менен Карасуу райакиминен 35 миң сом алгансың, ошонуңду укук коргоо органдарына билдирем» десе, Бекешов эки күндүн ичинде Ошко учуп барып, Ашуровдун оозун жаап, кечирим сурап, ошондон кийин Ашуров тарткан сюжеттерди эч тоскоолдугу жок эфирден кетирип турган. Ашуров муну бүгүнкүгө чейин «чоңдор ушундай коркок болот экен» деп күлүп айтып жүрөт.
Мындан башка «Эшимканов сүйүктүү эжекеси Т.Жаманбаева жетектеген атайын топ түзүп, 18 саатка кошумча да 2 сааттык түнкү эфир ачуу тууралуу чечим чыгарды. Алдыдагы кыскартууга жашы жетимишке таяп калган ал эжекенин тобу илинет деп ойлойсуңарбы? Эч качан илинбейт!» дегенге кандай жооп бересиз?
Биринчиден, Эшимканов телевидениеге бала кезинен аралашып, балдар редакциясында, кийин постановочный цехте жумушчу болуп иштеп, студент кезинде теледе алып баруучу болуп, айтор бала кезинен эле телеге аралашып келаткан чыгармачыл адам. Эшимканов деле башкалардай болуп эч иш жасабай, мурда кандай болсо ошондой иш жүрө берсин деп рекламалык-коммерциялык бөлүмдүн үзүрүн көрүү менен чектелсе деле болмок. Бирок ал азыр реформа жасап атпайбы. Реформа учурунда сөзсүз бирөөлөр кетет, башка бирөөлөр келет. Көрсөтүүлөрдүн деңгээли начар болсо эфирге кетпейт да. Эшимкановдун жакшы касиети, жашка эмес, башка карайт экен. Ага реформа жасоого мүмкүнчүлүк, убакыт бериш керек. Эч жакка арызданбай Бекешовго деле эки жарым жыл чыдабадыкпы. Мен адамга катылбайм. Жөнү жок катылгандардын катыгын бергенге даярмын. Бекешов эки жарым жыл жетекчи болуп жүрүп, кыргыз телевидениеси 17 саат, кээде 16 жарым саат иштерин билбейт экен.
Европада, КМШ өлкөлөрүндө телевидение күнү-түнү иштейт. Мен беш-алты жылдан бери түнкү канал ачуу жөнүндөгү идеям бар эле, ушуга байланыштуу долбоорлорум да даяр болчу. Эшимканов келгенден бир жумадан кийин ошолорду көтөрүп алып кирип айткам. Ал «идеяңыз жакшы экен, түнкү канал ачалы» деп түнкү он экиден экиге чейин ачуу жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Түпкүлүгүндө бул сөзсүз ачыла турган нерсе. Азыр буга даярдык көрүп атабыз. Мындан сырткары «Замана» студиясын жаңыртып кайра ачалы деп, азыр ушу иштердин үстүндө иштеп жатам.
Мен Эшимкановго чейин эле 20 жыл түз эфирде иштеп, андан кийин теленин бир топ жогорку кызматтарында, кийин «Замана» студиясын ачып, аны популярдуу кылып иштеп келгем. Дагы бир айта турган нерсе, Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде, ал КТРден бир да жолу көрсөтүлгөн эмес. Мен «Заманага» аны биринчи жолу жарым саатка түз эфирге чыгаргам. Ал киши ушуну эмгиче унутпайт. Бакиев «Заманага» чыккандан кийин «Эмнеге аны чыгарасыңар, ким уруксат берди?» деп жетекчиликтен куугунтук да көргөм. Ошон үчүн мени Бекешов сыйлабаса да, Бакиев сыйлайт.
Эми жашыма асылган экен, мен буга мындай жооп берер элем. СССР кулагандан кийин ОРТ, РТР, ТВЦ деген телеканалдар эксперимент жасашыптыр. Кырк жашка чейинки, кырктан элүүгө чейинки анан жашы андан ары өткөн чыгармачыл адистерди чогултушуп, жашы өткөндүн акылын, тажрыйбасын, жаштардын күчүн алып иштетишиптир. Ошо үч каналдан ОРТ, РТР жашы өткөн тажрыйбалуу адамдарга жаштарды кошуп иштете билишкендиктен, азыр экөө тең эң мыкты канал болду. Ал эми ТВЦ жалаң жаштар менен иштешкен экен, дагы эле бутуна туралбай жатат. Мына ОРТда В.Познер, Н.Дроздов дегендер эчак эле жетимиштен өткөн. ОРТ булардын акылын, тажрыйбасын пайдаланып атат да. Мен Канададан бир информациялык-музыкалык каналдын алып баруучусу 67 жаштагы адамды көрдүм. Аны эл абдан сыйлайт экен. Жетекчилиги болсо «биз аны кетирбейбиз, мүмкүнчүлүгү түгөнгүчө иштей берет» деп алып жүрүшөт. Мен жетимишке чыккыча аз дегенде алты жыл бар. Жашымды эмес, башымды пайдаланалы деп атышкандыр. Бу жерге мен казык болот белем, убагы келгенде кетербиз. Быйыл кыргыз телевидениесинин ачылганына 50 жыл толот. Теленин алгачкы кышын кынагандардын бири катары ошо жакшылыкты көрсөм деп жүрөм.
Бейшенбек Мамбетакунович, өзүңүз жөнүндөгү сынга не дейсиз?
Бейшенбек Мамбетакунов,
УТРК төрагасынын кеңешчиси:
Акаев он беш жыл президент болуп турганда Бекешов экөөбүз космосто жашаган эмеспиз. Аскар Акаевичтин кол алдында иштедик. Жетекчиликтин иши алдыдагы аткаруучудан көрүнөт. Ал Акаевди күндүр-түндүр мактап турду, мен аны колдоп турдум. Экөөбүз ушинтип үндөшүп турдук, демек мен жаманатты болсом, ал менден кем эмес жаманатты болду.
Бекешовдун ооматы келгенде «Алтын калем» алды, машине, кабинет, монтаждык столго ээ болуп, акыры телеге вице-президент болду. Эми ооматы оогондо «Эшимканов передачамды кетирбей, машинемди алып койду» дейт. Бу да Кудайдын буйругу. Кудай бергенде сүйүнбөй, алганда да кайгырбаш керек.
Өзүңөр билесиңер, мен КТРге жетекчи болуп он жылдай иштедим. Ошо кезде силердин гезит КТРди сындап байма-бай жазып турдуңар. Эшимканов менен пикир келишпөөчүлүгүбүз да, кээде сын макалаңарга ынанып, туура деп калган күндөр да болду.
Бекешов дагы жазып атпайбы, «Мамбетакуновго чоң кызмат берди» деп. Мен Эшимкановго чейин эле КТРде президент, вице-президент, башкы режиссер болуп иштегем. Эшимканов телевидениенин көркөмдүк жагы, режиссура боюнча кеңеш бериңиз деп мени өзүнө кеңешчи кылды. Муну да көркөм кеңешке салып, жарайбы, жарабайбы деп атып алды. Ушу Бекешовдун көзүнө чоң кызмат көрүнүп атса, чоң боюнча эле калайын анда. Бекешов Аманбек Карыпкулов КТРде иштеп турганда, ошо кишинин кол башындай бюстун жасатып, койнуна салып көтөрүп жүрчү. Карыпкуловдун өзүнө көрсөтүп: «кийин ушу бюсту чоңойтуп, КТРдин астына сизге эстелик тургузабыз» дечү. Кийин Карыпкулов жөнүндө шылдыңдатып бирөөгө пьеса жаздырып, анысын видеофильм кылып да тарттырды. Муну ал жерде иштегендердин баары эле билет. Ушундан кийин Бекешов жөнүндө эмне айтууга болот?
Көркөм кеңеш деген буга чейин болгон эмес, ал уюшулду. Бу дагы жакшы жышаан. Ошолор Бекешовдун көрсөтүүсүн өткөрбөй атса күнөөнү Эшимкановдон эмес, өзүнөн издесе болмок. Ал эми Көркөм кеңештин мүчөлөрү сырттан келген үч-төрт профессионалдан башкасы Бекешовдун чыгармачыл өнөктөштөрү, сыйлап урматтаган адамдары: М.Жолукеев, Б.Сутенова, А.Алдашева.
Бейшенбек Мамбетакунович, реформа эле деп атасыңар, азыр УТРКда эмне болуп атат?
Мен да жетекчи болуп иштегем. КТРге келген жетекчиликтин баары, анын ичинен мен Эшимкановдой программалардын бардыгын кескин токтотуп, көрсөтүүлөрдүн жакшы-жаманын ылгаган эмеспиз. Бул туура болду. Акыры бир токтолуп жакшы-жаманыбыздын кандай экенине ой жүгүртүш керек эле. Эфирден кеткен кинолорду Бекешов үчүнчү сорт дептир. Эгерде биздин кино корифейлери: Т.Океев, Б.Шамшиев, М.Убукеев, А.Арым Кубат ж.б. тарткан көркөм фильмдер үчүнчү сорт болсо, «Коломто» канчанчы сорт болот?
Аскер САКЫБАЕВА

Редакциядан: Б.Бекешов мырза аталган макаласында жумшартып айтканда, Мелис Эшимкановдун профессионалдык деңгээлине шек келтирет. Бир дагы конкреттүү мисал тартпайт, аргумент, далил издеп убара болбойт. Тек, «Эшимканов телени билбейт» өңдүү көчө сөзү менен көмөлөтө коюуга аракет жасайт. Басмасөздө талаш жүргүзүп, пикир айтуунун маданиятын үйрөнсөк жакшы болор эле. Бекешов эле эмес, кыргыз журналисттеринин көпчүлүгүбүз. Арийне, Бекешовдун профессионалдык деңгээли кандай, Эшимкановдуку кандай экендигин башкалар баамдабаса да, биз жакшы билебиз. Тилекке каршы, телевидение басмасөз эмес, бир көрүнөт да жок болот. Болбосо, Бекешов мактанып аткан, орто кылым идеологиясын пропагандалаган «Коломто» көрсөтүүсүн бирден терип, талдап берсек, Бекешовдун журналисттик деңгээли, илим-билими айлада жок төмөндүгүн далилдөө анчалык кыйын эмес эле. Катуу тийсе Бейшенбек мырзадан алдынала кечирим сурайбыз, интеллигенция арасында «Коломто» эмей эле «Колоңсо» болуп калды» деген кыйгыл тамаша айтылчу. Анда акыйкат арбын экендигин эчким танбас.
Биздин эски кожоюн Мелис Эшимкановдун профессионалдык деңгээли кандайлыгын ал уюштурган, элдин оозуна кай жагынан болбосун ылакап, макал катары илинген «Асаба», «Агым» гезиттеринин аты эле айтып турат. Мактаныч эмес, алар кыргыз басмасөзүнүн флагманы экендигин дос да, душман да мойнуна алат. Мелис Эшимкановдун профессионалдуулугу, тапталган сөз менен айтканда, комментарий талап кылбайт.
Б.Бекешовго калемдеш катары айтарыбыз: андай эле ашкан талант болсоң аны ачуунун, далилдөөнүн мүмкүнчүлүгү рынок заманында көп. Жайнаган гезиттер чыгат, КТРдан башка теле, радиоканалдар бар дегендей.


1 CTP 18

Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

18.03.08

pr25.02.2020

12.02.08

pr03.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика