Аалам гезити

23.10.08

23.10.08
1 CTP 16

«Аалам», 23.10.08 — 2-бет: Полит-элита…•№71, 23.10.08-ж.

Оппозиция аз күндө жарылабы?
Чоң олжолуу болуп кайтышты, бирок азырынча унчукпай турушат шекил. Оппозициянын көзүр жигиттери Ө.Текебаев, И.Өмүркулов, Т.Сариев, А.Жекшенкулов жана А.Атамбаев мырзалар Москвада көптөгөн орусиялык үлкөн саясатчылар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп пикир алышыптыр. Ал тараптын белгилүү бир оллигархы менен жолугуптур. Жең ичинен жем ыргытып тура турган акча булагы ал болоору азырынча бүдөмүк. Сүйлөшүүдө ооба же жок дебесе да, кубантарлык жайы бар өңдөнөт. Экс-президент А.Акаев менен жолугушуу болгон жок, андай ниеттери да болгон эмес экен. Бул да өзүнчө бир сыр. Экс-төрайым К.Кабилова менен болсо, аманчылык сурашкандары белгилүү болду. Жашырышкандарына караганда, буга чейин желдей тараган экс-төрайымдын экинчи билдирүүсү болот деп андан үмүт эткен максаттары ишке ашпай калган го. Бирок мунун баары азырынча жети кулпу артындагы чоң сыр, буюрса, жакынкы күндөрдө угуп каларбыз.

Финкөзөмөл топ түзүү
Финансылык көзөмөл жана рынокту жөнгө салуу кызматы келаткан кризистин алдын алуу боюнча жумушчу топ түздү. Бул топ дүйнөдөгү финансы кризисин дайыма иликтеп, Кыргызстанга коркунуч кай жактан келатканын коомчулукка кабарлап, ошондой эле дүйнөлүк финансы рынокторуна аналитикалык сереп салып, аны өзүлөрүнүн сайтында жана басма сөз каражаттарында жарыялап турушмакчы. Топтун курамы аталган кызматтын белдүү финансисттеринен түзүлдү.

Баалар, баалар, кайда учасыңар?
Улуттук Статкомдун маалыматтарына таянсак, 2008-жылдын ичинде инфляциянын көлөмү 15,6 пайызды түздү. Нан 22,9, эт 12,0, сүт азыктары 7,9 пайызга, майлар 13,2, жашылча 7,6, кант 17,5 пайызга кымбаттады.
Бензиндин кымбатташы 21,4, дизель майлары 54,3, газ 34,4 пайызды түздү. Расмий статкомдун бизде дайыма реалдуу турмуштан артта жүрөөрүн эске алсак, бул көрсөткүчтөрдүн жогору болушу түшүнүктүү. Маселен, учурда инфляциянын деңгээли 20 пайыздан ашып кеткенин көз каранды эмес экономика серепчилери эчактан бери кеп кылып жүрүшөт.
Какаганга муштаган болуп бир жактан дүйнөлүк финансы кризиси каптап келатат, эгер анын таасири тийчү болсо, бүгүнкү өп-чап турмуш эртең кандай кейипке келет, айтуу кыйын, айтмак тургай, элестетүү кыйын. Журт башкаргандар болсо алы-ыс, алыс келечекке кыял агытып, стратегиялык багыттарды бекитүү менен алек.

«Ардактуу» алтымышынчы орундабыз!
Дүйнөлүк эксперттердин эсебинде экономикалык эркиндик рейтингинде Кыргызстан 141 өлкөдөн 68-орунду ээледи. Бул «ардактуу» орунду Африканын Кения жана Ботсвана өлкөлөрү менен тең бөлүшүп турабыз. КМШдагы туугандар арасынан алдыга озуп чыкканы Эстония (11-орун), Латвия (31-орун), Казакстан (41-орун) өлкөлөрү. Топ башында Сингапур, Канада, Швейцария, Англия, АКШ, Германия мамлекеттери. Деген менен биз Кытай, Индия өлкөлөрүнөн алдыдабыз. Көчтүн артында — Зимбабве өлкөсү.

Эсеп палатасы баш каржычы Калимбетованын эсебин табабы?
Кичинекей Кыргызстандын килейген каржы министрлигине Калимбетова келгени тышкы да, ички да карыздардын көлөмүн көбөйтүп жибергенин Эсеп палатасы чукуп чыкты. Ал карыздардын көлөмү, албетте, көптөгөн миллиондор менен айтылат, маселен, тышкы карызды Калимбетова карындаштын мекемеси 2 млн 900 миң долларга, ал эми ичкисин 225 млн сомго көбөйтүп жиберген. Өз кызматкерлер болсо 11 млн сомду ап деп коюшкан. Бул цифралардын өзүн уккан адамдын үрөйү учкудай, иши кылса. Президенттин жакын карындашы деп жүрүшкөн министр айым элдин акчасынын эсебин тактаган Эсеп палатасынын айыптоолоруна так секирип, аларды четке кагууда. Айымдын айтымында, министрлик Кыргызстанды тышкы карыздары оор өлкөлөрдүн арасынан сууруп чыгып, карызы жеңил мамлекеттердин катарына кошкон имиш. Ал эми береги 11 млн сом акча кызматкерлердин бул иште көрсөткөн кайраткерлиги үчүн сыйлык катары берилген колдоо деп түшүнүүбүз ылаазым. Баса, тышкы карыз дегендей, биздин билишибизче, анын өйдөлөгөнү болбосо, азайып атканын укпаптырбыз. Азайтса ырахмат, бул ансыз да кыла турган иши эмеспи, бирок Эсеп палатасы таап чыккан былыктар үчүн муну кадыр-колко кылганы кандай…

И.Чудинов кескиле дейт, эл болсо моюн толгойт
Энергетиктерди бир сыйра «чөгөлөтүп», контролерлордун ишине күңкүлдөгөн премьер 1-августка чейин бүтөт деген үч фазаларды бир фазага айландыруу иши эмгиче бүтпөй атканына катуу кейиди. Министр Балкыбековдун айтымында, үч фазалардын дагы 25 пайызы кесиле элек. Кесебиз деп айтканга жеңил, иш жүзүндө энергетиктерге айры ала чуркаган үч фазачылар көп, убагында акчасын төлөп, мунун уруксатын алган адамдар бийликтин бул чечимине ызаланып турганы түшүнүктүү.

«Акжолчулар» И.Гаипкуловго дагы бир жолу ак жол ачышты
Жакында Жогорку Кеңеш өзгөртүү киргизген «Эсеп палатасы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык бул мекеменин төрагасы жана үч аудиттик курамы кайра түзүлүшү керек. Президент К.Бакиев төрагалыкка учурда палатаны жетектеп турган Искендер Гаипкуловдун талапкерлигин кайра сунуш кылды. Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен төрагалыкка бекитти.

Сабира Күмүшалиеванын эстелиги коюлат
24-октябрда Ала-Арча көрүстөнүнө кыргыздын улуу актрисасы Сабира Күмүшалиеванын эстелиги коюлат.
Сектага барагой, секет кетейин же биздеги дин эркиндиги
Диний абалдын башаламандыгы бүгүн кооптуу стадияга жетти. Муну чектөөдө жакында кабыл алынганы турган дин жөнүндөгү жаңы Мыйзамдан элдин үмүтү чоң. 91-жылдагы мыйзам Кыргызстанга жайнаган диндерге эшик ачып бергенден башкага жараган жок. Бирок жаңы мыйзамдын долбооруна өз кызыкчылыктарын түртүп жибергенге дилгир күчтөр да жок эмес. Көп өлкөлөрдө салттуу диндерден башкаларына чектөө киргизилет экен, мындай тажрыйбаны Кыргызстан колдонгонго эмне тоскоол, түшүнүксүз. Учурда бизде христиан секталары аз келгенсип, исламдын фиркалары (секта маанисинде) да көбөйүп баратат. Кыргыздын улан-кыздары булардын сабында ондоп саналат, коркунучтуусу — алардын жакындарынын бул жөнүндө түшүнүгү жок, намаз окуп, теспе кармап жүргөндүгүнө ыраазы, чынында кандай мечитке барып, кай имамдан тарбия алып жатканын билишпейт да, элес албайт. Ошондуктан бизде азыр дин эркиндиги деген парданын артында кадимки эле ээнбаштык күчөп жатат. Калайык журт талкууга кызуу катышып, жаңы мыйзамга диний секталар тыюу салынсын деген өзгөртүү кийирүүгө жетишиши зарыл. Ансыз кийин өкүнүп калбасак болду.

Сөзүң эркинби демарал?
Азыркы бийликтин тушунда Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым жасоо аракеттери күч. Кечээ жакындале «Де-факто», «Алиби» гезиттерине ири айып салынып, иши токтотулду, жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартуу иши каралды. Парижде жайгашкан «чегарасыз кабарчылар» уюму бул жылда да 174 өлкөдөгү басма сөз эркиндигине баа берип, Кыргызстанды былтыркы 110-орундан 112-орунга ылдыйлатты. Булардын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү басма сөз эркиндиги эски акыбалында калып жатат, өзгөрүү жок. Тооп кыларыбыз — биздин абал Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандагы кесиптештерибизге салыштырмалуу дурус. Ушуга да шүгүрчүлүк дейли, бирок демаралдагы сөз эркиндиги баары бир мурдагыдай эмес.

«Аалам-пресс»


1023.htm

1 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика