Аалам гезити

21.10.08

21.10.08
1 CTP 16

«Аалам», 21.10.08 — 2-бет: Полит-элита…•№70, 21.10.08-ж.

Ө.Текебаев, Т.Сариев, И.Өмүркулов,
А.Жекшенкулов Москвага кетишти
Экс-премьер, СДПК лидери А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Т.Сариев, И.Өмүркулов, А.Жекшенкулов да Москвада жүрү. Бул топ кандай максатта ал жакта жүрөт, ал жөнүндө азырынча так маалымат жок. Бирок биздин айрым маалымат булактарыбыз билдиргенине караганда, оппозициянын анабашчылары экс-президент Аскар Акаевге, Россиянын үлкөн саясатчыларына, БШКнын экс-төрайымы Клара Кабиловага жолугушат.
Т.Сариевдин «Шах» берген китебинин бет ачаар аземи Москвадагы кыргыз диаспорасы менен өтмөкчү.

«Жаңы Кыргызстан» партиясына бут тосмойлор башталды
Анан кандай болушу мүмкүн эле? «Ким биз менен болбосо, ал бизге каршы» деген Сталиндин сөзү эсиңердеби, так ошо сөз, тагыраак айтканда, бүгүнкү кыргыз бийлиги тарабынан да «жетекчиликке» алынганына бу да бир мисал эмеспи. Муну бийликтегилердин «Үсөн аке биз менен эмеспи, демек а киши (партиясы) бизге каршы» дегени деп түшүнүүбүз керек. Угушубузча, Жалал-Абаддагы «Давр» аттуу өзбек диаспорасы менен «Жалалабат электро» ишканасы «Жаңы Кыргызстан» партиясынын азыркы иш-аракетин катуу сынга алып, республикага жарыя айтып чыгышты. Муну менен гана чектелбей, Үсөн акенин «обкомчулугунун» тушунда жүз берген Ош окуясына да анын себепчи болгонун эскеришкен.

Генерал Ж.Бошкоевдин аялын аткан адам өзүн да атты
А.Акаевдин башкы күзөтчүсү Ж.Бошкоевдин жубайы Майраш Бошкоеваны жана ага кошуп Улан Султанов, Кожогелди Ирсалиев аттуу эки адамды атып өлтүргөн жаналгыч Казакстандан Токмокко коноктоп келген адам болуп чыкты. Тергөө сырына ылайык азырынча аты атала элек. Кылмыш учурунда мас абалында болгон бул адам Бошкоевдер кармаган тирге кирип, анын кожейкеси жана күзөтчүсү менен чырдаша кеткен да, тапанчадан ок чыгарган. Генерал Ж.Бошкоевге тиешелүү жеке тапанча анын колуна кандайча тийген, азыр бышыкталууда. Тергөө иликтөөлөр жүрүп атканы менен, кылмышкер жок, анткени ал канкор соолугуп, үч адамдын өмүрүн кыйганын уккандан соң өз чекесине өзү ок кадап, Алла тааланын астына эчак жөнөп кеткен.

Т.Сариевдин китеби чыкты
Аталышы да, ичи да азырынча орусча. «Шах кыргызской демократии» деп аталыптыр. Буйруса, саясый бестселлер болчудай. Айрыкча азыркы президент К.Бакиевдин бийликке келиши менен байланышкан жерлерин «өлтүрө» жазган, окусаң, моокумуң канбайт, андан да кызыгы — март окуяларынын буга чейин айтылбаган, көпчүлүктүн көз жаздымында калган майда, бирок маанилүү деталдары көп. Иши кылса, айтканда эмне, миң уккандан бир окуганга не жетсин.

И.Исаковду коргоо комитетин түзүштү
Билишибизче, генерал мындай камкордукка өтө деле муктаж эмес эле. Катуу куугунтукка алынса же камакка тыгышса бир жөн дечи, анан жөн эле кызматынан өзү баш тарткан адамды коргойбуз деп комитет түзүп ийишкени эмнеси? Сактыкка кордук жок дешкениби же… Кимден же эмнеден коргой турушкандарын түшүналбай жатабыз иши кылса.

Айтматов жумалыгы
Өзүнүн 80 жылдык мааракесине жетпей көз жумган залкар сүрөткердин жумалыгы башталды. Бир апта бою калың калк өзүнүн улуу уулун эскерип, анын керемет дүйнөсүнө сүңгүмөкчү. Жөн гана таанымал жазуучу, мамлекеттик, коомдук ишмерди эмес, Айтматов деген бүтүндөй бир орошон дүйнөдөн, доордон айрылганыбызды дагы бир ирет эстейбиз.

Бакиев бутун дарылатат
Президент Алмания өлкөсүнө аман-эсен учуп түшүп, бутун айыктыруунун камын көрө баштаганы туурасында администрация башчысы кечээ жамы-журтка маалымдады. Мындан ары К.Бакиевдин денсоолугу, эмгек өргүүсү жөнүндөгү такай маалыматты Медет мырзанын өз оозунан угуп турат окшойбуз. Президенттин дарылануусу менен байланышкан өткөндөгү осол акыбал эми кайталанбастыр деген ойдобуз.

6 миң алам деп 6 жылга кетмей болду
Электр үчүн 15 миң сомдук карызга башы баткан бир шордуунун бересесин 6 миң сом чайпулу менен жайгарып бере коем деген дагы бир шордуу, «Көк-Бел» электрстанциясынын начальниги финполиция тарабынан кылтакка илинди. Эми иши чатак, алты миң албай арабанын астында калайын деп бармак тиштеп олтурган чагы. Арийне, паракорлор менен катуу күрөшүп аткан финполицияга ырахмат, бирок өкүнүчтүүсү — торго жалаң майда-баратты илгенден тажашпайт экен го…

«Аалам-пресс»


1021.htm

1 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика