Аалам гезити

20.11.08

20.11.08
1 CTP 15

«Аалам», 20.11.08 — 10-бет: Полит-элита…•

  Эсен болуп, эстей жүр


Сүйүнбүбү ЖУМАНАЗАРОВА :
«Спорт деп жүрүп өтүп кетти…»
«Кырсык каш-кабактын ортосунда» дегендей, Сатымкул Жуманазаров 2007-жылы 2-апрелде балкондон капысынан кулап кетип, 56 жашында көз жумуп, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. 23-ноябрда, базар күнү Ашы болгону турат.
1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада марафон чуркоодо коло медалын жеңип алып, дүйнөгө дүңгүрөп аты чыккан адамды көргүм келип, аны менен маектешким келип, издеп таап, 2004-жылы 20-октябрда жолугушкан элек. Ошондогу маегин Ашынын алдында кайталап жарыялап коюуну чечтик. Жана жубайы Сүйүнбүбү Жуманазарова менен маектешип, эскердик.

Сүйүн эже, Сатымкул агайды жакындан билген эң жакын адамы сизсиз. Кандай киши эле?
«Жакшылык менен жамандык бир жүрөт» дегени чын экен. Уулубуз үйлөнүп, сүйүнүп турганбыз. Эки-үч күндөн кийин эле Сатымкулдан ажырап, кайгырып калбадыкпы. Балабыздын үйүндөгү балкондон бир нерсе ала калам деп 2-кабаттан жыгылып кетип, көз жумуп олтурбайбы… Жетим өскөндүктөнбү, айтор, тартынчаак, жалтак болчу. Көйгөйлүү маселени тиешелүү кишилерге барып, шарт айта албай өзүнчө кыжалаат боло берчү. Ачуусу бат келип, бат тарачу. 34 жыл бирге өмүр сүрүппүз. Ушул жыл аралыгында «сен, мен» дешкен жокпуз. Мүнөзү жумшак, өтө ак көңүл киши эле. Той-топурларда кызып калса, балдар («балдарга ата-эне үлгү болуш керек» деп көп айтчу) көрөт деп алардан тартынып, үйгө келбей калчу. Сатымкулдун артында үч эркек, эки кыз, үч небереси калды.
Уулдарыңыздардын кимиси атасынын кесибин улады?
— Уулубуз Руслан дене тарбия институтту бүткөн. «Спорттон кетем, айлыгы аз экен» десе эле, «Жок, спортту таштаба! Мен жетпей калган бийиктикке сен жетишиң керек» деп капаланып калчу. Руслан учурда шаардык спорт комитетинде иштеп жатат. «Атамдын арбагы колдоп жатат окшойт, ишим илгерилеп баратат» деп атасына ыраазы болуп калат. Калган уул-кыздарыбыз каалаган окуу жайларын окуп бүтүштү. Менин кесибим — мугалим (физик). Мугалим болуп аз гана убакыт иштеп, балдар менен үйдө отуруп калдым. Азыр ардактуу пенсиядамын. Мирлан балабыздын колундамын.
Комуз чертчү турбайбы. Комуз кармаган жагынан кимиси тартты?
— Жакшы да ырдачу. Кеминде 100-150дөй ырды жатка билчү. Унутуп калган саптарына өзү кошуп, уйкаштырып ырдай берчү. Көлдү көргөндө толкучубу, билбейм, көбүнчө Кажы-Сайга барганда комузун кыңылдатып, ырдап калчу. «Эмне эле комуздун үнү угулуп калды десе, Сатымкул келген турбайбы» деп калчу кошуна орустар.
Ыр да жазчу экен. Жазган ырларынан барбы?
Жок. Жамактап эле айта берчү. Кагазга түшүргөн жок. Баарын мээсине сактачу. Анын талантына күбө болгон жоро-жолдоштору: «Сенин талантың өлмөк эмес экен. Эгер чуркабасаң, төкмө акын болмок экенсиң. Эстебес Турсуналиев менен айтышмак экенсиң» деп күлүп, аны тамашалап калышчу.
Кичүү кызыңардын атын Медеткан Шеримкулов койгон турбайбы. Ал киши менен катташыңыздар барбы?
— Мурда катташыбыз бар болчу. Бат-бат чайлашып турчубуз. Кичүү кызыбыз төрөлгөндө куттуктап келген. Ошондо: «Улуу кызыңардын аты Асел деп Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан коюлган экен, кичүүңөрдүкүн деле ал кишинин чыгармасынан Жамийла деп койгула» деген. «Апамдын аты Жамийла болчу» деп Сатымкул ошондо айтып жатпайбы. «Эмне болмок эле. Орустар деле эскерип кое берет го. Апаңды унутпай, эскерип жүрөсүң» деген Медеткан Шеримкулович. Ошондогу Жамийлабыз бүгүн 18 жашка чыкты. Мектепти артыкчылык аттестат менен бүтүп, студент болду.
Кайненеңиздин атынан коюлган кызыңызды атынан айта албай кыйналсаңыз керек?
Кайненемден Сатымкул үч жашынан эле калган экен. Көрбөй калгандыктанбы, айтор, айтып кеттим. Көрсөм, балким, ыйбаа кылмакмын.
Туулуп-өскөн жерине аты берилди деп уктук. Чынбы?
Андай сөз болгон. Бирок, азыр баары эле акча сурашат экен. Андан кийин «Айылдык советке атын коебуз» деп чыгышты. Ага 1000 доллар сурашыптыр. Балдар бутунан жаңы туруп келатса, мен пенсияда болсом, кайдагы акча деп токтоп калдык.
Бишкектен бир көчөгө атын сурап, Мэрияга кат жазган турбайсыздарбы. Алардан кандай жооп болду?
Бишкектен бир көчөнүн атын берүү боюнча (кайрылууга 150дөй кишинин колу коюлган) былтыр эле Мэрияга кат жөнөткөнбүз. Бирок, алардан оң жооп ала алган жокпуз. Тагыраак айтканда, алардан «мындай маселе адам өлгөндөн кийин 5 жылга чейин каралбайт» деген жооп алдык. «Кыргызстанда Сатымкулдай чуркаган киши жок» деп Спорт комитетинен да Стадионго атын берүүнү суранганбыз. Алардан: «Силерден мурун Дөөлөн Өмүрзаковдун (министр бар эмес беле) үй-бүлөсү кайрылган» деген жооп алдык. Бир жыл өттү, ал кишиники деле аты берилген жок. Же биздин кат каралган жок.
Алдыга койгон кандай максаттары бар эле?
Түп районундагы Кажы-Сайда спорт базасы бар, ошону жетектечү. 1988-жылдан бери ошол базага жан үрөп иштеди. Же ага мамлекеттен акча бөлүнгөн жок. Өзүнүн каражаты менен иштетип жүрдү. Ошол базаны менчикке өткөрүп алганына бир жарым жыл болгон. «Отуз жыл ушул жерде жүрүп, касиеттүү көлдүн жээгинде чуркапмын. Кажы-Сайга көчүп барып жашайбыз» деген тилегине жетпей калды. Көлдүн жээгинде чуркаган жери бар болчу. Жайы-кышы ошол жерде үч маал тренировка кылчу. Ошол жерди «алам, стадион курам, айылдагы балдарды спортсмен кылып чыгарам» дечү…
Спорт комитетинде жылына спортсмендердин чоң масштабда өтө турган календардык планы түзүлөт. Ошол календарга көзүнүн тирүүсүндө кошпой жүрүштү. Минтип көзү өткөндөн кийин деле кошушкан жок. Мен ошого нааразымын. Кимге барып арманыңды айтасың? Эмне кылышты да билбей калдым.
— Кийин деле чуркап жүрдүбү?
— Өмүрү өткөнчө чуркап жүрдү. Күндө 30-40 кмге чуркачу. Базар күндөрү 70-80 кмге чуркачу. Байтик, Стрельникова айылдарына айланып келчү. Азыр Сатымкулдай терин агызып чуркаган, спортко кылдат мамиле жасаган киши жок. Жүрөгү (учетто турчу) ооруганына карабай чуркап жүрдү. Спортту аябай сүйчү. Бишкекте жеңил атлетика боюнча мектеп бар. Ошондо машыктыруучу болуп иштеп жүрдү. Айтор, спорт деп жүрүп өтүп кетти го…

Жөө күлүк
Сатымкул ЖУМАНАЗАРОВ:
«Сатымкул чуркоого даяр» деп үмүттөндүргөн…»

— Сатымкул агай, 80-жылдагы Олимпиададагы марафон чуркоодо коло медалын жеңип алып, тарых барактарында атыңыз жазылып калды. Бирок, «Ошондо орустар артка тартпаса, алтын медалга жетмек» деп күйөрмандарыңыз алигүнчө айтып, кейип келишет. Буга кандай дейсиз?
Ал убакта СССРге баш ийгендиктен, «Олимпиадада орустар 1-орунду алышы керек» деген сөз болгон. Фрунзеден үчөөбүз (мен, Л.Мосеев, Котов) барып, 42 км.195 метрге чуркаганбыз. Бир командада болгондон кийин бири-бириңди сүйөп, таяп жардам берериң анык. Жолдошторум 40 кмге келгенде чарчап калып, мени «алга» дешкен. Биринчи — немец, экинчи — голландиялык жигит, анан мен (2 саат 11 мүнөт 16 секундда) келген элем.
1978-жылы Прагада өткөн Европанын биринчилигинде жолдошум Л.Мосеевге жардам кылбасам чемпион болмокмун го. Мен аны сыйлагандыктан, ага улам суу ташып, жардам бергеним чын. Анын үстүнө команданын кызыкчылыгы үчүн алдыга тактикалык тапшырма коюлган. Менин милдетим — Л.Мосеев менен Н.Пензиндин жеңиши үчүн шарт түзүп берүү эле. Ошондо биринчи Мосеев, экинчи мен келгем. Жеңишке ээ болгон Мосеев: «Сатымкул — чыныгы жолдош экен. Эгерде чемпиондук алтын медалды тең бөлүүгө мүмкүн болгондо мен анын жарымын бермекмин» деп ыраазычылыгын билдирген.
Дегеле спорттук чыйырыңыз канча жашыңызда башталды эле? Машыктыруучуңуз ким болгон?
Мен 8-классты бүтүргөндөн кийин, Талас шаарындагы № 6-кесиптик-техникалык окуу жайга тапшыргам. Спортко кызыгуум ошол окуу жайдан башталган. Анда жетекчилер спортко жакшы көңүл бөлөөр эле. Райондук, областтык, республикалык мелдештерге катышып жүрүп, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу В.Ф. Борисов менен таанышып калгам. Ал «сенден бир нерсе чыгат» деп мага план жазып берген. Насаатчымдын планы менен иштеп, ийгиликке жеттим. Олимпиадага жөнөөрдүн алдында ал: «Сатымкул медаль үчүн чуркоого даяр» деп көп нерседен үмүттөндүргөн.
Ийгилигиңизди куттуктап, сиздей спортсмен болсун деп ырымдап, бирөө-жарым үйүнө конокко чакырды беле?
Менин ийгилигимди куттуктап, үйүнө чакырып, кадырлуу конок кылган Мукаш Алмакүчүков болгон. Анда ал Ысык-Көл райисполкомдун жетекчиси эле. Ошондо чай ичкен чынымды алып «ушул чыны менен менин уулум чай ичип, келечекте сендей спортсмен болсун» деп ырымдап, катып койгону эсимде. «Жакшы тилек жарым ырыс» дегендей, ойлогон ою ишке ашып, баласы Өкмөтбек Алмакүчүков бүгүнкү күндө Спорт комитетинин төрагасы болуп олтурат.
Өзүңүзгө кайсы сапатыңыз жакпайт?
«Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да, өзү жарыбайт» дегендей, өтө ак көңүлмүн. Ушул сапатым жакпайт.
Таластын кайсы жериненсиз?
Манас районуна караштуу Көк-Дөбө айылынан болом.1951-жылы 17-сентябрда туулгам. Келинчегим 16-сентябрда төрөлгөн. Туулган күнүбүздү дайыма чогуу белгилейбиз.
«Кушчу, саруу» болуп таластыктардын бөлүнүшүнө көз карашыңыз кандай?
Биздин убакта мындай бөлүнүп-жарылуу жок эле. «Жогору жактын, ылдый жактын жигиттери» деп сүйлөчүбүз. Буга мен «Ак калпактуу кыргызды алтыга бөлүп сүйлөйсүң, көө толтуруп оозуңа көрүнгөнгө үйлөйсүң. Антпесең ичиң ооруйбу, антпесең ажал тооруйбу..?» деп айтаар элем.
Ыр жазасызбы?
Бош отурганда, анча-мынча ыр жазып коем.
Биз билбеген дагы кандай өнөрүңүз бар?
Комуз чертем. Жарыктык атам жакшы чертчү. Ал «чоң атаң чоң комузчу болгон» деп айтып калаар эле. Тукумубузда бар болгондуктанбы, айтор, өз алдымча комуз черткенди бателе үйрөнүп кеттим. Комузга салып, Атай Огомбаевдин ырларын ырдайм.
P.S. Ушундай залкар адамга Бишкектен бир көчөнүн жана Таластын Көк-Дөбө айылына атын ыйгаруу же Спорт Сарайына атын берүү адамдык да, атуулдук да парз.


1120.htm

1 CTP 15
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика