Алиби гезити

18.12.09

18.12.09
2 CTP 15

«Алиби», 18.12.09

«Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат»
Ошто кош болуу 22 аялдан ВИЧ вирусу табылды
Оштогу СПИД борбору жыл башынан бери Ош шаарынын өзүнөн кош бойлуу 22 аялдан ВИЧ илдети табылганын маалымдады. Аталган Борбордун ырасташынча, кош бойлуу аялдар бул дартты жыныстык жол аркылуу жуктуруп алышкан.
Учурда жергиликтүү саламаттыкты сактоо адистери илдетке чалдыккан энелерден төрөлгөн ымыркайларга ВИЧ дартын жуктурбоо аракетин көрүшүүдө. Адистер соңку кезде Ош аймагында ВИЧ илдети көбүнесе энелер менен ымыркайлардан табылып жатканына тынчсызданууларын билдиришип, бул дарттын жайылышына миграция агымы да башкы себеп болуп жатканын белгилешүүдө.

«Көсөөнүн акылы түштөн кийин»
Өкмөттөн кетсең, айыбың ачылабы?..
Өткөн аптада өкмөт башчысы Данияр Үсөнов министрлерге жыйын өткөрүп, анда Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевди министрликтин корундагы 18 млн сомду министрликтин кызматкерлерине үй курууга пайдаланганы үчүн сынга алган. Натыйжада Камчыбек Ташиев ошол замат кызматтан кетээрин айтып, жыйын залынан чыгып кеткен. Ал ошол эле күнү арызын жазып, эртеси президент арызына кол коюп, кызматтан бошогон. Бул аралыкта эсеп палатасы менен каржы полициясы Камчыбек Ташиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүгө алып, мамлекеттик каражат максатсыз жумшалганын билдирди. Каржы полициясынын басма-сөз кызматынын билдиргенине караганда экс-министр Ташиевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн эки берене боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. «Койчунун кызы кой келээрде башын жууйт» дегендей Ташиев министр болуп турганда эсептөө палатасы менен каржы полициясы уктап жатышканбы?..

Мына сага, сөз эркиндиги!
«Ош шамын» опузага алган кимдер?
«Ош шамы» гезитине белгисиз бирөөлөр «унутпагыла, силер бутада турасыңар!» деген жазуусу бар ок оролгон эскертүү баракчасын таштап кетишкен. Басылма жамааты муну журналисттерди коркутуу, сөз эркиндигин ооздуктоо аракети катары баалоодо. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы факты боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү иликтөө башталгандыгын жарыялады.
«Ош шамы» гезитинин башкы редактору Тургунбай Алдакуловдун айтымында редакцияга таштап кеткен конверттин ичинде атыла элек ок жана компьютерде терилген, окуганда адамдын психологиясына катуу таасир этчү сөздөр жазылган барак бар экенин айтып, ошону менен катар бул жөн гана коркутуу эмес, журналисттердин өмүрүнө кол салуу аракети экенин билдирди.


Жаңы президентиңер, тойс, жылыңар менен!
БАРПЫ … БАКИЕВ… СУЗАК
КРнын «накта» президенти К.С.Бакиев 14-декабрь күнү Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуш кылаары менен Кыргызстанда жакынкы жылдар аралыгында Максим Бакиев президент болуп калаары Сузактан чыккан Барпы атабыз ырдагандай, «булуттан чыккан Айга окшоп» жарк эте түштү. Эмне үчүн дейсизби?
Анткени, «Ак жол» деген «жел козу» партия үстөмдүк кылып алган легитимсиз Жогорку Кеңеш Бакиевдин оозунан «айт, два» деген сөз чыгаары менен көгөнгө тизилген козулардай болуп «маарап» берээрин эки жылдык тарых көрсөтүп койбодубу. Жогорку Кеңеш өзү кандай легитимсиз болсо, Конституцияны тебелеп-тепсөө да ал үчүн дал ошондой эле мүнөздө жеңил-желпи иш болуп келатат. Болбосо өлкөнү башкаруунун жаңы структурасы сунушталаардан мурда Конституция ошого ылайык өзгөртүлүшү керек эле. Жок, антишкен жок. Ал өзгөртүүлөрдү эми гана киргизгени жатышат.
Жогорку Кеңеш президент сунуштаган мыйзам долбоорун караганга чейин ал Конституциялык сотто каралышы керек. Бул туурасында КРнын Конституциясынын 98-беренесинин 3-пунктунда «… Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык соттун корутундусун эске алуу менен Жогорку Кеңешке келип түшкөн күндөн тартып алты айдан кем эмес мөөнөттө каралат» деп жазылып турат. Бирок Консот Акаев доорунда да, Бакиев доорунда да эшектин тушагын чечкенин көрө элекпиз.
Эми Бакиев сунуш кылып жаткан долбоордогу эң «күзүр» карта жөнүндө сөз кылалы.
К.Бакиев 2007-жылы 15-январда кол койгон азыркы Конституцияга үңүлсөк, анын 52-статьясында минтип жазылган: «1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарууга мүмкүнчүлүк болбой калган учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат. Мындай учурда жаңы Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүүгө тийиш.»
Ал эми президент Курманбек Бакиев сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорунда Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын жаңы түзүлгөн Президенттик Кеңештин туруктуу мүчөлөрү сунуштаган адам аткарат экен. Президенттик Кеңештин туруктуу мүчөлөрүнө кимдер кирээрин да дагы бир жолу эстеп көрөлү. Кеңеш берүүчү бул органга Президенттин Институтуна кирген беш органдын жетекчилери, б.а. КРнын Президентинин аппарат башчысы, КРнын Президентинин Катчылыгынын башчысы, КР өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин башчысы, КРнын Президентинин коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси, КРнын тышкы иштер мамлекеттик министри, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, КРнын премьер-министри — бардыгы 7 адам кирет. Демек кокус президент жаза тайып ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда мамлекеттин тагдырын жаманбы-жакшыбы жалпы эл шайлады деген Жогорку Кеңештин төрагасы да эмес, жаманбы-жакшыбы Жогорку Кеңештен электен өткөн өкмөт башчы да эмес, президент өзү дайындаган 7 адам гана чечип койгону жатат. Данияр Үсөновду баш кылып, калгандарын төш кылып ал жети адамды жан-жагына отургузуп алып кеңешме өтүп баштаган Максим Бакиев Курманбек Бакиевдин БАЛАСЫ болчу беле?..
Барпы атабыздын «Мөлмөлүм» деген ырынан тышкары «Чери жазылат» деген да ыры болсо керек эле. «Арабага чегилсе, аттын чери жазылат, Алыс жакка жазылса, Каттын чери жазылат» деген кыязында. Анын сыңарындай, «Падышалык таажысын Баласына өткөрсө, Хандын чери жазылат, Бөйрөк, жүрөк, өпкөсү Кайда экенин билген соң, Жандын чери жазылат» деп сузактык желдирме обонго салып созуп койсо да болчудай.
Сузак демекчи, ушул оро-парада аталган районго байланыштуу кадрдык өзгөрүү болду десек да болоор, болбоду десек да жарашат. Анткени иштен алынган өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев да, ишке отурган Бакыт Төрөбаев да Барпы ырчынын, Курманбек президенттин жердештери дешет.


Жаңы дайындоолор
«Ак жолдуу» ак жолчу депутат министр болду
Жогорку Кеңештин «ак жолдуу» «Ак жол» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды. Жаңы жетекчини тааныштыруу учурунда премьер-министр Данчик мырза мурдагы министр Камчыбек Ташиевди кескин сынга алып «Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаал учурунда гана президенттин буйругу же өкмөттүн чечими менен колдоно турган 18 млн сом кол тийгис запас акчаны да мыйзамсыз короткон»-деп билдирди.
Ал эми жаңы дайындалган министр Бакыт Төрөбаев президенттин ишенимин актоого аракет кылаарына ишендирип кетти.
«Ата-Мекен» партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бул министрликке Бакыт Төрөбаевдин дайындалышын «президенттин айланасындагы эки чоң топтун өз ара тирешин, сузактыктардын нааразылыктарын басаңдатуу катары баалап, түштүктөгү таасирдүү саясатчы Камчыбек Ташиевдин канатын алдын ала кыркуу»-деп жоромолдоду.

Юстиция министри дайындалды
15-декабрда президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесиндеги 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Курмантай Абдиев Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды.
Экс-министр, учурдагы Башкы прокурор Нурлан Турсункуловго жөнөкөй маселе менен кирип, бетме-бет жолуксак да маселебиз чечилбестен көмүскөдө калчу эле. Эми жаңы министр Курмантай Абдиевдин министрлик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалайбыз!

Айтибай Тагаев -губернатор
Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев Баткен облусунун губернатору болуп дайындалды. Бул тууралуу 17-декабрда парламент жыйынында президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев билдирди. Жороев өлкө башчысы Курманбек Бакиев Айтибай Тагаевдин депутат, төрага катары ишмердигин жогору баалай тургандыгын белгилеп, Баткен аймагын жакшы билген киши катары аны бул кызмат ордуна бекитип жаткандыгын айтты.
Ай ким билет…


1218.htm

2 CTP 15
Click to add a comment
Алиби гезити

More in Алиби гезити

26.11.09

pr30.01.2020

03.12.09

pr30.01.2020

11.12.09

pr30.01.2020

25.12.09

pr30.01.2020

Защищено: 30.12.08

pr27.01.2020

















Яндекс.Метрика