Алиби гезити

18.12.09

18.12.09
1 CTP 15

«Алиби», 18.12.09

  Бардык бийлик Бакиевдерге!

Бийликти МУРАСТОО башталдыбы?
(үчүнчү макала)
(Башталышы өткөн сандарда)
3. Максимди К.Бакиевге каршы ким колдонууда?
Эл аралык эксперттердин да, «тезек терген» карапайым кыргыздын да баамында К.Бакиев 2009-жылдын 23- июлундагы президенттик шайлоодон кийин саясатчы катары өз потенциалын түгөттү, бийликти ал эмес, тегерегиндеги тирешкен топтор жүргүзө баштады деп жүрүшөт. Президенттик үчүнчү мөөнөткө эми Конституцияны оңдоо жолу менен гана барышы мүмкүн. Башка жолу жок. («Ак жол» таратылбай аман турса аны деле жасап берет, себеби, кечээ жакында президент К.Бакиев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуш кылды.)
Бирок бул кадам опурталдуу. Андыктан, К.Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн тейлеген финансылык топ К.Бакиевди бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетирүүнүн алгачкы кадамдарын баштаган сыяктуу. «Максимди бийликке аралаштырбайм» деп убада берген президент эми баласын өз буйругу менен майлуу-сүттүү агенттикке директор кылып дайындады. Бул Кыргызстандагы бийликти Бакиевдерге мураска (колдон келсе түбөлүккө) калтыруунун эң биринчи кадамы эмеспи?
Бирок, К.Бакиев түзүп жаткан саясий системанын өтө талуу жери бар. Кыргызстанда азыр абдан күчтүү делген Бакиевдердин үй-бүлөсү жана анын тегерегиндеги топтор К.Бакиев бар үчүн гана, ал тирүү турганда гана күчтүү. Эгерде бул киши жаза тайып, ээрден көчүгү кыйшайса, оппозиция бийликти алмаштырып жиберсе, мен кыйын деп жүргөн Бакиевдердин үй-бүлөсү баш болуп, азыркы «ур-токмоктор» төш болуп эч кандай күчкө ээ болбой калышы да ажеп эмес. Муну акча ээлери билбейт дейсизби? Эл аралык финансисттер, уюшма топтор үчүн эң эле коркунучтуусу — К.Бакиевдин үзөңгүдөн буту тайса, алардын акча каражаттарынын сакталышына кепилдик берээр альтернативалуу күчтүн азырынча Кыргызстанда алсыз болуп жаткандыгында. Мындай учурда акылдуу адамдар эмне кылат? Азыр акчаны байпакка каткан заман эмес. Алар акчаларын же бөтөн өлкөгө алып чыгат, же К.Бакиевге альтернативалуу күчтү түзгөнгө аракет кылат, же Бакиевдин ордун ишенимдүү бирөөгө калтыруу гана керек. Бул үч жолдун үчүнчүсү алар үчүн эң ыңгайлуусу.
Жакында жаңы өкмөт түзүлүмүш этип, президент бийликти да, күчтү да, байлыкты да өз колуна топтогон, таптакыр жаңы структура түзгөнүнө караганда финансылык топтор мына ушул үч багыттагы ишти баштаган окшойт. Уран чалгындаган компаниялар жөнүндө терең анализ жүргүзүлгөндүгүнө караганда, азыркы учурда финансылык топтор К.Бакиевдин баласы Максимдин атына жамынып алып К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн контролунан тышкары турган акча борборун уранды иштетүү жана сатуу системасы аркылуу түзгөнгө аракет кылып жатышса керек (бул система жөнүндө өзүнчө макала сунуш кылабыз.)
Бир кезде да өлкө президенти Аскар Акаевдин баласы Айдардын атына жамынып алып ага каршы финансылык борбор, финансылык топтор түзүлгөндүгүн, алар Кыргызстанды Акаевдин балдар-кыздары аркылуу парламенттик республика кылып башкарабыз, атасын куурчак катары пайдаланабыз деген пландары бар экендигин, Акаев ага айласыз макул болгондугун, бирок ал планды эл кандай ойрон кылгандыгын унуткан жоксуздарбы?
Ельциндин убагында Россияда газ жана нефтиден топтолгон каражаттар аркылуу Путинди бийликке алып келген акча борборун түзө алган ФСБ мындай финансылык борборлорду Кыргызстанга окшогон куурчак өлкөлөрдө бат эле түзөт дечи. (Балким түзүп да койгондур, себеби В.Путин жакында Сочиде биздин өкмөт башчы Д.Үсөнов «Камбар-Ата-1ге 1,7 миллиард доллар кредитти качан бересиздер» деген кыязда өлүмүш болуп сураса, «биз берген акчаларды кандай жумшаганыңарды билебиз» деп жыландын башын бекер кылтыйткан эместир. Орус акчаларынын жок болгонун биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров «Бюджеттин чыгаша бөлүгү 65 миллиард сомдун тегерегинде болуп жатат. Тактап жатабыз. Анткени биз быйыл 150 миллион доллардын баарын сарптадык. 6 миллиарддан ашык, 7 миллиардга чейин акчаны жок кылып алдык. Аны орустар берген эле…» деп моюнга алып жатпайбы.)
Маселе К.Бакиевди жакынкы жылдарда Максимби же Жанышпы, же такыр эле үчүнчү бир адам алмаштырат деген суроодо болуп жатпайбы? Президент балким жакынкы аралыктарда Германияга кайрадан бөйрөгүн дарылатканга бир-эки айга кете койсо, анан ал келгенче кичи резиденциядабы же сауна менен бильярддарда ырчыларды ырдатып — чардаганды билгендер, бийлик бөлүштүрүүгө маш болгон достор көбү дагы деле ээр үстүндө го — бир нерсесин ойлоп табышаар. Болбосо Бакиевдин тегерегиндеги жаатташкан эки тараптын эр азаматтарынын бири Камчыбек Ташиев өкмөттү башкарып жаткан Данияр Үсөновду теңине албай, жыйындан чыгып кетип, тирешкен эки тараптын ортосундагы от май чачырагандай жалбырттай баштады. Айрым байкоочулар муну алдыдагы президенттик шайлоого даярдыктын эмитеден көрүлүп жатышынын бир мисалы деп да баалап жиберишти. Айтор кызык окуялар али алдыда окшойт. Энергия менен жылуулукка баалардын көтөрүлүшүнө чыдабаган эл бийликке каршы көтөрүлүп чыкпайт деп эч ким кесе айталбайт. Же тарых кайта кайталанбайт дейсиздерби?
Кален СУБАНОВ,
публицист

1218.htm

1 CTP 15

Click to add a comment
Алиби гезити

More in Алиби гезити

26.11.09

pr30.01.2020

03.12.09

pr30.01.2020

11.12.09

pr30.01.2020

25.12.09

pr30.01.2020

Защищено: 30.12.08

pr27.01.2020

















Яндекс.Метрика