Аалам гезити

18.11.08

18.11.08
1 CTP 16

«Аалам», 18.11.08 — 10-бет: Полит-элита…•

  Ыйман сыр

Турсунбек Чынгышев
Балтиканын асманы астында
1963-жылдын аягында Советтик Армиянын катарына чакырган соң менин эс-мас жаштыгым аяктап, чоң турмуш башталды. Азыр кандай болуп калды билбейм, а кезде аскерге чакырылуучуларга качан жөнөтүлүп, кайда кызмат өтөөрү алдын-ала айтылчу эмес. Түркүн түс кийимчен аскерге чакырылуучу уландар түшкөн биздин жүк ташуучу поюз Фрунзеден жөнөп чыгып, Калининград областына, мурдагы Чыгыш Пруссияга бир нече күндө жетти. Биз түшкөн мотоаткычтар полку эски пруссиялык казармаларда жайгашыптыр. Келээрибиз менен бизди роталарга бөлүштүрүштү. Менин курулушчу кесибимди эске алуу менен сапердук ротага аныкташты. Ошо татаал мезгилдерде аскерде кызмат иштөө оңой эмес болучу. Прибалтика аскер округу батыш чегарада, а кезде бизге каршылаш тараптан эки карыш жерде жайгашкан. Менин кызматым жакшы жүрдү. Погондорумда белгилер өзүнөн-өзү көбөйүп, адегенде ротанын, анан батальондун комсоргдугуна, андан кийин полк комсоргунун орун басарлыгына жеттим.
Биз Советтер Союзунун Баатыры Хетагуров командачылык кылган Прибалтика аскер округунда кызмат өтөгөнүбүзгө сыймыктанчубуз. Биз кызмат өтөгөн шаар болсо Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, 38 жашында генералдык наамга жетип, андан бир жыл өткөн соң 1945-жылы, Советтик Армиянын Чыгыш-пруссиялык операциясынын жүрүшүндө курман болгон, 3-Белоруссиялык фронттордун командачысы, аты уламышка айланган колбашчы Иван Данилович Черняховскийдин ысмынан аталган.
Азыркылардан айырмаланып, биз аскерде кызмат өтөгөнүбүзгө чындап сыймыктанаар элек. Ошондуктан мен аскерде кызмат өтөөгө кеткен үч жылды текке кетти деп эсептебейм.
Аскердик кызматым аяктап, үйгө кетээр күндөрдү «дембелдик» календардан санап коюп жүргөнбүз. 1966-жылдын сентябрь күндөрүнүн биринде мени полктун замполитине (командирдин саясый иштер боюнча орунбасары) чакырып калышты. Кабарды жеткирген кезекчи кимдир бирөөлөр мага келгенин айтты. Полктун штабын көздөй чуркадым. «Ким келиши мүмкүн? Ата-энемби, туугандарданбы? Кайдан, ошончо алыстанбы? Москвада окуган студент достордонбу же? Алар тыйыны жок кантип келишмек?» Оюм уйгу-туйгу болуп, комиссардын кабинетине кирсем, таптакыр бейтааныш, жакшы кийинген жаш жигит менен кыз отурушуптур. Кабинет кожоюну бизди тааныштыра кетти. Көрсө булардын бири комсомолдун Калининград шааркомунун биринчи катчысы, экинчиси комсомолдун обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы экен. Алар маселенин жөнүн кыска жана жеткиликтүү түшүндүрүштү. Областта тажрыйбалуу, иштиктүү комсомол кызматкерлери жетишпейт. Алар дивизиянын саясый бөлүмүнө жардам сурап кайрылышса, ал жерден бир нече адамдарды, анын ичинде мени да кошуп сунушташкан экен. Эгерде комсомолдук ишке өтүүгө макул болсом, мени аскерден мөөнөтүнөн эрте бошотууга убада кылышты. Үч күн ойлонуп, анан жообун бермей болдум. Чынында акылдаша турган деле эч кимим жок эле, ата-энем алыста, телефон байланышы болсо айылда начар, кат жазып отурганга көп убакыт кетет. Акылдашаар жалгыз киши, батальондун замполити, эски фронтовик майор бар эле, негедир өзү да мага боор тартып турчу, ошо кишиге кеңеш салдым. «Калининградда калып иштегенге макул боло бер, жакса калып каласың, жакпаса кол шилтейсиң да үйүңө кайтып кете бересиң. Армия эмес го акыры бул».

(Уландысы бар)


Кереге
— Кылычты ар ким байланат, чабарына келгенде кандай киши шайланат?
«Азаттык Медиа» мекемесинин директору Кубат ОТОРБАЕВ:
«Кептин тамыры карт тарыхта окшойт»
— Менимче, бул кептин тамыры карт тарыхта окшойт. Бул ар кимде бар дарамет, күч, акыл, бирок ошону чечүүчү мезгил келгенде ким кандай пайдаланат меселесине барып такалат окшойт сыягы. Бул макал баары бир кыргыздардын демократиялык салттарынан кабар берип турат. Чечүүчү учурда кылычты туура, өткүр чаба билген кишиге жол бошотуу керек деген накыл турат. Бул азыр дагы актуалдуу.

— Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу болобу?
Ырчы Асылбек ӨЗҮБЕКОВ:
«Балаң акылдуу болсо, аштыгың болот»
— Албетте. Балаң акылдуу болсо, аштыгың болот да. Күйгөндөн көп макал жаралган. Мисалы, «Атадан артык, атадан кем, атага тең бала» деп да сонун айтылган. Балдардын баары эле атага тең да, артык да боло албайт…

— Салаалап сылап сакалды, карылар айтабы макалды?
«Жоомарт» патриоттук кыймылынын
жетекчиси Нурлан МОТУЕВ:
«Дүжүр чал» деген ат менен наамын булгап алышты»
— Бул макалда кеп жок. Сакал дегенде эле акыл-эстүү, калыс аксакал көз алдыңа элестеп турат эмеспи. «Аксакал» деген сөз билгенге улук сөз, ал эми сакал касиеттүү нерсе. Тилекке каршы, бүгүнкү күндөгү аксакалдарыбыз мындай бийик наамын «дүжүр чал» деген аты менен булгап алышты. Билип-билбей саясатка аралашып кетишкен. Мындай калыстыгы жок аксакалдан не пайда? Сакалын сылап, небере-чөбөрөсүнө, дегеле кыргыз баласына макал айтып, үйүндө олтурса болмок.

— Азап тартпай, акыл кирбейби?
Төкмө акын Аалы ТУТКУЧЕВ:
«Көрүш үчүн оо дүйнөнүн бейишин, көрүш керек бул дүйнөнүн кейишин»
— Адам азап тартпаса, ийгиликке оңой менен жетпейт. Мисалы, Токтогул Сибирге барып келбесе, Жеңижок жеринен айдалбаса, алардан мынчалык күчтүү акын чыкмак эмес. Адамдын жанына күч келген сайын күчтөнө баштайт. «Көрүш үчүн оо дүйнөнүн бейишин, көрүш керек бул дүйнөнүн кейишин» деп Азирет Али бекер айтпаса керек.

Суроо салган Назира Саалиева


1118.htm

1 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика