Аалам гезити

16.12.08

16.12.08
2 CTP 16

«Аалам», 16.12.08 — 11-бет: Полит-элита…•

  Машаякчы менен маек


Жаныбек Жанызак:
«Кыргыз өмүрүндө Кыямат Кылкөпүрөсү дал ушул жарык дүйнөдө»
Жаке, Семетейдин динин үгүттөөчүмүн деп жүрөсүң, туурабы. Кыргызстанды секталар басып кетти дегенге кошуласыңбы?
Тактап алалы. Секта деген бул бүтүндүн бир бөлүгү. Ишенбай Абдуразаковичти жакшы билесиң. А кишинин ислам жөнүндө айтканын окудуңбу? Ал Библиянын бир курамындагы Тоораттын бир бөлүгү кыязда айткан сөзү бар… Эгер биз секталарга бөлө берсек, анда Тоораттан тараган бардык диндерди секталар дегендей айта берсек болобу. Ал эми сенин тизмегиңде канча «кылмышкер» бар экенин айтчы?
Кыргызга жетерлик. 1,7 миң кыргыз даана пасторлор.
Аларды кыргыз атуулдугунан айдаш керекпи. Закон барбы ошондой, биздин светский мамлекетте. 1,7 миңди эмне кыласыңар, өлтүрөсүңөрбү?
Өлбөйт го, бирок бу кара кыргыздар алардын иштерин макирөө деп санап атышпайбы.
Мыйзам боюнча өлгөн адам көмүлүш керекпи. А эмне үчүн жерге бербейт?
Чет дин туткан кыргызды мусулман арасына койбойбуз деп чыр чыгарып атышпайбы молдокелер. Эл да коштоп атат.
Бери кара, сен Куланактагы окуяны айтайын деп жатасыңбы?
Ошону айтым атам…
Ошол жерде каерде мусулмандардын арасына кой деп айтыптыр. Баптисттер беле, алар айыл өкмөтү менен келишим түзүп, жер бөлдүрүп алышкан турбайбы.
Губернатор келип чырды ажыратканга жарабай койду да?
Губернатор, сен айткандай, покко жараган жок, ал диний терең чырдын жоопкерчилигинен качып, аким-сакимине таңып кутулду. Бийликтегилердин бетин кара — бири экинчисине шилтеп олтуруп, он үч жашар баланын өлүгүн төрт күн кармап олтурушту. Анан 30 чакырым алыс алпарып, 30 сантиметр жер казып, таштап салышты. Мыногу, мындай да…. Ошол кайсы динде болсо да ал ошол мамлекеттин жараны. Ошол мамлекет ошол жаранына кандайдыр бир камкордук көрүшү керек да?! Сакташ керек адам аброюн. Ал бала чийинден чыгып кетпесе, өзү каалаган ниетиндеги көңүлүн тутунгусу келсе, тоскоол болбош керек го дейм. Конституциялык укукта ар бирибизге жашоого, сүйлөөгө, ишеним тутууга эркиндик бар да. Акаевдик конституцияны айкарасынан тарталы деп турган аз топ бар. Ал түшүнүктүү. Кезинде булардын оозун тырмаган эч ким болгон эмес. Динди эркин тутуу деген мыйзам кабылдашты, туурабы. Мыйзамды тутун! Айткандай, дин мыйзамында мусулмандын мүрзөсү деген түшүнүк барбы. Мыйзамда жок болсо, анда жанагы чырдагандардын баары мыйзамсыз — жооп бериши керек. Алар жооп берсин деген статья да жок. Мусулман эмес кыргыз өлүктөрдү каякка алпарыш керек? Айлампа. Биздин мыйзам өтө чийки, мезгилден артта калды. Чоңдуктан жыдып калгандар эле дин агенствосуна чоң болуп бара берет, адис эмес, өзү жете түшүнбөгөн сөздү айтып коюп олтурушат, анан кайдагы аброй! Мынабу Чоң-Арыкта орусуң ал, кыргызың бул дебей тегиз эле, тынч эле көмүлүп жатат го, ия? Ыйса машаяк сөздөрүнүн деңгээлинен алып келсек, адамдын денеси эмес, жаны кудайдын астына барат. Дене топуракка көмүлөт — топурактан келдиң, топуракка кеттиң. Санитардык-эпидемологиялык жактан деле адам денеси жерге кетиши керек. Кетпесе, кармап олтургандардын өздөрүнө зыян. Уу чыга баштайт. Же өрттөш керек.
Элди жер аз деп Бишкектен өйдөдөгү чоң кабырда бир орунга 2-3 кабат кылып коюп да жатышат. Өз көзүм менен көрдүм. Маселе диний-нравалык бөлүнүштө болуп атпайбы.
Бул рухий кризистин убагындагы боло турган көрүнүш. Бир жолу Аларча көрүстөнүнө барганымда бир чоңго көр казып атышат да, ичинен беш-алты кабырга, баш сөөк чыкты. Ошону бетондоп туруп, үстүнө бүгүнкүнү коюп атышат. Азыр көрчү, бир чоңдун жаткан жери канча чарчы метр экенин. Нрава кризиси деп ушундай ыйык деген жерлерден көрүнөт.
«Азаттык» радиосунун материалдарына таянсам, жанагы Куланактагы имамдын айтканы экен, Курандын сүрөөлөрүндө жазылып турбайбы дептир. Ошол киши Курандын бир сүрөөсүнөн мынабу киши мынабу жайга, тиги тигинисине көмүлсүн деген сөздү таап берсинчи. Айыл өкмөт башчысы эки тараптын сөөгүн башка дөбөгө ажыратып көмдүрбөйбү. Мен кыргыз катары жаным кейип атат.
Ыйса машаяктын осуяттарын аткаруучу катарыбы?..
Эмнеге? Түшүнбөдүм.
Түшүнүп эле турасың. Ыйса кайып болуп учуп кеткен, анын келишин миллиард эл күтүп атат. Семетей да кайып болуп кеткен. Сен Семетей динин жайылтуучумун дегениңдин түбүн түшүнбөй турамбы? Паралеллдештирип атпайсыңбы. А диний аймакта бул окуу жеңил-желпи идеология эмес, туурабы?
Токтой тур. Бул терең түшүнүүнү талап кылат. Эмне үчүн дайыма Американы диний эркиндиктин мисалында карашат. Себеби, аларда ишеним эркиндиги толук мыйзам деңгээлинде сакталган.
Анда Евросоюз эмнеге дин боюнча жаңы мыйзам быйыл Кыргызстанга кирбесин деп үстөмөндөйт. Себеби, көнүп алышкан, туурабы.
Мен башка өңүттөн айтайынчы. Машаяктардын ар башкасынын кудай жөнүндө, ыйман жөнүндө өзүнүн түшүнүктөрү бар. Жамандык кылба, адам өлтүрбө деген түшүнүктөрү бар. Мисалы, Инжилде киши өлтүр деген барбы, таап берчи. Жок. Адамды сүй дегени бар. Адамды сүй, жамандык келтирбе деп атат. Библиядагы Инжил ошол машаякчылыктын негизи. Анан ал кайдан секта болуп калат. Көңүлүңдө кудай болушу керек.
Качантан тарта кудай деп калдың?
8-9 жыл болуп калды. Ушунча жыл ичинде мен сага «ушундай кудай бар» деп таңууладымбы.
Сен, жок, башкалары аракеттенди…
Ап-бали. Себеби, кудай менин өзүмдө. Ал мага тынчтык береби — эң негизгиси ушул. Мен ичкич элем да, анан бирөө айтты, Жер изилдөө институтуна жакын корейлердин жыйыны бар, ошого барып көрсөң деп. Бардым. Алгач шылдың менен карап турдум да. Мен акырында эргип кеттим. Анткен себебин да алгач туйбадым. Үгүт системасы башкачараак… Үч которуп насаат айтканда, угат, эй. Чыдабай коебу десең, жок, угат. Орусча сүйлөсө кыргыздар, кыргызча сүйлөп атса орустар мемиреп угуп турат. Корейче сүйлөп атса кыргыздар угат. Кудайдын сөзүн угат да. Биринчи эле барган күнү мен аракты таштадым. Ошондон бери татканбайм.
Эмне болуп?
Ошол жерден башка дүйнө бар экенин адамдардын көздөрүнөн көрдүм. Асыл нерселерге умтулуу керек экендиги акылыма келди. Артымды карасам, айланамдагыларга туташ эле жиндерине тийип келгенимди ойлодум. Сурайынчы, машаякка жолуктум деп өзүмө чектөөлөрдү коюп, тимеле акуруп калганымды көрдүңбү?
Жок. Семетей дини жайылсын деп атасың, туурабы?
Болот Шамшиев Ыйса Машаяк Манастын уулу экен деп айтып чыкпадыбы. Мен жыйырма жыл мурда муну айтып чыккам.
Уят да, кудайды карасаң боло.
Токто. Семетей деген эмне деген сөз? Семит — бул еврей, араб тукумдары. Теос — кудай деген сөз.
Ошондо Семетей дегиң келеби?
И, анан эмне? Башка вариантын таап берчи мага. Манастын миң жылдыгынын тушунда «еврей Манастын тоюн эмнеге өткөрүп жатасыңар» деп макала жазгам.
Каяша жооптор жазылганы эсимде. Каргашкан.
Социализм доорунда еврей куйту деп мээге сиңдиришкен да, туурабы? Биримдик жайын ала келгенде, ошончо жылдан өздөрү койгон установка-шарттары менен келген эл да булар. Мусулманчылыктын алдында 1,5 миң жыл динин бергени жок, туурабы? Сен экөөбүздүн кыргызыбыз орус империясынын алдында бир кылымга жетпеген убакта улуттук тилинен ажырап кала жаздады. Араң кутулдук. Кыргызды кудай сактап келатат. Мисал келтирейин, кайсы бир кылымда еврей соодагер Жибек Жолу менен келатып, бир бугунун үйүнө түшкөн экен. Тамак бышкыча еврей өзүнүн элинин жомогун айтып отурганча, босогодо акын чалыш бир кыргыз олтурган экен, эшикке чыгып, айды карап эргип-ташып кетип, анан «биз эмне эле уруулашып чабышып кырылышабыз» деп кейип, «Манастын» алгачкы саптарын жаратса керек, эл жөнүндө, биримдик жөнүндө. «Манастын» сюжеттик сызыктарына үңүлүп көрсөң, уруш-чабыш-жеңиш болуп келет да, ал эми «Семетейде» сүйүү, үй-бүлөө, сезим маселеси дээрлик басымдуу. «Манас» бул көбүнчө Тооратка окшош. Ушуларды окубай, анан өздөрүн билимдүү, интеллигент санап жүргөн кишилерге таң калам.
Мына, кечээ Алексий II кайтканда Кирилл айтып атат — диндин өзөгү — адамдарга жакшылык кылуу, мээрим козгоо деп айтпадыбы. Уктуң да. Чиркөө тилин жөнөкөйлөп түшүндүрүп атпайбы.
Айталы, кыргыздын өзүнүн түпкү дини Көкөтеңирди, мисалы Манас менен Семетейди бириктирип иштеп чыккан олуя чыкса жакшы болот эле. Мыногу, Дастан Сарыгуловду терең деп айталбайм. Бирдеме десең эле батышты туурап атасыңар деген сөзү бар. Жанызак иштеш үчүн кыргыз чөйрөсү, кыргыз тили керек. Мен жазганды кыргызча түшүнө турган, окуй турган кишилер керек.
Азыркы түйшүк-ырахатың кайсы?
Азыр бирөөлөрдүн китептерин чыгарып атам. Жыргалым ошондо. Башкача айтайынчы, кыргыз өлсө арбакка айланат. Кыргыз түбүндө бейиш-тозок деп коркуткан эмес. Арбак деп коркуткан. Эгер мен жакшы жашап өтүп кетсем мен дурус арбак болом. Жок дегенде эки киши мага ишенет. Дурус арбак болуш үчүн көп эле эмес, түбөлүк тазалыкты көздөгөн киши бол. Балдарыңа жакшылык каалап, башкага… түшүнбөйм. Ушул дүйнөдө арамдык кылып, арак ичип басып жүрсөң сенин арбагыңа ким ишенмек эле. Андай арбактарды ачарбак деп коет. Кыргыздын өмүрүндө Кыяматтын Кылкөпүрөсү дал ушул жарык дүйнөдө. Ошол өмүрдү жеткилең жашап өтүүгө аракет кылуу керек. Мен он эки гезитке сайт жасадым, өзүмө, демек өзүм аркылуу элге кызмат кылып жатам. Бечара кыргыздардын китебин чыгарып жатам. Айталы, менин машаякчылыгым өзүмө керек. Өзүмдү таптым деш туура эмес. Бул чексиз нерсе. Манас атанын арбагы колдосун деген кишимин.

Жолдошбек
Зарлыкбеков

P.S . «Аалам» сектантчылыкка асылып калыптыр деген пикирде болбоңуз. Диоген чактүштө чырак жагып алып Адам издегендей эле, тарыхый чоң бурулуштарда, адам өзүнүн ички ой-туюм бурулуштарында өз Кудайын — Ишенимин издери анык. Бул өңгөчө атеисттик килейген империя кулаганда, анын тутумундагы адамдар өз чындыгын, өз дүйнөсүнүн бейпилдигин бере ала турган рухий-диний жөлөнүч издегени азыр да уланууда. Мындай изденүү илгертен эле келатат. Улуу боксер Мухаммед Али, улуу океанолог-француз Жан Жак Ив Кусто, улуу ырчы Майкл Жексон, улуу актер Стивен Сигал ж.б. инсандар мусулманчылыкка өтсө, тескерисинче Библияга, Ыйса окуусуна жүрөгү түнөгөн миңдеген адамдар диний ыракатын ылгап алышууда. Дүйнө өзү мына ушундай татаал түзүлүш экен. «Секта» аталган ири диний агымдар, мисалы, мормондор, аквеисттер ж.б. өз орбитасында, өз изденүүлөрүндө. Издеген — табат.


1216.htm

2 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

02.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика