Агым гезити

15.04.08

15.04.08
1 CTP 15

«Аалам», 15.04.08 — 2-бет: Жокелеў жооп…•№39, 15.04.08-ж.

  Жокелең жооп

Каркыра казактарга кантип кетти?
Жалпы депутаттар Саламат Аламановдун улутунан шек санашты
Парламенттин 11-апрелдеги сессиясынын өзөгүн Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык түзүлгөн келишимин ратификациялоо маселеси түздү. Ысыккөлдөгү 4 пансионатты жана Каркыра жайлоосун казактарга өткөзүп берүү тууралуу келишимге экс-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов Казакстанга болгон иш сапары учурунда өкмөттүн атынан кол коюп кайткан экен. Айрым «акжолчу» депутаттар тарыхый документтин жоопкерчилигин өздөрүнө албоо максатында ушуну айтып чыгышты эле, спикер Данчик досун парламенттин жемесинен коргоп калды. «Бозодогу сөз бокко жарабайт» болуп, кыскасы, талаш — тартыш токтотулар замат Саламат Аламанов менен Турсун Турдумамбетов жарыш сөзгө чыгышты. Алардын аргументтери айрым депутаттарды жиндентти окшойт, айрымдары Аламановдун кыргыз экенинен шек санап, эски бийлик учурундагы кылык-жоруктарын эсине салышты. Биртоп кайчы пикирлер туулду.

Көлдүк депутаттар жымжырт. Алардын атынан Кубанычбек Исабеков сөз сүйлөйт
Фойеде адамдар бир-бирин тааныбайт. Журналисттер «паланча депутат кайсы ыя?» деп сурап, издеп жүрүштү. Чынында ЖКнын мурда иштеген кызматкерлеринен башка эч кимиси таанымал эмес. 15 мүнөттүк танаписте депутаттын баары эле чөнтөк телефондорун кучакташат экен. Ысыккөлдүк депутат Бактыбек Иманалиевди коридордо учуратып, микрофон такап калдык. «Мени жөн койгула, бүт көлдүк депутаттардын атынан Кубанычбек Исабеков жооп берет» деп басып кетти. Ою жок окшойт деп калдык, осолсунуп.

Спикер жинденгенде…
15 мүнөттүк танаписте фойеге чыгышты. Кудум баягы биринчи класстын окуучуларындай. Жоон топ «акжолчулардын» коштоосунда спикер мырза басып келип, кофе куйдуруп, чай кашыгы менен аралаштырып калган учурун сүрөткө алып калдык. Анан эле жарыктык, күтүүсүздөн сурап калды:
— Эй иним, кайдансыз?
— «Ааламдан».
— Сүрөткө алаарда уруксат сурасаңар боло. Анан биринчи бетиңерге балчайтып чыгарасыңар, ар түрдүү кылып. Сураш керек да.
— Эмне деп?
— Сүрөткө тартсам болобу деп.
— Депутат эмесмин да.
— Иним, жаман көп сүйлөйт экенсиз. Этика барбы?
Спикер мырза менен талашып-тартышпай басып кеттик.

Добушу кошулбай калганына өкүнгөн Мамасейитова
Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин мыйзам долбоору добушка коюлду. Парламенттеги «токолдун эгиз балдары» келишимдин ратификациясына каршы болуп, бирок, добушка койгондо 57 добуш менен кабыл алынып кеткенине өкүнүштүбү, айтор, келечек муун, улуу тарых, мамлекет бүтүндүгү сыяктуу жакшынакай сөздөрдү айтып жатышты. Парламенттин чоңдору аларды жөн эле угуп койгондой элес калтырат. Добуш берүү учурунда депутат Бүмайрам Мамасейитова сөз сураганынан 3-микрофонду берсе, арыз-арманын айтып кирди. «Макул» деген добуш берген экен, кашайып, компьютери иштебей, добушу эсепке алынбай калыптыр. Чыйпыйы чыгып айтайын дегени ушул экен, бусурманым…

«Акжолчулардын» көлөкөсү СДПКчыларды үшүттүбү?
Демейде таскагы катуу чыгып жаткан «акжолчулардан» үн жок. Танапис учурунда Турсун Турдумамбетов 5-6 депутатка «нотация» окуп, өл-лө күйүгүп алган. Токол балдардын жанына басып келбей, «акжолчу» айрым депутаттарды «ийлеп» жатты. СДПКчылар үркөрдөй болуп, кыска кеңешме өткөзүп жатты эле, алардан кем калбай «акжолчулар» үйүлө калганда «дү-рр» этип тарап кетишти, чочугандай. Коммунисттер болсо Исхак Масалиевдин жанынан чыгышпайт. Ошентип, пансионаттарды 49 жылга ижарага берип, Каркыра жайлоосун биротоло казак тарапка тартуулап, депутаттар эки күндүк эс алууга чыгышты.

Өмүртөрө Кудайбердиев


  Жумасереп

Оппозициянын мындан аркы жолу бүдөмүкпү?
Ошентип, даңазасы таш жарган курултай өттү. Кандай өттү, ким келди, ким келген жок, кыскасы, өйдө-ылдыйы жөнүндө кобурап кеп кылышаар. Мен оппозициянын мындан кийинки тагдырына кызыгып турам. Баамымда, душман көзүнө болсо да, кол кармашып, жетелешкендей болушту. Сүйлөгөн сөздөрүнүн баары болбосо да, көпчүлүк бөлүгүнө ишенсең болот. Уюштуруу иштеринде кынтык жок. Бирок, бул кимдин курултайы деген суроо туулгансыйт. Оппозициянын дейин десең, Өмүрбек Текебаевден башка жыргаткан оппозиционер жок экен. Көшөгөнүн артында булаң-булаң этип, кээде башын көрсөтө калган Алмазбек Атамбаев менен Феликс Кулов болсо, караанын көрсөткөнгө зар кылды. Кийинки саясый турмушун гарантияга алгансып, бирден өкүлдөрүн жөнөтүп койгону бир чети күлкүңдү келтирет. Мына, саясатты ичип- жейм деген үлкө-өн саясатчылардын курултай жөнүндөгү түшүнүгү. Кыргызда курултай эмне үчүн өткөзүлүп келген? Акүйдө же бозүйдө дүрбү салып отурган кожоюндар эмне дейт деп, курултайга барбай койгон кыргыз болбогондугун билишпейт турбайбы деген ой кетет аргасыздан. Калгандары таарынбасын, көч башын кайда бурса, ошол жакка карап оогондор менен оппозициянын санын көбөйтүппү же сапатын көтөрүппү, айтор, Жекшенкулов сыяктуу асмандан жакында эле түшүп келгендер чоң үмүт менен курултайды өткөзүштү. Эмне өзгөрдү же эмне өзгөрөт таризинде собол сураш азыр эрте. Бакиев мырзанын орусиялык жана казакстандык жалданма «балит-технологдору» билет муну. Ал эргулдар Кыргызстандагы «люб-бой» жыйналышты, пикет-митингди, андан калса, чо-оң саясый фигураларды деле шал кылып коет турбайбы. Муну Феликс Кулов менен Алмаз Атамбаевдин өрнөгүнөн билип отурабыз. Ырасын айтканда, 2004-жылкы Бакиевдин курултайы сыяктанбай, өзгөчөлүгүн сездирди. Өтө эле жөнөкөй эмес, бирок даярдалган программа жакшы экен. Адамдар күтүлгөндөн да көп келгендигин байкаса болот. Президенттикке жулунган адамды көрбөдүк. Мунусу оппозициянын алгачкы жетишкендиги. Андан кийинки ийгилиги, кол кармашып, бир чатыр алдында баш кошалгандыгы мактоого арзыйт. Илгери бир ыр болчу эле. «Калсачы дайым ушинтип, кармашкан бойдон колубуз» деген. Биримдиги жок саясатчылардын арга кеткенде бириккенине «ырасса» төп келет экен, түгөттүкү. Түштүктө табалап деген термин бар. Жылмаңдап, эми эмне болоор экен деп көмүскөдө карап турган абалды түшүндүрөт. Биз табалабайбыз. Чын эле эми оппозиция эмне кылат да, кандай жолду тандайт деп карап турабыз. Жаз келди. Мурункудай элди көчөгө алып чыгуу практикасы эскирди деп өздөрү айтып жатышат. Анткени өз ара ишенич калбады. Кечээги курбулары митингден кийин элчи болом, премьер болом же губернатор болом деп чыгышат экен. Эмесе, жаңы жол, жаңы нерсе ойлоп табуу зарыл. Аны ким табат? Өмүрбек Текебаевби, Аликбек Жекшенкуловбу же Абдыганы Эркебаевби? Мезгил, тагдыр, турмуш эмне дээр экен, чиркин…

Манас ОСМОН


0415.htm

1 CTP 15
Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

12.02.08

pr03.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 19.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика