Аалам гезити

15.02.08

15.02.08
2 CTP 20

«Агым», 15.02.08 — 12-бет: Каалга…•

  Каалга

«Каалганы» каккан Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ

Адам карыганда бала болуп калабы?
Сулайман Рысбаев, балдар жазуучусу:
— Адам карыганда бирөөнүн көзүн карап, көзкарандылыкка байланат. Эрки чектелет. Бул денсоолук, эркиндик жагынан да. Биринчиден, балага ушул жагы салыштырылса керек. Экинчиден, каржылык мүмкүнчүлүк деген бар. Ал жагы да чектелет. Анан рухий эрки болсо да аржак-бержакты карап көрүп, тынч, бейгам өмүргө өзү моюн сунат. Ушул жагы да салыштырылат болуш керек.

Азиз кызга ашык болуп калсаң, кантет элең?
Азамат Таалай, төкмө:
— Кудай сактасын, андай боло элек. Бирок, бир жолу дудук кызга ашык болуп калгам. Маршруткага түшсөм, бир татынакай кыз келип жаныма отуруп калды. Колунда журналы бар экен. Ал журнал окуп баратты, мен аны окуп бараттым дегендей. Өзүм ишке шашып келе жаткам. Баягы кызды көргөн соң ишти унуттум. Ал түшкөн жерден мен да түштүм. Артынан ээрчип алдым. Деле үндөбөйт. Баса, соткасы бар экен.
Улам смс менен сүйлөшкөнүн байкадым. Аңгыча бир имаратка кирип кетти. Ал имарат дүлөй-дудуктардын мектеби экен. Аябай жаман болдум. Азыр да аны эстей берем.

Жүзү жылма аялдын жүрүшү жаманбы?
Гүлзат Байзакова, ырчы:
— Адамдын жүзү алдамчы болот да. Андыктан жүзүнө карап боолгобош керек деп ойлойм. Жүзү суз адамдар деле сүйлөшө келгенде шайыр-шаңдуу келишет. Тескерисинче, жүзүнөн эч кайгысы сезилбеген жандардын деле тоң, муздагы болот.

Сиз үчүн аялдын канча түрү бар?
Болот Рысбаев, уролог:
— Эзоп деген акылман айтыптыр: «Мен үчүн аялдын эки гана түрү бар. Биринчиси — бизди азапка салса, экинчиси — биздин азабыбызды тартат. Азабыбызды тарткандардан бирөө — бул эне» деп. Анынсыңары, мен үчүн эң улуу аялзаты — энелер, тагыраагы энем. Калганын түшүнүшөт болсо керек. Бул бардык эркекке тиешелүү. Бир чети чындык, экинчиден тамаша ирээтинде.

Эмнеге катын албай, кайын ал дейт?
Съездбек Искеналиев, ырчы:
— Жакшы жердин кызын алсаң, уругу таза, сөөгү ак адамдардын тукуму болсо, бул келечегиңе оң болот дегендик. Себеби, «эр тайын тартат» деп коет эмеспи.

Бою кысканын ою кыскабы?
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
— Мындай болушу эч мүмкүн эмес. Акыл эч убакта бойго таасир этпейт. Тескерисинче, бою кыска адамдар тарыхта улуу күрөштөрдү, иштерди жасашкан. Мисалы, Ленин, Наполеон, Гитлер — ушул адамдар бүт заманды өзгөртүшкөн. Ошон үчүн бизде «Сакадай бою сары алтын» деп коюшат.

Ырдын пири эмне?
Бактыгүл Чотурова, акын:
— Ырдын пири — сезим. Сезими жок адам акын боло албайт. Ал эми кандай сезим экенин айтууга сөз да, тил да жетпейт. Аны дене менен, жүрөк менен сезиш керек. Ошондо ырдын пирин тааныса болот. Эл ичинде «Ырдын пири ыраба, ырды менден сураба» делинип калат. Бирок буга азырынча кеңири түшүндүрмө жок.

Достук канткенде сыналат?
Таалай Субанбеков, экс-депутат:
— Конфуций айтыптыр: «Пайдалуу достон үчөө, зыяндуу достон үчөө болот» деп. Пайдалуу досторго — чындыкты бетке айткан, сөздү түз сүйлөп, көптү көрүп, көп билгендер кирет. Ал эми зыяндуу досторго — экижүздүү, калп айтканга эптүү жана маңыз адамдарды кошсок жарашат. Менимче, дос күтүү да өзүнчө машакат. Достордун бири-бирине мамилеси төп келишип, ойлору бир, таламдаш болгондо гана достук мааниге ээ болушат. А чыныгы дос кыйынчылыкта билинет деген туура. Жолдош деген башыңа бакыт конгондо да, кыйынчылыкта да жаныңа тирөөч болуп, сатып кетпеши керек. Чыныгы досту табуу кыйын…

Карылыктын кадыры канткенде кетет?
Тууганбай Абдиев, КР эл акыны:
— Ыйманы жоголсо, баары жоголот, карылыгыңдын да кадыр-баркы, касиети учат. Карылардан ыйман, жаштардан урмат, ийменүү кетпесе, кадыр да, касиет, барк да болот.


0215.htm

2 CTP 20
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

02.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика